Түз байланыш

Мелис КАРЫБЕКОВ, парапсихолог:
"Сен аны күйөөм деп элестетпей, улуу балаңдай эркелетип көрчү..."
Дүйшөмбү күнү белгилүү парапсихолог Мелис Карыбеков менен түз байланыш уюштурдук. Белгиленген мөөнөттө телефонубуздун жаагы тынбай, окурмандарыбыз Мелис мырзага суроолорун жаадырып жатты. Алардын көпчүлүгү Мелис Карыбеков менен жолугууну каалап атканын да билдиришти. Аны менен катар турмуштук, мистикалык суроолорду бергендер дагы арбын болду. Суроолордун ичинен иргеп-иргеп кызыктууларын гезит бетине жарыялайлы деп чечтик. Айрым окурмандарыбыз турмуш-шарттарына байланыштуу атын өзгөртүп коюуну суранышты, өтүнүчтөрдү орундаттык.

Акылбек, Балыкчы:
- Текебаев президент болобу?Бешенесине жазылганбы?
М.К.: - Саламатсызбы? Биринчиден, бул саясый маек эмес. Мен бул суроого жоопту Текебаевдин өзүнө айтайынчы. Анткени, бул провокациялык суроо болуп калып жатат.
Алмаз, Бишкек:
- Мелис байке, сиз менен жолугуп, консультация алсак болобу?
М.К.: - Мен азыр жеке кезиккенге шартым дагы, убактым дагы болбой атат. Редакциянын суранычы менен эле түз байланышка чыктым. Сурооңуз болсо бере берсеңиз болот.
- Парапсихология - бул илимби, же мистикабы?
М.К.: - Дүйнө боюнча алып караганда, парапсихологияга илимдин көз карашы толук айтыла элек. Бирок, ушул кылымдын ичинде илим катары кабыл алынышы керек. Парапсихология - бул биздин аң-сезимибизге сыйбаган нерсе да. Илим болсо аң-сезимдин өнүккөнү. Парапсихологиясыз биз эч качан космосту өздөштүрө албайбыз, медицина дагы өнүкпөйт.
- Сиз Кыргызстан боюнча өтө оптимисттүү ойлорду айтып келесиз. Үчүнчү президент келет, өлкө өнүгүп- өсөт деп айткансыз. Ал убакыт качан келет? Үчүнчү президент качан шайланат?
М.К.: - Мунун сыры бар. Анткени, заманды өзүң түшүнсөң керек. Бардык нерсе адегенде биздин акыл-эс түпкүрүбүздө (подсознание), кыялыбызда пайда болот. "Манасты" окудуң беле?
- Толук окуган эмесмин, бирок маанисин билем.
М.К.: - "Манаста" дагы биздин ата-бабаларыбыз кул болуп, ханы жок калганда "Манастай адам болор бекен, ошол жыргал жашоо келер бекен?" деп сурап, Кудайдын сыноосунан өткөндөн кийин Семетей келген. Биз да азыр ушундай эле кубулуштардын ортосундабыз. Биздин элдин тагдыры, баса турган жолу ошондой. Биз Манастын тукумубуз да. Адам сүйлөп атканда эле Манастын тукумубу, анын энергиясы барбы, же жокпу деп аныктап койсо болот. Жөн гана Манас биздин турмушубузда, күнүмдүк ой-кыялыбызда жок болуп атат да. Качан Манастын энергиясы биздин турмушубузга киргенде, элибиз кайра көтөрүлөт, чоң өнүгүүлөр болот, кайра жоготуу болот, кайра өсүү болот, ошентип өз жолу менен кете берет. Өнүгүү качан болорун билем, бирок так убактысын азыр айтпайм, азыр болбойт.
- Манас деген негизи тарыхта болгонбу, же жөн гана жомоктун каарманыбы?
М.К.: - Манасты инсан деп деле айтсак болот. Бирок, ал инсандан дагы жогору турат. Манас деген бир инсан эмес, ал миллиондогон инсан. Манас деген сен, мен, биздин эл. Манас деген чоң энергия, биоталаа, космостук күч. Ааламда Манас дүйнөсү бар.
Жумагүл АБДУЛЛАЕВА, Бишкек:
-Иним оң жагынан инсульт болуп, эми эле колу-башы, буту кыймылдап, отуруп калды, бирок акыл-эси дагы деле ордуна келе элек. Кээде кыйкырып жиберет.
М.К.: - Жашы канчада?
- 74тө.
М.К.: -Эгер оң жагынан кармаса, мээнин сол жарым шарынан башталган.Сол жагынан караса, жүрөккө жакын болот. Жашы дагы келип калыптыр, ошон үчүн эми жалаң медициналык жол менен караш керек. Элдик табыптардан эч кандай шыпаа болбойт, убара болуп каласыздар.
-Өзүм жөнүндө дагы билейин дедим эле. Мындан алты жыл мурда белим сынган. Барбаган дарыгерим, ичпеген дарым калбады, бир жак бутумдан экинчи бутума көчүп оорутат.
М.К.: - Жашыңыз?
- 80ге келип калды.
М.К.: - Жо-ок, апа, сиздин акыбалыңыз аябай жакшы экен.
-Эч кандай дары жокпу?
М.К.: - Дары бар.Сиздин сөөгүңүз өтө бекем тура. Сүйлөгөнүңүз, акыл-эсиңиз, ички күчүңүз күчтүү экен. Сөөктөрдүн ооруганы калбайт. Албетте, таблеткаларды деле ичсеңиз болот, бирок сексенге чыксаңыз да ачыла элек күчүңүз көп экен. Бул эмнеден болот? Жакшы ой, жүрөктөгү эргүү, кубаныч - мына сиздин дарыларыңыз. Энергетиканы куранда периште дейт, сүйүү деген нерсе, адамдын ичиндеги ыраазычылык, топукчулук - мына сиздин дарыңыз.
Гүлкайыр Жаныбекова, Аламүдүн району:
- Жолдошум ичет, ошону кантип койдурса болот?
М.К.: - Жолдошуңуздун жашы канчада?
- Алтымышка келип калды.
М.К.: - Өзүңүзчү?
- Элүү үчтө.
М.К.: - Ошол киши жалгыз эле ичип атабы?
- Балдарым ичпейт. Жалгыз эле ичет. Өзү органда кызматта иштейт.
М.К.: - Өзү жаман деле киши эмес экен.
- Өзү аябай ак көңүл киши.
М.К.: - Башы дагы ооруп жүрөт. Кан басымы дагы көтөрүлүп кетет экен. Ичинде дагы көп таарынычы бар. Туугандарына таарынып жүрөт экен, ээ?
- Ооба, бир тууганы менен жакшы эмес.
М.К.: - Ал киши менен мен тил табыша алат экенмин. Эгерде жолугуп сүйлөшө турган болсок, менден жардам болчудай экен. (Трубканы койгондон кийин М.К.: бул киши туугандарын кечирип, психологиясын өзгөртсө, аракты таштаганга күчү бар экен. Жандүйнөсү жаман эмес киши).
Салия, 68 жашта:
- Балам 34 жашка келип калды, такыр эле үйлөнбөй атат, ошонун жолун билейин дедим эле... Элдин баары эле мактайт, мүнөзү дагы жакшы.
М.К.: - А эмнеге үйлөнбөй атат?
- Мындан 13 жыл мурун үйлөнгөн болчу. Балалуу болгон. "Мага таштап кет" десе болбой, келиним баланы кошо алып кетип, авто кырсыкка учурап, бала чарчап калган. Аялы менен ушунун аркасынан ажырашып кеткен. Келинчеги турмушка чыгып кетти. Баламдын жумушу деле жакшы.
М.К.: - Уулуңуз 36 жашка чыкканда мүчөл жашы болот. Бул жашка келгенде турмушунда көп өзгөрүүлөр болот. Балаңыз дагы үйлөнүп, эки балалуу болот экен. Сиз бир аялга дагы барып төлгө салдырган экенсиз, ээ?
- Ооба.
М.К.: - Ошол аял туура эле айткан. Сарсанаа болбой өзүңүздүн ден-соолугуңузга караңыз. Болор-болбос нерсеге капа боло берет экенсиз. Жакындан бери бир кызыңызга дагы кападарсыз. Бир аз таарынтып коюптур.
- Ооба, туура.
М.К.: -Буту-колуңуз дагы ооруйт экен, айылга барып түлөө өткөрсөм деген оюңуз бар экен. Ошолорду аткарып жакшынакай жүрө бериңиз.
Бакыт, Бишкек:
- Менин бир жакын адамым бар эле. Ал азыр катуу ооруп атат. Ал экөөбүз чогуу болобузбу, ушунун тагдырын билип бересизби?
М.К.: - Аты ким, канча жашта?
- Аты Айгерим, 34тө.
М.К.: - Бул киши мурда эки жолу бирөөлөрдү чанып, турмушка чыкпай койгон экен. Ортоңордо сүйүү бар. Аны дубалап салышыптыр. Каргыш деген нерселер дагы бар. Анын жолун ачса, экөөңөр чогуу болуп кетишиңер мүмкүн.
(Трубканы койгондон кийин М.К.: - Бул жигит өзү түз сүйлөгөн жакшы жигит экен. Кызды аябай катуу сүйгөн. Кыз болсо каргышка калган. Дубасын жандырыш керек).
Айнур, Ош:
- Депрессиядан кантип кутулсам болот?
М.К.: - Канча жаштасыз?
- 46да.
М.К.: - Дарыны көп ичип атасызбы?
- Ооба.
М.К.: - Мындан 10 жыл мурда көңүлүңүз ачык, мүнөзүңүз жайдары болчу беле?
- Ооба.
М.К.: - Азыр андай болбой калыптыр. Мунун баары эмнеден башталды? Таарынчаак экенсиз, учурунда өмүрүмдү кыйсам деген дагы ойлор болгон экен.
- Болгон.
(Уландысы 10-бетте)