Чуулгандуу дарт

Чочко тумоосу кыргын салабы?
Украинада чочко тумоосунан 174 киши көз жумду. Ага коңшу Белорусияда 128 киши ооруга чалдыккан. Молдовада 269 адамга жугуп, төртөө каза тапкан. Россияда болсо 4 адам бул оорунун курмандыгы болду. Ал эми Кыргызстандачы?
Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовдун айтымында, А/Н1N1 вирусуна чалдыккандардын саны 27ге жетти. Алардын 24ү Россиядан келген жарандар болсо,үчөө Кыргызстанда жүрүп эле жуктуруп алышкан. Учурда Бишкекте 11, Ошто 2, Жалал-Абадда 6, Баткенде 3, Чүйдө 4, Ысык-Көлдө 1 адам чочко тумоосуна кабылган. Бул бейтаптардын 10у гана айыгып, үйгө чыгарылды, калгандары дарыланып жатышат. М.Мамбетов буга кошумча иретинде дары-дармек тартыштыгы болбосун дагы билдирди. Ушу тапта эки жумага жетерлик 8 миң курстук "Тамифлю"дарысы барын, кокус тумоо күчөп кетсе, дагы 40 миң курс келерин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Бишкектеги офисин жетектеген Өскөн Молдокулов да бышыктады. Беткап, койка маселеси да чечилиптир. Алсак, 13-ноябрда 200 миң, декабрдын башында 2,5 млн. беткап сырттан келиши күтүлүүдө. Ошол эле маалда күнүнө жергиликтүү кийим тигүүчү цехтерде бөздөн 2,5 миң беткап тигилип жатат. Республика боюнча 27 миң койка даярдалып, анын 100ү резервде сакталып турат. Ошол себептүү дайыны жок эле коркууга негиз жок.
Дагы бир дарыгер, санитардык-эпидемиологиялык борбордун башчысы Төлөн Исаков "Азаттык" радиосуна тумоо үчүн 4 млн. сомго жакын каражат каралып жатканын, ал акчага дары-дармек, беткап алынаарын айткан. Ал эми учурдагы беткаптардын тартыштыгын кээ бирөөлөрдүн 20дан 150гө чейин сатып алып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Ушул эле борбордун башкы врачы Динара Оторбаева болсо А/Н1N1 вирусун жуктуруп алган кош бойлуу аялдар бекер дарыланарын жана беткаптардын баасы жакынкы күндөрү көзөмөлгө алынарын телефон аркылуу байланышканыбызда билдирди.
Ал эми бул маалда КМШнын башка өлкөлөрүндө тумоого каршы күрөшүү күчүндө. Алсак, Белорус президенти көз боемочулук уюштуруп жаткан фармацевтикалык фирмаларга эскертүү берип өттү. Россиянын Хабаровск аймагында жашагандар милдеттүү түрдө беткап кийип жүрүүгө тийиш деген токтом чыгыптыр. Мындай чечимге баш ийбегендерге айып пул салынат экен. Бизде деле Белорусиядагыдай кырдаал кайталанып жатканы эч кимге сыр эмес. Тумоонун арты менен дары-дармектердин баасы асмандап, кимдир-бирөөлөр акча жасап алууга жанталашып жаткандай туюлат. Башкасын айтпаганда да, 5 сомдук беткаптын 30 сомго көтөрүлүшү эмнени каңкуулайт? Ушундай кырдаалда жогору жактагылардын бири да Лукашенкочулап айкырып койбогону кызык. Же мындай былык иштердин артында өздөрүнүн куйругу жатабы? Айтор, төбөлдөр козголгуча, чочко тумоосу кыргын салбаса болду...
Санжи туйтунова




Б.Шерниязов микроинсульт болду...
"Ата Мекен" партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязов микроинсульт болуп, ооруканада дарыланууга аргасыз болду. Мындай дартка кабылганын Швециядан келгенден кийин билген. Азыр болсо абалы түзүк. Ден соолук тилейли, сакайып кетсин!

Бишкекте адам сатуу маселеси талкууланууда
ЕККУнун Бишкектеги борбору Кыргызстандын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамынын кайра каралышын колдойт. Кыргызстанда мыйзамды эл аралык стандартка ылайык келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топ иштеп чыккан мыйзам долбоору өкмөттүн кароосуна коюлат. "Адам сатуу боюнча мыйзамды өнүктүрүү кылмыштарга карата күрөшүүдө өтө зарыл. Бул учурда регионалдык кызматташуу өзгөчө мааниге ээ. ЕККУ Борбор Азия өлкөлөрүнө бул жаатта өкүлчүлүктөрү аркылуу жардам берип келет", - деп билдирди ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрю Тесорьер. Талкуу 3 күнгө созулат.

А.Бекназаров эркин журналисттерди эриктирбейт
Экс-депутат, экс-генпрокурор, учурдагы адвокат Азимбек Бекназаровго капа болгондордун саны акыркы кезде арбыды. Башкасын айтпасак да, эркин журналисттерди жеригендей мамиле жасап, кемсинткендей маанайдагы сөздөрдү айтканы күчөп баратыптыр. Азике Мелис Эшимкановду алтын калемге сүрөгөнү, башка калемгерлерди "покко" жаратпагандай мурдун чүйрүгөнү менен уу-дуу жаратууда. Кечээ А.Бекназаров менен маектешип отуруп, кызыктай көз карашка күбө болдук. Маселен, ал азыркы оппозициячыл журналисттердин начарлаганын, чаласабат деңгээлге түшкөнүн жашырбады. О.э. бүгүнкү калемгерлердин 70%ы М.Эшимкановдун этегинен чыкканын баса белгиледи. "Алма сабагынан ашып түшпөйт" деп какшык аралаштырып. Биз мындай кадамга түшүнбөй калдык. Буга чейин А.Бекназаровго оппозициячыл журналисттер эле пиар жасап келбедиби, же УТРК менен 5-канал жакшы сөз айтсачы? Айтор, Азикенин мындай "логикасында" эмне жатат болду экен?

Бай-бачалар өмүр бою чээндеби?
Соңку кезде экс-аткаминер Мыктыбек Абдылдаев "окоптон" ойгонуп кеткенби, айтор, жалаң экс-пекс чоңдорду кыдырып, Акүйгө каршы күч түзүүгө ниеттенип атыптыр дейт. Эми кыш деле жакындады, чээнге кирип кеткен экс-аткаминерлер оңой менен копшолуп, баш көтөрүп чыкпайт го. Азыр эшик суук, а оппозиция короосу андан да кычыроон тартып, зиркиретет тим эле! Анан кантип жылуу-жумшак жүргөн бай-бачалар "мындай ызгаарга" чыдасын? Кокус "кыңк-мыңк" деп чыгышса, бийлик эки силкип, бир коет! Өмүр бою чээнден чыкпагандай кылып... Мындайда Мыктыкеге кыйын болду го.

"Акжолчулар" өлүм жазасына ашыктыбы?
Адилет министри Нурлан Турсункулов өлүм жазасын кабыл албоо боюнча парламенттен жакшынакай түшүндүрүп берген. Маселен, ал өлүм жазасын колдобой турганын, Башмыйзамга да каршы келерин айтып, о.э. эл аралык талаптарга ылайык келбесин баса белгилеген. Бирок, "акжолчу" айрым депутаттар ага каршы чыгып, болбой эле референдум аркылуу өлүм жазасын, жана да башка "жаңы" мыйзамдарды киргизүү амалдары менен ашыгып атышат дейт. Буларың ушинтип "шадыраңдай" беришип, акыры бирди көрүп калышпайбы?


Элдин саламаттыгы Дамира айымга эле керекпи?
Эсиңерде болсо, чочко тумоосу Казакстанга апрель айында эле келген. Бул коркунучтуу илдеттен алдын ала сактануу боюнча эң алгачкылардан ЖК депутаты Дамира Ниязалиева маселе көтөрүп, саламаттык сактоо министрлиги жетиштүү деңгээлде иштебей атканын айтып чыккан. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанга чочко тумоосу каптап, бул илдетке чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүп баратат. Бул боюнча аталган министрликтин тийиштүү деңгээлде иш алпара албаганына, ооруга каршы вакциналар, коргонуучу маскалар жетишсиз болгонуна Д.Ниязалиева кабатыр болуп, парламенттен министр М.Мамбетовду айыптап чыккан. Депутаттын ынанымдуу сын-пикирин Марат мырза терикпей эле моюнга алса дейсиң. Ушул күндөрү чочко тумоосунун күчөшүнө, кооптуулугуна, ага каршы сактануунун алсыздыгына Дамира айым түйшөлүп, бул жагдай боюнча катуу иштеп аткан кези.


Көкүйдөгү "төрөнү" кийиз үйдөгү аксакалдар чакырат
ЖКнын вице-спикери Кубанычбек Исабековго кийиз үйдөгү аксакалдар капа экен. Кайсы кийиз үй демекчи, Форум ишканасынын алдында тигилип турат. Ичинде аксакалдар-көксакалдар бар. Булар акыркы кездеги Көкүйдөгү "төрөгө" капа экен. Түз айтканда, К.Исабеков А.Атамбаевге асыла бергенинен аксакалдар жинденишип, "Кубанычбек эркек болсо бозүйгө келсин, сүйлөшөлүк, көрөлү да анын эрдигин!" деп ызырынышууда. Атаңгөрү, К.Исабековдун духу жетеби(?), эркекче сүйлөшкөнгө...