Океан ар жагына карай…
КР эмгек сиңирген артисти Динара АКУЛОВА сахнадагы ини-сиңдилери менен бирге Америка Кошмо Штаттарына аттанат. Динара айым Бактыгүл Бадыева, Арсен, Макс Бегалиев, Микаэль менен бирге АКШнын Вашингтон, Лас-Вегас, Лос-Анжелес, Чикаго өңдүү 7-8 шаарын кыдырып, биздин мекендештерге ыр арнап кайтышат. Ошондой эле Нью-Йорк шаарында өтө турган "Big apple aword" фестивалына да катышып, ал эми бир жарым айга созулган чыгармачыл сапар алкагында кыргыз элчилигинде да болуп, сыйын көрүп, Вашингтондогу кыргыздарга концерт тартуулашмакчы. Мындай сапар Америкадагы "Кыргыз клуб" коммерциялык эмес уюму жана шоу продюсер Миргүл Эсеналиева тарабынан уюштурулган.


Фарида аферага кабылдыбы?
Жаш ырчы Фарида КАРБОСОВА Италияга барам деп маңдайы жарыла элге сүйүнчүлөгөн. Аталган тарыхый өлкөдөн атайын чакыруу келип, документтердин баары дайын болгондо аферага кабылды. Ортодон чыга калып, жардамдаша баштаган адамдардын айынан алыска быйыл сапар алалбай калып отурат. Басылмалардан, теледен жарыялап алып, элге калпычы катары кабылданып каламбы деп чочулап, элден кечирим сурап коюуну бизден кайра-кайра өтүндү. Ал эми алдап кеткен адамдардын дайыны жок. Бирок, өжөр ырчы баары бир келерки жылы болсо да Италияга барып келүүнү көздөп жатканын айтты. Азырынча Фарида жаңы жылдык теледолбоорлорго камылга көрүүдө.


Алдей-алдей-алдейлеп…
"Кызбурактын" ажарлуу, арбыган аваздуу ырчысы Айжамал КАБЫЛОВА экинчи наристесин күтүүдө. 7-8 айга жетпей кызы Жыпараны же сиңди, же инилүү кыла турган ырчы чүрпөлөрүнүн санын көбөйтүп туруп, анан биротоло чыгармачылыкка киришет. Сахна апасы Гүлшайыр Садыбакасова да ушундай кеңеш кылган.


Арышы кенен талант
Учурдагы жайнаган ырчылар арасында бөтөнчө бир талант бар. Ысымы да бабалар заманынан - КАНЫКЕЙ! Бул бийкеч эмки жылы Америкага жөнөйт. Кыргызстандагы мектеби да жөнөкөй эмес, ошентсе да, дүйнөлүк деңгээлде билим алып, ырчылык ыкманы үйрөнүп келүү ниетинде Сет Ригздин курстарына жазылган. Бул кишинин курстары дүйнөдө вокал жаатында өтө жогорку бааланып келет. Ошондой эле жакында Каныкейге россиялык продюсердик борборлордун бири көз артып, чыгармачылыгына кызыгуу артышууда. Алар менен кандай багытта кызматташары учурда жүрүп аткан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечилет.


Айгерим неге Шамшиевден кечирим сурайт?
Эстрада ырчысы Айгерим РАСУЛ кызы "Кыргызфильм" жарата турган "Бишкек кечтери" тасмасында башкы ролду аткармакчы. Ушул жумада бул тасма жаатында эки тарап кол коюп, макулдашуу бекиген. Бирок, ушундай эле жагдайда иш башталып, бирок, жеке концерттеринин айынан аягына чыгалбай калгандыгы үчүн Айгерим КР эл артисти Болот Шамшиевден жана анын чыгармачылык тобунан кечирим сурайт. Эске салсак, ырчы "Призраки орехового леса" тасмасында Саадаттын ролун ойноп аткан эле.


Ашуудагы отчетпу?
Эл артисти аталганы Юрий БОБКОВ элге чыгармачыл отчетун бергени кыштын алгачкы күндөрүнө жеке концертин белгилеген. Отчеттук аталгандыктан, Юрий мырза элге өзгөчө өңүттө, театрлаштырылган концерт тартуулоону максат кылып, бар күчүн ага жумшоодо. Бирок, "Ырдайлы кыргыз ырларын" автордук долбоору да көз жаздымында эмес. Кыргызча ыр жаңырткан башка улуттардын санын арбытып, Юра агабыз дагы да болсо таланттарды издөөнү улантып келет.


Жаңы жылдыздардын жанышы
"Super star" долбоору жекшембиде жыйынтыкталып, ырчылар катарына жаш, жаңы 25 өнөрпоз кошулду. Такшалып калган ырчылар жаштарды топ-топко бөлүп, шефтикке алып, сахнага даярдап чыгышты. Уюштуруучулардын бири "Тумар" радиосу бир музыкалык топ түзүп, сахнага алып чыга турган болсо, аталган долбоор авторлорунун бири "Ekarecords" студиясынын жетекчиси Эрнест Уметалиев 25 шыктуу балдар-кыздар арасынан Оскар аттуу жигитти өзүнө энчилеп, аны менен бирге эле дагы бир команда курап, продюсердикти аркаламакчы.


"Шабытта" шаңшыган Айжан
Ири сахнага чыкканына жыл айлана элек Айжан НУСУБАЛИЕВА "Шабыт" эл аралык сынагында 53 катышуучунун ичинен суурулуп, эстрада жаатында баш байгени жеңип келди. Күздүн башында эле Айжан "Чыгыш базары" эларалык сынагынын да дипломанты болуп кайткан. "Шабыт" эл аралык жаштар сынагы, жыл сайын казак жергесинде өткөрүлүп келет. Артка кайрылсак, былтыр дал ушул сынакта Ислам Акматов гран-приге татыган.


Сыймыктын "жоолукчаны"
Обончу, ырчы Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ чыгармачылыгынын 15 жылдыгын ушул тапта Түштүк жергесинде белгилөөдө. Ал эми ал жактан борборго кайтса, бир катар ырларын экрандаштырат. Иштин башын ачкан "Жоолукчан" аттуу ырына тартылган ыр тасма мурдагыдан өзгөчөлөнүп жаралды. Ырчы ыр тасмада эч көрүнбөйт, баштан-аяк ырдын маанисине жараша окуя жүрөт. Кар калың түшкөндө дагы бир жүрөк өйүткөн теманы камтыган, Шайлообек Дүйшеевдин сөзүнө жазылган "Жетим" аталган ырына режиссер Марат Саруу уулу клип жаратат. Чучукка жеткире жазган акындын чыгармасына чебер режиссердун ыр тасма жаратышы Сыймык мырза өзү үчүн өтө сыймыктуу экенин белгилейт.


Ийгилик апкелген ыр
Испания жергесинде бир канча мамлекет арасында алдыңкы орунга ээ кылган "18 жаш" аттуу ырына ЖАНЕТА клип тарттыруу үчүн атайын Ош шаарына багыт алды. Ийгиликтүү ырга табынганыбы, ырчынын жакында чыгарылчу музыкалык альбому да 18 ырдан турат. Ошондой эле "Кош жылдыз" теледолбоорунун жаңы жылдык программасына өнөгү Турусбек Мамашов менен биргелешип, ылайыктуу образ жана ага үндөшкөн өзгөчө бир ыр издешүүдө.


"Беткапчан" актер
Театр жана кино актеру Камчы САРЫБАЕВ чочко тумоосу башталганы беткап тагынып алып, базарды кенен кыдырып жүрөт. "Жаман нерседен да жакшы нерсени сууруп чыкса болот экен" деп адатынча актер тамашага салат. Айтмакчы, Камчы жакында өмүрүндө көрө элек Талас жергесинде тамадалык ишмердиктин аркасы менен мейманчылап, Манас күмбөзүнө табынып кайтмакчы.


Аваздын авазы күчөйт
Наристе кезинен сахна даамын татып келаткан Аваз АКИМОВ тепкичтен тепкичке көтөрүлө, чыгармачылыктын улам бир сырын үйрөнүү аракетинде. Быйыл музыкалык билим алып жаткан окуу жайында 3-курста. Бирок, билим алуу менен катар сахна атасын ээрчий, гастролдун күңгөй-тескейин көрүп, андан калбай репертуарын толуктай ыр артынан ыр жаздырганын да койбойт.


Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы