fashion-төр

Мейли жашоо канчалык кыйын болбосун, тырмышып жүрүп модалуу, же замандын талабына ылайык жарашыктуу кийинүүгө ашыгабыз. Ал эми быйылкы коңур күз жана кычыраган кыш үчүн дүйнөлүк мода эмнени таңуулайт? Буга жооп издеп, дүйнөлүк мода журналдарынын расмий сайттарына көз жүгүртүп, аны менен катар белгилүү стилист Замира МОЛДОШЕВА жана жылдыздар арасында ырчылыгы гана эмес, мода эксперти катары таанымал Айя САДЫРОВАнын пикирлерине кулак төшөдүк.


Коңур күз жана
кычыраган кыш модасы
Дүйнөлүк мода талаптары:
Модалуу түстөр
Кардай аппак же адаттагыдай суукка ылайык кара гана түс эмес, быйыл маанай көтөрчү ачык-жаркын түстөгү кийимдерди топтой бериңиз. Мисалга, кызыл, тагыраак, күңүрт кызыл быйыл кайрадан модада. Көк түстүн мала ачыгынан күңүртүнө, атургай, жашыл аралашкан көгүнө чейин кышкы кийимдердин ар түрүнөн тандай берсеңиз болот. Же жашылдын да ачыгынан күңүртүнө карай, ошондой эле көк түс аралашса да модадан артта калбайсыз. Ошондой эле быйыл малакызыл түс да кайтып келди! Бул өңдү айымдар кийимде да, макияжда да пайдалана алышат. Былтыркыдай эле бул кышта да сыя көк жана алтын түстүү кийимдерди кие берсеңиз болот, ал эми айныгыс модалуу болгон боз өң негедир быйыл актуалдуулугун бир аз жоготуп, кара түскө орун бошотууда.
Ал эми коңур күздүн түсү - күрөң. Мурда таанымал дүйнөлүк бренддер бул өңдү өтө этияттык менен пайдаланып келсе, быйыл негедир, күрөңдүн түрүнө чек жок.

Кеңсе кызматкерлерине кеңеш!
Ишкердик чөйрө кийимдери мырзаларга эзелтен таандык болуп кадыресе кабылданса, айымдарга бөтөнчө сүр берип, эрктүү кылып көрсөтөт. Ошол эле убакта айымдар андай кийимде өздөрүнө тиешелүү аялдык наздуулукту жана сезимталдыкты да сактайт. Балким, костюмдун түсүнө төп келчү брошь же моюнга жоолукчаны учкай байлап койсоңуз, наздуулук ого бетер арбый түшөр. Ал эми быйыл ишкердик чөйрө кийимдеринде кара түстөн сырткары, кызыл, боз жана ак өңдөр актуалдуу. Кеңсе талабы дегенибиз менен мындай кийимде да биринчи кезекте жарашыгы, сапаты жана кандай убак болбосун, ыңгайлуулугу башкы маселе.

Чач
Жогоруда Замира айым белгилеп кеткендей, эркектердикиндей кыска чачка ээ айымдар чачтарын өстүрө бергени оң. Быйыл - узун чачтуулардын мезгили! Көркөмдүү чач - бул аялдын образына өбөлгө. Ал эми жасалгасы чачтын көркөмдүгүн арттырат. Ал эми чачтын өңүн өзгөртүүнү кааласаңыз, табигый түс жаратууга аракет кылыңыз. Чач жасалгалоодо мода китептеринен адатта көңүл бурчу кеңештерди издеп, дагы бир сыйра көз жүгүртүп коюңуз. Анткени, ар бир адам оригиналдуу болгондой, анын баш формасы, маңдайынын жазылыгы-жакындыгы, моюндун узун-кыскалыгы, жүздүн сүйрү-тогологу сөзсүз айырмаланат. Чач жасалгасында мунун баары эске алынышы шарт.

Буткийим - жандын шериги
Жылдын кайсы мезгили болбосун, баарынан мурда бут кийимди мыктылап тандоого тийишпиз.
Бут кийим түсү. Адаттагыдай эле күңүрт түстөргө басым жасаганыңыз дурус. Бул ыңгайлуу да, ылайыктуу да: кара, боз, күңүрт боз, кара жашыл, сыя көк, кызылдын күңүртү жана кара күрөң. Ошондой эле зебра же леопардды элестеткен түстөр да актуалдуу экенин эске алып коюңуз.
Бут кийимдин башы же мурду. Үч бурчтуу мурундуу бут кийимдер модада. Учтуусун да, азыраак тоголок көрүнгөнүнө да көз сала бериңиз. Айтмакчы, быйыл кайрадан төрт бурчтукту элестеткен мурундуу бут кийимдер да модага кирди.
Бут кийим такасы. Бийиктиги 6 сантиметрлүү шиштакаларды караштыра жүрүңүз. Бирок, албетте, Бишкектин көчөлөрүн жана кыштын аяздуу күндөрүн да эске алганыңыз жакшы.
Узун өтүктөр. Мезгилдин эң бир актуалдуу өтүгү - бул тизени кошо жаап турганы. Жалпыга элестүү болушу үчүн "Красоткадагы" Жулия Робертстин өтүгүн мисалга келтирели. Мындай өтүктөрдүн адатта ичи жылуу түк, ал эми такасы жапыз болот. Негизинен кыска юбка же чыптап турган жинсы менен кийүү ылайык.
Кыска өтүктөр биздин аймактын айымдарына эң туура келет. Андыктан, жогоруда айтылган өңдөрдөн өзүңүзгө жакканын карап, кышка өтүк камдап алыңыз. Мындай өтүктөрдүн жапыз такалуусу биздин көчөлөргө ылайык.
Ботильонду сапаттуусунан күздө алсаңыз, жазда да кие аласыз. Буугучтуу ботильон болсо, андан бетер жакшы. Себеби, быйылкы жылдын талап кылганы ошол. Мурду ачык ботильондор кыска юбка, кууш жинсылар, ал эми шиш такалуулары кенен жинсы же кыска көйнөк менен жакшы отурат.
* Эгерде спорттук буткийимдерди жактырсаңыз, кар түшкөнчө быйылкы жылы актуалдуу өңдөгүлөрүн кийип турсаңыз болот.




Замира
МОЛДОШЕВА:

Чачка кам көрүү. Быйылкы күз жана келерки кышта чачтын модалуу түсү күрөң. Аз-маз кызыл аралашкан күрөң түс да актуалдуу. Узун чачтуулар сүйүнө берсе болот, анткени, узун чач модада. Жайында күнгө күйүп, чач алдаканча күчүн жоготот. Чач саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн атайын маска жаап, азыктандырып, учтарын кыркып туруу керек. Куюлуп, төгүлүп, жылтылдап турган чач эч качан модадан калбастыгын көңүлгө түйө жүрүү абзел. Тарам-тарам агартуу же мелировка жасоо модадан чыккандыгына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Андан көрө азыр чачтын алдыңкы тарабынан эки-үч топ талдын түсүн агартып коюу көбүрөөк жасалып жүрөт. Азыктандыруу жана калыбына келтирүү үчүн эң эле оңой маска бар. Чочулабай, жалкоолонбостон, үй шартында эле жасап алсаңыз болот: жумурткага коньяк кошуп, чачка эки саатка жаап коюу керек. Ошондой эле басманы да пайдалансаңыз болот.
Жайында аптаптан улам чачты күн сайын жууп көнгөн адамдар шампунь аларда сөзсүз анын жасалышына көңүл бурушу шарт. Күндө колдонуу үчүн атайын шампунь сатылат. Кышында да бул адатты улантсаңыз болот. Бирок, бир шарт менен - чачты кечинде окуудан, жумуштан кайткан кезде жууп, кургатып алган жакшы. Себеби, кышында эртең менен чачты канчалык кургаткан күндө да суук тийгизип алуу коркунучу күч. Кышында топунун алдынан чач ого бетер зыян тартат, жетишерлик дем алалбайт. Ал эми күнүгө жуугандан чачка эле пайда - ал дем алып турат.
Жүз - адамдын визиттик картасы. Эгер жайында күн нурунан коргоочу крем колдонуп келсеңиз, кеч күздө, кышында суук, ызгаардуу шамалдан сактоочу атайын каражаттарды же сөзсүз түрдө терини нымдатуучу крем пайдаланыңыз. Эгер жүзүңүз майлуу болсо, үбөлөнгөн упа ылайык. Ал эми кургак болсо, компакттуу же упа менен тон берүүчү кремдин аралашмасын пайдаланыңыз. Бирок, үйгө келериңиз менен макияжды толугу менен жууп, тазалаңыз. Анткени, теринин да дем алышы маанилүү. Кыштын күнү жүзгө кам көрүп жүрбөсө, сууктан тери капилляры жарылып, жүздө кызыл пайда болушу мүмкүн. Албетте, бул да заманбап технологиялар менен жөнгө салынат, бирок, абдан кымбат жана узак процесс. Андан көрө баарын алдын-алып жүргөнүбүз оң эмеспи.
Кийимде менин баамымда, айымдар үчүн быйыл мырза стилдеги костюм, пиджак, ал тургай көйнөктөр да актуалдуу. 1991-1992-жылдары модада болгон ийинди көтөргүчтөр кайрадан келди. Биздеги модалуу чөйрө же модадан артта калгысы келбеген адамдар албетте, дүйнөлүк модага түздөнөт эмеспизби. Булгаары менимче, эч убак модадан чыкпаган буюм. Быйыл да маанисин жоготкон жок. Кара, күрөң, кызыл эң актуалдуу түстөр. Кыска куртка, сюртук, юбка, шым болобу, булгаарыдан жасалган нерсенин баары модалуу көрүнөт. Ал эми күн сууктаган сайын пальто кийсек, бир размерге чоң алыңыз. Анткени, азыркы дүйнөлүк мода ушундай багыттап жатат. Кара, боз, кызыл, күрөң түстөгү сырткы кийимдерге басым жасаңыз. Бирок, албетте, макияж сымал эле кийимде да ар бир адам өз мүчө келбетине жараша кийинет. Айымдар сырткы кийимде да мырзалар фасонундагы пальто тандаса болот. Ал эми мырзалар үчүн классика менен эркин стилдин аралашмасы дале актуалдуулугун жогото элек. Бул жагынан мен Дима Биландын стилин мисал келтирет элем.





Айя САДЫРОВА:
"Мода сизди эмес, сиз моданы ээрчитиңиз"
Быйыл кууш жинсы жана кенен шымдар абдан модада. Өзгөчө, 50-жылдарды эске салган 7/8 өлчөмүндө кыскартылгандары актуалдуу. Фетиш-стиль да быйыл кеңири суроо-талапка ээ.
Кашемир кардиганы айымдын кийимге болгон каалоосун бүт аткаргандай: жылуу, ыңгайлуу! Качан болбосун, модадан да чыгышы кыйын. Анан да боз түстөгү саркеч куртка да кие бериңиз. Ал эми түс тандоодо жашоону жаркын көрсөткөн өңдөргө басым жасаңыз. Азыркы таптын эң ылайык бут кийими - ботильондор. Балким, буугучтуу же кооз жасалган тасма тагылганын да тапкан чыгаарсыз.
Ал эми кышта мех жилет жана узун жеңи ийинге чейинки пуловерлер дурус көрүнөт. Кыштын суук же жеңилине карап, кыска шуба кийсеңиз болот. Быйыл негизи эле табигый түстүү мех модада. Же шубаңыздын узундугу балтырга чейин жетип турса да болот. Бул жылга карата жеке гардеробумда күзгө карата кара замши туфли, ага ылайык жылтыраган сумка, күрөң туфли, күрөң булгары сумка, боз ботильон, боз сумка, ачык күрөң такасы жапыз ботинка жана ушул эле түстөгү жылтыраган сумка пайда болгон. Кышка дагы убакыт бар, бирок, кыска мех шуба издейм.
Мода артынан адатта айымдар кубалайт, андыктан, аларга кайрыларым, сулуулуктан жазбагыла! Ал эми моданын артынан силер эмес, ал силердин артыңардан жүрүп отурсун!