Соболчак

Президенттик институтту түзүү менен мамлекет башчысы эбегейсиз бийликти өзүнө топтоп алдыбы?

Жыпар Жекшеев,
ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиянын башкы катчысы:
-Мурда тиешеси бар, тиешеси жок маселелер үчүн өкмөт мүчөлөрүнүн баардыгы чакырылып, узакка отуруп калышчу. Андан көрө мобилдүү, чакан президенттик институттун түзүлгөнү президенттин да, өкмөттүн да убактысын үнөмдөйт.

Анвар Артыков, экс-губернатор:
-Менин оюмча, буга чейин Бакиевде жетишерлик бийлик бар болчу. Формалдуу жагынан алып караганда президенттик администрациянын жоюлганы туура. Ал деген өкмөттүн "клону" болчу. Эми андай эки өкмөт жок. Президенттик институт стратегиялык багытта иштей турган болсо бир топ жылыштар болот. Эгер административдик багытта кетсе, анда юридикалык эле аты өзгөргөн, маңызы мурдагы президенттик администрациядай болуп кала берет. Ошондуктан, бул институттун кандай иштей турганын көрөлү.

Кабай Карабеков, ЖК депутаты:
-Жок, бул процесс мамлекет башчы айткандай, реформанын биринчи эле кадамы. Азыр кадрдык реформа менен системалык реформа жаңыдан башталып жатат. Анан президент өзүнө эбегейсиз бийликти топтоп алды дегенден алысмын. Себеби, конституция өзгөргөн жок. 15 жылдан бери системаны өзгөртүш керек деп келебиз. Буюрса, бул жаатта реалдуу кадамдар башталды.

Азимбек Бекназаров,
БЭК штаб башчысы:
-Президенттик институтту түзүү менен Курманбек Бакиев факты түрүндө аткаруу бийлигинин башына келди. Бул - биринчиси. Экинчиси, инвестициялык, инновациялык жана кредиттик агымдарды өзүнө алуу менен байлыктын ээси болду. Аныгында өкмөт президенттин колуна өттү. Конституция боюнча Бакиевдин президенттик институтту түзүүгө укугу бар. Бирок, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарын, Башмыйзамды бузуп, тартып алууга укугу жок болчу. Кыскача айтсам, бул институт менен Бакиев бийликти узурпациялап алды.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
-Мен мындай ойдон алысмын. Бирок, каржы, күч структурасы кимге тийсе, ошонун колуна бийлик чогулат. Мына ушул критерийден карасак, президенттин бийлиги эбегейсиз болуп калды. Президенттин бийлиги чоңойгону менен жоопкерчилиги да чоңойду. Мырда биз террорист деп атып, камап салган адамдарды УККдан же Коопсуздук Кеңештен көрөрүбүздү билбей келсек, эми ушунун баары президенттен суралат. Бир эсе күч структураларынын башында ким тураары аныкталганы жакшы болду.

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри:
-Президент Бакиев бул кадамы менен Башмыйзамды дагы бир жолу тебелеп-тепсегенден сырткары, Конституцияны билбестигин көрсөттү. Президенттин турганынын өзү эле президенттик институттун иштеп жатканынан кабар берет. Президенттин жеке ыйгарым укуктарын ишке ашырыш үчүн аппарат, секретариат деген структуралары болот. Мыйзам боюнча. Ал эми Башмыйзамда президент өкмөттүн ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алса болот деген жер жок. Ошондуктан, Бакиев Конституциянын гаранты болбой эле, анын кордоочусу болуп алды.




  Тиш кайрап

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, БЭК саясый кеңешмесинин мүчөсү:
"Чирикти жаркырата албайт"
- Топчубек агай, оппозиция президенттин реформасын "президент өзүнө бийликти топтоп алды" деп сындап чыктыңыздар. Эмнеге ичиңиздер чыкпай атат?
- Бул чыныгы реформа эмес. Бул азайтуу, көбөйтүү. Алуу, кошуу. Мындай нерсе тээ 60-жылдардан, Хрущевдун заманынан бүгүнкү бийликтин келишине чейин эчен жолу болуп келген. Элге эч качан пайдасын тийгизген эмес. Бакиев реформа деген сөздүн баркын кетирип, ашмалтайын чыгарды. Чыныгы реформа кылыш үчүн 4-5 тагдыр чечүүчү өзгөртүүлөрдү жасап, системаны өзгөртүш керек болчу. Биринчиден, "үйбүлөлүк, тоталитардык диктатураны жок кылам. Кыргызстанды кул кылып аткан ушул экен" деп ачыктан ачык мойнуна алсын. Экинчеден, "Кыргызстанды адилеттүү система жолуна салам" деши керек. Бул үчүн Конституциялык реформа жасашы зарыл. Бийликти тең бөлүштүрүш керек. Азыр Курманбек Бакиев президенттин институтун куруп, бийликти өзүнө чексиз буруп алды. Бардык маселелер эми президенттик институттун колунан өтөт. Бул тоталитардык диктатураны түптөөнүн жолу. Кыргызстанды курутуп аткан менчиктештирүү менен коррупцияны жоюу керек. Стратегиялык мекемелердин бардыгы мамлекеттин менчигинде калат деш керек болчу. Менчикке берилип кеткендерин кайрадан алабыз деген максат коюшу зарыл эле. Анан дагы президент "мен тууган-уругумду, балдарымды бийликтен кетирем" деп айтсын. Мына ушунда чыныгы реформа жүрмөк. Азыр бийлик чириген пайдубалга эбегейсиз мунара курам деп атпайбы? Ишке ашпайт.
- Бул демилгенин бир дагы жакшы жагы жокпу?
- Жакшы жагы жалаң куру сөз болуп атпайбы. "Айлыкты баланча көтөрөм, пенсияны мынча кылам, калктын өмүрүнүн узундугун 70 жашка жеткирем" деген сөздөр. Каяктагы 70 жаш? Азыр калктын өмүрүнүн узундугу 50 жаш болуп атса, аны эки жылда кантип көтөрөт? Бул иллюзия, элди алдоо. Эки жылдын ичинде 70 жашка жеткирүү мүмкүн эмес. Анүчүн жыргал турмуш алып келиш керек. Анда Кыргызстанда жакырлар, оорулар таптакыр жок болуш керек. Сөз жүзүндө Бакиев далай жолу убада бербеди беле? Жыйынтыгы кана?





  Тынч уктатпай

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ,
"Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси:
"Кыргызга кыянаттык кылышты"
- Маданият министрлигинин агенттик болуп калганына пикириңиз кандай?
- Мурунку маданият министрлигин өкмөттүн курамынан чыгарып, агенттикке айлантканы өтө одоно катачылык болду деп ойлойм. Себеби, маданият министрлиги кыргыздын маданиятын, руханий мурасын, дөөлөттөрүн, дегеле кыргыздын маданият баалуулуктарын коргой турган ведомство болчу. Аны өкмөттүн курамынан чыгаргандан кийин статусу төмөндөп, өз укугун тийиштүү деңгээлде коргой албай калат. Демек, кыргыздын маданияты корголбой, сакталбай калса, кыргыз элинин улут катары өнүгүүсүнө кедергисин түздөн-түз тийгизет. Бул кыргызга кылган кыянаттык.


  Тынч уктатпай

"Акжолчуларды" чет өлкөгө кууп ийсек кантет?
Чөнтөк парламент атанган "акжолчулардын" таскагы катуулады. Айрыкча ажо реформа баштагандан бери өтө тездик менен кетип бара жатышат. Камбаратанын ГЭСтерин карабай туруп кепилдикке салып беришти, өкмөт башчыны, өкмөт структурасын эч талкуусуз алеки саата "аап-суф" кылышты. Алсак, Турсун Турдумамбетовдун "мамлекеттик мүлктөрдү" жөөттөр башкарган "Өнүгүү фонду" каалаганынча алып, билгениндей колдоно берүүсүнө уруксат берилсин" деген мыйзамды дароо кош колдоп кабыл алып беришти. Кичине эл көзүнө талашып-тартышып, талкууламыш болуп коюу деген да болгон жок. Жогору жактын каарына калбайлы дешкенсип, көздү жуумп туруп эле кол көтөрүп жатышкандай.
Айтор, Кашыктар (ложкА) деген сайын "ичинде сөөк-пөөк жок бекен, какап калып жүрбөйлү" деген ой жок, карабай эле, алдыларына келген мыйзамдарды чайнабай туруп кулк эттирип жутуп коюп жатышат.
Бирок, булар баардык эле маселени талкуусуз шарт эткизе кабыл ала бербеси да маалым болду. Өз карабаштарынын кызыкчылыгына келгенде кызыл чеке болгонго чейин кызаңдашып кетмейлери да бар экен. Өткөн жумада чет өлкөгө ким барат, "эмнеге мен барбайм, ал көп барат?" болуп катуу кыжылдашышты. КТРден ал кыжылдакты көргөн эл жерге түкүрдү. Кыргыз жеринин бүтүндүгү бузулуп, Каркыра казактарга кетип жатканда үндөбөй, чет элге барууга путевка талашып аткандары менен бул "кашыктар" өзүлөрүнүн даана жүзүн көргөзүштү окшойт.
Парламентаризмдин негизги белгиси болгон талкуу, талаш-тартышы жок мындай Жогорку Кеңештин Акүйдөн башка кимге кереги бар? "Акжолчулардын" добуштарынын баарын Айтибай Тагаевге чогултуп берип туруп эле өзүлөрүн үй-үйүнө кууп жиберсе, мамлекеттин казынасына бир топ жеңилдик болот беле?
Кетирерде "машине минбейбиз, кеңсенин, жардамчылардын кереги жок, маяна албай коомдук башталышта эле иштейбиз, депутаттык күбөлүктөрүбүз эле калсын" деп добуш бердирип, белекке столдорундагы ноутбуктарды карматып туруп, жанагы жете албай жүргөн чет жерлерге президенттин самолету менен акысыз жеткизип салсак кантет? Бошоп калган ЖКнын имаратын америкалыктарга ижарага берип койсок, мыйзам чыгаруу тармагынан киреше да ала баштайбыз. Ал эми Айтибайга Акүйдүн бир бурчунан бөлмө берип койсо, ошол жерден деле оптом добуштарын бербей жандары жокпу?..

Бетти даярдаган Семетей Талас уулу