Кадырбек Сарбаев
Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин ишмердиги коомчулукка бүдөмүк. Атургай журналисттер коомчулугу, биз, дегеле бу киши тууралуу жарытылуу сөз укпаптырбыз. Ошондуктан, эгер Кадырбек мырза терикпесе, анын артындагы ыңгайсыз маалыматтардан ортого салып берели. К.Сарбаев тышкы иштер министринин орун басары болуп турганда тымызын интрига жүргүзгөнү, кесиптеши Аскар Бешимов экөө аракка тоюп алып, ажо Курманбек Бакиевди жамандап, артынан таш ыргытканы боюнча кеп укканбыз. Мындай маалыматты ажо угуп калып, ачуусу келип, бирок айкөлдүгүнөн кечирим кылганын да эшиткенбиз. Кийин К.Сарбаев Кытай Эл Республикасына Кыргызстандын ыйгарымдуу элчиси болуп кетти. Ал жактан да жөн жүрбөй, кутурган маанисинде кызмат машинесин 100 миң долларга алганы боюнча ММКлар жазып чыгышкан. Анысы аз келгенсип, Пекинден жинди сууга тоюп алып, дипломаттар менен мушташкан деген да кептер каңгып жүрөт. Дегеле Кытайдан жарытылуу элчи болбой туруп, кантип Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине дайындалган? Ал эми министр болгону кыйраткан ишин көрө албадык. Өзүн иш тажрыйба жүзүндө ача албай койду. Эми да ордуна келди. Просто бактылуу киши экен да...
Айтмакчы, Кадырбек мырза эне тилин билбей туруп, кантип тышкы саясатта Кыргызстандын жүзү болот?! "Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт" деген нускалуу кепти ажо эсине албаганы кызык...

Андан сырткары
Агенттиктерге кимдер келди?
- Антимонополдук көзөмөл агенттиги - Надырбек Турганбаев;
- Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик - Арстанбек Давлеткелдиев;
- Социалдык камсыздоо агенттиги - Назгүл Ташпаева;
- Байланыш агенттиги - Кубат Кыдыралиев;
- Дене тарбия жана спорт агенттиги - Айдарбек Керимкулов;
- Архитектура жана курулуш агенттиги - Каныбек Нарбаев;
- Маданият агенттиги - Султан Раев;

Кызматтарга кимдер келди?
- Мамлекеттик жаза өтөө кызматы - Айбек Турганбаев;
- Мамлекеттик чек ара кызматы - Аскарбек Жапаров;
- Мамлекеттик салык кызматы - Акматбек Келдибеков;
- Мамлекеттик бажы кызматы - Нурлан Акматов;
- Мамлекеттик көзөмөл жана каржы рыногун жөнгө салуу кызматы - Бакыт Закиров;
- Мамлекеттик каттоо кызматы - Жаныбек Бакчиев;

Фонддорго кимдер келди?
- Медициналык коопсуздандыруу фонду (ФОМС) - Өктөмхан Абдуллаева;
- Мамлекеттик материалдык резерв фонду - Эрлан Жамгырчиев.