Саресепсай

эх, Кайран гана реформа!
Президент 20-октябрда аткаруу бийлигин реформалоо боюнча сунуш кылган реформа ишке ашаары күмөн туудурат, антип ойлоого бир канча негиздер бар. Реформа - бул мамлекеттин алдына коюлган ачык стратегиялык максат, ага жетүүнүн жол-жоболору жана аны ишке ашырууга бекем ишенич жана далалат. Президент өз кайрылуусунда "президенттик институт" деген жаңы түшүнүк киргизилгендигин, президенттик институт анын аппаратынан, секретариатынан, инвестициялык жана инновациялык агенттигинен турарын билдирди.
"Институт" латын тилинен алганда ("учреждение" же "утверждение"), кыргызча "түзүм" дегенди билдирет. Конституционализм, мамлекеттик түзүлүштү изилдеген илимдердин теориясы боюнча "президенттик институт" деп президенттик кызматтын өзүн айтат.
Кыргызстанда президенттик институт 1990-жылы көз карандысыздыкты алганда киргизилген. Ал эми президенттин конституцияда көргөзүлгөн ыйгарым укутарын ишке ашырыш үчүн, албетте, атайын структура болот. Ал структура аппарат деп аталышы мүмкүн, канцелярия же секретариат деп аталышы мүмкүн. Андан ал структуранын табияты өзгөрүлбөйт. Ал орган жогоруда айтылгандай президенттин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн жардам бере турган көмөкчү орган. Бүгүн президент өзүнүн көмөкчү органына Институт деген түшүнүктү ыйгарганы жатат. Бул жагдай анын билермандарынын мамлекеттик түзүм деген эмне экендигин түшүнбөстүктөрүн көрсөтүп турат.
Ошентип, президент өзүнүн администрациясына аппарат, агенство жана секретариатты киргизди. Демек, ал структуралар бирдиктүү иш алып барган орган болбостон, үч баштуу, бирдиктүү саясаты жок орган болот дегенди түшүндүрөт.
Андан сырткары, "мамлекеттик катчы" деген кызмат жоюлуп, анын ордуна "мамлекеттик кеңешчи" жана "мамлекеттик министр" деген эки жаңы конституциялык кызмат киргизди. Кандай гана аппараттык, техникалык өзгөрүү болбосун, реформаны адамдар ишке ашырат, негизги чечүүчү ролду коюлган максаттардан тышкары дагы ак ниеттүүлүк ойнойт. Президент чиновниктердин 90%ы элди ойлобостон өзүн ойлоп, реформа башталганда бүтүндөй чиновниктер бийлик укуктарын өзүнө оодарыш максатында өз көмөчүнө күл тартып келишкендерин билдирди. Мындай маалыматтан улам коомчулук элди ойлогон 10% чиновниктер кимдер болду экен деп турушса, 2 сааттан кийин эле "өзүн ойлобой, элди гана ойлогон" аткаминердин ысымы белгилүү болду. Алардын бири Данияр Үсөнов экен, анткени, логика боюнча элди ойлогон чиновник премьер-министр болуп дайындалышы керек да… Ал эми калган элди ойлобогон 90% чиновниктерди жаңы өкмөттүн курамына жакын жолотпошу керек го, аны убакыт көрсөтөөр.
Таңгалыштуусу - президент кайрылуусунда чиновниктер көп бийликти каалашат деп, бирок өзүнө мурдагыдан да көп ыйгарым укуктарды топтоп, өкмөттүн алдынан кээ бир структураларды чыгарып, өзүнүн көзөмөлүнө алгандыгы болду. Бул парламентке көз каранды эмес УКК, тышкы иштер министрлиги, улуттук өнүгүү фонду, финансы полициясы сыяктуу жаңы аткаруу бийлигинин структуралары. Ошондой эле президенттин администрациясы эми үч тармактуу (аппарат, секретариат, инвестициялык жана инновациялык агенттик) структура болуп калышы да ушул өңүткө кирет. Мынча болду, өкмөт институтун таптакыр жоюп салып эле баардык министрликти өзүнө каратып албайбы. Бирок, анда жоопкерчилик деген балээ чыгышы мүмкүн да. Эх, кайран гана реформа.
Алмамбет Шыкмаматов, "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын аппарат жетекчиси




К.Исабеков Иринанын "жанжерине" кызыктыбы?
Өткөн жумада ЖКда чуу болуп, СДПКга сөз бербегенине нааразы болгон Ирина Карамушкина оозун скотч менен чаптап алып, "биз үндөбөйбүз" маанисиндеги плакат көтөрүп келди эле. Анысы "акжолдун" анабашыларын бир топ туталантты. Айрыкча вице-спикер Кубанычбек Исабеков "бул жер театр эмес да, анча болду башка жериңизди да чаптап алыңыз" деп балп эттирди. Бүтүндөй аял аттуунун намысын козгоп. Интимдин илеби урган мындай кеп башка ырчы же соодагер депутаттын оозунан чыкса түшүнөт элек. Бирок, "Кумтөрдү" кыргызга кайрыды, ал үчүн "эл баатыры" деген наам алыш керек" ("Кумтөрдү" ачкан геологдор деле ушу күнгө чейин наам тургай, медалы жок жүрүшкөндө) деп кесиптештеринин алкоосуна арзыган үлкөн кишинин ушинткенине бали дедик. Парламенттеги аял депутаттар намыстарын тебелетип койгонбу, айтор, 27 аял депутаттын бири да И.Карамушкинага жан тартпады. Талкан сугунуп алгансып, үндөшкөн жок. Аларга караганда Иса Өмүркулов "кечирим сураңыз" деп вице-спикерге каяша айтып, чыныгы жентльмен экенин көргөздү. Анын сөзүн Исабеков чымын чакканчалык көрбөй, залдан чыгып кетти. Ушуну менен өзүн тымызын жактырып, интеллектиси бийик деп суктанып жүргөн далай бийкечтин күйүп турган сүйүүсүнө суу септи ("акжолчу" айымдарды кошпогондо). Жарыктык киши, кесиптешине мынча эмне орой тийишти экен. Же эр ортону элүүдөн ашканда Кукебиз кайсы бир дартка чалдыгып, бүтүндөй аялзатына таарынып жүрөбү? Табышмак десең...

Даниярга ичтери чыкпаган "акжолчулар"
Акүйдүн 7-кабатынан орун алмаштырып, Данияр Үсөновдун премьер-министрликке конуп калышы кызык болду. Алгач жең ичинен төрт кандидатуранын тагдыры каралыптыр. Алгач И.Чудиновдун калар-калбасы калчанып, андан соң Н.Түлеев менен К.Исаевдин аттары аталып, бирок камырдан кыл суурулгандай Д.Үсөновдун жол таап кетиши көпчүлүктү таңгалдырып аткан кези. Өзгөчө "акжолчу" депутаттардын басымдуу көпчүлүгүнө бу кандидатура жакпай, "айла жок колдойбуз да" дегендей ийин куушурушуптур. Маселен, мындай кадамга ЖК төрагасы А.Тагаев, фракция лидери У.Ормонов, вице-спикер А.Турсунбаев баштаган үч группировканын тең ичтери чыкпай, тымызын каршылашкан жагдайларын уктук. Кабинеттерде күңк-мыңк болушуп. Баса, "акжолчулардын" бул үч тобу бири-бири менен жең ичинен кармашып келишти эле, эми да согуша беришеби, же жаңы премьерге каршы аттанышабы? Ай, духтары жетпейт го…

"Сариевди өкмөткө жолотпойбуз" дештиби?
Кечээ премьер-министрликке Данияр Үсөнов бекигенден соң, бийликке ыктаган партиялар менен иштешүү маселеси каралып, алардын ичинен "акшумкарчылар" жээкке сүрүлчүдөй абалда дейт. Темир Сариевдин буга чейин Акүйгө жасаган "эмгеги" талаада калып, ызалап коюшпайбы?
Айтор, "Сариевди өкмөткө жолотпойбуз!" деген сөз талашка айланып, бир бүтүнгө келе алышпаганын уктук.

А.Атамбаевдин духу бийик, маанайы боевой!
СДПК лидери Алмаз Атамбаевдин акыркы кездери үнү угулбай, тынчып калганын ар кандай ушактар курчуй баштады. Албетте, аны көралбаган оппоненттеринин чырактарына май таамп, "өчтү, саясый багытынан сынды" дегенге чейин ооз көптүргөндөрүн угуп атабыз. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" дейт кыргызда. Анан эми Алмаз мырзанын бүгүнкү абалына аяр салсак, ал учурда ден-соолугуң чыңап, дарыланып аткан кези. Ооруп атса да духу бийик, маанайы боевой! Жакында оппозициялык маанайдагы жаңы жүрүштөр менен от аларын кыйытты.

Карышкырга кой кайтарткан жокпузбу?
Кыргыз жарандык авиация боюнча департаменти жеке менчик "Кыргызтрансавиа" авиа-компаниясына Бишкектен жана Оштон Меккеге ажылыкка барчу зыяратчыларды ташуу лицензиясын бергенден кийин катуу чуу чыкты. Анткени, ал авиакомпаниянын жетекчиси Таалай Окенов бир кезде мамлекеттик "Кыргызстан аба жолдору" авиакомпаниясын башкарып турганда ишкананы карызга батырып, туугандарын, тааныштарын гана кызматка топ-топ, ал тургай өзүнүн карачечекей баласы Айдар Океновду өзү президент болгон мамлекеттик авиакомпаниянын коммерциялык директору кылып дайындап калганы белгилүү. Анан 1500 доллардык ноутбук-компьютерди 10500 долларга алынды деп кириштегендиги, натыйжада ал компьютерди баласына карматып коюп, баласы "ноутбукту көтөрүп жүрүп жоготуп койдум" деп чыккандан кийин, дагы ушундай жана башка ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматтан алынган. Кызматтан алынары менен укук коргоо органдары Таалай Океновду уурулугу үчүн камакка алышкан. Эми ушу киши башкарган жеке менчик авиакомпанияга миңдеген зыяратчылардын тагдырын кантип тапшырууга болот, жылдагыдай чыр чыкпайбы (?) деген суроону Жогорку Кеңештин депутаттары кабыргасынан коюп жатышат.

Б.Наргозуев менен У.Ормоновдун тиреши...
Соңку мезгилдерде "акжолчулар" өз ара "тытышып", майда маселелер менен интрига оюндарына батып бараткандай. Көпчүлүгүнө фракция лидери Улугбек Ормонов жакпай атканы, ага каршылашкандар күн санап көбөйүп баратканы да байкалууда. Мындай интригалык жүрүштөргө ажо да кыжырданып, фракция лидерин алмаштырууга ниеттенип атыптыр дейт. Ал эми кечээ депутаттардын тар чөйрөдөгү жашыруун кеңешмеси болуп, "фракция лидерине Бегалы Наргозуевди шайлайбыз" дегендей бүтүмгө келгендерин эшиттик. Акыркы кездерде Бегалы Молдогозуевич жогорку жактын купулуна толуп, "Акжолдогу" жүнү тирүү депутат катары оозго алынып калган кези. Мындай шартта фракция лидерлигине жетүү неге болбосун? Анүстүнө парламенттин ичинде да колдоосу күч экен. Бир жагынан "женский батальон" колдосо, дагы бир жагынан вице-спикер А.Турсунбаевдин группировкасы сүрөсө, анда эле Б.Наргозуев У.Ормоновду чаап түшөрү ажеп эмес. Айтор, ЖКда накта "кырылыш", көкбөрү саясат эми башталчудай…

Сөгүш укса да моюн бербеген Байымбет
Кечээ республикалык ветеринардык кызматтын жаңы жетекчиси Байымбет Мураталиев журналисттерге интервью берип жатып мактаныптыр, уксаң уяласың. "Эмне иштерди бүтүрүп жатасыз?" дешсе, Байымбет: "мурунку жетекчи өзү отурган кабинетин ремонттобогон экен, ошону оңдоп жатам" дейт башка проблемалары түгөнүп калгансып. Мунун кечээгисине үңүлсөк, жетекчиликте болгону алты эле ай иштеп, төрт жолу сөгүш алганын, анын акыркысы катуу эскертүү менен берилгенин жашырат да. Ал эми президент медиктерге жакында сүйлөгөн сөзүндө, өлкөдө малдын жугуштуу оорулары өтө көбөйгөндүгүн, бул багыттагы кемчиликтерди баса көрсөткөндүгүн укпай калганбы, кайран чунак киши? "Менин ишим тим эле укмуш!" деп каратып туруп калп айтканына караганда...