Азаттын сыры
Буга чейин апасына жардам кылып, республикалык басылмалардын биринин башкы директорлугун аркалап келген Азат БОЛОТБЕК чыгармачылыкка кайтууга ниеткер. Бир жумадан соң жаңы ыры менен шоу чөйрөсүнө кайрадан кадам таштамакчы. Буга чейин махабат темасына жакын Азат бул жолу таптакыр башка тематикага өткөнүн билдиргени менен жакында жаңыртчу ырынын тематикасын сыр кармады.

"Чолпон жылдыз" атыгаар ким?
Ушул айдын 26-27синде түрк тилдүү мамлекеттердин ырлары Бишкекте, тагыраак айтканда, Улуттук филармонияда жаңырат. "Чолпон жылдыз" эл аралык фестивалына катышчу жыйырмага чукул түрк тилдүү мамлекеттердин өнөрпоздору арасында Кыргызстандын намысын коргой турган Тынай АЛЫБАЕВ экени маалым. Тынай мырзанын атаандаштарынан эч кандай кабары жок, бирок өлкөнү татыктуу таанытуу камында. Атайын сынак үчүн биздин ырчы тарабынан тандалган ырлардын бири - Абдылас Малдыбаев жана Аалы Токомбаевдин "Кимге айтам", экинчиси - Анатай Өмүрканов жана Эркин Мээркановдун чыгармачылыгынан жаралган "Эстейм" аттуу чыгармалар. Ушул жекшембиде "Чолпон жылдыз" катышуучулары Бишкек шаарына толук келип конушат.

Гүлнаранын "билериги"
Өз репертуарын Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА "Асман билериги" аттуу өзгөчө аталыштагы ыр менен толуктады. Ырчы ырдын сөзүнүн автору Кыялбек Урмамбетов менен акылдашып, Күн жебесине ушундай ат беришкен. Ал эми дагы бир ырга өзү обон жазып, ага текстти жаш акын Жазгүл Жамангулованын куржунунан тандаган. Ыр "Улуу түн" деп аталат. Табигаттын кооз кубулушун камтыган ыры жакшылыкка үндөсө, "Улуу түнү" аял-эркек мамилесин, арзуу, айрым бир саптарында жалгыздыкты да баяндайт.

"Кудай берсең, тойдон бер"
Тамаша-чынга аралаш мындай "макал" ырчы Съездбек ИСКЕНАЛИЕВге таандык. "Кудайдын кулагы сүйүнсүн, күз келгени той-тороподон кол бошой элек" дейт Съездбек. Күндүзү үйүн жасалгалап, кыштын камын көрө көмүр түшүрүп, отун-суу камдаса, кечке маал эле кафе-ресторандарга, ыр арнап коюну өтүнгөн той ээлеринин жакшылыктарына шашып жөнөмөй. Тойлордун аягы суюлган учурда Съездбектен капчыгы канчалык калыңдаганын сурайлы.

20 жыл сахнада!
КР эмгек сиңирген артисти Бек БОРБИЕВ ырга салгандай эле чындап 80-жылдарды сагынганындай бар экен. Атайын тарыхтын бир барагын, кылымдын бир жылдарын ырга кошконунда балким, элге тааныткан, үнүн шаңшыткан ошол жылдарга табынганы бардыр. Сахнага алгач кадам таштагандан бери жыйырма жыл өтүп, ырчы, обончу, ал эми учурдагы мамлекеттик кызматкер чыгармачылыгынын 20 жылдык мааракесин белгилөөнүн алдында.

Өчүп-жанган жылдыз
Кыргыз эстрадасындагы жаштар катарында дагы бир таланттуу жигит пайда болду. Пайда болду десек жаңылыштык, бир жылдыз кайра жанды дейли. Бир кезде жылдыз сааты чыкылдап турган Тилек КАНЫМЕТОВ кайрадан сахнага өзүн сүрөп турат. Чыгармачылык узак тыныгуудан соң Тилек адатына салып орус тилиндеги ырын алгач Бишкектеги популярдуу радиолордун биринде күйөрмандар элегине салып, ошол эле ырга учурдун талабына ылайык клип да тартуу аракетинде.

Изденүү артынан изденүү
Узактан бери элге чыкпай келаткан скрипач Аида БАЯКОВАны жакында "Кызбурак" тобунун концертинен көрө алдык. Буга балким Аиданын аталган топто бир кезде иштеп кеткени, жылдан жылга уланып келаткан салтынан жазгысы келбегени себепкер өңдөнөт. Өзүнө байланышсак, чыгармачылык эс алууда, изденүү артынан изденүүдө экенин билдирди.

Роза - өкүл апа!
Мукам үндүү Роза ШАКИРОВАнын эне болгонуна жыл айланып, уулу Руслан 12-ноябрда 1 жашка толот. Ал күнү ырчы чүрпөсүнүн тушоосун да кесип, тууган-дос, карым-катнаштан кичинекей баатырга бата алууну ниет кылат. Роза айымдын үйүндөгү бул жалгыз жакшылык эмес. Жакында эле жаш ата-эне дароо дагы уул-кыздуу болушту. Ырчы, теле алпаруучу Азиза Розаны жолдошу менен өз биртууган инисине өкүл ата-энеликке шайлаган. Жаңы үйлөнгөн жаштар ырчынын алгачкы өкүл уул-кызы.


Арсен Алматыга азгырылдыбы?
Жаңыдан өз алдынча иш баштап, жакшы нукта келаткан АРСЕНге жакында Алматыдагы жандуу ойноп, жандуу ырдаган команда курамына кошулууга сунуш түшкөн. Эки жылга, 60 миң долларга! Ырчы үчүн бул оңой эмес каражат, бирок, Арсен өз өлкөсүндө баштап келаткан ишин таштап, салып келаткан жолун бузгусу келбеди. Арсендин оюнда жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, эмгегин өз жерине сарптап, ырын өз элине арнаганы оң.


Кожобеков кызматынан кеттиби?
"Миң кыялчы" Тынчтыкбек КОЖОБЕКОВдун үнү акыркы күндөрү радиосунан да жаңырбай, өзүнүн кабары да билинбей барат. Балким КТР реформасы менен кызматынан кетирилгенби? Тактайлы деп өзү менен байланыша албадык. Телефону тейленбеген аймакта же өчүрүлгөн. Тынчтыктын "тымызындыгынын" сыры жакында ачылып калгысы бардыр…


Күндүз банкта да, түндө тойдо
Ырчылар арасында бир банкир - Самат ДӨӨЛӨТБАКОВ бар. Ырды да, банкирдик ишмердигин да кошо ала жүргөнү мактоого татырлык. Таңдан кечке эмгектенген банкта VIP кардарлар менен иш алпарат. Күндүзү Саматтын банкирдик иш-аракети күч болсо, кечкисин чыгармачыл тарабы ойгонуп, учурга мүнөздүү болгон жакшылык кечелерге күбө. Чыгармачылык демекчи, жакында Саматтын "Алыстык" аталышындагы лирикалык ыры ободо жаңырат.

Микаэлдин 28 (!) бийкечи барбы?
Келишимдүүлүгү менен шоу чөйрсүндөгү жигиттерден айырмаланган МИКАЭЛЬ 0867 кыска номери аркылуу өзүнүн 28 күйөрман кызына кезиккен. Алардын баары менен мамиле түзө албасы анык, бирок Микаэлге үч бийкеч өзгөчө таасир калтырган. Азырынча алардын арасынан кимисине токтолгонун, бул жигиттин жүрөгү кимди дегдеп согорун биле албадык. Ошондой эле Микаэль ырчылык менен катар жакындан бери алпаруучулукка, болгондо да кыргыз тилинде алпарууга көнүгүүдө. Буга жасаган аракети Б.Бадыеванын жеке концертинде байкалды.


Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА