Күч берен

Раатбек Санатбаевдин айкели тургузулду
17-18-октябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнөлүк биринчиликтин коло медалынын ээси, бир канчалаган эларалык турнирлердин жеңүүчүсү, таш билек балбан Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган 3-эларалык турнир өттү. Мелдеш башталаар алдында Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Раатбек Санатбаев атындагы адистештирилген балдар жана уландардын олимпиадалык резервдеринин спорттук мектебинин алдында балбандын айкели тургузулуп, анын ачылуу аземине шаардын мэри Нариман Түлеев, ЖК депутаттары, спортко тиешелүү адамдар жана биртуугандары келишти.
Агасы Нурлан, иниси Бакыттын ойлоруна ортоктош болуп, балбандын тегерегинде сөз курадык.

-Нурлан, ушу тапта эмнелер оюңа келип турат?
-Көз алдымда иним Раатбектин кичине кези, кантип спортко келгени... Мектепте окуп жүргөндө аябай эмгекчил болчу. Сабакты мыкты окуп, өзү теңдүү балдардан айырмаланып турчу. Пахта тергени барганда, керт башына чегерилген норманы эки эсе аткарып, мугалимдерден жылуу сөз угуп турар эле.
-Спортко кайдан келип жүрөт?
-Ибрагим Узаков агай, "Тапанча балбан" деп коебуз, 1980-жылдары Жалал-Абаддан келип, спортко шыктууларды тандай баштайт, "ким каратэ менен машыгат" деп. Анда бул спорт бизге жаңыдан келип, балдар аябай кызыкчу. Жоон топ өспүрүмдөр бир жарым айча күрөш менен машыгышат. "Агай, каратэден качан прием көрсөтөсүз?" дешсе, "күрөшүп атпайсыңарбы, силер ушуну өздөштүргүлө, мунун аркасынан мелдешке чыгып, башка эл-жерди көрөсүңөр" деп коюптур. Отузга чукул балдардын арасынан Раатбек менен төрт-бешөө калып, калгандары үйлөрүнө кетип калышкан. Натыйжада Раатбекти борборго алып келип, спорт интернатка тапшырып, эки жумадан кийин келем деп таштап кеткен (күлүп). Ошону менен он жылдан кийин келген. Агай Раатбектин балбан болооруна көзү жеткен. Кыраакылыгы ушунда болсо керек.
-Казак балбаны Даулет Турлыханов устаты болгон да?
-Эң негизги устаты ушу киши эле. Ал эми Даулетке чейин Баканач, Цапля, Боголеповдор болгон. Турлыханов менен 1989-жылы Украина өлкөсүндө өткөн мелдеште таанышып, достошот. 1991-жылы Казакстанга чакырып, Раатбекти жанына алып, экөө биртуугандай мамиледе болушкан. Албетте, Раатбек кыргыз жарандыгын алмаштырган эмес. Ар убак кыргыз желеги астында турнирлерге чыгып жүргөн.
-Бакыт, Даулет менен күрөш килеминде финалга чыккан жерин көпчүлүк эл биле бербейт эмеспи...
-Раатбек агам Даулетти биртууганынан кем көрбөгөн. Өз учурунда казак балбаны да Раатбекке болгон жардамын аяган эмес. Ар бир мелдешке 40-50 миң доллар акча коротуп даярданышкан. Мына бүгүнкү мелдешке да дубай салам иретинде 7 миң доллардан ашык акчасын берип жибериптир. Жеңүүчүгө - 500, экинчиге - 300, үчүнчү орун үчүн - 100 доллардан деп. Агамдын Даулетке кылган мамилесин айта турган болсом, Япония эске түшөт. 1994-жылы Хиросима шаарындагы XII Азия оюндарында жоон топ балбандардын арасынан экөө финалга чыгып калышат. Кыргыз сүрөөнчүлөрү "Раатбек, кандай болгон күндө да чемпион болушуң керек. Даулетти утуп, жең" дешкен. Бирок, агам "кантип бир тууганымдын, улуу устатымдын башынан өйдө боло алам" деп биринчи орунду өз ыкласы менен казак балбанына бошоткон. Бул жерде терең түшүнгөн адамга агам эки улуу элдин карым-катнашын, каада-салтынын тамырын тереңдеткен дейт элем. Кыргыз элинин жүзүн, айкөлдүгүн көрсөтө алган.
-Эскерүү тунир жөнүндө, анын статусун көтөрүү үчүн кандай иш-чаралар жолго коюлган?
-Быйыл үчүнчү жолу өтүп атат. Жылдагыга караганда мындагысы квалификациялык деп. Байгелүү орундары, анын ичинде турнирдин жеңүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамы ыйгарылмай болду. Байге куржуну да салмактуу экенин айта кетүү керек. Өлкөнүн жалпы күрөш федерациясынын жетекчиси Максим Бакиев бул турнирге 7 миң доллардан ашуун акчасын коюп отурат. Андан сырткары, алдыда боло турган эскерүү мелдешке катышуу географиясын кеңейтип, тиягы Америка, биягы Япония балбандарын тартуу жактарын тилек кылып, олимпиадага жолдомо берүүчү турнирге айлантуунун жолдорун издеп атат. Бул жакшы жышаан.
-Нурлан, иниңди жалган дүйнөдө эмне өксүгү калды деп ойлойсуң?
-Чоң спорт менен коштошуп, мелдештерге чыкпай калган күнүн айтам. Ал "кыргыз спортун дүйнө деңгээлине алып чыгып, келечек муунду өстүрөм" дээр эле. Анан Даулет Турлыханов экөөнүн бир мүдөөсү ишке ашпай калды. Бишкек шаарына Орто Азияда болуп көрбөгөндөй заманбап чоң спорт комплекс курабыз. Ал жерде балбандардын машыгып, тамактана турган, медициналык кароо, жатакана, эс алуу менен бирге дүйнөлүк жана чоң-чоң эл аралык мелдеш өтө турган жай болот деп самашкан. 2005-жылдын декабрь айларында "Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп калсам, эгер мага эли-журтум ошондой ишеним артса, жан-дилим менен элге кызмат кылмакмын" деген сөзүн устатын Боголеповго айткан экен. Буга кошумчалай "уулум Даулетти казак балбаны Даулет Турлыхановдон кем калбаган кыргыз балбаны кылып өстүрөм. Мен жетпеген бийик спорт сересине аны жеткирем" дээр эле.
-Быйыл Раатбек аман болсо, 40 жашка чыкмак. Мунун өзү эле кыргыз спорту үчүн өксүк. Арабыздан кеткенине төртүнчү жылдын жүзү болуптур. Бир нерсени сураганы батынып турам. Раатбектин өмүрүн кыйган кылмышкердин дайны табылдыбы?
-Бул суроого жоопту биз, бир туугандары да укук коргоочулардан күтүп атабыз. Алар "издеп атабыз, иштеп атабыз" дейт.
-Кайгылуу ишке кайсы жааттын тиешеси бар деп ойлойсуз?
-Жана үстүдө кичине сөз кылып кеттим. 2005-жылы устаты Боголеповго айткан сөзүн. Мүмкүн улуттук олимпиада комитетине башчы болсом деген сөзү кимдир- бирөөнүн уйкусун бузгандыр. Бул жеке божомолум.
-Раатбектин айкелин ким иштеп чыкты?
-Кыргыз элине белгилүү болгон бир нече эл аралык көргөзмөнүн жеңүүчүсү, Боом капчыгайда "Үркүн" архитектура комплексинин жана Ормон хан эстелигинин ээси, скульптор Садырбек Макеев агабыз болду. Абдан сонун иштеп чыкты. Эч кынтыксыз. Сөз жок.

Эми мелдештин жүрүшүнө кыскача токтололу. Турнир жогорку деңгээлде өттү. Конок балбандар жылдагыга караганда бир топ эле даярданышыптыр. Өзгөчө Казак менен Россиядан келгендер табында экен. Негизинен былтыркы Кытай жергесиндеги жайкы олимпиада, анын ичинде кыргыз баатырлары Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев өсүп келаткан жаш балдарга бир топ эле дем бергени көрүнүп турду. Эки күндүк турнир өз жеңүүчүлөрүн аныктады.
55 кг. - Арсен Эралиев, 60 кг. - Азиз Бейшалиев, 66 кг. - Данияр Ибраимов, 74 кг. - Айбек Енсеханов (казак балбаны), 84 кг. - Азат Бейшебеков, 96 кг. - Василий Теплоухов (Россия балбаны), 120 кг. - Нурмухан Тиналиев (Казак балбаны).