Таз парад

Лысый башкалардын сырлары неде?
Орто эсеп менен адамдын 100 000 тал чачы болсо, бир күндө 40-100 тал чачы түшөт. Дүйнө жүзүндөгү эркектердин 3%ынын чачы биротоло түшүп калган. Таз болуунун жаман жактарына караганда артыкчылыктары көбүрөөк.


Чач эмне себептен түшөт?
Ар бир чач талы үч этаптан өтөт: пайда болот, калыптанат, түшөт. Эгер ушул этаптардын бирөөсү эле бузулса, чач түшө баштайт.
Гормоналдык себеп. Баштын жогорку катмарында бөлүнүп чыкчу дигидротестостерон деген гормон бар. Ал гормон бөлүнүп чыкканда чач жыдый баштайт. Дигидротестостерон, айрыкча, эркектерде көбүрөөк бөлүнөт. Аталган гормондун атадан балага өтө турган касиети бар. Ошондуктан, таз болуу ата-бабаңыздан калган мурас болушу мүмкүн. Эгер сиздин чоң атаңыз таз болгон болсо, анда сизде дагы бул кайталанышы толук мүмкүн. Аялдарда болсо, жыныстык жашоо башталгандан кийин, төрөттөн кийин гормоналдык өзгөрүүгө дуушар болуп чач түшө башташы ыктымал. Айрымдардын чачы ар кандай оорулардан соң жыдый баштайт.
Химиялык себеп. Зыяндуу заттардын айлана-чөйрөнү, атмосфераны булгашы, радиациянын жогорулашы дагы адамды тазга айлантат. Чачтын түшүшүнө ар кандай дары-дармектерди, гормоналдык каражаттарды колдонуу дагы себеп болот. Ошондуктан, болбогон эле себептер менен дары ичүүдөн качуу керек.
Стресс. Жумушта, үйбүлөдө стресске чалдыгуу дагы чачтын ден-соолугуна таасирин тийгизбей койбойт. Катуу стресске кабылгандардын чачы түшүп, бара-бара тазга айланып калышы мүмкүн. Ошондуктан, адам өз эмоциясын ооздуктоону үйрөнүшү зарыл.
Суунун сапаты. Суу түтүктөрүнөн аккан сууга чачты түшүрүүгө себепчи болгон ар кандай зыяндуу заттар кошулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, үйүңүздөн агып аткан суунун химиялык курамын атайын лабораториялардан текшертип алсаңыз болот.

Эгер чачыңыз жыдып атса?
Эгер чачыңыз түшүп баштаган болсо, өз алдыңызча дарыланбай дароо врачка кайрылганыңыз өтө маанилүү. Анткени, чачыңыз сиз байкабай жүргөн олуттуу оорудан улам түшүшү мүмкүн. Врачка барсаңыз, алгач сиздин чачыңыздын түшүү себептерин аныктап берет. Себеби, аныкталгандан кийин аны дарылоо дагы алда канча жеңил болорун түшүнсөңүз керек.

Таздардын артыкчылыгы
"Таздардын артыкчылыгы эмнеде?" деген суроону берип, аялдар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишкен:
Башка аялдар азыраак көңүл бурушат - 45%
Шампунь үнөмдөлөт - 29%
Өпкөнгө кошумча аянт табылат - 7%
Билбейм - 19%
Ал эми таз эркектерден сурашканда төмөнкү жыйынтыкка келишкен:
Сексуалдуумун - 52%
Көп адам мага көңүл бурат - 25%
Убакыт үнөмдөйм - 13%
Акча үнөмдөйм - 10%
Таз эркектер сексуалдуу, акылдуу болушат
Статистика боюнча, аялдардын 40%ы таз эркектерди сексуалдуу деп санашат. Бул нерсе илимде дагы тастыкталган. Окумуштуулар изилдеп көрүшкөндө, таздарда жыныстык гормондор башкаларга караганда көбүрөөк бөлүнүп чыгарына күбө болушкан. Карап көрсөк, Голливуд актёрлорунун ичинен Брюс Уиллис, Вин Дизель, француз Луи де Фюнес, орусиялык актерлор Федор Бондарчук менен Гоша Куценкону бекеринен секс-символ аташпаса керек. Мындан сырткары, таздар боюнча изилдөө жүргүзүп келген адистердин айтымында, таздар сексуалдуу гана болбостон, интеллектуалдык жактан дагы бийик болушат. Чачтын түшкөнү акылдуу ой-жүгүртүүнүн активдүүлүгү менен байланыштуу экенин далилдешкен. Жетекчилик кызматта тургандардын көпчүлүгү, окуу жайлардагы профессорлордун дээрлик бардыгы таз болгону дагы бекеринен эмес. Ал тургай, таз эркектер мыкты ойнош болору илимде дагы тастыкталыптыр.

Таздардын кафеси
Американын Хьюстон шаарында чакан кафеде таздарга жеңилдиктер берилген. "Эгерде мендей таз болсоңор 65% арзандатуу менен тамактанасыңар, а эгер башыңар таптакыр эле жалтырак болсо бекер тамактана бергиле" дейт кафенин кожоюну. Кызыгы, СССР президенти Михаил Горбачев дагы бул жердин кардары болгон экен.




Таздардын хохма жоруктарынан

Досбол Нур уулу Кыргызстандын бардык таздарын чогултуп алып акыл үйрөтүп атат дейт.
- Таз болууга каршы каражат бар! Ким силерди "тазсың" десе, 1 кг мазутту ошонун башына сыйпап салгыла!
***
Ишенбай Кадырбеков бир сулуулук салонуна келип:
- Чоң кыз, мен жарыя боюнча келдим. Чач өстүрүп беребиз деген экенсиңер...
- Ооба, чач өстүрүп беребиз.
- Убада бере бересиңер да. Чынында, жакшы ишене албай турам. Анткени, азыр эле Аскар Акаевдин бул жактан чыгып баратканын көрдүм. Силерде дарыланып атканына бир ай болуптур, бирок дагы деле чач чыккан жок го...
- Аа, ал кызматка канча сом төлөрүн айтканыбызда, суммасына чыдабай чачын бирден жулуп салды.
***
Доктор Назаралиев мас болуп келип уктап атса, аялы улам эле башын жаап коет экен. Ачып салса, кайра эле жаап коет. Тажап кетип:
- Ай, катын, бул эмне кылганың?
- Ой, мен балдарды көчүгү ачылып калган экен депмин...
***
Жогорку Кеңеште Арапбай Төлөнов менен Алтынбек Сулайманов жолугуп калат.
Алтынбек Сулайманов:
- Арапбай ака, сиз мага караганда көбүрөөк таз экенсиз, - десе, Арапбай Төлөнов жакшы түшүнбөй:
- Эмнеге, экөөбүздүн тең бир дагы чачыбыз жок. Бирдей элебиз! - дейт.
- Жок, сиздин башыңыз меникине караганда чоң болуп атпайбы!
***
Турусбек Мамашевден Юруслан Тойчубеков сурап калат:
- Дос, а эмне себептен адамдар таз болуп калат?
- Себебин врачтар аныкташыптыр, - дейт Мамашев олуттуу сүйлөп. - Кээ бирлер чачтары түшүп, өспөй калгандыктан таз болуп калышат экен.
***
Врач Николай Байлого айтып атат:
- Мен чачыңызды түшүрбөөнүн жакшы жолун үйрөтөйүн.
- Ии, жакшы болот эле.
- Жасалма чачыңыздын ичине атыңызды жазып алыңыз. Ошондо жоголбойт.
Байло жасалма чачынын ичине атын жазып алган экен, ошондон бери жоготпой келет.