Мурда көп эле жигиттер менен сүйлөшүп көргөм. Балким, ошолордун бирине турмушка чыкканда, бүгүнкү күндөгүдөй көтөрүлө алмак эмесмин.


Кыял Шаршеева, алып баруучу:
"Жүдөгөн бирөө менен куураганча, экинчи аял болгон жакшы..."
- "КТР - интриганын очогу" деп коюшат эмеспи. Буга кантип чыдап жүрөсүз?
-Мурда өзүм жөнүндө ушак уксам теригип кетчүмүн. Азыр көңүл деле бурбайм. Кесиптешим Нуржамал Бурханова: "сен жөнүндө бирөө сүйлөп атса, анда сен белгилүүсүң, эгер сен жөнүндө ушак сүйлөп атса, анда сен жылдызсың" деп калат. Ошентип бири-бирибизди тынчтандырып коебуз. Мен да акыркы убакта бир жакшы ыкма таап алдым. Мени канчалык жаман көрүп атканын билсем да, билмексенге салып, жакшы мамиле кылып коем. Ажылдашып отурганга карганда ушул ыкма жакшы экен.
-Негизи ажаандык жагыңыз барбы?
-Албетте. Андай болбосоң бүгүнкү күндө болбойт да. Өзгөчө чыгармачыл чөйрөдө бут тосуулар, өйдө чыгып баратсаң ылдый тарткандар бар. Айланада пас адамдар көп. Койгон максатка жетиш үчүн өзүңдөн-өзүң ажаан боло баштайсың. Биринчи эч кимге тийишпейм, бирок жиниме тийгендер болсо аябай эле "жакшы" жооп берем. Менде чыдап жүрө бермей жок.
-Акыркы жобу жиниңизге ким кабылды?
-Сиңдим. Ал студент, менин үйүмдө жашайт. Кечинде конокко барам деп суранып калды. Мен айткан убактан кечикпей келишин бир эмес, беш жолу эскертсем да, убагында келбей койду. Ошондо жинимдин кайнаганын айтпагыла. Келгенде менден катуу тил укту.
-А жумуштачы?
-Андай учурлар "Ала-Тоодо" иштеп жүргөндө болчу. А "Заманада" андай боло элек. Ал жакта аура башкача.
-Эмнеге "Ала-Тоодон" "Заманага" кетип калдыңыз?
- "Замананы" мага жетекчилик сунуштады. Ар тараптуу, эркин алып баруучу болуш үчүн бардык багытта иштеп көрүш керек экен. Кайсы жерде иштесем деле баягы эле Кыялмын. Болгону мурда көп күлбөй, жаңылыктарды суфлер менен чектелип алып барчумун, азыр тескерисинче, эркин, шайыр кыз болуп калдым. Телеге келгенден баштап жаңылыктар бөлүмүндө иштеп атып, көңүл ачуучу программаларды алып баралбасам керек деп шектенчүмүн. Бирок, көнүп кеттим.
-Түз эфирде жаңылып калган учурларыңыз болду беле?
-"Ала-Тоодо" иштеп жүргөндө бир жолу эфирге 5 мүнөт калганда Акүйдөн президенттин салттык кеңешмеси жөнүндө маалымат алып келип калышты. Ал сөзсүз эфирге кетиш керек экен. Мен "жок дегенде негизги маалыматты жазып алайын, калганын өзүм айтып кетермин" деп суфлерго баштапкы 1-2 сүйлөмүн жазып койдум. Эфир башталып кеткенинен шашып келип эле окуюн десем, тиги жазганым суфлерго сакталбай калыптыр. Эмне кыларымды билбей, эсте калган жерлерин кураштырып айтып кеттим. Аягында бир аз убакыт калып эмне дээримди билбей, "бул туурасында кечки "Ала-Тоо" программасынан көрө аласыздар" деп койдум. Негизгиси эфирди бузган жокмун. Дагы бир жолкусунда эфирге бир баланы даярдап аткам. Аны күндүзгү жаңылыктарга "запись" менен чыгарайын десем, 10 мүнөттүк жаңылыктарды 1 саат жаңылып атып, жаздыра албай койду. Жиним келип, эми түз эфирге чыга бер деп атсам, режиссерлор ага ишенбей туруп алышты. Эфирге 5 мүнөт калганда гримеркага жөнөдүм. Чачымды жасатпай, боенбой эле эптеп костюмумду кийип алып, 3-этажга чуркап чыкканга күйүгүп калдым. Эфирга отурарым менен жаңылыктар башталды. Учурашайын десем эле үнүм чыкпай калса болобу. Ошентип чыйкылдаган үн менен эфирди өткөрдүм. Кычап ал чыкканымды тууган-достун баары көрүшүптүр. Эфир бүтөөрү менен телефон чалуулар башталды.
-Өзүңүзду сулуумун деп эсептейсизби?
-Ойлондурчу суроо экен (күлүп). Өзүмдү жан дүйнөсү сулуу адамдардын катарына кошом. Негизи кыргыздын кызы баардык жагынан төп келиши керек. А меники төп келеби, жокпу, аны эл айтсын. Бирок, ар бир аялзатында баалай турган нерсе болот, аны көрө билиш керек.
-"Катынпоз эркектер аял кишинин сулуулугун баалаган эркектер" деп айтышат экен. Сиз ошол ойго кошуласызбы?
- Катынпоз эркектерди аягы суюк, женил ойлуу аялдарга салыштырам. Алар көзүнө жакшы көрүнгөн аялзаттын баарынын даамын татып, баары меники болсо дешет. Андайлар максаттарына да эмнегедир оңой жетип алышат. Же ушундай сапаттагы мырзалар айымдарга көбүрөөк жагабы, айтор, бат эле катынпоз эркектердин жеми болуп, алардын көзүн карап калгандар да жок эмес.
-А катынпоз эркектин сизге сөз айтуусун кандай кабыл аласыз?
-Мен журналистика тармагында иштеп калгангабы, айтор, психологдук жагым пайда болгон. Эркектин мага карата айткан сөздөрүнөн эле кимиси жумуш боюнча кайрылып, кимиси тийишип атканын дароо билип коем. Ыплас ою барларга тийиштүү жообун берем.
-Аялзатын кайсы убакта бактылуу деп айтса болот?
-Мен өзүмдү азыр бактылуумун деп эсептейм. Үйбүлөм, туугандарым бар. Каалаган жумушумда иштеп жүрөм. Ошонун баары эле бакыт болсо керек. Ал эми бирөөнүн бактысына сук артып, күйөөсүнө чейин кеп кылып жүргөндөрдү бактысыз деп ойлойм.
-Романтиксизби?
-Толук кандуу романтик эмесмин. Мурда романтик болчумун. Азыр ал мезгил өтүп кетти окшойт.
-Жалгыз болгуңуз келген учурлар болобу?
-Көралбастыктар, бут тосуулар болгондо кадимкидей жалгыз отуруп ойлонуп, жан дүйнөм менен сырдашып, өзүмчө чечим кабыл алганды жакшы көрөм.
-Үй жумуштарынан кайсынысын жакшы көрөсүз?
-Конок тосконду жактырам. Өзгөчө конок келээрде түрлөнтүп салатты өзүм даярдайм.
-Теледе иштеген кыздарга көз арткан саясатчы, бизнесмендер көп болот эмеспи. "Мамилелеш" болууга, экинчи аял болууга сунуш кылышып. Сизге ушундай сунуштар болду беле?
-Болгон. Турмушка чыга элек учурда бирөө экинчи аял болууга сунуш кылган. Бирок мен макул болгон эмесмин. Ага апам да катуу каршы болчу. Азыр ойлоп көрсөм, шарият жагынан деле эки эмес, төрт аялдуу болуу туура экен. Бирок, ошол кезде мага экинчи аялдык деген өтө жат сезилчү. Апама "жүдөгөн бирөөгө тийип, куурап жүргүчө, тың жашаган бирөөгө экинчи аял болгон жакшы да. Баардыгы даяр" деп тамашалап калсам эле, "жеңил оокатка кызыкпа, ал кандай жеңил келсе, ошондой жеңил кетет" деп калчу. Анүстүнө менин жашоо принцибимде экинчи аял болуу деген нерсе жок болчу. Мен сүйүктүү жарымдын жалгызы, ак никеден төрөлгөн балдардын апасы болууну башынан эле тилек кылгам.
-Журналисттер үй "көрбөй" иштейт эмеспи. Буга жолдошуңуз каршы чыккан мезгилдер болгон жокпу?
-Кудай мени Кайраттай жолдошко жолуктуруп, тоодой бакыт тартуулаптыр. Анткени, мурда көп эле жигиттер менен сүйлөшүп көргөм. Балким, ошолордун бирине турмушка чыкканда, бүгүнкү күндөгүдөй көтөрүлө алмак эмесмин. Кайрат мага башында эле иштесең ишиңе да, үй жумуштарына да жетиш, биртуугандарымды сыйла, өзүңдү үлгүлүү алып жүр деген шарт койгон. Мен ал шартты так аткарып келатам.
-Конокторго жолдошуңуз менен дайыма чогуу барасыздарбы?
-Мен күйөөмдүн катыштарынын жамандык-жакшылыктарына сөзсүз барам. Ал эми Кайрат мен курбу кыздарым менен отурган жерлерге барбайт. Ага менин курбуларымдын арасында отуруш кызык эмес. Кыздар менен отурганда арасында жигиттери, күйөөлөрү бат-баттан телефон чала бергендери бар. А Кайрат бир айткан бойдон чалбайт. Кыздар "сенин күйөөң жакшы, ээ? Бир дагы жолу телефон чалбайт" дешкенде, "ишеничтен чыкпаш керек да" деп күлүп коем.

Бегимай БАКАШЕВА






Мени санаага салдыңыз, байкеси…
Эгерде сиз сыйлаган, баалаган, же жүрөгүңүздөн түнөк тапкан атактуу адамыңыз болсо, анда "Арзуу" рубрикасына жан сырыңызды жазып, бугуңузду чыгарып алсаңыз болот. Бул сиздин жандүйнө жолдошуңуз болуп берет.

(Шамшыбек Медетбековго!)
Саламатсызбы, Шамшыбек мырза?
Сизди кокусунан бир тойдон көрдүм. Көп кишинин арасынан айырмаланып турат экенсиз. Көзгө жакшы көрүнүп. Эмне магнитиңиз бар экенин биле албадым, мени арбап койдуңуз. Бир чети мага маани деле берген жоксуз. Өзүмчө эле берилип, тартылып баратканыма түшүнбөдүм. Ордуман туруп, кучагыңызга бой таштагым келди. Кичине вино да ичип алгам. Өзүмдү зорго кармадым, элден уялып. Сиз менен ушунча бийлегим келди, жандүйнөм күйүп-жанып…
Чынын айтсам, сиз жөнүндө такыр маалыматым жок экен. Ошол тойдо курбуман сурадым, "мага тетиги байке жагып атат, ал ким ?" деп. Анан ким экениңизди билдим. Ого бетер жактыңыз мага. "Сизге кантип жолуксам?" деп башым катууда. Санаага салдыңыз, байкеси! Менден жыйырма жаштай улуу көрүндүңүз, кеп жашта эмес да. Азыркы учурдагы көйгөйүм ушул болду. Сиз менен жолугуп, сүйлөшүүнү самап атам. Мени туура түшүнүңүз, кечириңиз…
Айдай, Бишкек