Үйлөнүү үлпөт

Оппозициянын тою
Өткөн жума күнү "Тартуга" ресторанында жаш оппозиционер Жоомарт Сапарбаевдин үйлөнүү тою болду. Ага эки жүз чамасында коноктор келип, алардын арасында "Ата Мекен" партиясынан Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов, Ташболот Балтабаев, Эркин Алымбеков, Дүйшөн Чотонов, Асия Сасыкбаева, Турат Мадылбеков, Алмамбет Шыкмаматов, о.э. БЭКтен Топчубек Тургуналиев, ал эми Соцдем партиясынан Роза Отунбаева, Мирбек Асанакунов, Асел Кодуранова, Айбек Азыранкулов сыяктуу ЖК депутаттары болушту. Ал эми журналисттерден Ырыскелди Момбеков, Жылдыз Мусабекова, Кубат Оторбаев, Асланбек Сартбаев баштаган калемгерлер той шаанисине күбө болушту.
Эң кызыгы, Топчуке өнөр салып, үйлөнүү үлпөттүн шаңын көтөрдү. Эки ирет ырдап, обон сала коноктордун жүрөгүн толкундатса, ал эми бий жагынан Асия Сасыбаева менен Алмамбет Шыкмаматов тытып, бирде жата калып, бирде тура калып бийлеп, көз кумарды кандырып атышты. Баарынан да оппозиция лидерлеринин айтылган тостторунун айрымдары саясатташып, болбой эле жалын бүркүлүп турду.
Ал эми эң башкысы, Жоомарт менен Нурзадага ак жол тиленип, жүрөктөн каалоолор айтылганы эсте калды.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ




  Күмүш сырга

Аялдар кыжырды кайнатат да, атаңгөрү!
Аялдардын кээ бир кылык-жоруктары, же сөздөрү эркектердин кыжырын кайнатып, кээде чектен чыгып, ачуусун башкара албай калганга түрткү берет. Психологдор жалпы жонунан эркектерди "аллергия" кылган аялзатынын кылыктарын, сөздөрүн издеп табышкан.


Кыжырды келтирген кылык-жоруктар
- Аша чаап кызгануу. Бул учурда эркек өзүн эркиндиги чектелгендей сезип, төңкөрүш жасоого камынышы мүмкүн. Кызганууга олуттуу себеп болмоюн бул кылыкты жыйнаштырып коюу зарыл.
- Көз жаш, болор-болбоско таарынуу. "Көз жаш - аялдын куралы" деп коюшат эркектер. Бул куралды колдонуп ыйлап, болор-болбоско таарынганды эркектер жек көрүшөт.
- Көп сүйлөгөндүк. Маанисиз эле сүйлөй бергенди мырзалар жактырбайт. Аялдын эки саат телефон аркылуу сүйлөшүп отурганы дагы эркектердин кыжырын кайнатат. Убакытты текке кетирип атат деп кейишет.
- Аялдардын базар аралаганы. Алса-албаса деле аялдардын дүкөн, базар кыдырганын эркектер жининен жаман көрөт. Сатып ала турган нерселерди бат-баттан тандаганды жактырышат.
- Койгон нерсе ордунда турбаса. Кайсы бир буюмду мырзаңыз койгон жеринен жылдыра көрбөңүз. Жылдыруу менен сиз анын нервине "чай кайнатып" алышыңыз мүмкүн. Анткени, алар издегенден дагы эринишет.





Кыжырды кайнаткан сөздөр
- "Билесиңби, менин мурдагы сүйгөнүм..." Бул сөздөр дээрлик бардык эркектердин кыжырын кайнатат. Андыктан мурдагы мамилелер тууралуу ооз ачуунун кереги жок.
- "Эркек болсоң..." Бул сөздөрдү колдонуу менен сиз анын эркектигине шек келтиргендей болосуз.
- "Не жөнүндө ойлоп атасың?" Бул суроону бергениңизде жини келет, башка бирөө тууралуу ойлоп аткан болсо дагы, баары бир сизге ачыгын айтпайт. Башка бир нерсени айтып алдап коюшу мүмкүн. Сизге ушундай жооп керекпи?
- "Ошол кыз сулуу бекен?" Бул суроону бергениңизде "Жок, жаным, мага сен эле сулуусуң" деген жоопту берип коюшу мүмкүн. Бул учурда дагы чыр чыгып кетпеш үчүн туура жооп айтпайт. Ошондуктан, бул суроону бербей эле койгон оң.
- "Менде өзгөрүү болгонун байкадыңбы?" Бул сөздөрдү айтуу менен мырзаңызды ойлондурууга түртөсүз. Алар ойлонууну сүйүшпөйт. Анын үстүнө сырткы келбеттин кайсы бир бөлүгүнүн өзгөрүшүн эркектер майда-барат деп эсептейт, аларга бүт бойдон өзгөргөнүңүз маанилүү.
- "Мен сага бир нерсе айтайын дедим эле". Бул сөздү аябай маанилүү нерсени айтканда гана колдонуңуз.
- "Башым ооруп атат" деген аялдын сөзүн эркектер жактырбайт. Телевизордон "Сыранын башы оорубайт" деген рекламаны көрсөңүз керек. Аялдын "башым ооруп атат" дей бергенинен тажаган эркек сизди башка менен алмаштыргысы келе баштайт. Жок эле дегенде сырага.




Аялдардын кайсы сөзү же кылык-жоругу кыжырыңызды кайнатат?
Жыргалбек Касаболотов, журналист:
"Аялдардын башкарганын жек көрөм"
- Аялдардын оройлугу жакпайт. Элдин көзүнчө үйбүлөсүн какса, башкарганын көрсөм, кыжырым келет. Аялдар ушул сапаттарын тыйса эле чоң эрдик жасашмак.

Борончу Кудайбергенов, куудул:
"Менин аялым түшүнүктүү жар"
- Аялдардын эркектен өзүн өйдө коюп алган текеберчилигине кыжырым келет. Анан дагы аялдын эркек үйгө кире албай атса, суроо жаадырып баштаганын жаман көрөм. Тамагын берип бүткөндөн кийин, жарым сааттан кийин деле суроосун берсе болот да. Күйөөсү душман эмес го. Балким ал чарчап келгендир, же маанайы жоктур. Бул нерселерди аялзаты эске алып койгону туура. "Каякта жүрөсүң?" деген суроону берген аялдар дагы жакпайт. Кудайга шүгүр, менин аялым антип сурабайт. Түшүнүктүү жар. Эки күндөн кийин эстесем, өзүм каякта жүргөнүмдү айтып коем.

Кабай Карабеков, ЖК депутаты:
"Айымдар ичтеги бугун чыгарсын да"
- Аялдардын бир сөздү баштап алса токтобой сүйлөгөнүнө кыжырым келет. Бир аз тайм-аут кылып, тыным алып алса деле болот да. Кээде монолог сыяктуу болуп кетет. Анткени, мындай сөздү эркектер уккусу келбейт. Кулагын жаап, тетири басып кеткиси келет. Буга бардык эле эркектердин кыжыры кайнайт болуш керек. Бирок, анткен менен биз деле аялдар койгон талаптарга толугу менен жооп бербейбиз да. Ошон үчүн аларга деле эркин трибуна берип коюу керек. Айымдар ичтеги бугун чыгарып алышсын.

Анаш СЕЙТКАЗИЕВ, ЖК депутаты:
"Акесин таанытыш керек"
- Аялдардын баш ийбегендигине кыжырым келет. Үйдө ар кандай жагдайлар боло берет. Өзүмдүн кожойкем кээде баш бербей калат. Эркектер оюбуздагыны аткартып, жаман үйрөнгөнбүз да, анан мындайды көтөрө албай кетебиз. Баш бербей атканда акесин таанытып коюш керек да.
- Кантип?
- Финансы жагынан эле кысып койсоң, жибектей созулуп, айтканыңды оозуңдан чыга электе аткарып калышат.

Жамбыл КАМЧИЕВ, куудул:
"Сериал көрүп отуруп алышканда..."
- Аялдардын "Каякта жүрөсүң?", "Неге акчаны көп таппайсың?" деген суроолору кыжырымды кайнатат. "Тиякта жүрөм, биякта жүрөм" деп шылтоо да табыла берет мындайга. Кээде айла кеткенде чынын айтканга туура келип калат. "Жолдон кыздар чыгып калды, ошолор менен жүрдүм" деп коем. Анан дагы көп сериялуу маанисиз кинолорду көрүп отуруп алганын жинимден жаман көрөм. Же алардын бир тарбиялык мааниси болсочу. Убакытты алгандан башка пайдасы жок.

Асан Байтиков, ЖК депутаты:
"Бейчеки даарып баспайм"
- Аялдын калп айтып атканын көрсөм кыжырым кайнайт. Аялзатына бул сапат таптакыр жарашпайт да. Кээ бир аялдар ашыкча суроолорду бере беришет экен. Менин аялым эч качан "неге кеч келдиң?" деген суроону бербейт. Мага ушунусу жагат. Мен өзүм дагы бейчеки даарып баспайм да. Тескерисинче, бош болуп калсам эле үйгө, балдарыма шашам.