Залкарлар чыйыры

Дөөлөтбек Шадыбеков, коомдук ишмер, академик:
"Бийлик Айтматовдун кадырына жеткен жок"
-Дөөлөтбек ага, 28-сентябрь күнү аалам адабиятына, маданиятына, кино өнөрүнө даң салган залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ашы өтпөдүбү. Деги аш улуу аксакалыбыздын даражасына жараша өттүбү?
-Эгерде Чыңгыз агабыздын ашы мамлекеттик деңгээлде көтөрүлүп, ага алыс-жакынкы өлкөлөрдөн Чыкебиз менен туугандык, чыгармачылык мамиледе болуп жүргөн дүйнөлүк адабият, искусствонун каймактары чакырылып өткөрүлсө, аш улуу аксакалыбыздын зоболосуна жараша өтмөк. Бирок, Чыңгыз агабыздын үйбүлөсү, биртуугандары, жакын инилери "Дасмия" ресторанына миңден ашуун кино, адабият, сүрөт, театр өнөрлөрүндө төбөсү көрүнгөн инсандарыбызды чакырып, жакшы уюштурулган аш беришти. Алардан башка Россия, Түркия, Казакстандан Айматовду сыйлаган күйөрмандары жана Кыргызстандагы элчилер келишти.
-Бийлик тараптан эч ким катышкан жокпу?
-Мамлеттик катчы Нур уулу Досбол, 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган кыркка чукул чиновниктер келишиптир. Бирок, алардын келген-келбегени билинген жок. Айтматовду, Кыргызстанды уятка калтырышып катышпай деле коюшса болмок экен.
-Эмнеге?
-Себеп дегенде, жалпы өтө жүргөн аштардан айырмаланып, ЮНЕСКОнун экс-башкы катчысы (Айтматов менен бирге Ысык-Көл форумунун уюштуруучуларынын бири) Федерико Майордун, атактуу япон жазуучусу Дайсаку Икеда, СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев, америкалык белгилүү футуролог жубайлар Алвин жана Хайди Тоффлерлердин Чыкебизди эскерген, анын адамзатынын келечегине болгон салымын, чыгармаларында астыны көрө билген кеменгерлигин, окурмандардын дилин тарбиялаган залкар устаттыгын баалаган эскерүү докладдары менен аш ачылды. Бир өкүнткөн нерсе - ошол кыркка чукул чиновниктен бирөө дагы Чыңгыз Төрөкуловичтен эки ооз жылуу сөзүн аяп айтып койгонго жарашкан жок. Аларга караганда финкөзөмөл мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Юруслан Тойчубековдун Чыңгыз агабыздын дүйнөлүк, советтик жана кыргыз адабиятына, ааламдашуу процессине кошкон зор салымын баса көрсөтүп сүйлөгөн кыска, бирок мазмундуу сөзү келгендердин эсинде калды деп ойлойм.
-Негизи кайсы бийликтин тушунда аксакалыбызга татыктуу деңгээлге сый-урмат көрсөтүлдү?
-Чыңгыз агабыз Социалисттик эмгектин жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, Лениндик сыйлыктын лауреаты, СССР мамлекеттик сыйлыгынын 3 жолку ээси болгон. Чыңгыз Төрөкуловичтин шедеврлерин аалам баалап, чыгармалары дүйнөнүн 127 өлкөсүндө, 176 тилде жана 80 миллиондон ашуун нускада басылып чыккан. Бул көрсөткүч XX кылымдын улуу жазуучуларынын чыгармаларын 1901-жылдан 2004-жыл аралыгында кайсы өлкөдө жана канча нускада чыкканын изилдеген дүйнөлүк расмий статистикадан алынып отурат. Эми Чыкемдин чыгармалары, өзгөчө акыркылары дагы басылып чыгып, орустун дөө классиктери Лев Толстой, Антон Чеховдун шедеврлерин тираж жагынан басып коюушу мүмкүн. Аксакалыбызды дүйнө кастарлап, ага 63 мамлекеттен 102ден ашуун сыйлуу алтын медалдар, ордендер берилсе да баягы кыргыз бийлиги кадырына жетпеди.
- Айрым сынчылар "Айтматов чыгарма жазгандан башка кыргызга эч нерсе кылган эмес" деп жүрүштү. Алардын айтканына кошуласызбы?
- Жок, эч кошула албайм. Кыргыз колунан келбесе деле колунан келгенди сындаганга маш экенбиз. Ал ичкүйдү сынчылардын кимиси, дүйнөлүк деңгээлди койдук, советтик масштабдагы чыгарма же кино жаратып коюптур. Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев өңдүү корифейлердин кыргыз киносун дүйнөлүк алкакка алып чыгып "кыргыз керемети" деген дүйнөлүк наам Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кино тартуудан улам келбеди беле. Бул биринчиси. Экинчиси, Чыңгыз Төрөкулович КПССтин бир съездинде Токтогул ГЭСи жөнүндө маселе козгоп, ГЭС элдик акчага жана миңдеген гектар жерди суу астына калтырып курулганы менен Өзбекстандын кызыкчылыгындагы суу сактагыч катары гана колдонулуп жатканын айтып, толук кубаттуулукта иштеп, электр энергиясын берсин деп чыккан. Ошол мезгилдерде Орто Азияда бирдиктүү энергетикалык система болуп, эч бир өлкөнүн энергетикалык муктаждыгы жок болчу. Өзбектердин 1-секретары Рашидов Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп турган. Ошого карабай, Чыкемдин демилгеси менен колдоого алынып, Токтогул ГЭСи толук кубаттуулукта иштеп баштаган. Үчүнчүсү, кыргыз тили боюнча. 1983-жылы Фрунзеде тил боюнча чоң пленум өтүп, ошондо Чыңгыз агабыз "Азербайжанда 63 улуттук мектеп бар экен. Бирок, азербайжандар ошону аз деп жатышат. Бизде болсо жалгыз №5 улуттук мектептен башка мектеп жок" деп маселе көтөргөндөн кийин №67, 68, 69 мектептер курулган. Ал эми жазуучу, акындардын ар түрдүү көйгөйүн чечип берип, депутат кездеринде карапайым адамдарга кылган жардамдарын эсептеп бүтө албайсың.
-Негизи Чыңгыз Айтматовду Назарбаев, Горбачев, Каримовдор катуу сыйлап, кадырлаганын билебиз. Сыры эмнеде болду экен?
-1992-жылы Казакстанда кыргыз элчилиги ачылып, Аскар Акаев башындагы кыргыз делегациясы ачылыш аземге барып калдык. Биз менен бир сыйра учурашкан Назарбаев Чыкеңди колтуктан сүйөп, экөө нары өздөрүнчө сүйлөшкөнгө кетип калышты. Акаев бозоруп, кызарып, бирок анысын байкатпай кара күчкө кол чаап кала берген. Назарбаевдин Чыкебизди катуу сыйлаганынын башкы себеби, 1986-жылдагы "Желтоксан" окуясында Чыңгыз Төрөкулович Кремлдин казактарга жүргүзгөн саясатын ачык сындап, кандуу окуяны бир беткей чагылдырган. "Правда","Комсомольская правда" өңдүү борбордук гезиттерге каршы сын макалаларды жазган. Горбачевго жолугуп, "Казакстанга казак улутунан гана лидер болушу керек. Калктын пайыздык катнашына карап, Геннадий Колбинди биринчи секретарь койгонуңар жарабайт" деп айтып жатып, Кунаевден кийин Назарбаевдин бийликке келишине зор салым кошкон. "Манас-1000де" казактын белгилүү акын-жазуучулары Шаханов, Байгелдиновдор "Желтоксан" окуясын эстешип, "ошондо Нуракени бийликке Чыңгыз агабыз алып келген" дешсе, Чыкем "ой качан?" деп ал окуяны унутуп деле калыптыр, жарыктык киши. Айтмакчы, "Манас-1000" мааракеси да Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен БУУ, ЮНЕСКОдо чечилип, 1995-жылы эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн.
Афган согушу боюнча да Чыкем Горбачевге жолугуп, СССР менен АКШнын ортосунда жүргөн "куралдык гонка" үчүн ортодо бейкүнөө афган эли жана советтик жоокерлер кырылып атканы тууралуу бир саат бою Михаил Сергеевич менен талашып-тартышып, акыры согушту токтотууга көндүргөн. Чыңгыз Төрөкуловичтин берген кеңештери дайыма туура натыйжа берип келгени үчүн жана анын дүйнө коомчулугун алдындагы абройун эске алып, Горбачев Чыкени президенттик кеңештин мүчөсү кылып, персоналдык учак, машина берип, 9 жансакчы бекитип берген. 1990-жылдардын башында Горбачев Айтматовду Кыргызстанга жетекчилик кызматка жиберерде Чыңгыз агабыз баш тартып, Люксембургга элчилик кызматка кетип калган. Чыгармаларын улантып жазайын деген ниетте. Акаев деле пенде да. Себеби, ал Айтматов менен чогуу башка мамлекеттин башчылары менен жолукканда экинчи планда калып калчу.
Эл көзүнө "Чыңгыз Төрөкулович" деп ийилген илбериңки түр көрсөткөнү менен реалдуу турмушта ичкүйдүлүктөн улам тиешелүү даражада көңүл бөлбөдү.
Биздин жетекчилерге караганда Каримов, Назарбаев, Горбачевдор Айтматовдун даанышмандыгына, калыстыгына мамлекеттик оош-кыйыштарда күбө болушуп, чын ниеттен урматтап турушчу.
- Менимче, залкар агабызды такыр көңүл сыртында калтырган Бакиев бийлиги болду окшойт. Мисалы, 2008-жылы аксакалыбыздын 80 жашка чыкканын белгилемиш этишип, "Чыңгыз Айтматовдун жылы" аттуу аягына чыкпаган иш-чара уюштурушуп, бирок элчиликтен алып салышпадыбы?
- Туура айтылды. Эгер бүгүнкү бийлик Айтматовду сыйласа "80 жылдык" деп туруп, кызматтан албайт эле го. Бийликтин ал жоругу "эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тарткандай" эле болду. Андан мурдараак 2007-жылы жанагы Азылов дегенди Бельгияга элчи кылып дайындаган указ чыгып кетип, кайра чакырып алынды. Ошондо Чыкебиз Бакиевге кирип "эмне шашасыңар, мен ансыз деле быйыл элге кетейин деп жаткам. Чыгармаларымды жыйнаштырып алайын, кичине мүмкүнчүлүк бергиле" деп суранса болбой кызматтан алып салды. Кайран залкарды жооткотумуш иретинде уюштурулган 80 жылдык да аягына чыкпады. А чындыгында Айтматовдун 80 жылдыгы эл аралык алкакта, дүйнөлүк интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрүн мейманга чакыруу менен жогорку деңгээлде өтүшү керек эле. Тилекке каршы, андай болбоду.
- Ооба, ага жумурай журт жалпы күбө болбодубу. Ал эми 80 жылдыктын жыйынтыгын филармонияда эптеп өттү амалы кылып коюшту. Ошол келген элдер "ушундай кантип уюштурушсун" деп ачык эле нараазы болушкан. Андан башка кандай иш-чара жасалды?
- Практикалык түрдө эч нерсе. Былтыр Айтматовдун юбилейине карата түрк эли агабызды "Нобель"сыйлыгына көргөзүү демилгесин (буга чейин бир да кыргыз бийлиги Айтматовдун чыгармаларын "Нобель" сыйлыгына көрсөткөн эмес) көтөрүп чыгышты. Ал эми, орустар Айтматов жөнүндө документалдуу фильм тартууну башташкан. Фильм учурунда Чыңгыз Төрөкулович Татарстандын президенти Шаймиевдин чакыруусу менен таякелеринин жерине барган. Ошол жерден кайран кишиге дарт жабышып, 24 күн комада жатты. Горбачев, Медведевдер экс-канцлер Шредер менен сүйлөшүп, Чыкени Германиянын ооруканасына атайын учакта алып барышты.
Тигил жакта Шаймиев, Медведев, Путин, Шредер, Горбачевдор Чыңгыз Төрөкуловичтин ден-соолугу үчүн кам көрүп жүрүшсө, кыргыз бийлигинен бирөө да агабыздын ал-ахвалын сурап барып койгонго жараган жок. Кийин Айтматов жерге коюлар күнү "Ата-Бейитке" топурак салганы барган Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү көргө 5 метрге жетпеген аралыкта туруп алышып, чакадан чакага топурак салышып,кыргыздын салтында жок жосунду жасашканы ошол жерде тургандардын көңүлүн абдан иренжитти.
Маектешкен Семетей ТАЛАС уулу