Оппозициядан үн кошуу

Бизге кандай реформа керек?

(Уландысы. Башы 4-бетте)
Ушундай учурда президент Бакиев "конституциялык реформа жүргүзсөм, башкарууну түп-тамырынан өзгөртөм" деп чыкканы жакшылыктан үмүтү үзүлбөгөн кыргыз эли үчүн жакшылык жышаанындай көрүндү. Бирок, ишенич жок. Анткени, Бакиев бийликке өлкөнү эскиче башкара албай калган Акаевдин ордуна, мурдагыдай жашагысы келбеген эл тарабынан келип, бирок бат эле эл ишенимин сатып, 4 жылдан бери өз жакындары үчүн гана кызмат кылбадыбы? А мүмкүн кезектеги президенттик мөөнөтүн эл, мамлекет үчүн иштейин дегендир. Эмне болсо да, реформа жасайм дегени жакшы жышаан. Бүгүн талаш жок, кыргыз бийлиги башкаруунун жаңы ыкмасына, кадрлардын жаңыланышына, айрыкча бийликтин эл алдындагы аброюн, жоопкерчилигин калыптандырууга (президенттин алдында эмес) өтүп, карапайым элге аз-аздан болсо да бийликке ишеним артып, мамлекеттик бийликтин, жер-суунун, байлыктын ээси өздөрү экенин сезе биле турган аң-сезим, намыс керек. Конституциялык реформаларды, алар уурдап алган элдин бийлигин, байлыгын элге кайтарып берүүнү талап кылып жүргөн саясатчы катары эгер Бакиев чындап, башкаруу чөйрөсүндө реформа жасайм десе төмөндөгүдөй кеңеш, сунуштарды берет элем.
1. Президенттин айткан реформасы жөнүндө:
Президент өзүнүн администрациясын реформалап, мамлекеттик катчыны жоюп, ордуна "Жогорку Курултай", "Кеңешме" түзөмүн дегени Конституциялык реформа эмес. Элдин Курултай институту азыркы Конституциянын 23-ст. 2-п. "КР жарандары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагы башка маанилүү маселелер боюнча Кыргызстандын тарыхый ыйык салты болуп саналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет" деп жазылган. 2002-2005-жылдары "Акаевге отставка - эл үчүн реформа" кыймылы жана Бакиев өзү төрага болгон Кыргызстан элдик кыймылы (КЭК) мамлекеттик башкарууну түп-тамырынан өзгөртүү керек деп 8-жолу Элдик Курултай өткөргөн (7-8-курултайлар март революциясынан кийин). О.Ибраимов мамлекеттик катчы кезде бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын эки жолку Курултайын өткөргөн. Азыркы оппозиция да 3 жолу Курултай өткөрдү. Айыл өкмөттөр деңгээлинде Курултайлар жылына өткөрүлөт. Сунуштары бийликке берилет. Маселе Курултайда эмес, мамлекеттик бийлик, президент баш болуп элдин сунуштарына "түкүрүп" койбогонунда. Бийлик тарабынан Курултайдын чечими эмес, Конституциянын мыйзамдары бузулуп, элдин өзү унутулуп жатса, кайдагы Курултай, ал "жогорку" эмес, Кудайдын курултайы болсун, эч майнап чыкпайт. Бакиев түзөт деген Жогорку Курултай дүжүр чалдар, балдардын Курултайы болот.

Кеңешме тууралуу:
Бул орган деле президент тарабынан түзүлгөндөн кийин кандай айырмасы бар? Азыр деле президенттин "мамлекеттик" жана "коомдук" кеңешчилеринен баш адашат. Дагы деле ошол кеңешчилердин кеңешме органы түзүлөт. Кайсы президент болбосун, бул анын өзүнүн иши.

Мамлекеттик катчы тууралуу:
Эгерде мамлекеттик катчылар иштебесе же компетентсиз болсо эле бул институтту жоюуга болбойт. Менин жеке пикиримде, бул институтту улуттук идеологияны жүргүзүү жана ишке ашыруу органына айландыруу керек. 1996-жылкы референдумдан кийин, бул институт Конституцияга киргенден бери Кыргызстан чыныгы мамлекеттик катчыга жарый элек. Эң белгилүү мамкатчы бул Осмонакун Ибраимов болчу. Ал жок дегенде "Манастын жети осуяты", ар бир жылды "Аялдардын жылы", "Тоо жылы", "Карыялар жылы" сыяктуу идеяларга байлоо менен эсте калды. А чынында мамлекеттик катчылар, айрыкча, ошол эле Осмонакун баш болуп аш-тойдо, юбилейде, өзгөчө президент катышкан жерде тамадалык кылышып, президентти "ажо", "улуу урматтуу", аялын "канайым", уулун "ханзаадам" дегенден башкага жарабаган үйбүлөнүн гана №1 дүжүрлөрү болушту.
Реформа эмнеден башталууга тийиш?
1. Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин биринчи, экинчи президенттеринин тагдыры эки тарыхый окуяга байланган. Алар Аксы окуясы (2002-ж.) жана Март окуясы (2005-ж.). Анткени, бул эки окуя тең юридикалык жана саясый баасын жалпы мамлекеттик коомчулуктун деңгээлинде ала элек. 2002-жылы 17-18-мартында эмне себептен куралсыз, тынч келе жаткан элди элсиз ээн жерден бийлик куралдуу тосуп алып, кууп жүрүп аткан, ага ким буйрук берген, эмне үчүн атышкан, мунун кимге кереги бар эле?
Ушул күнгө чейин үч комиссиянын, бир нече тергөөнүн жыйынтыгы болгону менен алар бириктирилип, анализдеп, окуяга баа берилбеди.
Март революциясынан кийин жүргүзүлгөн аракеттер көпкө узабады, баары жабылды. Аксы окуясы менен тыгыз байланышы бар март окуясында революция болдубу же басып алуучулук болдубу? Эгер революция болсо, коомдук түзүлүштүн, саясый системанын түп-тамырынан бери чукуп өзгөргөнүн бүгүн эч ким айталбайт жана аны көргөн жок. Акаевдин үйбүлөлүк башкаруусун ошол эле анын кадрлары менен Бакиевдин үйбүлөсү улантууда. Менин жеке пикиримде, президент Бакиев улуу саясый эрктүүлүктү көрсөтүп, өзү үчүн канчалык оор болбосун чыдап, ушул эки окуяга биротоло саясый баа бердирип, түбөлүк чекит коюуга тийиш. Кыргыз элинде айтылат "кыргыздын кеги кырк жылда" деп. Бул эки окуянын тең баш каармандары - Акаев менен Бакиев. Эгерде тарыхта биротоло кара тамга менен калбайлы десе, көздөрү тирүү, бийликте турган кездеринде муну ойлонушу керек. Бул эки окуяга тыянак чыгарылбаса, алар келечекте Кыргызстандын саясый стабилдүүлүгүнө ар дайым терс таасирин тийгизе бериши мүмкүн.
Президент Бакиев эгер чындап эле Кыргызстанды кийинки президентке саясый стабилдүүлүгү турукташтырылган өлкө катары өткөрүп берем десе, өз реформасын ушул эки окуядан баштоо керек. Болбосо, Бакиевди деле Акаевдин тагдыры күтөт.
2. Кыргызстанда эмне көп? Мыйзам көп. Канчалаган мыйзам бүгүн күчүндө, канчасы күчүн жоготту - анализдеген орган, адам жок. Көпчүлүк мыйзамдар, атүгүл мамлекеттик органдар чет элден грант, акча алуу үчүн гана жазылган, түзүлгөн. Эгерде адилет министрлиги инвентаризация кыла турган болсо, бири-бирине карама-каршы боло турган мыйзамдар, жөн эле чаң басып иштебей жаткандары жүздөп чыкпаса, мага келгиле. Конституциянын эле ичинде бири-бирине карама-каршы келчү беренелери канча, мыйзамдардын беренелерин, өкмөттүн, министрликтердин ченемдик-укуктук актыларында (губернатор, акимдердикин айтпай эле коеюн) эсеп жок. Эң аянычтуусу - аткаруу бийлигинде мыйзам менен эмес, ошол актылар менен иш жүргүзгөнүнүн жыйынтыгына Кыргызстан "укуктук эмес, тааныштыктын күчү орногон өлкөгө айланды. Таанышың болсо, акчаң болсо, сенин ишиң боюнча сөзсүз мыйзамдар табылат. Болбосо жок.
Менин оюмча, президент реформа жасаардан мурда муну да ойлонушу керек.
3. Эгерде президент чындап эле Кыргызстанды жаңылайм десе, бүгүнкү Кыргызстандагы баардык саясый күчтөр, биринчи кезекте оппозиция менен маңдай-тескей отуруп, өз оюн айтып, алардын пикир-сунушун угуп, улуу реформага даярдыкты башташы керек. Өзүнүн үйбүлөсү, секретариаты менен кеңешип жүргүзгөн реформалардын тагдыры эмне менен бүтөөрү жөнүндө жетишерлик сабак алдык. Менин жеке пикиримде, бүгүн президенттин айланасында ага бир жаңы ой, пикир айтайын деген адам жок (балдары, инилеринен башка). Учурда президентти курчап жүргөндөрдүн баары пикир, сунуш айтып жаман көрүнбөй эле, эмне десе деле "сиздики туура" дегенден башка сөз айтпай турган адамдар. Себеби, алар бул позицияны Акаевдин заманынан бери колдонуп, жашоо үчүн абдан мыкты өздөртүрүшкөн. Бул биздин коомдун "рак оорусу". Бакиев мындай ооруга чалдыккан оору чиновниктери менен төрт жылдан бери өзү да "ооруп" келе жатат. Бул ооруларды кесип салгандын ордуна, төрт жылдан бери "жаңы заман, жаңы тартип" куралы дегендерди кесип келүүдө. Бүгүн Бакиев үйбүлөлүк башкаруудан баш тарта алабы?
Коомдогу баардык саясый күчтөр (биринчи кезекте оппозиция) менен өзү демилге көтөрүп, мамиле түзө алабы, ошого эрки жетеби же күчтүү саясатчылар келсе өздөрү көчөдө каларын билген, үйбүлөгө акча ташыгандан башканы билбегендер менен эле калабы? Бул проблема да реформаны баштагыча чечиле турган маселе. Себеби, бүгүн Кыргызстандын саясый коомчулугу "биздики", "биздин душмандар" сыягында келишпес эки лагерде тургандыгы ачуу чындык. Эгерде президент жалпы элдин, өлкөнүн башчысы болсо "биздин душмандар" деген лагердин да президенти болууга аракет жасап, баардык социалдык катмарлардын президенти болушу керек эле. Тилекке каршы, анда андай ой жок. Мамлекеттик чиновниктер, "акжолчулар" болсо болду, калганын эл деп эсептебейт, өзү бириктирүүчү эмес, ажыратуучу саясатты колдоп келүүдө. Бул да кандай гана реформа болбосун, ага кедергисин тийгизчү маселе.

Өлкөдө кандай реформа жүргүзүлүшү керек?
Жогоруда айтылган жана ушуга окшогон көптөгөн маселелерди чечкенден кийин гана реформа, болгондо да Кыргызстандын саясый системасын, шайлоо системасын, адамдардын турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизе турган, элге адилеттүүлүккө жок эле дегенде ишеним бере ала турган реформа керек. Ал узак мөөнөттүү, максаттуу, ырааттуу, ачык-айкын, баардык саясый күчтөрдүн, социалдык катмарлардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлүшү керек. Компромисттик жыйынтык чыкканга чейин, бүтүм чыгарууга болбой турган шарт коюлуусу зарыл. Ошондо гана биз ар бирибизге ыйык, түбөлүктүү Кыргызстан деген үйдү курушубуз мүмкүн жана кийинки муунга ал үйдү ыйык күтүп, сактап калуу үчүн өткөрүп бере алабыз. Кыргызстанда бул маселе тууралуу алда качан ачык, так айтылган "бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат" деп.
Конституциялык кеңешме дейбизби, кеңеш дейбизби, айтор, анын мүчөлөрү бийликтен көз карандысыз адамдар болуш керек. Ошол орган 18 жылдан бери иштеген Конституциялык кеңешмелердин, саясый партиялардын, күчтөрдүн, кыймылдардын, жеке адамдардын сунуш-пикирлерин кайра топтоп, эске алып, анализдеп, керектүүлөрүн алып иштөөсү абзел.
Негиз катары 1993-жылдын 5-майындагы Конституциянын түп-нускасын алып, андан кийин өзгөртүү, толуктоолор керекпи же жокпу деп ишти баштоо керек. Бул маселени мамлекеттик башкаруунун кайсы түрү ылайык: президенттикпи, парламенттикпи, же аралашпы (президенттик-парламенттик, парламенттик-президенттик) же таптакыр жаңы формасыбы - ушуну биринчи кезекте аныктоо керек. Эгер ушул маселе аныкталса, калганы юристтердин техникалык иши болуп калат. Мамлекеттик башкаруунун формасынан сырткары, сөзсүз чечилчү нерсе - бул мамлекеттик органдардын, анын чиновниктеринин эл алдындагы, мыйзам алдындагы жоопкерчилигин так, ачык жазуу керек. Кол тийбестиктин ордуна жоопкерчиликтин конституциялык деңгээлде аныкталышы бийлик бутактарындагы коррупцияны ооздуктоого өбөлгө берет: жер, суу, токой, кен байлыктар, энергетика сектору талашсыз экономикабыздын пайдубалы катары мамлекеттин (элдин) менчиги болуп биротоло бекитилиши керек.
Кыргызстанда эл эсебинен жашаган чиновниктер көп, аларды азайтуунун бир жолу административдик-аймактык реформа керек. Облусттар таптакыр жоюлуп, райондор бириктирилип, анын башчылары эл тарабынан шайланышы керек. Бул мамлекеттик бийликтин бирден-бир ээси эл экендигине шарт түзөт.

Мыйзам чыгаруу бийлиги
Жогорку Кеңеш бир палаталуу болуп, депутаттардын жалпы санынын 70%ы партиялык тизме менен бирдиктүү аймактан, ал эми 30%ы бир же көп мандаттуу аймактын шайлоо округдарынан шайланууга тийиш. Депутаттарды 100% партиялык тизме менен шайлоо депутаттардын эл алдындагы жоопкерчилигин кетирип, партия лидерине көбүрөөк жооптуу болорун, парламент "элдин бийлиги" табиятынан ажырап каларын азыркы парламент көрсөттү: региондордун проблемалары унутулду. Тоолуу Кыргызстандын шартында регион маселеси курч бойдон калууда.

Сот бийлиги
Азыркы Конституциянын 15-беренесинин 6-п. "мыйзамда каралган учурларда ар бир адам сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу" деген норма бар, ал эми КР Жазык-процесстик кодексинде бул учурлар белгиленсе да ишке ашпай келүүдө.
Эгерде сот арачылар, сот адилеттигин жүргүзүүгө катыша баштаса соттордогу коррупцияга катуу сокку болот эле. Сот дегенде "мыйзамдын бийлиги" экенин ар бир атуул сезгендей болуп, соттордун жоопкерчилигин күчөтүү жобосун Конституциялык деңгээлде белгилөө керек.

Өз алдынча башкаруу органдары
Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз алдынчалыгы жокко эсе десек болот. Шаарлардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары кайрадан сөзсүз түрдө ошол шаардык же айылдык округдун эли тарабынан түз же кыйыр шайланышы керек.
Конституциялык реформа - бул мамлекеттин, улуттун келечектеги тагдырына, анын туруктуу өнүгүшүнө байланыштуу нерсе болбогондуктан, президенттердин жеке бийлигине байланыштыруу же жеке саясаты деп эсептөө туура болбойт. Бул жалпы элдик иш-чара катары бааланууга жатат.
Президент Бакиев жана анын үйбүлөсү үчүн кантип бийлигин сактап калуу, бекемдөө, узартуу проблема деле болбой калды. Механизмдер иштелип чыгып, ишке ашырылууда. Проблема - бийликтен кантип кетүүдө турат. Эртеби-кечпи бул боло турган процесс. Бүгүн коңшу өлкөлөр Казакстан менен Өзбекстан президенттериндеги биринчи проблема качан, кандайча, кимге бийликти өткөрүүдө турат. Адамзатынын тарыхында мунун өтө көп жооптору бар. Мисалы, Россиянын 1-президенти Б.Ельциндин, Кыргызстандын 1-президенти А.Акаевдин, же Азербайжандын президенти Г.Алиевдин тагдыры буга далил болот. Президент Бакиев экинчи мөөнөтүн жаңы эле баштаганы менен абалы бийликтен кетүү түйшүгүн тартып жаткан Назарбаевден бүгүн кем эмес.
Ошондуктан, президент Бакиев тарыхта Аксы окуясы менен март окуясынан башка да из калтырам десе, кенен ойлонуп, анализдеп, шашпай, ак ниеттик менен иш алып баруусу зарыл.
Азимбек Бекназаров, БЭКтин штаб башчысы