Күч берен

Бекзат ОСМОНАЛИЕВ, оор атлетика балбаны:
"Бармагымдын тырмактарын өстүрөм"
Бир жума мурун Ташкент шаарында Азия кубогуна арналган оор атлетика боюнча чоң мелдеш өткөн эле. Отузга чукул мамлекеттер арасында 56 килограмм салмак ченинде кыргызстандык Бекзат Осмоналиев аттуу балбаныбыз алтын медаль жана кубокту жеңип кайткан.

Блиц-анкета
Кичи мекени - Токтогул
Жашы - 22
Бою - 162 см.
Салмагы - 56 кг.
Спорт даражасы - Эл аралык спорт чебери
Эң жакшы көргөн тамагы - "Торпок кулак" (камыр)
Эс алганда - Балык уулоо
Окуган жери - Дене тарбия жана спорт академиясы
Устаты - Үсөн Майназаров
Спорттогу кумири - Халил Мутлу
Жакын адамы - Апасы

-Оор атлетика спортуна кандайча келип жүрөсүң?
-Өзүм айтылуу Токтогул жергесинен болом. Ал жерде Кыргызстан боюнча бирден-бир күчтүү оор атлетика мектеби бар. Бул мектепке келээрден мурда ордо калаабызга эркин күрөш боюнча окууга тапшырып өтпөй калгам. Андыктан, Токтогулга кайра барып аталган мектепке кирип, Эсен Майназаров агайдын колунда машыга баштадым. Ушул күнгө чейин тандап алган спортумду аркалап келем.
-Канча жыл болуп калды?
-Быйыл сегиз жыл болот.
-1980-жылы Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев агайга туугандык жайың барбы?
-Жок. Бул жагынан өзгөчө чет элде өткөн чоң-чоң турнирлерде Каныбек агайды тааныган көп эле спортчулар мага кайрылып, "сен баласы болосуңбу?" деп сурап калышат. А мен атабыз бөлөк, энебиз башка биртуугандарданбыз деп тамашалап жооп берип коем. Алар күлүп калышат. Чынында фамилияларыбыз гана окшош.
-Алгачкы ийгиликтериңден айта кетсең?
-Оор атлетика боюнча эки жыл машыккандан киийн өлкөнүн өспүрүмдөр арасында чемпиону болгом. 2005-жылы Азия чемпионатында күмүш медалга татыдым.
-Ийгилик куржунунда мол жетишкендиктер болуп туруш үчүн спортчу өзүнө кандай талап коюусу керек?
-Биринчиден, кажыбас эмгек. Экинчиден, чыдамкайлык. Эң негизгиси - устатыңдын берген тапшырмаларын кынтыксыз аткарып туруу.
-Оор атлетикада күчтүү тамак да негизги орундарда болсо керек?
-Албетте. Эртең менен аштык ботколору, жумуртка, колбаса жана сыр. Түштөгүсүндө ысык тамак. Шорпо, эти көбүрөөк коюу тамак, жылкынын чучугунан эки-үч кесим, кечкисин да ысык тамак, биринчи, экинчиси менен, балык икрасы.
-Оор атлетикада эки көнүгүүнүн: силкип жана түртүп көтөрүүнүн жыйынтыгы бир натайжаны берет. Сага кайсы көнүгүүсү көңүлүңө төп келип, жакшы аткара аласың?
-Өзүм шайдоот мүнөз адам катары силкип көтөргөн мага ыңгайлуу. Себеби, бул жерде атлеттен ыкчамдык талап кылынат. Күчүң болуп туруп, штанганы ыкчамдыкта силкип төбөңө кое албасаң, баалуу көз ирмемдериңди өткөрүп ийишиң ыктымал.
-Бүгүнкү күндө аалам алкагында кайсы өлкөнүн атлеттери күчтүү болуп аткансыйт?
-Менин атаандаштарымдан айта турган болсом, Түндүк Корея, Кытай, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн штангачылары күчтүү. Машыгуу шарттары заманбап болуп атпайбы. Тилекке каршы, биздин өлкөдө мындай шарттар жок. Канткен күндө да устатым Үсөн Майназаров агай колунан келишинче бизге шарт түзүп берүүгө болгон күчүн жумшап келет.
-Мелдеш учурунда эмнени багынтуу негиз?
-Биринчи кезекте көтөрө турган штанганы багынтуу керек. Ал сенин биринчи негизги атаандашың. Помостко чыгаарда ушул жөнүндө бөркүңдөй билишиң шарт. Алты жолу чыгып, алтоондо тең мүмкүнчүлүгүңдү иш жүзүнө ашыра алсаң, берки атаандаштарды багынта алдым деген кеп.
-Сенин салмак чениңдеги (56 кг.) дүйнөлүк рекорд кимге тиешелүү?
-Сидней олимпиадасында Түркия атлети Халил Мутлу силкип 138 килограмм, түртүп 168 килограмм, жалпы жонунда 306 килограмм штанганы көтөрүп, рекорд койгон. Ошону менен катар олимпиаданын 3 жолку чемпиону аталган. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүчкө эч ким жолой элек.
-Ташкентте сенин көрсөткүчүң кандай болду?
-Силкип 105 килограмм, түртүп 125 килограмм, жалпы жонунан 230 килограмм көтөрдүм.
-Мелдеш болор алдында же учурунда кызык окуялар болбой койбойт эмеспи?
-Штанганын сабын (гриф) акырекке алган учурда уйку артерияны кошо басып калып, көтөрүп аткан балбан уктап калган учурлар кездешет. Андайга өзүм да тушуккам. Кээде помостко чыгып, бир салмакты көтөрүп атканда тең салмактуулугуңду жоготуп, штанганы ээрчип басып кетесиң.
-Алдыда дагы кайсы мелдештер күтүп атат?
-Ноябрь айында Корея өлкөсүндө дүйнөлүк биринчилик өтөт. Бул мелдеш 2012-жылы Лондондо өтүүчү жайкы олимпиадага жолдомо бериле турган мелдеш. Кудай буюрса, биздин даярдыктар да Лондонго багышталып, олимпиаданы багынтып, кыргыз желегин желбиретсек экен деген тилек.
-Чоң турнир болор алдында кээ бир атлеттер ырым кылып, чачын, сакалын албай коюшат. Ал эми сендечи?
-Мен колумдун бармагынын тырмагын өстүрөм. Такыр албайм. Себеби, штанганы көтөргөндө, бармагы кыскалардыкы штангадан колу тая берет. Андан башка ырым-жырымым жок.