Эне-баланы даңктап...
АНЖЕЛИКА апасы менен кичкинтай кызына бирдей ырдесте арнамакчы. Ырында эненин ыйыктыгын даңазалоо менен, баланын таттуулугун баяндайт. Эне-бала бирдей камтылган ырды созууга автор - журналист Кудурет Тайчабаровдун кеңеши түрткү болуп, ал эми Эркин Мээрканов бир айдын ичинде обон жазып берген. Жакында ырдын өзүнө жараша Кыргызстанда буга чейин тартыла элек өзгөчө клип да жаралат. Ошондой эле ырчы Улукмырза Полотовдон сабак алып, комуз коштоосунда ырдоого машыгууда. Буга ырым кылып, Анжелика өрүк комузду да болжоп койду.

Ырчылыктан мамлекеттик кызматка
Аида КУЛУЕВА чет өлкөгө кетер-кетпеси чечилбей турганда, жакында мамлекеттик расмий мекемелердин бирине чакыруу алды. Бир жыл мурун салыкчылыкты аркалаган ырчы эки чөйрөнүн бирин тандоого келгенде чыгармачылыкка оогон. Айтмакчы, "Достор" фильми менен кинокөрөрмандардын эсинде калган Аида дагы бир тасмага тартылып калышы ыктымал. Киного тартылуу сунушу түшкөнү менен азырынча ырчы бир чечимге келе элек. Учурда Аида денсоолугуна кам көрүү менен алек.

АЛИХАНдан "Жөн эле"
Ушундай аталыштагы ырды АЛИХАНга сахналаш агасы Ильяз Абдразаков жазып берген. Ыр ага тартылган клип менен бирге элге сунушталат. "Мен жөлөк болуп жүрөмүнбү, / Мен жөн от болуп күйөмүнбү" деген саптарды камтыган махабат темасындагы ыр. Ошондой эле Алихан окуу жайындагы Нускай аттуу агайынан "Сагындырган" аттуу ырды белекке алган. Чыгармачылык менен бирге күлүккө кызыккан Алихан жылкыларынын санын көбөйтүп, асыл тукум түрүн арбытканы турат. Андан сырткары, эркти бекемдеп, күч жараткан спортко да ыктап, жакындан бери эркин күрөшкө аралаша баштады.

Карыяларга камкордук
Бек Борбиев, Гүлнур Сатылганова, Гүлнара Тойгонбаева, Асел Турдалиева, Кутман Жолдошев, Токтобек Асаналиев, Гүлзат Байзакова, Ома, Урмат Усенов, Съездбек Искеналиев, Аида Кулуева, Адеми, Айжан Газиева, Замир Арыкбаев, Бактыгүл Бадыева, Нэна, Нурзат Садыкова, Нурайым Азыкбаева, Максат Бегалиев, Илияз Абдразаков, Кундуз, Арсен, Азамат, скрипачка Кыял Мансурова өңдүү таланттардын баарынын башын бириктирип "DANEL" компаниясы карыялар күнүндө Спорт ордосунда "Карысы бардын ырысы бар" аттуу ири ыр кечесин өткөрдү. Анын күбөлөрүнүн басымдуу бөлүгүн карыялар, Бишкектеги карылар үй-интернатынын жашоочулары түзгөн.

Акбар батышка "багынды"
"Келчи, келчи" аталган ыры менен Акбар СҮЙҮНБАЕВ ырдоо стилин өзгөрттү. Мындан кийин Акбар батыш стилиндеги ырчыга айланмакчы. Аталган ырдын тушоосу бүгүн, 8-октябрда "Тумар" радиосунда кесилет. Ушул эле ырга кечиктирилбестен клип да тартылат. Ага ырчы Урмат Усенов режиссерлук кыла турган болуп чечилген. Акбар жаңырган стилинде төрт ыр даярдап койду.

Шерге продюсерден видеоклип!
Айдин ШЕР 2-октябрда 20га толуп, ата-энеси, жакындары, досторунун куттуктоолорун кабыл алды. Туулган күнүнө карата продюсери репертуарындагы жаңы ырга видеоклип тартуу менен бирге колуна күмүш чынжырча таккан. Келишимдүү ырчы бул күнү күйөрмандарынын да көңүл чордонун ээлеп, ар кыл белекке, жылуу кепке бөлөндү. Албетте, арасында арзуу ишараты бар кызыл түстөгү жүрөкчөлөр да жок эмес.

"Star DANCE" курамын кеңейтет
Жакынкы күндөрү 30дан ашуун бийкечтен турган "Star DANCE" бий командасынын жалаң жигиттерден түзүлгөн курамы пайда болот. Ага кастинг жарыяланып, бийге шыктуу, кыймылы шок балдар тандалып алынат. Жигиттер курамын да топтун жетекчиси Асел өзү тейлеп, өзү хореографтык милдетти аткарат.

Жаңы имидж көксөгөн ырчы
Фотомонтажга кызыгып жүргөн ДАНИЭЛЬ эми кыл калем сүрөтчүлүккө өттү. Баштапкы темалары - сулуу кыздар, күзгү пейзаж. Кызыгы, бул кичинесиндеги хоббилеринин бири. Даниэль да продюсерлеш агаларынын жолун жолдой эски кайрыктарга кайрылып, учурда бир ырдын автору менен маселе чечишүүдө. Элге сунушталганына аз гана убакыт өткөн "Признание" аталган ырынын кыргызча варианты иштелүүдө. "Арноо" атап, аны Урмат Усенов которуп берген. Даниэль өз мүчө-келбетин бир калыпта алып жүрүү үчүн Бишкектеги машыгуучу залдардын бирине бара баштады. Бул менен гана чектелбестен, ырчы жигит имиджин да өзгөртүүнү ойлонуп жүрөт. Ал эми ушул күзгө белгиленген алгачкы концерти жазга жылды.

Жамбылдын соту
Куудул Жамбыл КАМЧИЕВ өлкөнүн коомдук телеканалы менен соттошууда. Сотко чейин жеткен чыр куудулдун түгөнбөгөн демилгелеринин бирин каржылоо жана рекламалоо маселесинен улам келип чыккан.

Бегимай рухий азык изи менен
Нарын жергесин түрө кыдыра гастролдоп келген Бегимай ЭСЕНГУЛОВА кыргыздын улам бир тарыхый жерин "багындырууда". Нарындыктарга ыр арноо менен гана чектелбестен, Таш-рабат, Кошой-Коргон менен таанышып, рухий азыкка байып кайтты. Гастроль айынан окуудан бир аз аксап калгандыктан, азыр баарын жыйыштыра сабактарын аткарып жүргөн чагы. Ошентсе да окуу алкагында группалаштарынын коштоосунда жакында эле Бурана менен кеңири таанышып келди.

Мирбекте эч тыным жок
Учурда Мирбек АТАБЕКОВ Ош жергесиндеги күйөрмандарынын көңүлүн алуу камында. Гүлшайыр Садыбакасованын "Садагам Оштой жеримди" аттуу ырын өз стилине салып ырдап чыгат. Андан сырткары, Сайкал Садыбакасова менен бирге махабаттан кеп салган дуэт ырын Мирбектин күйөрмандары "Кызбурактын" концертинде уга алышат. Консерваториянын эстрада факультетинин вокал бөлүмүндө окуп аткан Мирбек мурда өз обондорун диктафонго жаздырып жүргөн болсо, музыкалык билимдин аркасы менен эми нотага түшүрөт.

Даярдаган Айым НУРЖИГИТОВА