Күч берен

Арам Акопян, грек-рим балбаны:
"Балдар "дүлөй-дудук" деп ызалантышчу..."
Сентябрь айынын орто ченинде Тайвань өлкөсүндө Дефлимпиада өткөн эле. Керең угуп, кекеч сүйлөгөн дүйнө спортчулары мелдештин ар түрүнөн күч сынашып көрүшкөн. Алардын арасында биринчи жолу Кыргызстандын намысын коргоп, ажерде грек-рим күрөшүнөн коло медалды жеңип алган балбаныбыз Арам Акопян менен баарлашып, алгы кебин уктук.

Блиц-анкета
Кичи мекени - Бишкек
Жашы - 35
Бою - 170 см.
Салмагы - 96 кг.
Спорт даражасы - Эл аралык спорттун чебери
Жакшы көргөн тамагы - Осетин пирогу
Улуту - Атасы - армян, энеси - осетин
Эс алганда - Үйбүлөсү менен болот
Иштеген жери - Азиз жана дудуктар интернатында мугалим
Устаты - Петр Ялома
Кумири - Роберт де Ниро
Эң жакын адамы - Апасы

-Чала угуп, сүйлөө маселеси тубаса болбосо керек?
-Ата-энем толук кандуу кишилер. Алардын айтымында, мен төрөлгөндөн 6 айдан кийин сасык тумоо менен ооруп, бир канча күн температурам түшпөй, бир топ убакытка ооруптурмун. Жыйынтыгында кулак укпай, сүйлөбөй калган экемин.
-Спортко кантип келип жүрөсүң?
-Агам дзюдо менен машыгып жүрүп, мени да ээрчитип алчу. Ажердеги өзүм теңдүү балдар менен күрөшүп, өзүнчө эле алпуруша бергенди жакшы көрчүмүн. Агам аскерге жөнөөр алдында мени грек-рим жаатынын устаты Петр Яломага ээрчитип келип көрсөттү. А киши биринчи жолу макул болбой койду. Себеби, угуу, сүйлөө жагы тоскоол болду окшойт. Ошону менен агам аскерден келгенче бул иш токтоп калды. Петр Яломага кайра келдик. Өтүндүк. Акыры байкап көрөлү, мүмкүн бирдеменин ичинен чыгарбыз деди. Мен аябай сүйүндүм. Көтөрүңкү маанайда барып машыга баштадым.
-Алгачкы ийгиликтериңден айта кетсең?
-Эки жылдын ичинде эки жолу жеткинчектер арасында дени-карды соолор менен мелдешке чыгып, эки жолу Кыргызстандын биринчилигин жеңип алдым. Андан кийин жаштар арасында күчүмдү сынап, ал жерден да республиканын чемпиону болдум.
-Улуттук паралимпиада спорт федерациясына кайрылып көрдүңөрбү?
-Анын жетекчиси Эпельман Климентий Львовичке кайрылдык. Бирок, алардын ишмердигине биздики төп келбейт экен. Ал жакта мунжулар машыгат экен. Колу-буту жок дегендей.
-Дефлимпиада жаатына кандай талаптар коюлушу шарт?
-Биринчиден, кулагы укпагандар кирет. Адистер угуу сезимин аппаратка салып, ченейт. Меникин 50 децибелл деп аныктаган. Кереңдердин катарына кирет.
-Бул жагынан чыр болушу мүмкүнбү?
-Мүмкүн экен. Мисалы, Тайвандагы дефлимпиадада коло медаль үчүн таймашта жеңилип калган атаандашым уюштуруу тобуна "Арамдын кулагы жакшы эле угат экен" деген таризде арызын жазган. Атаандаштын арызын карап, мени кайрадан аппаратка салып текшерип чыгышкан. Жыйынтыгында берилген арыз жөнсүз деп табылган.
-Качандыр бир учурда сүйлөп баштагансың да?
-Ооба. Бала кезде "дүлөй, дудук" деп балдар ызалантышчу. Кээде ыйлагым келчү. Грек-рим секциясына баш-отум менен кирип, устатым Петр Ялома агайда машыга баштаганда а киши менин тилимди чыгарды десем болот. Адистерге алпарып, ар кыл көнүгүүлөрдү жасап, кичинеден сүйлөп баштадым.
-Билим алуу жагы кантти?
-СССР тарай электе генерал Панфиловдун ысымындагы эл аралык турнирди жеңип, СССРдин спорт чебери наамына татыгам. Ошондон улам, дене тарбия жана спорт институтуна тапшырып, окудум. Кийин окуумду экономика жаатында улантып, спорт менеджери адистигин алдым.
-Үйлөнгөнсүңбү?
-Ооба. Келинчегимдин да кулагы катуураак. Ортодо уул бар. Азыр эки жашта. Болочокто балбан болчу түрү бар. Үйгө келгенде үйдү чачып, күрөшүп жыргайбыз.
-Чукулда ММКларда "Арам Акопян дефлимпиададагы коло медалы үчүн квартира менен сыйланыптыр" деген кабар тарап кетти. Ушу жөнүндө өз оозуңдан уксак.
-Бул туура эмес жаңылык. Менин келинчегим УППда (учебно-производственная предприятие) 15 жыл тигүүчү болуп эмгектенип келет. Бул ишкана кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн адамдарга тиешелүү. Андан сырткары, Кыргызстанда ушундай майып адамдардын укугун коргогон коом бар. Аны Кубан Мамбетакунов агай жетектейт. Мына ушул агай келинчегим Алисага бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырган.
-Бирок, сенин да эмгегиң өкмөт тарабынан бааланышы керек го...
-Бул жөнүндө ар кыл сунуштар болуп, мамлекеттик деңгээлде каралып атат. Жакынкы күндөрдө белгилүү болот.





  Футбол

"Абдыш-Ата" клубу биринчи жолу...
Кыргызстандын кубогунун финалдык оюну Ош шаарында өттү. Бу жолу негизги мөрөй үчүн Ош шаарынын "Алайы" менен Канттын "Абдыш-Атасы" жашыл талаага чыгышкан. Коноктор 2:0 эсебинде утуп, биринчи жолу кубокту жеңип алышты. Салтка айланып калган Кыргыз кубогу 1992- жылдан бери ойнолуп келет.

КРнын биринчилиги
Ички чемпионатта кезектеги эки оюн ойнолду."Шер" клубу турнирдик таблицанын артында келаткан "Плаза" менен ойноп, аларды 4:0 эсебинде утуп алды. Экинчи оюн Нарындын "Дордой-Динамосу" жана Кара-Суунун "Жаштык-Ак-Алтыны" ортосунда болуп, 2:1 эсебинде теңиртоолуктар жеңишке жетишти.

  Тайбокс

Каратору кыздын сазайын берген Валентина
Бир жума мурун Перу өлкөсүнө тайбокс боюнча эларалык мелдешке Кыргыз жергесинен Валентина Шевченко кызыбыз аттанган эле. Кечээ жакында рингге Бразилия чемпиону Мохалия Роче менен чыккан. Каратору кыз мушкерлик ыкманы жакшы денгээлде өздөштүргөнү оюндун баштапкы мүнөттөрүндө байкалып турду. Бул таймашты панамерика телевидениеси тартып атканына байланыштуу Мохалия жанүрөп мушташты. Бирок, Валентина кызыбыз да оңой атаандаштардан болбогонун рингде көрсөтүп, оюндун төртүнчү раундунда каратору кызды жалпайта чаап салды. Буга чейин Валентина 26 жолу профессионалдык рингге чыгып, баардыгын тең жеңген.

  Оор атлетика

Ташкентте Азия кубогу
Өзбекстан өлкөсүндө Азия алкагындагы 30 мамлекет арасында оор атлетика боюнча чоң мелдеш болду. Кыргыз балбандарынан үчөө аттанган. Бекзат Осмоналиев (56 кг.) аттуу жигитибиз алтын медалды мойнуна илди да, Азия чемпиону болуп калды. Ал эми жаңы чыгып келаткан жаш балбаныбыз Султан Молдодосов (62 кг.) күмүшкө татыды.




  Эстафета

О.Назаров кайда, кимди сүрөөнчүлөдү?
Япон элинин "Экиден" аттуу спорт түрү бар. Мында көпчүлүк эл эстафета сыяктуу беш-бештен бөлүнүп, бир чакырым жерге чуркашат. Кызыгы, биринчи чуркаган катышуучу өнөктөшүнө келгенде футболкасын чечип, төш бантигин кошо тапшырат... Бул мелдешти JICA япон эл аралык кызматташтык агенттиги уюштурду. Мелдеш учурунда катышуучуларды сүрөөнчүлөгөнү ошол эле JICA агенттигинин бүтүрүүчүсү, бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону, бүгүнкү күндө ЖКнын депутаты Орзубек Назаров келип, колдоого алып турду.

  Олимпиада

Алтын-күмүшү аралаш медалдар
Ташкент шаарында көркөм гимнастика боюнча эл аралык турнир өттү. Бу мелдешке Кыргызстандын атайын олимпиада спортчулары барып, алтын жана күмүш медалдарын багынтып кайтышты. Алтынга лента түрүнөн Александра Юрасова, күмүшкө топ түрүнөн Мария Давкиналар татыды. Эми атайын олимпиада спортчулары 2010-жылы Азия оюндары астында Бишкек шаарында мелдешке чыгышат.

  Шахмат

Шаардык биринчилик "чү" деди
Панфилов паркында жайгашкан шахмат клубунда шаардык чемпионат башталды. Мелдеш тогуз күнгө созулат. Эркектер швейцар тартибинде, аялдар айлампа түрүндө кырчылдашат. Шахмат клубунун ачылганына эки жылча болду. Бирок, оюнчуларга бир аз ыңгайы жоктой сезилет. Бир жагынан парктагы атракциондордун шакылдагы кулактын кужурун алса, экинчиден 5 сом төлөп алыс жакка дааратканага барып, шаштылары кетет. Федерация башчысы Акылбек Жапаров ушул жагдайды билер бекен? Билсе, бир айласын тапса жакшы болот беле.