Молоташ

Садырбек Макеев, айкелчи:
"Жыйырма долларга үйбүлөмдү кубандыргам"
Оо илгери, азыркы шаарыбыз Фрунзе кезинде айылдан окууга келип калдым. ФХУнун жатаканысанда эки жылча жашап, сүрөтчүлөр менен камыр-жумур бир сындырым нанды бөлүп жеп, бир тууганча аралашып. Ошондо эле Садырбектин жаны тынчу эмес. Скульптордук шыгын арттырып, колу баткактан бошобой. Баса, кээде мени "грузить" этип виного жумшап калчу эле... Анан эми отуздан ашык жыл өтсө да, баягыдай эле чеберчилик менен алпурушканы алпурушкан. Өнөрканасына баш багып, өткөн-кеткенди эстеп отурдук.

-Айкелчи биринчи кезекте эмнени туя билүүсү керек?
-Скульптуранын тили менен айтканда, пластиканы сезе билүү зарыл. Сүрөтчү деген ар бир жасаган ишине сезимталдык менен мамиле кылбаса, жасап аткан ишинен майнап чыкпай калат. Образын ачып бере албай түйшөлөт.
-Өнөрканада таштан чегилген буюмдар көп экен...
-Өзүм Кочкордон болом. Бери дегенде жылына эки-үч жолу киндик каным тамган жеримде өзөн бойлоп таштарды издейм. Ичинде сыры катылган шагылдардан кооз таштарды тапканга аракет кылып, сыртына көркүн алып чыгасың.
-Иштеп аткан эмгегиңиз бүтө жаздап калганда жакпай калса кантесиз?
-Чыгармачыл адамдарда андайлар боло берет. Бир жарым ай эмгегиң "талаага" кетип, кайрадан жасоого мажбур болосуң. Анткени, ичиң чыкпай калат да. Жиниң келип, "кечтим байдын кызынан" деп ыргытып иесиң. Заказ түшүп, анын үстүнөн иштеп атсаң, кылып аткан жумушуңду көзөмөл кылган заказчик болот. Эң негизгиси ал адамга жагып, кылган эмгегиңдин акыбети кайтса дейсиң. Кээде бүтүп калган учурда мурду же кулагы сынып, ташты алмаштырууга туура келет.
-Балдар да чоңоюп кол кабыш кылгандар барбы?
-Негизинен өзүмдүн атам уста киши болгон. Бозүйдү, ат жабдыктарын катыра жасачу. Үйдө эки кыз, бир уул чоңоюп, эрезеге жетишти. Уулумдун "чымыны" бар. Көркөм сүрөт окуу жайын бүтүрүп, чыгармачылыгын башка багытка которуп, искусство институтунун ырчылык жагынан билим алып атат. Бош боло калганда мени менен кошо билек түрө жардамга келет. Бул өнөрдөн да четте эмес.
-Чыгармачыл адамдарды "99" же "101" деп коюшат. Буга болгон көз карашыңыз?
-Коомду ушундай адамдар кооздойт, көркүнө чыгарат. Пендечилик жашоодо ашык-кеми жок жүзмүн. Акыл-эс ордунда, ой жүгүртүү өз нугунда. Бир гана Кочкордун болобу, же Чоң-Арык, Воронцовка жактагы өзөн сууну жээктеп, таш издеп кеткен учурда "99" болушум мүмкүн (күлүп).
-Таш издеп өзүңүз эле кетесизби, же?..
-Жолдош-жоролорду айтам, чогуу баралы деп. №3 ооруканада иштеген Талант деген досум бар. Өзү олбурлуу. Таш көтөрүшкөнгө жакшы жардам берет. Ошол досумдун бир нече ирет макулдугун алам. Барабыз дегенде эле ойт берип барбай, өзүм сай-сайлап кетип калам. Тоонун башына чейин чыгып, "99ду" "100гө" толуктап эс алып, чыгармачыл эргүүгө толуп келем.
-Тээ 1977-жылдары көркөм сүрөт окуу жайдын жатаканасында чогуу жашап жүргөндө милициянын сержанты элеңиз?
-Анда ата-эне жок, жеке керт башыңа тың болуу максатында иштеп жүрдүм. Кошумча каражат издеп. Ал тармакта 25 жыл иштеп, пенсияга чыккам. 1995-жылы старшина чини менен. Андан бери болгон жумушум ушу. Өнөрканада тытынып иштеп келем. Анын да үзүрүн көрүп атам. Жеке көргөзмөмдү Бишкекте, Германия, Түркия өлкөлөрүндө жүзөгө ашырдым. Ийгиликтер али алдыда болсо керек.
- Эки доорду сүргөн сүрөткер катары кайсы бир учурда, тактап айтсам, эгемендик алган жылдары "итке минип", пендечилик күндөрдү да көргөндүрсүз?
-Ал учурда чыгармачыл адамдарга кыйын эле болду. Биз дагы "итке минип" калдык. Союз тарай электе колкоз-совхоз, айыл-апаларга барып, заказдар көп эле болчу. Союз ыдырагандан кийин барсам, "сенин сүрөтүңдүн эмне кереги бар? Өзүбүз ачка отурабыз" деп калышты. Ошондо кээ бирлери таксовать этип, кээ бирлери бизнеске өтө качышты. Үйдө кумшекер жок калган күндөр болду.
-Кол эмгектериңизди арзан баага сатып ийген жоксузбу?
-Жок. Андай абалга жетпедик. Кудайга шүгүр. Бирок, агезде Алматы шаарына пияз ташыган машинага жашынып, картиналарды алып өтүп саткан күндөр болду. Жыйырма доллар үйгө алып келип, балдарым кудуңдап тосуп чыгып, чоң майрам уюштуруп, өзүнчө эле тойлогонбуз.




  Өнөр көчө

Нурия Курманалиева,
"Ооэдодайко" тобунун солисткасы:
"Добулбастар үн кошкондо жүрөгүң титиреп..."

Бир нече күн мурун япон элинин жоокердик өнөрүнүн бири болгон "Кендо" спортунун кыргыз жергесине келгенине 5 жыл толуп, чоң спорттук турнир өткөн эле. Мелдеш башталаар алдында Бишкек шаарындагы "Ооэдодайко" тобу добулбастар коштоосунда жарым сааттан ашык аркыл композициялары менен мелдештин катышуучуларына дем берип, барабан күүлөрүнө сугарган. Бул топто беш жылдан бери өнөрүн арттырып келаткан Нурия Курманалиеваны кепке тартып, жакындан тааныштык.


-Бул топко кандайча келип жүрөсүң?
-Өзүм Орус-славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде дин таануучу адистигин бүткөм. Анын ичинен азыркы япон элинин динге болгон көз карашы мени кызыктырат. Негедир япон менен кыргыз элинин түпкүлүгү бир жерден чыккансып, сөздөрүнүн окшоштук жактары бардай сезилет.
-Мисалы...
-Биз нан десек, аларда пан дешет. Бизде деле айрым учурда "дасторконго нан-пан койгула" деп калабыз го. Мындай окшоштуктарды айтып отурса сөз көбөйөт. Андыктан, мени япон элинин тили, үрп-адаты, каада-салты кызыктырып келет. Бишкектеги япон борборуна келгенимдин себеби да ушул.
-Барабан урганды кантип үйрөнүп калдың?
-2005-жылы Япон жергесинен волонтерлор келди. Негизгиси бизге тил үйрөтүү максатында. Алардын ичинен бирөө тил менен кошо япон барабанын урганды да үйрөтүп баштаган. Менин ал өнөргө болгон кызыгуум артып, "Ооэдодайко" тобуна кирип алдым.
-Добулбастын санжырасы бардыр?
-Япон добулбасын - тайко деп коет. Япон жергесине бир жарым миң жыл мурун кытай тараптан келиптир. Самурайлар доорунда жергиликтүү эл Кудайга сыйынуу учурунда тайкону колдонушуптур. Кийинчерээк чоң-чоң той же маанилүү иш башталаар алдында ойнолуп калыптыр.
-Добулбастарды уруу үчүн атайын музыкалык билим керекпи?
- Мүмкүн япон жергесиндегилер үчүн атайын билим алуу керектир. Бизди үйрөткөн адис аны талап кылбай эле "мындай тур, мындай ур" деп үйрөткөн. Башында бир аз кыйналасың, анан көнүп кетесиң.
-Жөн эле ургулай бербей ырааттуулук жана маңыз болуусу шарт го?
-Композициянын маңызы болот. Мисалы, "Такараги" ("Бүркүттүн аңчылыгы"), "Химацури" ("От майрамы"), "Кадзэ" ("Бороон") деген күүлөр бар. Булар аттары, заттарына жараша ойнолот. Ар бир күүнүн убактысы чектелүү болот. Муну топтун жетекчиси аныктап, башкарып турат.
-Карым-катнаш жагын кантип турасыңар?
-Биздин "Ооэдодайко" тобу былтыр япон өлкөсүнүн Кавасаки шаарында 4-июлдан 17-июлга чейин болуп келди. "Мацури-Нэ" тобу менен бирдикте күн сайын үч сааттан машыгып аттык. Эми бул топ менен бизди салыштырып болбойт. Шаардан алыс эмес тоонун этегинде жүзгө чукул добулбастар бирдей үн коштогондо жүрөгүң оозуңа тыгылып, жаның чыгып кете жаздайт. Аска-зоосу кулап, бороон-чапкын аралаш, дүйнө асты-үстү болуп аткандай элес калтырат.
-"Мацури-Нэ" тобу Японияныкы бекен?
- Ал Кавасаки шаарынын эң чоң тобу. Бул топто 100гө чукул аткаруучу бар. Япон өлкөсүнө жана чет элдиктерге таанымал атактуу топ болуп эсептелет. Сырт жакка гастролдоп көп чыгышат. Кыргыз жергесине бир жыл мурун келип, биздин борбордун добулбасчыларына эки-үч күү үйрөнүүгө көмөк кылган.
-Барабандарга мүнөздөмө берсең...
-Бишкекте биз колдонгон 20 добулбас бир өңчөй келет. Диаметри 50 см., уйдун терисинен өзгөчө технологияда капталып, жалпы добуштары унисон чыгып турат. Салыштырмалуу Япон жергесинде болсо добуштары ар кыл болуп, күүгө ыңгайлашкан.
-Ойноп аткан учурда импровизация жааты колдонулабы?
-Муну да салыштырып айтайын. Биздин "Ооэдодайко" аткаруучуларынын күүлөрү көбүн эсе элдин көкүрөгүнө сиңип калган, бир калыпта ойногонго аракет кылабыз. Негизинен япон чеберлери импровизация жагына да көп көңүл бөлүшөт, кээ бир композициялары маани-маңызы эркин формадагы симфонияга тете көркөмдөлө ойнолот. Мисалы, бир күүнүн ойнолгон убактысы үч сааттан ашат экен.

Бетти даярдаган Сурат Жылкычиев