Элмаранын өкүнүчү
Өткөн жумада: Улуттук каналда болуп жаткан реформалар таланттуу алып баруучу Элмара Турсуналиевага бир аз жагымсыз жагдайларды тартуулады. Анткени, ал жакта болуп жаткан кыскартууларга Элмара айымдын устаттары да кабылды.
Келерки жумада: Ал эми келерки жумада өкүттөрдү артка таштап, жаңы иш баштаганы турат. Ал иш турмуш жүзүнө ашмайынча коомчулукка жарыялабай эле турууну чечти. "Мындай жакшы ишти баштоого мага баардык курбу-курдаштарым кол кабыш кылып атат. Азыр катуу даярдыктар үстүндө жүрөм" дейт. Турсуналиева. Анда ишине ийгилик каалап коелу!

Мирбек ишке киришти
Өткөн жумада: Көптөн бери эс алууда жүргөн Мирбек Атабеков чыгармачылыкка билек түрө киришти. Дегенибиз жапжаңы эки ыр даярдоону колго алды.
Келерки жумада: Дүйшөмбүдөн шаршембиге чейинки убактысын үн жаздыруучу студияда өткөрүүнү пландап жатат. Анткени, аталган ырларды толугу менен иштеп чыгып, күйөрмандарга арноого ашыгууда. Аптанын экинчи жарымында Ош жергесине учуп кетет. Ал жерге Мирбек тойго чакырылган.

Нена тойдон колу бошобой
Өткөн жумада: Ырчы кыздын колу бир да мүнөткө бошободу. Апта ичи жалаң жакшылык үстүндө жүрүп. Мисалы, Ысык-Көлдүн 70 жылдык маарекесине арналган концертке барып келди. Апта аягы бир туугандары чогулуп, үйбүлөлүк майрам өткөрүштү.
Келерки жумада: "Жылдыздар манежде" долбооруна катыша баштаганына байланыштуу апта башы манеждеги репетициядан башталат. Ал эми жуманын экинчи жарымы жаңы ырларды даярдоо менен өтүп, ишемби, жекшемби күндөрү жаңы ырдын жаралышы менен аяктайт.

Канат клип тартуунун үстүндө
Өткөн жумада: Кыздардын жүрөгүнө чок салган Мирбек, Даниэль, Алихан аттуу ырчы жигиттердин продюсери Канат Култаев өткөн жуманын жарымын Даниэлге клип тарттыруу менен өткөрдү. Ал эми калган убактысын адаттагыдай эле теледеги иштерине арнады.
Келерки жумада: Дагы эле клип тарттыруу менен алек болот. Бул жолу Алихандын жаңы ырына. Андан сырткары, аптанын дал ортосунда "Браво" долбоорунун жаңыланган вариантын экранга алып чыгуу түйшүгү да Култаевдин мойнуна жүктөлгөн.




  Сырмаек

Назира Токонова:
"Сүйүп калсам, 20 жаш улуусуна да карабайм"
Мен жылдыз оорусуна кабылган эмесмин, кабылбайм дагы. Анткени, мектепте окуп жүргөндө эле ырдап жүрчүмүн.

-Түш аян берет дегенге ишенесиңби?
-Ишенем. Кээде жаман түш көрсөм жагымсыз окуя болуп, жакшы түш көрсөм кадимкидей жолум ачылат. Бир жолу мага керемет түш кирген. Манас жөнүндө. Ал дагы көрүнгөн эле адамга кире бербейт турбайбы. Биринчи жолу анын жаңы төрөлгөн кезин көрсөм, экинчисинде бойго жетип жигит болуп калыптыр. Андан кийинкисинде баатырдын өлүмү түшүмө кирди. Аны бир эжеге айтып берсем, жакшылыкка жоруп берген.
-Демек ырым-жырымга ишенет турбайсыңбы?
-Айрымдарына ишенем. Мисалы, "кара мышык жолуңду кесип кетсе, жолуң болбойт" деген туура эмес деп ойлойм. Ал эми алыс жерге чыкканда кийимге ийне тийгизбөө, кыбыланы тээп жатпоо деген сыяктуу ырымдарды карманам. Бата тиет дегенди да туура деп ойлойм. Мисалы, жакында эле туулган жериме барып тушоо кесүү концертимди берип келдим. Негизи үч эле айылга коймокмун, анан дагы бир башка айылдан эл суранып атканынан ал жакка да өз өнөрүмдү тартууладым. Ошол жактан жердештеримдин батасы тийди окшойт, айтор, ишим да жакшы жүрүшүп атат.
-Көбүнчө жакындарга таянасыңбы, же өз күчүңө ишенесиңби?
-Өзүмө гана ишенем.
-Эң жакын адамдарың ким?
-Ата-энем, эжем жана иним.
-Сулуумун деп ойлойсуңбу?
-Ар бир адам эле өзүн сулуу сезет болуш керек. Бирок, мен аябай сулуумун деп айта албайм. "Сулуулук бетте эмес, жүрөктө" деп коет эмеспи. Ошол себептен мен биринчиден, адамдын ички дүйнөсү сулуу болуш керек деп ойлойм.
- Жылдыз оорусун өзүңдөн байкайсыңбы?
-Жок. Мен ага кабылган эмесмин, кабылбайм дагы. Анткени, мектепте окуп жүргөндө эле ырдап жүрчүмүн. Ошондо эле мугалимдерим да, классташтарым да "кийин бизди карабай, өзүңдү жылдыз сезип кетпе" деп айтып калышчу. Ал адамдын мүнөзүнөн болот экен. Кудай адам баласын канчалык мактаган сайын өзүн ошончолук жөнөкөй сезгенин жакшы көрөт турбайбы. Ошол себептен, өз дарегиме мактоо сөз уккан сайын Кудайдан кечирим сурап турам.
-Жигитиң барбы?
-Жок.
-А кандай жигиттер жагат?
-Өзүмдүн келечектеги жигитимди, жөнөкөй, адамгерчиликтүү болот деп ойлойм.
-Саясатчылардан мырза катары кимди жактырасың?
-Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев жагат.
-Эгер жигитиң башка кызга көз кысып атканын байкап калсаң эмне кыласың?
-Байкабаганга аракет кылам (күлүп).
-Сүйүүгө ишенесиңби?
-Албетте. Сүйүүсүз жашоо кызыксыз да.
-Мурда сүйүүгө тушугуп көрдүң беле?
-Ооба. Мурда бирөөнү сүйүп жашаган күндөр болгон. Ал сезимди баштан кечиргем. Бирок сөз менен ал күндөрдү айтып түшүндүрө албайм.
-Эркектин келбетине көңүл бурасыңбы?
-Жок. Биринчи жүрүм-турум, адамдык сапаттарын карайм.
-Жашы сенден бир топ улуу эркек турмуш курууга чакырса…
-Эгер үйлөнбөгөн болсобу (күлүп)?
-Эки вариантын тең айтып көрсөң…
-Мм… Эки вариантын тең байкаштырып көрмөкмүн. Сүйүү жашка карабайт да. Эгер сүйүп калсам 20 жаш улуу болсо деле турмушка чыга берем.
-Жашоодо эмнеге кыжырың келет?
-Өзүн жасалма алып жүргөн адамдарга. Жасалма сүйлөгөндөрдү көргүм келбейт. Анан өзүмдүн чыдамсыздык жагым жакпайт. Бир эле ишке ашпай аткан нерсеге чыйпылыктап кетем.
-Материалдык байлык адамдын жашоосунда канчалык роль ойнойт?
-Азыркы жашоодо чоң эле роль ойнойт. Акчаң жок болуп, кыйналып турсаң басмырлагандар көбөйөт.
-Эркектердин арасында "таарынган аялды кымбат баалуу кийим, алтын-күмүш менен жазып алса болот" деген кеп бар экен. Сени "жылтырактар" менен алдаса болобу?
-Жок. Көңүлүмдү калтырып туруп, кайра баалуу буюмдар менен таарынычымды жазып алам дегендер болсо жаңылышат.
-А сен үчүн эң баалуу белек кайсы?
-Белектин баасына карабайм. Кичине кезимден бери эле эч качан ата-энемден дагы кымбат баалуу белек алып бергиле деп талап кылган эмесмин.