Спорт

Бокс
Виталий Кличко Крис Арреолдун мурдун талкалап
Ишембиден жекшембиге караган түнү Американын Лос-Анжелес шаарында бокс боюнча чоң таймаш өттү. WBC жаатынын эң оор салмактагы дүйнө чемпиону, 38 жаштагы украиналык Виталий Кличко менен түпкүлүгү Мексикадан келген 28 жаштагы Крис Арреол экөө рингге чыгышты. Украиналык мушкер өзүнүн дүйнө чемпиондугун дагы бир жолу тастыкташ үчүн кыл арканга аттанган. "Түнкү кошмар" каймана аты бар 28 жаштагы Арреолдун жеңүү максаты таш каап, оюндун онунчу бөлүгүндө "темир муштумдан" аябагандай таяк жеп, мурду бырчаланып, беттери көгала болуп, акыр аягында техникалык нокаут менен жеңилди. Устаты Генри Рамирес ортодон кийлигишип, ак сүлгүнү рингге таштап үлгүрдү. Оюндун баш-аягына чейин Кличко атаандашына төрт жүзгө чукул муш кезеп, анын үч жүздөн ашууну таамай тийген. Кристи эки жүз менен чектелген.


Мылтык атуу
Эскерүү турнирдеги эки мерген
Чымкент (Казакстан) шаарында эл аралык даражадагы спорттун чебери Владимир Тушининдин жаркын элесине арналган эскерүү мелдеши болуп өттү. Кыргыз жергесинен эки мерген бар эле. Бээжин Олимпиадасынын катышуучусу Руслан Исмаилов менен Акбар уулу Нооруз. Көзгө атаарларыбыз аркыл көнүгүүлөрдү так аткарып, жыйынтыгында экөө тең алтын медалдуу болуп кайтышты.


Теннис
КРнын биринчилиги
Чоң теннис боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү. Бул мелдеш бир жумага созулуп, чемпиондор аныкталды. Жуптар арасында эркектерден финалдык оюнга Александр Андреев менен Денис Сиротинге Георгий Котляревский менен Эрнст Батырбековдор чыгып, 6:3, 6:2 эсебинде жеңилип калышты. Кыздардан Инна Волкович менен Анастасия Терентьевалар чемпион болушту. Жеке беттешүүдө эркектерден Данияр Дулдаев, кыздардан Инна Волкович алтын медалды мойнуна тагынды.


Кылыч чабышуу
Дүйнөлүк чемпионатка...
Түркия өлкөсүнүн Анкара шаарында кылыч чабышуу түрлөрүнөн биринчилик башталганы турат. Кыргыз жергесинен бу чеберчиликти өздөштүргөн жоон топ атлеттер аттанышкан. Алар Сергей Качурин, Александр Черных, Денис Никитин, Андрей Хребтов жана кыздардан Юлия Яйцевская, Миргүл Алиева, Минула Сафиновалар.


Көк бөрү
Мааракеде "Кабылан" машинелүү болуп маарып
Ысык-Көл облусунун 70 жылдык мааракесине карата Чолпон-Ата шаарынын ипподромунда улуттук ат оюндары ойнолду. Байге куржунуна 4 машине коюлду. Анын бирөөсү көк бөрүчүлөргө арналган. Финалдык оюнга Чолпон-Атанын "Кабылан" командасы менен Долинка айылынын "Кара-Ой" командасы чыгып, 14:1 эсеби менен "Кабыландар" утуп алган. Жеңүүчүлөр жеңил машина менен сыйланды.


Шахмат
А.Карпов +Г.Каспаров = суперматч
Испаниянын Валенсия шаарында шахмат королдору болгон Анатолий Карпов менен Гарри Каспаровдун 3 күндүк суперматчы бүттү. Кыска мөөнөттүн ичинде атаандаштар шахмат такта үстүндө 12 жолу жолугушту. Жалпы 9:3 эсебинде Гарри Каспаров жеңди. Акыл-эс оюнунун атамандары мындай беттешүүнүн дагы төртөөнү өткөрүүнү болжоп атышат. Аларды Россия, АКШ, Англия, Франция мамлекеттеринде болорун мелжеп, 25 жылдык чоң мааракеге арнашмакчы. Дүйнөнүн мурунку эки чемпиону мындан 25 жыл мурун биринчи жолу шахмат тактасы үстүндө кездешишкен.

Футбол
АФК президентинин кубогун ким жеңди?
Жекшемби күнү Тажикстандын Турсунзаде шаарында АФК президентинин кубогуна арналган финалдык беттешүү бүттү. Негизги мөрөй үчүн Нарындын "Дордой-Динамосу" менен тажиктердин "Регар-Тадаз" клубу жашыл талаага чыгышкан. Бу жолу да тажиктер жеңишке жетишти. Дегеним, былтыркы турнир кыргыз жергесинде болуп, анда "дордойлуктар" кубокту колдон алдырып ийген. Быйылкысында 2:0 эсебинде "Регар-Тадаз" командасы дагы утуп алганы белгилүү болду.