Тарс тамаша

Бакыт Төрөбаев, ЖК депутаты:
"Кабинетке келсеңиз, саунага барабыз"
Кайыргүлдүн кайырмак
Бул жолу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевди кайырмакка илүү үчүн, Кайыргүлгө атасы Кайырбек дагы жардамга келди. Алгач депутат менен Кайыргүл сүйлөштү.


- Алло Бакыт байке?
- Оуу…
- Менин атым Айжан болот.
- Та-ак.
- Байке, менин башыма бир иш түшүп атат…
- Ну и что? Ал менин проблемам эмес да. Менин деле башыма иш түшөт…
- Анын сизге дагы тиешеси бар да. Мен сизди тааныйм. Мени бир балдар коркутуп атат. Экөөбүздүн саунадагы сүрөтүбүздү жасап алышыптыр…
Бакыт Төрөбаев сөздү аягына чейин уккусу келбей, трубканы коюп салды. Кайра чалсак көпкө чейин телефонун албай атып, акыры алды.
- Алло, Бакыт байке, сиз коюп салдыңыз го?...
- Эй, сен кимсиң өзү, эй?!
- Мен сиздин таанышыңыз болом. Бир жолу таанышканбыз.
- Мен тааныбайм Айжанды! (Кыйкырып) Каерден тааныштык эле?
- Сиз сөздү до конца укпайсызбы?
- Ии, айта бер!
- Экөөбүздүн сүрөтүбүздү саунада отургандай кылып монтаж кылып алышыптыр. Мени коркутуп атышат.
- Ооба! Ооба! (Какшык менен)
- Миң доллар бербесең, гезиттердин баарына жарыялап, элге таратам деп коркутуп атат.
- Ооба! Ооба! Мен сенин телефонуңду жазып алдым, уголовный розысктын балдары барат. Ошолорго көрсөтүп берчи. Анан кийин сүйлөшөбүз. Болуптурбу? Менин балдарым барат.
Телефонун өчүрүп салды. Бир нече убакыт өткөндөн кийин Кайыргүлгө Кайырбек жардамга келип, кайра чалды.
- Алло, Бакыт мырза, бул "Учур" гезитинин "Кайыргүлдүн кайырмак" рубрикасы. Тамашаны туура кабыл аласыз деп ойлоп атабыз. Коркпой эле коюңуз, эч кандай сүрөтүңүз жок.
- Аа… Эми тамашаны туура эле кабыл алам да.
- Сиз негизи саунага барасызбы?
- Эй, сиз диктофонуңузду өчүрүп коюңузчу, эй! Не болуп атасыз өзүңүзчө эле? Сиздин фамилияңыз ким?
- ….иев.
- Сиз менин кабинетиме келсеңиз. Ошол жерден сүйлөшөбүз. Анан саунага барабыз.
- Жарайт.
Кайыргүл Кайырбек кызы, Кайырбек Кайырмаков




  Жакшы сөз жазчы

Жан эргиткен смс
Ооба, жакшы сөз жан эргитет. Адамдар көбүнчө ушак-айың, жаман көрүү сезимдери менен ооздорун булгап, ички дүйнөлөрүн кирдетишет эмеспи. Мындай шартта адамдардын аурасы эле бузулбастан, бүтүндөй коомчулукка да терс таасирин тийгизип, заман өзгөрүлөт тура. Ошондуктан, биз жылт эткен жакшы маанай тартуулоо үчүн жылуу идеяны козгоп турубуз.
Береги атактууларга СМС аркылуу жакшы каалооңуз, жан эргиткен сөзүңүз, кеп-кеңешиңиз, же сүйүүңүздү арнайсызбы, айтор, жакшы сөз жазсаңыз болду. Сиздин жүрөктөн чыккан сөзүңүз кадырлаган адамыңызга арналып, гезит бетинен орун берилмекчи. Эскертүү: сындаган, курулай каралаган пикирлер кабыл алынбайт. Дагы бир жагдай, биздин каармандардын кимисинин колдоосу начар болсо (СМС аз жазылса), андай колдоосуз адамды тизмеден чыгарып, башкалары менен толуктап турмакчыбыз. Бир чети кимдин күйөрманы көп, кимдин рейтинги эл ичинде жогору экенин да көрмөкчүбүз. Албетте, калыстык менен. Эмесе, урматтуу күйөрман, баалаган, жактырган атактуу адамыңызга СМС жөнөтүңүз, балким сизде сөз бермети жаткандыр. Чамдаңыз!

СМС үчүн телефон номери: 0 (555) 265825.


1.Аликбек Жекшенкулов, 2.Жаныш Бакиев, 3.Алмаз Атамбаев, 4.Акматбек Келдибеков, 5.Өмүрбек Текебаев, 6.Мирбек Атабеков, 7.Ильяз Абдразаков, 8.Бек Борбиев, 9.Өмүрбек Бабанов, 10.Болот Шерниязов. ( Кийинки саныбызда кимге көп СМС келсе, ырааты менен тизмедегилер өз ордуларын табышат. О.э. элдин колдоосуна ээ болбогондордун ордун жаңы адамдар толуктап турмакчы.)


Өмүрбек Бабанов, мен сизди ушунчалык сүйөм. Азыр мен 21 гана жаштамын. Менин эң таза сезимдерим сизге арналып, жүрөгүм сиз деп согуп калды. Жардам кылыңыз, балким жолугарбыз, сизди чексиз сүйгөн
Назико
Акматбек Келдибеков чыныгы жетекчи, нукура жигит.
Бешболуш
Бек байке, мынча неге сулуусуз?.. Адамды өзүңүзгө тартып турган касиетиңиз бар, аны өзүңүз деле сезсеңиз керек. Мен студенттик доорду сиздин ырларыңызды угуп өткөрдүм. Азыр үч баланын энесимин, дале сиз ырдасаңыз сүйүп угам. Сыналгыдан сиз ырдап калсаңыз, кызым: "апа, сиз жактырган ыр" деп чакырат. Сизге бекем денсоолук, үйбүлөлүк бакыт, түгөнбөгөн ыр дүйнө каалайм. Бар болуңуз, Бек байке! Мага окшогон күйөрмандарыңызды кубантып, ырдап жүрө бериңиз.
243 абоненти
Салам! Менин каалоом Ильяз Абдразаковго арналат. Ильяз ага, мен сиздин баардык ырларыңызды аябай сыймыктануу менен угам. Кыргыздын сиздей таланты болгонуна кубанам. Айрыкча "Азап" деген ырыңыз абдан жагат. Сизге кааларым, бул жашоодогу жаштык күндөрүңүздү ар дайым жакшылык колдоп жүрсүн, ден соолугуңуз бекем болсун демекчимин.
Иниңиз Болот
Болот Шерниязовду баалайм, ал адам чыныгы кыргыздын эр жүрөк жигити.
Канат
Текебаевди колдойбуз!
034 абоненти
Жаныш мырза, Балыкчыда камалгандарды кое берүүгө жардам кылсаңыз, сизге көлдүктөр батасын бермек. Жакшылык жерде калбайт да. Маселени чечип салыңыз, Кудай ыраазы болсун.
Көлдүк Мырзабек
Бардыгы мужиктер экен, кантип мактайбыз?!
894 абоненти
Мирбек Атабеков, кыргыздын желегин алыска желбиреткен эр азамат бол! Башкалардан өзгөчөлүгүң, жөнөкөйлүгүң, адамгерчилигиң, өзүңө жарашкан мүнөзүң менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болуп, эл ичинде эсен бол! Сенин чыныгы талантыңа баа берем.
Элина
Өмүрбек Текебаев, мен сизди инсан катары баалайм. Сиз чыныгы эркексиз!
Тимур
Мен Жаныш Бакиевди чыныгы мырза деп билем. Анын алтын башы аман болуп, учугу узарып, зоболосу дайым бийик болушун каалайм!
707 абоненти
Саламатсызбы, Акмат Келдибеков мырза?! Мен сизди абдан сыйлайм. Сиз кыргызга керек адамсыз. Сиз салыкка отурганы дайныңыз чыкпай кетти. Кызмат кылып атасыз, бирок, депутат болсоңуз мындан да көп элдин таламын талашат элеңиз. Мага окшогон күйөрмандарыңыз сизди трибунадан күтөт. Мурдагы парламенттеги жигердүү ишмердигиңиз уланса, эл ичиндеги кадыр-баркыңыз көтөрүлмөк.
Канай, Ош шаары
Аликбек Жекшенкулов, абактан аман-эсен чыгышыңыз менен куттуктайм! Ден-соолукта болуп, бар болуңуз!
968 абоненти
Өмүрбек (Бабанов) байке, сизден балалуу болгум келет.
Интернеттеги сулуу
Алмаз Атамбаев, сиз оппозициядан кетпеңиз. Эгер кетсеңиз оппозиция чачырап, элдин пикирин эч ким айтпай калат. Оппозиция, биримдиктүү болгула. А болбосо бийликке чекесинен жем болосуңар.
Орунбек
Мен Жаныш Бакиевге ден-соолук, жашоодогу ийгиликтерди каалайм. Бул кишини канча жамандашса да, ал өзүнүн аброюн жоготкон жок. Жаныш мырза, сиз президент болосуз!
739 абоненти
Аликбек мырза, биз сизди түрмөдөн чыккандан кийин телеге, же гезитке чыгат деп күттүк эле. Эмнегедир тилегибизди таш каап атат. Деги ден-соолугуңуз жакшыбы? Кабарыңызды билдирип койсоңуз боло?
Күйөрмандарыңыз Салима, Жылдыз