Гороскоп

14-сентябрдан 20-сентябрга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Кой жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендер алдыдагы аптаны жалаң финансы түйшүгү менен өткөрөт. Өзгөчө жуманын дүйшөмбү, шейшемби күндөрү акча маселесине байланышкан орчундуу суроолор менен алектенишет. Ал эми аптанын дем алыш күндөрүн алыс туугандар, же бейтааныш адамдар менен өткөрүүгө туура келет.

Букачар (21.04 - 20.05)
Букачарлар апта башында адаттагы иштерден колу бошобой, болгон энергиясын, убактысын ошол жакка жумшоого аргасыз болот. Ал эми аптанын экинчи жарымында эс алууга жагдай түзүлүп, ишемби, жекшемби күндөр баш айланткан ийгиликтер менен коштолот.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Дүйшөмбү маанилүү маселелерди чечүүчү күн эмес. Шейшембиде сизге материалдык пайда алып келчү сунуштар болот, бирок жакшылап ойлонуңуз. Жуманын ортосунда ишиңизде да, жеке жашооңузда да жагымсыз көрүнүштөр болушу ыктымал.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Аптанын ар бир күнү акча маселесине байланышкан проблемалар менен өтөт. Бирок, бул үчүн кечке ойлонуп, ден-соолукка зыян келтирүүнүн кажети жок. Аптанын акыркы күндөрүндө бул маселени чечүү жолдору табылып, эмки жума башында толугу менен "баш оорутмалардан" арыласыз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Арстан жылдызынын алдында жарык дүйнөгө келгендерди бул апта романтикалуу жолугушуулары менен кубантат. Бейшемби күнү сүйүктүүңүздү күтпөгөн жерден капысынан кезиктирип калышыңыз ыктымал. Ошондуктан, бул күндөрү жарашыктуу кийим кийип, өзүңүздү тыкан алып жүрүүгө аракет кылыңыз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Бул жылдыз алдында төрөлгөн мырзалар аптанын жарымынан көбүн кара күч эмгектерине жумшайт. Чыгармачыл адамдар болсо турак-жай маселесине байланышкан маселе менен алек болот. Ал эми айымдардын, тескерисинче, бош убактысы арбын болуп, көптөн бери кездеше албай жүргөн курбулары менен маектешүүгө шарт түзүлөт.

Тараза (24.09 - 23.10)
Тараза жылдызынын алдында төрөлгөндөр бул жумада ар тараптан активдүү болуусу зарыл. Анткени, дал ушул апта бактылуу келечекке жол ачып, кадыр-баркка ээ боло турган мезгил. Аптанын экинчи жарымы жагымдуу жолугушуулар менен коштолот. Ийгилик да сизден алыстабайт.
Чаян (24.10 - 21.11)
Аптанын башында жаралган проблемалар тез арада чечилиши керек. Анткени, жуманын экинчи жарымында ишиңизге байланышкан маселелерге көлөкөсүн түшүрүп коюшу ыктымал. Аптанын аягында коомдогу статусу сизден бир топ төмөн адамдар менен байланышууга туура келет. Кандай болгон учурда дагы бой көтөрүүдөн оолак болуңуз.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Бизнес жаатындагы адамдар үчүн жемиштүү учур. Өтө чоң киреше алып келе турган сунуштар болот. Өз энергияңызды таразалап алып, анан гана макул болуңуз. Окуянын өнүгүшү кабыл алган чечимиңизден көз каранды болот. Бирок, кандай гана болбосун, эс алуу күндөрүн жакындарыңызга арнаңыз.

Текечер (22.12 - 20.01)
Бул жума сүйүүгө учураган адамдар үчүн эң сонун белектерин аябайт. Ишемби күнгө чейин жагымдуу жолугушуулар, жакшы кабарлар болуп турат. Жекшемби күнү бир аз жагымсыз кабар угасыз, бирок жума ичинде алган энергия маанайыңыздын жайдарылыгын сактап калат.

Суупери (21.01 - 19.02)
Апта башында үйбүлөлүк маселелерди чечкениңиз оң. Анткени, жуманын ортосунан аягына чейин тез арада бүтүрө турган иштер чыгып калат. Аларды дароо ишке ашырууга аракеттениңиз. Апта аягында жакшы майнап чыгат.

Балык (20.02 - 20.03)
Сиздерге келе жаткан апта ден-соолукка байланышкан түйшүктөрдү ала келиши күтүлүүдө. Андыктан, дүйшөмбү күндөн баштап ал-ахбалыңызга көңүл буруп, суукка урунуп алуудан сактаныңыз. Ал эми аптанын аягында финансы маселеси менен байланышкан суроолор менен алектенесиз.

Даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА