Күүнү айтып черт!

Кыргыз көчү
Бул күүнү кулагы чалбаган кыргыз баласы болбогон чыгар. Бирок, толук таржымалын ар бирибиз биле бербесек керек. Ушул өңүттө күүнүн ээси Асанбек Кыдырназаровдун биртууганы Шүкүрбек Кыдырназаров агабыздан кеп сурап, санжырасын айтып берүүнү өтүндүк.

- Санжыра деп калдың. Чынында "Кыргыз көчүнүн" тарыхы тереңде жатат. Тиягы 1916-жылдагы үркүндөн биягы Улуу Ата Мекендик согушка чейин. Кыргыз элинин жашоо-тиричилиги, үрп-адаты, каада-салты, нарк-насили катылган. Биздин атабыз Кыдырназар деген киши болгон. Андан 3 уул - Асанкожо, Эсенкожо, Асанбек. Мен ортончусу Эсенкожодонмун. Үркүндү баарыбыз эле билебиз. Кыргыз эли кызылдай кырылган. "Орус келатат" деп Кытайга чейин төө менен көчүп-конуп, жөө-жалаңдап качып, ачкачылык бучкактап, эмне деген азап-тозокторду эл башынан кечирген. Чоң атабыз Кыдырназар Үркүндө Кытайга чейин барып-келген киши катары санжырасын айтып берип отурчу. Бул күүнүн биринчи маани-маңызы ушул жактан келет.
Ал эми экинчисин Асанбек байкем минтип баяндап чертчү: "1939-жылы эң улуу агабыз Асанкожону аскерге алат. Эки жылы Воронеж шаарында кызмат өтөйт. Мен анда тестиер жаш бала элем. 1940-жылы кыш айларында биздин үйгө айылдан Самса деген кыз келип калды. "Мен сенин агаң - Асанкожо менен сүйлөшүп жүрөм. Атам болсо башка күйөөгө берген атат. Ата-энеңе айтып түшүндүр. Асанкожону күтөм. Силерге гана бүлө болом" деп. Эки-үч күн аны ашканада катып, анан апама айттым. Үйдөгүлөр кеңешип-кесип Самса биздикинде туруп калды. Атам Кыдырназар кызындай кылып асырады. Ал аңгыча Улуу Ата Мекендик согуш башталып кетти. Жыл өтүп, "Асанкожо дайынсыз жоголду" деген кара кагаз келди. Нарындын Ак-Булуң айылынын көбү жайлоодо элек. Бул суук кабарды ошол жактан уктук. Самса кыз бойдон күйөөгө тийбей кара салынды. Буркурап ыйлап, кошок кошуп. Үйдө биз чурулдап, сыртта төөлөр боздоп. Кадимкидей көз жаштарын шорголотуп төгүп..."
Мунун баары Асанбек байкемдин көөдөнүндө кыттай орноп калса керек. 1958-жылы Москвадан театралдык институтту бүтүп келип, Нарын шаарында жаңы ачылган музыкалык драма театрга режиссер, актер катары жумушка кирген. Ошондо "Кыргыз көчүнүн" ар кайрыктарын бапестеп, барктап, кээ бир жерлерин толуктап отуруп, 5-6 жыл ичинде толугу менен бүткөн. Андан кийин жыйырмага чукул чоң-чоң күүлөрдү жаратты. Радионун алтын фондусуна жазылып, азыркы кезде сакталып турат. Ошолордун бири да бүгүнкү күндө угузулбайт. Аны кой, "Кыргыз көчү" күүсүнүн автору Асанбек Кыдырназаровду өкмөт бышчылары, маданият министрлиги эскерип да койбойт. Шаарда жок дегенде бир көчөнүн аты коюлган эмес. Бу кишинин актерлук жагы да эскерилбейт. Мен муну тууганы катары эмес, кыргыз элине, маданиятына, комуз күүсүнө күйгөн киши катары айтып атам. "Кыргыз көчү" күүсү эч качан өлбөйт. Ошол эле "Сынган бугу", "Насыйкат", "Камбаркандар" менен катарлаш экенине эл тараза болот деп ойлойм.
Сурат Жылкычиев




  Сал жорго!

Азамат Болгонбаев, төкмө акын:
"Айтыш" дүбүртү мындан да күчөйт"
Төкмөлүк өнөр менен жаштыгына карабай эл оозуна алынган акын Азамат Болгонбаев жакында үйлөнгөнүн кулагыбыз чалган. Көп өтпөй өзүнө жолугуп калдык. Акын менен чыгармачылык тууралуу сүйлөшсөк, балким интервью күчтүү чыкмак. Бирок, бул ирет андан четтеп, көбүнчө турмуштук суроолорду узаттык. Атактууларда деле көр тирлик бар эмеспи...

- Азамат, куш бооң бек болсун, жакында үйлөнүп, чоң турмушка сапар алыпсың?
- Турмуш куруу ар бир эле адамдын максаты болсо керек. Кудайдын буйругу экен, 25 жашымда ата-энемди келиндүү кылдым. Келинчегим Жайыл районундагы Орто-Суу айылынын кызы. Аты Жайнагүл. Комузда кол ойнотуп, элдик ырларды катыра ырдайт. Бишкек мэриясынын алдындагы "Доор" жана "Саамал" фольклордук тобунун солисткасы.
- Келинчекти азыркы "мода" менен бөктөрө качтыңбы?
- Жок, ой. Жайнагүл экөөбүз жарым жыл сүйлөшүп жүрүп, максат, тилегибиз төп келгенде баш коштук. Ата-энем сөйкө салып, кол менен алдык.
- "Азамат өз калыңын өзү камдады" дешет...
- Ата-бабадан келе жаткан ыйык өнөрдү Кудайым мага ыроолоптур. Ошонун арты менен ийгиликке жетип, өз калыңымды кимдап жатам десем болот.
- Бөлүнүп өзүңчө кетмей болдуңбу же ата-эне колунда каласыңбы?
- Өз алдынча түтүн булатууга шарт бар, үй-жай даяр дегендей. Бирок, азыр андай оюм жок. Анткени, менден кийинки иним жаш. Ал үйлөнгөнчө эч жакка кетпейм. Бир эсе ата-энеме келин колунан чай ичирбей көчө качкым келбеди.
- Жубайың да өнөр адамы экен, качандыр бир кезде ортодо чыгармачылык эрегишүү болот деп коркпойсуңбу?
- Андайга жол бергим келбейт. Түгөйлөр ортосунда ичара түшүнүү болуш керек. Чыгармачылык башка, көр турмуш башка да. Таң күнү "сенден мен кыйынмын" деп эрегишип жашаш кыйын го.
- Бирок бизде "эркек тапса, аял үйдө отуруш керек" деген көз караш жашайт эмеспи...
- Албетте, үйбүлөнү багыш эркектин милдети. Бирок аны колко кылып, "мен таап жатам" деш туура эмес. Мен үйлөнгөнгө чейин эле "майдачылыкка жол бербейм" деп өзүмө сөз бергем. Жубайыма бут тосуп, балага, көр тирликке шылтап, үйгө камайын деген ниет жок. Жайнагүлдүн талантын сыйлайм.
- Канча балалуу болууну пландап жатасың?
- Үйбүлө канчалык чоң болсо ошончо жакшы эмеспи. Ошол себептүү көп эле балалуу болсом дейм. Баары Кудайдын буйругуна жараша да.
- Азыр белгилүү жылдыздар үйлөнөр замат "бал айын" өткөрө баштады. Силер да бир жакка бардыңарбы?
- "Бал айын" өткөрүүгө үйдөгү шарт жол берген жок. Үйлөнгөндөн кийин атам сыркоолоп, ооруканага жатып калды. Көбүнчө айылда жүрдүк.
- Той кайсы ресторанда болду?
- Айылда чоң маданият үйү бар. Ошонун үлпөт залында өттү. Акын досторум келип, куттуктап ырдашты.
- Байкасам, башыңан калпак түшпөйт, тойду да кыргызча өткөрсөң керек?
- Тойду кыргызча өткөргөнгө мүмкүнчүлүк болбой калды. Эркектерге го костюм-шым менен калпак кийип алса эле жарашып калат. Аялга кыргыз кийим табылышы кыйын экен. Заказ берип, тиктиргенге убакыт тар болуп, жетишпей калдык.
- Аял алганда кээ бир жигиттер бой көтөрүп, көбөт дешет?
- Адам өзүнө өзү баа бере албайт эмеспи. Баарын эл сынайт. Бирок акындар арасында бой көтөрүү деген нерсе жок. Канча залкар төкмөлөрдүн жанында жүрдүм. Биринен да бул терс сапатты байкаган эмесмин. Баары жөнөкөй, адамкерчиликтүү эле. Биз алардын жолун жолдошубуз керек да.
- Үйлөнгөндөн кийин айтышта алдыңкы орунду ээлепсиң?
- Үйлөнөргө 10 күн калганда Нарында республикалык айтыш өткөн. Анда баш байгени жеңип алгам. Үйлөнгөндөн кийин Ош шаарында өткөн айтышта биринчи орунга татыдым.
- Акыркы кезде "Айтыш" дүбүртү мурдагыдай чыкпай калды. Буга не себеп?
- Антип айтууга болбойт. "Айтыш" дүбүртү мындан да күчөйт. Мамлекет колдоп, президент өзү көңүл буруп жатат. Болгону акыркы жылдары чоң жоготууларга учурап, бир аз басаңдай түштүк. Эстебес Турсуналиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиевдей аталардан айрылдык. Жакында эле Майра Керим кызы арабыздан учуп кетти. Мунун баары азбы-көпбү таасир берет экен.
- Илгери той-аштын көркүн силердей акындар аччу экен. Азыр кандай?
- Тойго барып ырдайбыз. Заказды көп эле беришет. Үйбүлөнү бага турган каражатты ушул тойдон топтоп келебиз. Бирок, төкмө акындарда "ставка" деген жок. Баа-баркты көтөрүп, баланча бер деп сурабайбыз. Азбы-көппү, той ээсинин көңүлүнөн чыкканын алабыз.
- Былтыр казактын Канышай деген төкмөсү Бегимайдын обонуна салып, сага тийишип ырдаганда, "Азаматты жактырып калыптыр" деген сөз чыкты эле. Чын-бышыгын өзүңдөн уксак?
- Ал жерде кичине түшүнбөстүк кеткен. Мен "берип кетчи билеригиң" деп ырдасам, ал эжебизге "билегиңди" дегендей угулуптур. Бегимайдын обонуна ошон үчүн салыптыр.
Санжи Туйтунова