Жалаң төш жээктин музасы

Оппозицияга жаккан ырчылар
Оппозиция десе эле кээ бирөөлөр ойлойт тура:
"булар бийлик талашып, митинг-пикеттерде күпүлдөп сүйлөп, сындамайга эле маш" деп. Жо-ок, оппозиция мүчөлөрү да жандүйнө эргитмейге, чыгармачылыкка да берилишет экен. Биз саясаттан сырткары ыр, муза дүйнөсүнө карата булардын оюн билдик. Азике оппозицияны "жалаң төш жээктегилер" деп коет эмеспи, бул жээктегилердин да жактырып уккан ыры, ырчылары бар. Анда кеп ушул жөнүндө кетсин.

Өмүке Гүлнараны чын эле баалайбы?
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев музыка жагына өтө деле ышкыбоз эмес, бирок патриоттук мааниде жазылган Мекенге арналган ырларды жүрөгүнөн баалайт. Негизинен ырдын сөзүнө, обонуна, ошого катар аны кандай деңгээлде жеткизе ырдайт (?), бул жагынан жакшы эле саресеп салат. Өмүке саясый жагынан туура үлгүнү көрсөтө алган ырларды баалайт экен. Ыр дүйнөсүнө сынчыл көз карашта карайт. Бир чети "Ата Мекен" лидерине кандай ыр, кайсыл ырчы жагарын ачык айттыруу кыйын болсо да, баары бир айттырдык. Ага Гүлнара Тойгонбаева ырдаган: "Кайсыл жерден болосуң деп сураба,/ Кайсыл элден экенимди сынаба,/ Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,/ Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп" деген ыры жагарын эшиттик. Бул ырдын сөзү, обону, анан аткаруучулук деңгээли да Өмүкенин табитине төп келишиптир.

Р.Отунбаевага жаш ырчылар жакпайбы?
СДПК фракциясынан депутат Роза Отунбаевага негизинен кыргыздын классикалык ырлары жагат. Ал бала кезинде Ошто чоңоюп, Рысбай Абдыкадыровдун концерттерине көп барыптыр. Маркум Рысбайдын ырлары Роза эжекебиздин жүрөгүнө терең батып, кийин Москвага окууга кеткенде да унутулбай бек сакталыптыр. Ошол бала кездеги уккан кыргыз обондорун кайда жүрсө да баалап, атургай Англия, Америкада иштеп жүргөндө да андай терең музаны кезиктирбептир. Бирок, жакында эле Кытайдын Кызыл-Суу автономиясында болуп, Фархад деген ырчынын "Кыялым" деген ырын угуп, Роза эжекебиз абда-ан аң-таң болуптур. Бир эсе Рысбайдан кийин мындай ырчыны укпаганына баа берсе, экинчи жагынан кыргыз ырчысы Кытайда мыкты чыгарма менен элдин жарпын жазганына ичи жылыптыр. Ал эми азыркы жаш ырчыларга Р.Отунбаева бир кылка эле баасын берет экен, суурулуп чыккан кыйынын көрө албай…

Темике Аиданын эмнесине кызыгат?
"Акшумкар" партиясынын төрагасы Темир Сариев скрипач Аида Баякованын сыздата созгон обонуна кызыгарын уктук. О. э. машинесинде кыргыз обондору жаңырып калат экен. Радиодогу кээ бир ырлар жакпай калса, дароо которуп, башка ырларды издеп укмай адаты бар дейт.


Ничешка Ненага "тамшанган" Наполеончик
"Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси Алмамбет (Наполеон) Шыкмаматов мазмундуу, эл-жерге сүйүү менен арнала жазылган ырларды баалайт. Гүлнур Сатылганованын "Санат ыры", "Ысык-Көлүм" аттуу чыгармаларын кунт коюп угат. Бул ырлардын сөзү, обону, аткаруучулук чеберчилигине дейре терең баалаганын, бийик деңгээлде экендигин жашырбады. Мындан сырткары, Наполеончик Ничешка Ненанын ырдаганын, сахнада өзүн алып жүргөнүнөн бери баалайт экен. Өзгөчө "Нарындан жазган салам кат" деп созгондо назары бурулуп, "тамшана" түшөрү байкалып калды. Дал ушул Ненанын аткаруусундагы ырды "Асаба" партиясынын мүчөсү Самсаалы Четимбаев да жактырып угарын эшиттик.

Орус мүнөз эжекебиз кыңылдаганда…
"Жалаң төш жээктеги (оппозиция дегенибиз)" сулуу айым Чолпон Жакупова "Таласым" деген ырды баалап, атургай Мирбек Атабеков созуп атканда жантыгынан жата калып угат экен. Орус мүнөз эжекебиздин башка ырларды мынчалык жактырбаганы да белгилүү. Кызыгы, "Таласымды" э-эч ким жок жерден Чолпон айым кыңылдап ырдап коерун да эшиттик.


Гүлнур менен Саламатты урматтаган Азике
БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровго ушунакай суроо менен кайрылсак, "ой, мен мына Сыймыктын "Күзгү нөшөрүн" угуп келатам, ойго батып. Телефон чалып, оюмду чачыратып салбадыңбы…" деп тамашага чалды. Азике негизинен кыргыздын элдик ырларын, залкар күүлөрүн баалап угарын айтты. Улуу муундардан Атай Огонбаев, Ашыралы Айталиев, Рысбай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдердин ырларын сүйүп укса, орто муундардан Бек, Сыймыктын обондорунан рахат аларын билдик. Ал эми жаш муундардан Мирбек, Урмат, Султандын ырларын да укса, ошондой эле айымдардан Гүлнур Сатылганова менен Саламат Садыкованын чыгармачылыктарын урматтаарын ачык билдирди.

Жоомарт мырза Г.Сатылгановадан башкасын билбейт
Бир сапар гезитибизден Жаным Айзат жаш оппозиционер Жоомарт Сапарбаевди жактыраарын билдирген. Бирок, Жоомарт мырза жаш ырчы кыздардын кимиси кайсы экенин ажыратып билбегенин, дегеле кыргыз шоу-бизнесинен тереңирээк кабары жок экенин айткан. Бар болгону Гүлнур Сатылганованын ырларын баалап угарын баса белгилеп, "Гүлнур Сатылгановадан башка ырчыларды жакшы билбейт экенмин" деп айтканы бар. Дегинкиси, башка жаш ырчылар жөнүндө билбегени кызык. Же орус мүнөздө чоңоюп, Америкадан окуган жаштарга кыкеңдердин анча-мынча ыр-чоорчулары бааланбай калабы?


Гүлзинат Бокени жактырса, а Бокечи?
Гезитибиздин кайсы бир санында ырчы Гүлзинат Суранчиева баалаган, жактырган саясатчысы катары Болот Шерниязовду атаган. Ал эми Болот мырзанын Гүлзинатка карай оюн сураштырсак, ал дагы Гүлзинаттын ырчылык өнөрүнө көңүлү түз экен. Атаңгөрү, төп келишүү бекен? Чыгармачылык, адамгерчилик жагынан го. Ошого катар Б.Шерниязов "Таласым" деген ырды, анан элдик обондорду жактырып угары белгилүү болду.

Иса Өмүркулов Жанеттаны жактырат
СДПК фракциясынан депутат Иса Өмүркулов элүүдөн ашса да, болбой эле өзүн отуздагы жигиттей сезип жүрөт. Кийингени тыкырайып, красавчик тим эле. Анан мындай тың оппозиционерге кандай ырлар жагарына кызыгып көрдүк. Иса мырза Атай Огонбаевдин ырларын, ошого катар элдик ырларды да жактырып угуп, саясаттан стресс алганда жеңилдегенге аракет кыларын билдик. Жаштардан болсо Оманын, Мирбек Атабековдун талантын баалайт экен. Ал эми "кыз-айымдардан кимисин баалайсыз?" деп сурасак, Жанеттанын ырдаганын, үнүн жактырарын жашырбады.


Митингдерден ырдап ийген Топчуке
Атаңгөрү, Топчубек Тургуналиев УТРКнын "Кош Жылдыз" теледолбооруна катышканда далайын шылып түшүп, биринчиликти жөн эле алмак беле дейсиң. Себеби, Топчукеде тубаса үн бар. Кээде митингдерден ыңгайы келе калганда ырдап, алакан ысыта кол чаптырат. "Биз жүргөн айлуу түн кайда?" деп созгондо, кудум Асанкалый агабыз ырдап аткандай элес калтырат. Анан эми Т.Т.га кандай ырлар жагарын баамдасак, мазмунга бай эски ырларды жактырат экен. Жылдыз Осмоналиева аткарган "Эсимдени" жогору бааларын билдик. Эгер Топчуке саясатка азгырылбай артисттикке ыктап кеткенде, эмгиче Эл артисти болуп, далай обонду жаратмак беле, ыя? Бийликке жаман көрүнбөй…


Семетей ТАЛАС уулу