Күрөшкө чыдабай

М.Жураев мандат тапшырды. Кезек кимде?
Жогорку Кеңешке КСДП фракциясы менен депутат болуп келген Мурат Жураев депутаттык мандатын тапшырды. Аны менен эле катар КСДП катарынан дагы кимдер чыгарылат?

"Радикалдуу оппозиция менен жолдорубуз башка экен" деди ал мандат тапшыруусунун себебин түшүндүрүп. "Мен социал-демократтардын катарына партия чындыгында эле конструктивдүү болуп, өлкө үчүн пайда келтирип турганда кошулгам. Партия лидери Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөндө КСДПнын алдында кандай максаттар турганын түшүнгөн элем. Бирок, убакыт өтүп, партия өтө радикалдуу болуп кетти. Мен радикалдуу чечимдерди эмес, конструктивдүү чечимдерди колдойм", - дейт Жураев. Анын айтымында, партия катарынан чыгуу үчүн эч кандай саясый кысым болгон эмес. Мындан ары ал курулуш иштери менен алек болоорун да кошумчалады.
Айрым саясатчылардын айтымында, оппозициячыл партияны алсыратуу үчүн бийлик ар кандай ыкмалар менен кысым жасап, депутаттык мандатын тапшырып кетүүгө мажбурлап жатат. Анткени, Мурат Жураев КСДП фракциясынан мандатын тапшырып кеткен биринчи депутат эмес. Ага чейин Рахатбек Ирсалиев, Осмон Артыкбаев, Жусупжан Жээнбековдор дагы дал ушундай кадамдарга барышкан. Акыркы күндөрү КСДП фракциясынан шайланган депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Мирбек Асанакуновдун депутаттык кол тийбестигин алып салуу маселесин Жогорку Кеңеш карайт деген маалымат бар. 23-июль күнү президенттик шайлоо учурунда Балыкчы шаарында чатак чыгып, жыйырмадай киши кармалган. Алардын арасында депутаттар К.Кадыров менен М.Асанакунов дагы бар эле. Укук коргоочу Акин Токталиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ушул тапта эки депутатка куугунтук жүрүүдө. "Эки депутатка "шайлоого тоскоолдук кылды", "бийликти алууга аракет жасады" деп, оор күнөөлөрдү коюп жатышат. Кадыровго карата өтө катуу куугунтук жүрүп жаткан кез" дейт ал. Эгерде бул депутаттардан кол тийбестик статусу алынып салынса, анда дароо эле кылмыш иши козголот…
Ушул тапта саясый элитанын арасын "КСДП фракциясынын депутаттары Бакыт Бешимов менен Иса Өмүркулов дагы мандат тапшырат" деген сөздөр аралап жүрөт. Кезек аларга жеттиби?
Дилбар АЛИМОВА




  Окуучулар сезими "өлдүбү"

Сейит Жаанбаев:
"рэкеттикти байдын балдары кылат"
Бүгүнкү билим берүү аксап, мектептердин өксүгү көбөйгөнү эч кимге жашыруун эмес. Ал кемчиликтер эмнеден улам чыгууда? Аны кантип жойсо болот? Ушул суроо менен КР билим берүү академиясынын кызматкери Сейит Жаанбаевге кайрылдык.

- Мектептерде китептин тартыштыгы бир канча жылдан бери айтылып келет. Бирок бул көйгөйдүн алигиче чечилбей жатышына эмне себеп?
- Ушу күндө жалпы республика боюнча 30% китеп жетишпейт. Эки жылдан бери бир да китеп басмадан чыга элек. Эми быйыл мамлекет тарабынан буга 80 млн. сом бөлүндү. Бирок бул акча деле таңсыкты жое албайт. Китеп жеке окуучу үчүн эле эмес, мугалим үчүн да керек. Тилекке каршы, бул да жолго коюлган эмес. Өткөндө социалдык сурамжылоо жүргүзүп, жаштардын көбү мугалим болуудан коркорун билдик. Көрсө, биз илгеркидей усулдук колдонмолорду, дидактикалык материалдарды чыгарбай калыпбыз. Эч кандай багыт болбосо, тажрыйбасыз жаш мугалим кантип сабак өтөт? Айта турган сөзү жок, окуучулар астында кем баа болгусу келбей качат экен.
- Көп мектептерде Россиядан, Өзбекстандан келген китептер окутулуп жатат. Бул жаштардын "мекенчилдик" сезимин өлтүрбөйбү?
- Кыргызды башка чаба турган нерсе ушул болуп жатпайбы. Түштүктүн айрым мектептери өзбек, тажик китептерин окуп жатат. Ал балдардан "президент ким десең?" "Каримов же Рахмон" деп жооп берет. Чүйдөгү уйгур мектебинде Казакстандан, орус мектебинде Россиядан келген китептерди колдонушууда. "Алиппесин" ачсаң, "Боже храни нас" деген гимн жүрөт. Мындай нерсе мамлекет бүтүндүгүнө урулган сокку. Эртең ал муундан кыргызга күйгөн адам чыкпайт. Бул боюнча президентке далай кайрылганбыз. Ал киши муну эске алып, "билим берүүгө көңүл бурулушу керек" деп кайрылуу жасады. Эми ошол нерсе аткарылабы же жокпу, белгисиз. Ортодогу чиновниктер деле көп нерсе чечет да.
- Өткөндө парта, доска, компьютер сыяктуу окуу куралдары жетишпейт деген маалымат таркады эле?
- Парта, доска азыркы күндө кудайга шүгүр, жетиштүү. Ал эми глобус, карта же лабораториялык аспаптар чыны кем. Жаңылбасам, булар 18 жылдан бери жаңылана элек. Компьютер менен 20% мектеп камсыз болду дешүүдө. Бирок, кеп анын санын көбөйтүштө эмес, пайдалана билиште эмеспи. Компьютер техникалык каражат болгон соң, балдарды ошол каражат менен окутушубуз керек эле. Мына кыргыз билим берүү академиясы электрондук китептерди чыгарган. Булардын бирин да мектептер колдонгон жок. Компьютер машинканын ролун эле аткарып жатат. Бош болсо балдар ойнойт экен. Сөздүн кыскасы, компьютердин нагыз функциясын түшүнбөй жатабыз.
- Учурда мектеп формасына байланыштуу нааразычылыктар чыгууда?
- Буга колунда бар ата-энелер эле каршы чыкпаса, колунда жоктору колдоп жатышат. Бир кемчилиги баасы. Бул жакта 600 сом турса, айылга барганда 2000 сомго сатылат экен. Мектепте форма сөзсүз болушу керек. Антпесе, балдар арасындагы социалдык ажырым ачык эле билинип калды. Бул көйгөй жөнгө салынбаса башынан бери чүмкөнүп, футболка, шортик кийгендер азайбайт.
- Билим берүү министрлиги физика, химия, математикадан берген мугалимдер аз экенин кабарлашты...
- Мурда чет тилчилер жетишчү эмес. Эми химия, физика, биология, математика боюнча мугалимдерге муктаж болдук. Мунун себеби көп. Баарын санап отурсак, кагаз чак келбейт. Ток этер жерин айтсам, кадр саясаты туура жүрмөйүн бул көрүнүш кайталана берет. Мына азыр мугалим болом деп дегдеп, 10-классты бүтөр менен мектепке кирген окуучулар бар. Айыл өкмөт, район жетекчилери ушул балдарды колдоп, окутса болмок. Андай болбой жатпайбы.
- Мындан 3-4 жыл мурун балдарга тамак бериле баштады эле. Бул иш-чара азыр кандай жүрүп жатат?
- Бүгүнкү күндө тамак уюштурууга эле 600 млн. сомдон ашык акча сарпталууда. Бир чыны чай, бир кесим нан үчүн оңбогондой каражат талаага кетип жатат. Ошол акчага далай китеп чыгарсак болмок да. Экинчиден, мыйзамга булочка деп жазып коюшкан. Аны көп айылдарда бышырбайт, район борборунан ташып келишет. Мисалы, Жумгалды алалы. Чаекте булочка бышырса, аны 60 чакырым алыс Кызарт айылына жеткириш керек. Кочкордо да ошондой. Ормон Хан айылындагылар булочка үчүн 80 чакырым жол жүрүшөт.
- Мектептеги рэкеттикти кантип жойсо болот?
- Коом кандай болсо, мектепте да ошол көрүнүш кайталанат. Рэкеттикти көбүнчө бардар үйбүлөнүн балдары кылат. Эртең бирдеме болсо сууруп чыкчу "крышасына" ишенет да. Мына өткөн жылы №5 мектепте бир баланы сайып, өлтүрүп коюшту. Атасы жок бечара экен. Энеси арызданып кала берди. Берки баланы болсо ага-туугандары түрмөдөн куткарып алышты. Азыр ээн-эркин эле жүрөт. Мындай нерсени тыйыш үчүн ириде бейбаштык кылган баланын ата-энеси жоопко тартылышы керек. Рэкетикке каршы билим берүү министрлиги жалгыз күрөшө албайт. ИИМ, УКМК, Эмгек жана социалдык коргоо министрликтери жапа тырмак киришип, мыйзам иштеп чыгышы абзел.
- Айрым адистер мектепке чогултчу акчаны мыйзамдаштырып, китептерди мурдагыдай ижарага берели деп демилге көтөрүп жатышат?
- Баш мыйзамда "билим берүү бекер" деп жазылган. Бирок, турмуш такыр башка нерсе тура. Ата-энелердин жардамы жок мектеп жашай албасын көрүп жатабыз. Акча жыйноого канчалык тыюу салсак деле токтобой күчөп жатат. Андан көрө мыйзамдаштырсак, каражат кайда жумшалганы көзөмөлдө болмок. Бирок, тыйынды мугалим эмес, ата-энелер комитети чогултса деген ойдомун. Эми китеп боюнча айтсак. Жалаң эле кыргыз мектептерин китеп менен камсыздаш үчүн миллиарддаган пул керек. Ага мамлекеттин чама-чаркы жетпейт. Ошон үчүн "китеп бекер болсун" деген курулай популизм. Өнүккөн мамлекеттерде деле китеп сатылат же ижарага берилет. Андан түшкөн акча кайра китеп басууга жумшалат. Колунда жок үйбүлөнүн балдарына гана жеңилдик беришет экен. Ушул жолго биз да өтүшүбүз шарт.
Санжи Туйтунова




  Таалим сабак...

Окуучуга ата-эне камкордугу
Орустун Л. А. Вегнер аттуу психологу балдардын аң-сезимин изилдеп, бир нече эмгектерди жазып, ыкмаларды иштеп чыккан экен. Айрымдарын окуп көрүп, гезитке жарыялоону чечтик. Анүстүнө бизде бул багытта иштеген адистер саналуу эмеспи. Баласын 1-класска жетелеп барган ата-энеге мындай табылга жардам берерине ишенебиз.

o Мектепке барчу баланы алгач психологиялык жактан даярдоо керек. Бала кичинесинен эле салыштырып, карама-каршы коюп, тыянак чыгара билүүсү шарт. Мындай аналитикалык ой-жүгүртүүнү калыптандыруу үчүн китеп окуп берип, кайра түшүнгөнүн сураңыз. Көңүлүн бир жерге топтоого, суроого жооп таба билүүгө, кыйынчылыкты жеңе билүүгө, баштаган ишти аягына чыгарууга үйрөтүңүз. Бул үчүн бала менен күн сайын баарлашып, кагаздан, пластилинден фигураларды чогуу жасашып, ойноп, китеп окуп берип туруу зарыл.
o Баланы 1-сентябрга чейин эле мектепке бир ээрчитип барсаңыз артыкбаш болбойт. Парта, досканы көргөзүп, булардын эмнеге колдонуларын айтып бериңиз. Класс жетекчиси менен тааныштырсаңыз андан жакшы. Мындай аракетиңиздин арты менен балаңыз мектепке тез үйүр алат.
o Өз алдынча кийингенге, батинкесинин боосун байлаганга үйрөтүңүз. Бала сабактан келгенден кийин бир аз ойношу керектигин унутпаңыз. Таң күнү китеп карматып, үйгө камасаңыз биринчиден түнт тартат, экинчиден мектепке болгон кызыгуусу солгундайт.
o Бала сабакка кетип жатканда тамагына көз салыңыз. Карандай чай, газдалган суусундук, чипсы, момпосуй менен өзөк жалгашына жол бербеңиз.
o Балага өтө эле катуу талаптарды коюп, аны аткарбаса жазалабаш керек. Сабакты жакшы билбегени үчүн аны элдин көзүнчө уяткарбаңыз. Бул баладагы өзүн-өзү баалоо сезимин төмөндөтөт.