Бороондон кийин…

Алмаз Атамбаев, СДПК лидери:
"Депутаттар сессияда эмес, сотто болот"
31-августта Социал-демократиялык фракциянын жыйыны болду. КСДПнын лидери А. Атамбаев ал жыйында каралган маселе тууралуу буларды айтып берди.

- Алмаз мырза, эгемендүүлүк майрамыңыз менен куттуктайбыз! Сиз бүгүнкү майрамды кандай тосуп, кандай белгиледиңиз?
- Бүгүн биз фракцияны чогултуп, партиялык иштерди карадык. Майрам күнү да иштедик.
- Фракциянын жыйынында кандай маселе каралды?
- Шайлоо кандай өткөнүн билесиңер. Шайлоодон кийин дагы биздин активисттерди куугунтуктоолор токтобой жатат. Ошол маселелерди карадык. Анын үстүнө 1-сентябрда Балыкчыдагы окуя боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз Жогорку Сотто каралат. Болбогон шылтоолор менен 13 киши камакта отурат. Фракциянын депутаттары сессияга барбай жалпы сотко бара турган болду.
- Бирок кийинки күндөрү социал-демократтар сессияга бара берет да?
- Кийинки күндөрү катыша берет. Анткени эл шайлаган. Эл менен кеңешпей эле кандайдыр бир чечим кабыл алуу туура эмес. Албетте, ар кандай сөздөр бар... Бирок биз ойлоп жатабыз, катышып турганы туура. Анткени өздөрү барып эле отуруп алган эмес да. Биздин депутаттарды эл шайлаган. Калган депутаттарды билбеймин. Керек болсо БШКнын мурунку жетекчиси качып жүргөндө биздин балдар барып жолукканда айткан. "социал-демократтар өткөн" деп. Ошондуктан, эл берген мандаттарын өздөрү эле таштап кеткени туура болбойт деп чечтик. Ал эми 1-сентябрда сессияга катышпаса, андан кийин барып катышат.
- Алмаз мырза, сиздердин фракциядагы депутат Мурат Жураев мандатын тапшырып кеткени тууралуу маалымат чыкты. Муну кандай кабыл алып, кандай чечим чыгарганы жатасыздар?
- Эми орустардын сөзү бар, Библияда айтылган: "соттобо, өзүң да соттолбойсуң" деген. Эми Муратты бирдемке деп айтыш кыйын. Анын жагдайларын, шарттарын билбейбиз. Ал деле адам. Мен билем, аны деле кысымга алып жаткан. Андай кысым акыркы бир жылдан бери уланып келаткан. Мен ошондуктан Мурат Жураевге жазында эле айтканмын, сени кыйнайт го, бизнесиң бар деп. Көрүп жатпайбызбы, кичине бизнеси бар адамдардын оппозициялык партияда жүрүшү кыйын. Бабанов болобу, Артыкбаев болобу, Жураев болобу, булардын биз менен жүрүшү оор нерсе. Адамды күнөөлөш кыйын. Адам деген адам. Кыргызстанда абал татаал. Мыйзамды тааныбаган, элди сыйлабагандар башкарып жатат. Азыркы мезгилдеги ар бир нерсенин чыныгы себептери, чыныгы негиздери дагы кийин, бир канча жыл өткөндөн кийин чыгат го. Ошондо билебиз.
- Бирок партиялык тизме боюнча Жураевдин ордуна башка талапкер депутат болуп келе берет да?
- Албетте келе берет. Жакында 15 күн абакта отуруп чыкты, Айбек Азыранкулов. Тизмеде анын кезеги. Балыкчыга жөө жүрүш кылабыз дегендер кармалганын билесиздер. Алардын арасында Айбек да болгон. Ал чыңалып келди. Аны эми коркутуш кыйын.
- Эртеңки сотко өзүңүз да катышасыз да?
- Менин башка иштерим бар. Депутаттардын баардыгы барат. Мен азыр так айта албаймын. Бирок билесиңер, күнү-түнү ушул маселе менен алышып жатам. Анткени, камактагы балдарыбызды, кызыбызды чыгарыш керек. Эң негизги маселе ошол. Бүгүнкү жыйында да ошол маселе каралды.
- Алмаз мырза, бүгүнкү жыйынга фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов ден-соолугуна байланыштуу катышпай калганы айтылды. Бул киши Кыргызстандабы? Келип фракцияны жетектейби?
- Эми ал ден-соолугуна байланыштуу болот. Бакытты билесиңер, билим жагынан, баардык жагынан жетишкен жигит. Буюрса, сакайып кетер. Балким, келип иштеп берет деп ойлоп жатабыз…
Айданбек АКМАТ уулу, "Азаттык"




  "Жасалма опокеге" жол жокпу?

"Гражданский брак"
"Досум дос эмес белек коон үзгөндө,
эми кас болдукпу бозо сүзгөндө"
(Эл макалы)


Учурда СДПК менен "Ата Мекен" партияларынын кошулуу маселеси катуу талкууланып, бул эки тарапты баш коштурууга ынтызарлардын саны арбын экени байкалууда. БЭКтин курамындагы ар түркүн оппозициялык уюмдардын мындай "Брачный контрактыга" жан үрөшкөндөрү күчтөнүү үмүтүнөн улам болуп, бул процесс башталып кетсе, башкалардын да биригүүгө умтулаары даяр экени көрүнүп турат. Чындыгында мындай "баш кошуу", акыркы шайлоодон кийин "алдырган баштанып" турган оппозициянын күчтөнүүсүнө зарыл аракет экенин да танып болбос.
Солчул социалистик базага негизделип куралган бул эки үлкөн партия, Социнтерндин (социнтернден да биригүү сунушу түшкөндүгү тууралуу маалымат бар) каалоосун эске алганда, түбөлүктүү биригүүсунө толук негиз бар, регионалдык лидерлеринин антипатияларын айтпаганда, карапайым электораты да бул жөрөлгөнү толук колдойт, натыйжасы - Кыргызстандагы эң таасирдүү күчтүн пайда болуусуна шарт түзмөк. Мындай кадам "ата мекенчилер" менен СДПКчыларга гана эмес, эң биринчи, партиялык түзүлүштү куруу маселесинен катуу аксап, карайлап турган кыргыз мамлекетине, элге айрыкча зарыл экендигинде да талаш жок.
"Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" демекчи, бул багытта кеп башталганы менен иш жылбай, тоскоолдуктар пайда болду. "Ата Мекен" партиясынын аппарат башчысы Алмамбет Шыкмаматовдун айткандары "жуучулардын" көңүлүн суу сепкендей кылып, "кудалашчуларды" араздаштырууга чейин жеткизди. Натыйжада, жаңыдан элеси пайда боло баштаган "Брачный контракт" кум сепилдей болуп ушаланып калды. Кудалыктын сый урматынан үмүттөнүп турган Форумдун кийиз үйүндөгү ак сакалдар менен "көк шакалдар" катуу нааразыланышып, баракча таратышып, эл душмандарынын тизмесин түзүп жибергенге үлгүрүштү.
"Жеңиштин атасы көп, жеңилиш жетим" демекчи, ар тараптан куюлуп жаткан кеп арбын. Маселен, "утулган Атамбаев кимге керек деп, Текебаев текеберленип СДПКны чанып, аппарат башчысынын оозу менен кошулбайбыз деп айттырып жатат, бийлик менен сүйлөшүп, парламенттен орун алууну көздөдү, СДПКга кошулса бийлик айнып айтканын аткарбай коет, "Ата Мекен" оппозицианын күчтөнүүсүнө каршы, биримдикти бузуп жатат"- деген сөздөрдү канчалык деңгээлде чындыкка коошот деп айта алабыз. Алмамбет мырзанын айткандарына кайрылсак, "кошулбайбыз кереги жок" деген сөз таппайбыз. Болгону кошулууга тоскоол боло турган объективдүү шарттар тууралуу ой бөлүшкөн. Кеп чынында кошулуунун сунушталган формалары менен СДПКга карата сот чечкен 16 миллион карыз кедергисин тийгизип, бир эмес, эки партия тең шайлоо процесстеринен четтетилип калуу коркунучу бар экени эскертилген. Бул факт чындыгында эле көңүлгө илбей койчу жеңил-желпи маселе эмес, кийин барып юридикалык "көк жөтөлгө" айланаары да турган иш.
Түбөлүктүү баш кошуу тууралуу сөз жүрүп жатканда, аңды-дөңдү карабай кыргыздын кыз ала качуу жоругуна салып, никелүү катынды алып алуу же алименттен доосу барга туш болуу сыяктуу жорук кимге керек? Кеп чынын айтсак, буларды күчтөп шашылыш баш коштуруу оппозицияны күчтөндүрбөй эле алсыздандыруусу толук мүмкүн экен. Андыктан акыл калчап ой жүгүртүүгө чакырган "Учур" гезитинин бул талкуусу турмуш зарылчылыгы десек жаңылышпайбыз. Ал эми жумурткадан кыр издеп, араздашуу туудургусу келгендер сырткы күчтөрдүн тапшырмасы менен оппозициянын ар бир иш-аракетине бут тосууга жан далбастап жаткандар экени бештен белгилүү. Кудай жалгап, алардын таасирине бөксөрөөк ээрчимелер менен маңыроо баштар гана азгырылууда.
Мындай араздаштырууга, бөлүп-жарууга багытталган кутумчулук оппозицияны айланчыктап жүргөндөрдүн арасында атайын кызмат тарабынан жалданып жиберилген бирин-экин "чалдардын", ж.б. эргулдардын бар экендиги айгинеленип турат. Алардын чагымчыл аракеттери шайлоо учурунда айрыкча байкалып, БЭК менен Сариевди жараштыруу "иш-чараларынын" алкагындагы кошумча кыймыл-аракеттеринен, оппозиционерлердин абройлоруна шек келтирип, ырктарын ыдыратуучу кадамдарынан байкалган. Муну эми болуп келген, боло берүүчү окуя дебей, көз кырды сала жүрүүчү маселеге айланганын эске тутуу керек сыяктуу.
Ал эми биригүү тууралуу ток этер жерин айта турган болсок, азырынча Атамбаев кошулууга толук даяр, керек болсо лидерликти да талашпай тургандыгын баса айтты. Дарыланууда жүргөн Текебаев болсо, биригүүгө "ата мекенчилердин" каршы эмес экендигин, тоскоолдуктарды толук таразалап, биригүүнүн жолун таап бириксе болоорун, ал күндөр алыс эмес, жакынкы келечектин иши экенин айтууда. Ошондой эле биригүү маселеси чечилгенче БЭКтин алкагында СДПК менен бирге иш жүргүзүп, тыгыз кызматташууну уланта беришерин, сентябрдын экинчи декадасынан баштап оппозициянын күзгү иш-аракеттери боюнча кызуу аракеттер башталаарын айтып жатат.
Демек "Брачный контракт" түзүлүп, паспортторго штамп коюлуп, мамилелер юридикалык жактан бекемделбеген менен, баары бир бирге болуп, биригип иш кылабыз дегендерине караганда, булардын баш кошуусу азырынча "Гражданский брак" сыяктуу болот шекилдүү.
Ал эми эл оозундагы "күнүмдүк келечекти чагылдырган келечексиз бычышуу оюндары" реалдуу күчтү жаратпасы да анык. Андыктан, таразанын ташы "жасалма оппозиция" болуп бергиси келгендерге ооп кетип, элдин сөзү будамайланып калбагай эле, иттики...
Сабыр Муканбетов,
саясый баяндамачы