Соболчак

- ОДКБ кызматкерлерине жана алардын үйбүлөсүнө жеңилдик берилип, дипломаттык иммунитетке ээ болсун деген мыйзам долбоору даярдалып, ЖКнын коргоо, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктар комитетинде каралды. Эгер бул мыйзам колдоо тапса, "Ганси" окуясындай жорук кайталанбайбы?

Өмүрбек Текебаев,
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы:
- Бул эл аралык уюмдун жарандык миссиясын аткарган эксперттик кызматкерлеринин дипломатиялык иммунитети болушуна каршы эмесмин. Ал эми куралчан, сокку уруучу аскер бөлүгүнүн адамдарына кол тийбестик берүүнүн кажети жок. Анткени, ар кандай нерселер болушу мүмкүн. АКШ авиабазасынын жөнөкөй жоокерлерине дипломаттык статус берип, оозубуз күйбөдү беле. Ошол тарых кайра кайталанбашы керек.

Токтогул Какчекеев,
саясат таануучу:
- ОДКБга мүчөбүз. Демек, бул демилге бизге да тийиштүү. Анткени, биздин жоокерлер да ОДКБга мүчө башка мамлекетке барса, ушундай статус менен корголот. Бул жерде "Ганси" окуясы кайталанат деп коркууга негиз жок. Эгер андай болсо, ал адам өз мекенине барганда сөзсүз жазасын алат. Анткени, ошондой талап коюуга толук укуктуу болобуз.

Азиза Абдрасулова,
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
- ОДКБ эл аралык, НАТО менен альтернатива түзө ала турган аскердик уюм. Негизи элчилерге, дипломаттарга иммунитет берилиши керек. Антпесе, иш алпаруу кыйынга турат. Бирок, ОДКБ кызматкерлери көбүнесе аскер адамдары болуп жатпайбы. Жеке пикиримде, иммунитет берер астында "эгер биздин өлкөдө кылмыш жасаса, биздин мыйзамдар менен жоопко тартылсын" деген талап коюш керек.

Эмил Алиев,
"Ар-намыс" партиясынын лидери:
- Бул деген геосаясат. Башында "Гансиге" статус берген соң, ОДКБга да ошондой мамиле жасаш керек. Менимче, ОДКБнын бул талабы туура. Ал эми "бул уюмдун жарандык миссиясын аткаргандар кол тийбестикке ээ болсун, аскерлери жөн калсын" деген пикирге кошулбайм. Берсе баарына бериш керек, бербесе баарына бербеш керек. Негизи мен кол тийбестик берүү демилгесине каршымын. АКШ жоокерлерине ушундай статус берип эмне болдук эле?

Амангелди Муралиев,
экс-премьер-министр:
- Мен бул демилгени толук колдойм. Анткени, ОДКБга мүчөбүз. Бул уюмдун кызматкерлерине кол тийбестикти мурун эле берип, биздин мыйзамдардын чегинде иш алпаргыла десек болмок. Эми статус деген ишенич. Ошол ишенич кимге берилсе аны актоо керек. Биз да ошондой талап коюшубуз шарт.

Табылды Орозалиев,
ЖК депутаты:
- Бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Анткени, документ колго тие элек. Мыйзам менен толук таанышып чыккандан кийин гана пикиримди билдирем. Жөн эле божомол кылгым келбейт.

Собол узаткан Санжи Туйтунова




"Жаш мугалимдер үчүн депозит" конкурсу
"Жаш мугалимдер үчүн депозит" конкурсу жарыяланды. Билим берүү министрлигинин маалыматына таянсак, сынакка жаш адистер 20-сентябрдан 20-октябрга чейин катыша алат. Сынактын негизги максаты - мугалимдин тартыштык көйгөйүн чечүү жана жаш кадрларды жалпы билим берүү мекемелерине тартуу. Эске сала кетсек, бул программа алкагында алыскы региондорго 2004-жылы - 200, 2005-жылы - 300, 2006-2007-жылдары - 700, 2008-жылы - 600 жаш кадр жөнөтүлгөн.


Эки адам чөгүп өлдү
Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда эки жаран окшош жагдайда каза тапты. Арча-Бешик конушунун 18 жаштагы тургуну Аламүдүн суусуна кулап кетип дароо жан берген. Ушул эле күнү Баткенде Коргоо министрлигинин кызматкери Сох дайрасына 50 метр бийиктиктен учуп түшкөн. Учурда анын сөөгү табылбай, изделип жатат.


Ысык-Көлдө казак жараны каза болду
Ысык-Көл облусунда Алматы шаарынын тургуну автокырсыктан каза болду. Ал 30-август күнү Бостери айылындагы "Асыл-Таш" пансионатынын жанындагы бадалды аралай квадроцикл тээп жүрүп ала салып кеткен.


Өрт өрчүй баштадыбы?
Өлкө боюнча 28-августан 31-августка чейин 42 өрт кырсыгы катталган. Мындай маалыматты мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү башкармалыгы таркатты. Маалыматка таянсак, 29-августта Чалдыбардагы №2 мектепте өрт чыгып, парта, отургучтарды жараксыз абалга келтирген. Ушул эле күнү Ош шаарындагы өрттөн 1990-жылы туулган кыз катуу жабыркаган. Ал эми 31-август майрам күнү Ново- Покровкадагы №2027 аскер бөлүгүнүн кампасы толугу менен күйүп кеткен. Анда 3 тоннадай көмүр, 2 кубометрге жакын жыгач отун жана 40 матрац болгон.


Эки башкыр турист Кыргызстанда каза тапты
Орусиялык эки турист каза тапканын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ кабарлады. Маалыматка караганда, 30-августта Суусамырга Башкырстандан келген туристтер тобу жөнөп кеткен. 31-августта 8 киши түшкөн кеме Көкөмерен суусунда омкорулуп кетип, 45 жаштагы Марат Муфтафин жана 56 жаштагы Рамин Суфияров каза тапкан.


Атамбаев айтат...
Акыркы кезде А.Атамбаевди бийлиги да, анан ага таарынгандар да "катуу жаңылды" деген суу кечпеген кинелерди коё баштады. Бирок, Алмаз мырза мындайларга оң жооп берери боюнча эшиттик. Жакында...


Жакырдын көбү элетте
Жакырлардын 70-80%ы айыл жеринде жашайт. Бул маалымат Адам укугу боюнча жарык көргөн жыйнакка жарыяланды. Андагы изилдөөгө таянсак, элеттиктерге техника, финансы каражаттары жетишпейт. Өз алдынча иш баштоого мүмкүнчүлүктөрү аз. Жыйнак авторлорунун пикиринде, өлкө экономикасы айыл турмушу жакшырмайын өспөйт. Ошол себептүү мамлекет буга көңүл буруп, ага бөлүнчү дотацияны көтөрүшү абзел.


Мигранттар катуу текшерилет
Башпаанек алгысы келген чет элдик жарандарга талапты күчөтүү керек. Мындай мыйзам долбоору ИИМ тарабынан даярдалып, ЖК фракцияларында каралууда. ИИМ министринин орун басары Талантбек Исаев мындай чара көрбөсө, өлкөдө кооптуу абал жаралаарын билдирген. "Афганистан, Пакистан, Сомали, Шри-Ланкадан келген "коноктор" Кыргызстанды үчүнчү бир өлкөгө чыгуучу транзиттик жол катары пайдаланат. Бул аракети ишке ашпагандар биротоло калып жатат. Көбүн текшере келгенде мурда кылмышка тиешеси бар экени ачыкка чыгууда" дейт ал. Мыйзам долбоорго ылайык, бизге келген мигранттын мурда соттолбогондугу тууралуу справкасы болушу шарт жана ага дароо эле жарандык берилбейт. Кеминде беш жыл күтүп, сыноодон өтөт.


Белгилүү коомдук ишмер, "Ата Мекен" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири
Улан ОРОЗАЛИЕВдин
дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу анын үйбүлөсүнө, жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Азасын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун!
"Ата Мекен" партиясы




Белгилүү коомдук ишмер
Улан ОРОЗАЛИЕВдин
дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байлыныштуу анын жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
"Учур" гезитинин жамааты