Шефке каяша айттың беле?

Мындайга албетте, ар бир эле адамдын жүрөгү даабайт. Анткени, жетекчи деген жетекчи. Бир четинен ал да сенин кылган ишиң үчүн башкалардын алдында жоопкер, экинчи жагынан кантсе да колунда бийлиги бар. Арты жаман бүтүп калышы мүмкүн.

-Асылбек ӨЗҮБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:
"Мен эркин адаммын"
-Жетекчилик менен айтыша кеткен учурлар көп эле болгон. Өз оюң болгондон кийин аны айтууга укуктуусуң да. Бирок, ошол үчүн "мени жумуштан кетирем, айлыктан кыскартам" деп кек сактаган бири да болгон жок. Жетекчилер жагынан негизи эле мага Кудай жакшы адамдарды бериптир. Анүстүнө өзүм деле аябай чоң кызматтарда, же таптакыр эле бирөөдөн көз каранды болуп иштеген жокмун. Мен деген эркин, чыгармачыл адаммын да.

Тата Улан, ырчы:
"Жетекчим менен 2 күн сүйлөшкөн жокмун"
-Болгон. Бирок айтпай эле коеюнчу. Мен үчүн бул өтө коркунучтуу, анткени, ал адам азыр маданият министрлигинде министрдин орун басары (күлүп). Ороз Айдаров бир кезде бизге жетекчи болгон. Ошондо бир топ эле айтышып кеткенбиз. Мен да айтканыман кайтпай, ал дагы көкбеттенип эки күн сүйлөшкөн жокпуз. Үчүнчү күнү чогуу кыла турган иш чыгып калып, экөөбүз тең чыдабай күлүп ийгенбиз. Ошентип, кайра тил табышып кеттик.

Мырза АЙДАРАЛИЕВ, УТРК кызматкери, клипмейкер:
"Шефим мени коркутуп жүрдү"
-Жакын арада эле шефим менен урушуп кеттим. Телевидениеде ар кандай нерселер боло берет эмеспи. Анүстүнө менин кылган иштерим көрүүчүлөргө, кесиптештерге, иши кылып баарына эле жагат. Болгону ошол адам таптакыр жактырбай койду. Мен да чыдабай өз оюмду айтып салгам. "Жумуштан кетирем, командаңды чачыратам" деп коркутуп жүрдү. Бирок, мен өзүмдүн ишим менен кайра эле өзүмдү көрсөтө алдым. Кандай мыкты кызматкер экенимди ошону менен далилдедим окшойт. Азыр эми, Кудайга шүгүр, мамилебиз кайрадан түзөлүп калды.

Добр, рэпер:
"Бетине эле айтам"
-Биздин үйбүлөлүк бизнесибиз бар. Ал жерде атам шеф. Андан башка жетекчинин кол алдында иштеп көрө элекмин. Ошол себептен шефке каяша айткам деп айта албайм. Анткени, өз атама каршы сүйлөй албайм. Атам деле менин кыжырыма тийген, туура эмес иштерди кылбайт. А негизи, өзүмдөн улуу адамдар туура эмес сүйлөсө, жаш курагына карабай эле бетине айтып салам. Андай жерлерде өзүмө жооп бере албайм.

Гүлсина ЧОТОНОВА, актриса:
"КТРдин бир президенти мага эрегишип..."
-Албетте, болгон. Жумуш боюнча пикир келишпей калганда андай нерселер көп эле болот. Жеңили да, олуттуусу да болот дегендей. Кээде өз оюңду жетекчиге эркин билдиргениңдин аркасынан жабыр тартып каласың. Мисалы, атын айтпай эле коеюн, улуттук каналдын президенттеринин бири мага "Арноо концертинен" каяктагы бирөөнүн ырын бербейсиң деп аябай өчөшкөн. Мен да өзүмдүн позицияман кайткан жокмун. Анысы же эл артисти, же эмгек сиңирген артист болбосо, жок дегенде талантуу болсо да күнөөмдү мойнума алмакмын. Жетекчимин деп эле турган жерден анте берген болбойт да.





Жигиттин гүлү
Өмүрбек АНДАРБЕКОВ:
"Версустун" кыздарын кайтарып жүрдүм"

Былтыркы жылы кыргыз шоусунда жаңылык кылып, бир эмес үч алтын медалды Америкадан утуп келген Өмүрбек Андарбеков быйыл да Америкага барып, дагы бир жолу Кыргызстандын намысын коргоп келди.


-Өмүрбек, Америкага кандай барып келдиңиздер?
-Эң сонун. Бирок былтыркыдай эс ала алган жокмун. Ал жакта "Версустун" кыздарын кайтарып жүрдүм (күлүп). Кыздардын бири да англис тилин билбейт экен, аларга тил жагынан жардам берип аттым. Экинчи жагынан кыргыз кыздары сулуу келишет эмеспи. Анан бирөө эмес, төртөө менен чет элде жүрсөм, аларды ага катары кайтарышым керек да.
-Алар сизди коштоп барышты да?
-Мени коштоп дагы чыгышты, өздөрүнчө дагы номер көрсөтүштү.
-Анан кандай ийгиликтер менен кайттыңар?
-Чикагодо дүйнөдөгү түрк тилдүү элдердин фестивалы өттү. Конкурс эмес, фестиваль болгондуктан, орун берилген жок. Жөн гана сертификаттарды ыйгарышты. Биз эл сүймөнчүгүнө татыган үчүн атайын сертификатка ээ болдук.
-Эмне үчүн түрк тилдүү элдердин фестивалы океан ары жагында өткөрүлдү деп ойлойсуз?
-Менимче, бул деле саясый кадам болсо керек. Фестивалды негизинен түрктөр өткөрүштү. Алар америкалыктарга түрк тилдүү элдин талантын, дүйнөлүк коомчулукта канчалык роль ойнорун көрсөткүлөрү келди окшойт деп ойлойм. Мисалы, Анкарада өткөрсө уюштуруучуларга дагы, катышуучуларга дагы 10 эсе арзан түшмөк.
-Кайсы бир чет мамлекеттеги Кыргызстандын толук ыйгарымдуу элчиси болгуңуз келерин укканбыз. Кайсы өлкөгө баргыңыз келет, канча тил билесиз?
-Азырынча англис тилинде эркин сүйлөйм. Анан элчи болот десе эле экономикасы гүлдөп өскөн, бай мамлекетке барып отуруп алуу эмес менин максатым. Кудай буюруп, ошол тилегиме жеткирсе кайсы мамлекетке жиберсе да, ошол мамлекеттин экономикасын, маданиятын, ички-тышкы саясатын билип алып, эң жакшысын Кыргызстанга сиңиришим керек. Кыргызстандын да кадырын түшүрбөй татыктуу кызмат кылгым келет. Кайсы гана мамлекет болбосун, анын алдында өз мекенимдин аброюн көтөрүүгө мен даярмын.
-Демек саясатка кошулайын деген тилегиңиз бар экен да?
-Ар бир адам мамлекеттеги жагдайды билип, саясаттан кабардар болуп турушу зарыл.
-Кыргызстандын өнүгүүсүнө эмне жетишпейт?
- Эмгекчилдик. Биздин эл - жалкоо. Болгону ар бирибиз өз милдеттерибизди так аткарсак жакшы болот эле. Анткени, бизде өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр толтура.
-Өзүңүз туурасында айтылган ушакты кандай кабылдайсыз?
-Кудай астында таза болсом болду, калганы ошол, мени ушак кылган адамдын абийирине коем.
-Мисалы, сизди Асел Турдалиева менен "мамилеси" бар экен деп айткандар бар...
-Асел эжени адам катары сыйлайм. Боорукер жан. Талантына таазим этем. Экөөбүздүн дуэттерибиз да атайын улуу муун менен кичүү муунду бириктирген долбоор аркылуу болгон. Ал эми андай сөз айткандарга Кудай турат.
-Сизди мактанчаак десе чычалабайсызбы?.
-Андай сапатымды өзүмдөн байкабайм. Өзүм таластык болгонума байланыштуу ошентип айтып коюшат болуш керек.
-Достукка бексизби?
-Ооба. Мен бүгүн Кудайга миң мертебе ыраазычылык кылам. Анткени, акчага элдин баары арбалып турган заманда чыныгы дос, чыныгы сүйүү табуу кыйын. Ошого карабай Кудай мага төрт дос тартуу кылган. Төртөө тең мыкты адамдар.
-Аял кишиден дос күттүңүз беле?
-Ооба, дагы деле аял досторум бар. Негизи "аял менен эркектин ортосунда достук болбойт" дегенге кошулбайм. Ар ким өзүнүн оюна жараша иш кылат. Ою бузуктар эч качан дос боло алышпайт.
-Президенттин берген үйүн кайсы эмгегим үчүн алдым деп ойлойсуз?
-Былтыркы жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу АКШдан биринчи ийгиликке жетишкен кыргыз болдум. Ошол үчүн го дейм.
-Мисалы, маданият тармагында 20-30 жыл эмгек кылып, дагы деле менчик турак-жайы жок адамдар бар да. Анан туруп эле сиздин мындай белек алышыңыз адилет болду дейсизби?
-Менимче, бир замандын күнөөсүн экинчи заман тартпашы керек. Мен билем, бүгүнкү күндө канчалык эмгек сиңирсе да аты унутулуп, тийишттүү мамиле кылынбай калгандар көп. Алар совет дооруна кызмат кылган адамдар. Ал эмгектердин бааланбай калышына бүгүнкүлөрдүн күнөөсү аз деп ойлойм.

Даярдаган Бегимай БАКАШЕВА