email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Сотканадан

"Чубактын кунундай"...
Кечээ экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун иши 1-май райсотунда каралды. Сот процессине баллистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер катышып (алар тапанчаны чуулганга айлантышып, кылмышка катышы бар деп таап чыгышкан), кызык жагдайды жаратышты. Сотто А.Жекшенкуловдун адвокаттары берген суроолорго эксперттер так жооп бере алышпай, буйталактап, кандайдыр шек жараткандай болушту. Эң башкысы, Аликенин күнөөлүү эмес экендиги боюнча жагдайлар ачыла баштадыбы? Айтор, дагы кызыктар алдыда го...


  "Экстики эп" дечү

М.Абдылдаев унчугабы?
Экс-Генпрокурор, экс-министр, экс-администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаевди унуткан жоксуңарбы? Бу киши жакында гезитибизге үн катмай болду. "Болду жетет, эки жыл унчукпай отурдум, эми эл үчүн акыл-тажрыйбамды ортого салайын" деди. Мыктыбек мырза ордунан жөн козголчу эмес эле, алдыдагы саясый кырдаалдан бир балээни сездиби (алдын-ала саясый прогнозду так айтмай жайы да бар)? Же инилери аксап, оппозиция айдыңы алсыраганда бел болоюн дедиби? Айтор, азырынча Чүйдүн мыктычыкмасы эмне маселени көтөрүп чыгаарын ачык айтпады. Балким, ажо Курманбек Бакиевге оппозиционер болуп чыгабы? Кайсы үлкөндөрдүн башын кошот? Кыскасы, суроолор көп. Мыктыбек байкебиз жети өлчөп бир кескен адам да, бу саам кандай жүрүш жасайт (?), анысын көрө жаталы.

"Учур" пресс