Маскачан баатыр

"Бакиевге оппозициянын талаада кыйкырганы эп"
Оппозициячыл партиялардын биригиши туурасында редакцияга атын атагысы келбеген саясый саресепчи ушундай пикирин билдирди.

- Бул туурасында сүйлөшсөк, акыркы төрт-беш жылга саресеп салып көрөлү. 2005-жылы Элдик кыймыл жеңишке жеткен. Оппозиция биригип, Акаевдин үй-бүлөсүнө каршы пикирди көтөрүп чыгып, артынан элди ээрчиткен. Ошондо алар бир чоң үлгү көрсөтө алышкан. Андан бери оппозиция кандай гана түрдө биригип келбеди. Башында алар "Таза шайлоолор үчүн-2005", кийин "Конституциялык реформа үчүн", анан Бириккен фронт, акыры БЭКке баш кошушту. Ушунун барынан эмне майнап чыкты? Элдин эси кетти, өздөрү талаада калды. Ортосунда жүргөндөрдүн бир тобу бийлик тарапка кетти. Эгерде эски жолун эстесек, бул бирикмеден дагы эле пайда чыкпайт. Анткени, булар ушул күнгө чейин эски нукта күрөшүп келет.
Макул, эки партия биригип, БЭКтин 11 жолбашчысы парламентке келип отурду дейли. Анан эмне болот, баягы эле, блок-фракциялар кагылыштары, талаш-тартыш. Бакиевдин арабасына оппозиция таяк сунат. Президентке ушундай окуялар керекпи? Таптакыр кереги жок! Эски нукта бириккен оппозиция эч кимди ыраазы кылалбайт. Ошондуктан, кышка чейин Бакиев парламентти алмаштырбайт. Бакиевге оппозициянын парламентте эмес, талаада кыйкырганы ылайык. Кызматы жок болгондуктан, жумушсуз адамдардын кыйкырыгын тоготпойт. Бакиев аларды каалагандай коркутуп, камаганын камай берет. Оппозиция кандай бириксе да, Бакиев эч качан аларды парламентке киргизүүнү каалабайт жана жолотпойт. Эгер оппозиция партиялык күрөшкө даярданып атса, эртең Бакиев мыйзамга өзгөртүү киргизип, бир мандаттуу шайлоо кылып, шайлоо округдарын бөлүштүрүп, ар бир оппозициянын талапкерине 2-3 каршылашты коет. Ушунун баары ыктымал. Оппозиция жашыруун түрдө өз алдынча аналитикалык борбор түзүп, ага акыл-эстүү саясат таануучу, экономист, саясатчыларды топтоп, алар Бакиевдин кадамдарын алдын-ала эсептеп, президенттин ар бир кайрылууларын талкалап турушу абзел. Эл ал эки кайрылууну таразалап, кайсы жагына салмак ташы оосо, ошол жагына оойт. Эгерде идея жагынан каршылаштыгы чабал болсо, анда биздин саясатка элдин көзү жана кызыгуусу гороскоп боюнча кала берет. Элдин сезимин ойгото албаган соң, эл көтөрүлбөйт.
- Негизинен эле бул эки партиянын биригерине ишеним арта аласызбы?
- Лидерлер кол алышса, партиялар теориялык жактан бириге берет. Алардын аймактык ячейкалары борбордук аппаратка тиешеси жок экенин жакшы билебиз. Жазда Текебаев кааладыбы - кошулду, каалабадыбы - "Акшумкар" кошулбады. Партиянын же БЭКтин оюн эч ким сурабады. Бирикме ички интрига менен чечилген саясат болуп калган. Теория жагынан алганда оппозицияга биригүү керек. Бирок аларга эл терең ишениш керек. 2005-жылы кандай бириккен, дал ошондой негизде. Бакиевди жеңиш үчүн дагы 3 облус Бишкектин карамагынан толук чыгыш керек, Бакиевди "жогол!" деш керек. Ошондо булардын артынан эл эрчийт, а биригүүнүн максаты парламентке отуруш эле болсо, анда элге анын пайдасы жок. Бакиев Байболовду кандай ыргытты, так ошондой Текебаев менен Атамбаевди да ыргытып салат. Эл жолбашчыны ээрчимейин бул экөөнүн колунан көп нерсе келбейт. Бирок экөө эл күткөндөй боло алышабы? Эл кандай жолбашчыны күтүп жатат билбейм. Балким Манастай…
- Бул партиялардын биригишинен эл кандай пайда көрөт, коомго не берет?
- Жөнөкөй элге - жөнөкөй чечим керек. Элге өтө куйту комбинациялар түшүнүксүз. Эгерде экинчи варианттагы бирикме болсо, анда элге пайдасы жок. Булар кошулса деле, кошулбаса деле элге баары бир. Экөөнүн бирикмесине 100% ишенсе жакшы, а эгерде элдин ичи жылымык болуп, бирок ысыта албаса, анда майнап чыкпайт. Эмне үчүн элге бийликтин бары да, жогу да бирдей? Анткени, Кыргызстандын 90 пайыз калкы бийликтен кол жууган, байланышы жок, өкмөтүбүз элди бакпайт. Эл өзүнүн нанын өзү таап жүрөт. Анан алардын баарынын кереги не? Өкмөт кызматчылары өз бизнеси менен алек. Бакиев не деп атат, элге баары бир. Эл жолбашчыны карайт, ал болсо чөнтөгүн карайт. Бирок эл ичинде өзгөрүүнү албетте каалайт, ошого далалат кылат, бирок мээнет кылбайт. Анткени, элдин мүнөзүнө биздин мамлекет жүргүзүү саясаты жакпайт, туура келбейт, мүдөө-күткөнүнө жооп бербейт. Ошондуктан, эл кайдыгердик маанайда. Эгер лидердин маңызы жок болсо, анда бүткүл Кыргызстан бириксе да пайда жок. Арстан башкарган койлор жеңишке жетет, бирок кой башкарган арстан үйүрү менен эч нерсеге жетпейт. Бул бабалардан калган сөз. Ал эми Акүй чоң багыт көздөп алган, азыркы оппозиция лидерлерин саясый "пенсияга" чыгарып, "саясый таштандыга" айландырууну көздөгөн. Алар ошого албетте, барат.
- Партиялар бириксе, кимиси лидер болот?
- Атамбаев оома адам. Текебаев чоң саясатчы, бирок, чыр киши. Экинчиден, оппозиция ичинде да муундар кагылышы бар. Топчукелер жаштарга, жаштар улууларга тирешиши мүмкүн. Улуулардын тажрыйбасы бар, а жаштар акылмандыктан аксайт. Жаштар Бакиев кылганды биз да кылалабыз. Ал бизди жок кылса биз да ошого барабыз дейт. Бирок көп учурда оппозиция өлө элек аюунун терисин талашып жатып калганын көрүп жүрөбүз. Ошондуктан, лидер экөөнүн ортосунан чыгышы кыйын.
(Уландысы 5-бетте)




"Айат-прессти" Б.Жээнбеков сотко берди
"Назар" гезитинин редактору Бабырбек Жээнбеков "Айат-пресс" гезитин сотко берди. "Айат-пресстеги" кичинекей маалымат анын кадыр-баркына шек келтирген имиш. Аброюн 3 млн. сомго баалаптыр. Б.Жээнбеков "Эл сөзү" гезитин дагы сотко берген эле, алардан 5 млн. сом талап кылып. Бабыр мырза бул жоругу менен бардык гезиттерди талкалайын деп атканыбы? Болбосо гезит башына сот иши түшкөн кандай экенин өзү деле жакшы билет го. "Айат-пресс" гезити болсо жайкы каникулдан кийин кайра чыгууга кам көрүп аткан кези. Гезиттин жаңы саны 3-сентябрь күнү колуңузга тиет.


"Манас" аэропортунан наркокурьер кармалды
"Манас" аэропортунан ашказанына баңгизатын алып бараткан жеринен наркокурьер кармалды. Бул тууралуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка караганда, колго түшкөн адам Украинанын атуулу болуп чыкты. Ал ичине 500 граммдай баңгизатын жутканын айтып берген. Азыркы учурда кармалган адам изилдөөдөн жана рентгенден өткөрүлүүдө. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин маалымат кызматынын маалыматына караганда, 7 айда 3 тоннадан ашык маңзат колго түшкөн.


Сотту бычактап кетишти
Баткен облустук сотунун төрагасына кол салуу болду. Облустук соттун төрагасы Табылды Жусубалиевди 24-августта белгисиз бирөөлөр Өзгөн районундагы Мырзаке айылындагы үйүнөн күч менен кармап кетип, Жазы дарыясынын жээгинде эки жолу бычак урушкан. Жабыркаган Жусубалиевди милиция кызматкерлери таап, ооруканага жеткиришкен. Айрым маалыматтарга караганда, облустук соттун төрагасына 18-августта да белгисиз бирөөлөр кол салган болчу. Ал жолу кол салуу Бишкекте болгон эле. Мына ушул себептен, сот төрагасы эмгек өргүүсүнө чыгып, Бишкек, Ош шаарларында дарыланып аткан. Баткен облсотуна кол салуу боюнча ички иштер министрлиги "өлтүрүү үчүн кол салуу", "мамлекеттик кызматкердин өлүмүнө кол салуу" деген беренелер боюнча кылмыш ишин козгоду.


Аялдарда эмчектин залалдуу шишиги көбөйүп баратат
Кыргызстандагы 100 миң аялдын 25и эмчектин залалдуу шишигине чалдыгат. Бул тууралуу Улуттук онкология борборунун маммология бөлүмүнүн башчысы Сергей Буюклянов билдирди. Анын айтымында, аялдар көбүнчө бул оору өтүшүп кеткенден кийин гана догдурга кайрылат. "Эгерде шишиктин 1-2-стадиясында кайрылса, беш жылдын ичинде толук айыгып кетүүгө 80-90% мүмкүнчүлүк болмок", - дейт дарыгер. Сергей Буюкляновдун айтымында, Ахунбаев көчөсү - 92 дарегинде жайгашкан маммологиялык борбордо бул оорунун алгачкы белгилерин аныктай турган радиотермометр деген аппарат бар. Бул жактан аялдар жыл сайын бекер текшерилүүдөн өтүп турса болот.


Троллейбус баланы уруп кетти
Бишкек шаарынын Москва-Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде батыш тарапка бараткан №17 троллейбус саат 11.30дарда 10-12 жаштагы баланы коюп кеткен. Кырсыкты көргөндөрдүн айтымында, троллейбус жүрүп баштаганда, бала кокусунан эле чуркап чыга калган. Тез жардамдагы башкы врач баланын абалы оор экенин гана айтып, ашыкча комментарий берген эмес.


Абактагылар сабалды
Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалып турушкан Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын бир катар укук коргоочулар айтып чыкты. Алардын айтымында, криминалдык чөйрөнүн адамдары тез арада 25 миңден 50 миң долларга чейинки суммада акча таап берүү талабын коюп, түрмөдө сабаган деген маалыматтар бар. Абактагылардын сабалышына байланыштуу экспертиза жүргүзүлдү, бирок азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.


Жетим-Тоону ижарага бергендер жазаланыш керек
Нарын облусундагы Жетим-Тоо аймагынан кытай ишкерлерине жер бөлүп берген чиновниктер жазаланышы керек. Мындай пикирин Акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, темирдин кени мол Жетим-Тоо аймагында кытайлык ишкерлер 5 чакырым жол салып, өздөрү каалагандай иш жүргүзүүдө. "Алардын документтери дагы кенди иштетүүгө мыйзам чегинде ылайык келбейт", - дейт Т.Акун.

"Учур" - пресс