email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Жарыгы жок шамчырак

- Акүйгө Ляп-пай десемби?
Баш сөз ордуна
Былтыр күз айларында Бакыт Бешимов "Учурга" (№2, 23.10.08.) маек берип, "президенттик күрөшкө чыгам, жеңем" деп оозу-мурду кыйшайбастан айткан. Анын ушунакай оңду-солду сүйлөмөй жоругуна айрым адамдар таңгалышып, "партиянын төрагасы турса, буга эмне жок?" деп, бир эсе мыйыгынан жылмайышкан. Бирок, иш жүзүндө Б.Бешимовдун маңдайына президенттик эмес, ага талапкерлик да буюрбаптыр. Кантсе да жең ичинен былгытма саясат жүргүзгөн адамга айла жок белем, анын "келиндей жүгүнмө" ийкемдиги өзүн жерде калтырбады. Президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин штабын башкарып, аз убакытка болсо да колунан иш келген адам болуп турду. Эми кеп нугу өткөн шайлоо иштерине бурулуп калган соң, бу кишинин башка кылык-жоруктарына токтолбойлу. Анда сөз көбөйүп кетет, болгону эки-үч ай мурдагы шектүү жүзүн э-эч бурмалабастан, окурмандарга адилеттикте чечмелеп өтөлү.

(Уландысы 4-бетте)




  Ажо дымак

Чын эле реформа болобу?
Президент Курманбек Бакиев эмгек өргүүсүнөн келгенден кийин башкаруу системасын түп-тамырынан өзгөртүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал кандай өзгөрүү экени жакын адамдарына гана белгилүү болбосо, көп адамдарга табышмак бойдон калууда. Кээ бир саясатчылар президент чындыгында эле олуттуу реформаларга барат десе, дагы бирөөлөрү "бул президенттин кезектеги эле берген куру убадасы болуп, болгону орун алмаштыруулар менен гана чектелип калат" деген пикирде. Канткен менен көп министрлер ордунан ыргый турганы талашсыз. Бирок шайлоо учурунда "ляп-пай" деп жан үрөп иштеп берген министрлер кызматтан кетсе, бир топ нааразычылыктар дагы жаралбай койбойт. Кайсы "фигураны" каякка "жүрөрүн" эс алып жатып ажо дагы ойлонуп келгендир.
Министрлер кабинети гана жаңырбастан, президент өзү түптөгөн "Акжол" партиясы дагы жаңырат деген маалыматтар бар. Ага ылайык, президент өз партиясын Медет Садыркуловдун жактоочуларынан тазалайт имиш. Аны менен эле катар айрым саясат таануучулардын айтымында, президент азыркы парламентти таркатып, октябрь айында парламенттик шайлоо жарыялашы мүмкүн. Шайлоону политтехнологдор декабрда, кычыраган кыш чилдесине өткөрүүнү эчак эле ойлоп койгон дейт. Эч нерсеге аткез бербеген азыркы парламент эмне жазыгы үчүн таркатылат (?) деген суроо туулбай койбойт. Анткени, президенттин "Акжол" партиясы басымдуулук кылган бул парламент дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды авторитардык өлкө катары көрсөтүп атат. Албетте, Курманбек Бакиевге бул упай алып келбейт.
Айтор, ажо 1-сентябрда бул реформалар тууралуу парламентке барып айтам деп билдирди. Чын эле реформа болобу, же … Көрө жатарбыз…

Дилбар АЛИМОВА