Оозго теппең, эй!

Сөз эркиндиги өлөбү, же жашайбы?..
Кокус балаңыз эркин журналист болууну кааласа, анда эле аны окута көрбөңүз. Тил укпай кежеңдесе сабап, атургай короого байлап койсоңуз да эп болот. Себеби, сиз балаңызды коркунучтан, кордук көрүүдөн сактап каласыз. Албетте, муну айла кеткендеги тамаша акыл-насаат сыяктанып кетти десеңиз, анда негиздүү фактыларга таяналы.
Кыргызстанда акыркы жылдары сөз эркиндигине кысымдар күчөгөнү бүт дүйнөгө жарыя болуп кетти. Бул тууралуу өткөн жумадагы саныбызда жазганбыз, эл аралык Press Emblem уюму ММК өкүлдөрүнүн укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүп, журналисттердин иш алпаруусуна өтө кооптуу делген өлкөлөрдүн тизмесин түзүшкөнү, ал тизмеге: Кыргызстан, Газа, Гондурас, Колумбия, Афганистан, Гватемала, Непал, Шри-Ланка, Венесуэла, Индия, Индонезия, Кения жана Мадагаскар өлкөлөрү киришкен. Аталган уюмдун маалыматынан алсак, ушул жылдын башынан бери 59 журналист өлтүрүлгөн. Ал эми ар кандай жабыр тарткандары андан көп. Мына ушундай үрөйдү учурган мамлекеттердин арасына Кыргызстан кирип калышы албетте, өкүнүчтүү. Эң артта калган, жапайы мыйзам тутунган өлкөлөрдүн катарынан орун алганыбызга себептер болду да. Маселен, Алишер Саипов, Алмаз Ташиев аттуу журналисттердин өлтүрүлүшү, Кайрат Биримкулов, Сыргак Абдылдаев, Чолпон Орозобекова, Жеңишбек Эдигеев ж.б. эркин сөздүн чеберлерине коркунуч туулуп, чет өлкөдөн башпаанек алып кетишкендери Кыргызстандын аброюна терс таасирин тийгизгендир. О.э. эркин жазмакерлерди басынтып, болбогон айыптар менен сотко сүйрөмөй модага айланганы качан?
Эгерде сөз эркиндигин сыйлаган, демократиядан кайтпаган багытыбызды сактап калалы десек, анда бийлик тарабынан сөз эркиндигине камкордук көрүлүүсү кажет. Ал кандай камкордук? Аз да болсо журналисттердин укуктарын көтөрүү, ошого катар эркин гезиттерди жөн эле "эзген" соттордун зөөкүрлүгүнө чара колдонуу зарыл. А болбосо абал оорлоп, Кыргызстандын кадыр-баркы тышкы коомчулукта начарлап, "жылаңач денеси" көрүнө берет…
Эсиңерде болсо, жыл башында президент Курманбек Бакиев журналисттер менен жолугушуп, эң оболу сөз эркиндигин сыйлай турганын айтып, демократияга төп келген көз карашын билдирген. Тилекке каршы, президенттин мындай позициясына "бөрк ал десе, баш алган" аткошчулары залал келтирип аткан жокпу? Башка мисал издеп убара болбой эле гезитибиздин кийинки тагдырынан айталы: "Учурга" Бишкектин райондор аралык соту болбогон шылтоону таңуулап, 3 млн. айып пул салса, аны кайра Бишкек шаардык соту күчүндө калтырып, өкүм саткан кооператив уюгундай элес калтырышты. Эркин басылманын тагдырын жарга илишип. Бул бир эле жагдай. Ал эми бүгүнкү соттор адилеттикти дээрлик түп тамырынан тебелешип, анын кесепетинен К.Бакиевдин эл аралык аброюна шек келтиришип, "жинди" өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды кошууга аргасыз кылгандары кандай? Мамлекеттин аброюна доо кетирген мындай фактыдан соң, эми президент аткаруу бийлигине жасай турган реформасын дал ушул соттордон башташы зарыл. Антпесе, акыры мындай соттор аңга тыгышары ажеп эмес…
Ошондой эле акыркы убакта сөз эркиндиги Кыргызстанда кескин муунтулуп баратканы боюнча саясат талдоочулар Орозбек Молдалиев менен Бакыт Орунбеков "Азаттыкка" маек курушуп, кабатырлануу маанайында айтып чыгышты. Коңгуроо каккан сымал. Эгерде жогорку бийлик бутагындагылар өлкөдөгү демократиянын, адам укугунун начарлап баратышын эске албай, күнүмдүк бийлик кумарына "мас боло" беришсе, анда ажосуна аң казды дегенибиз ошол да.
Кыскасы, "сөз эркиндиги жашайбы, же өлөбү?" деген көкүрөктү өйүткөн суроо кысылып турат. Ачык жооп болобу?
Апас НИЯЗАЛИЕВ




  Ач койнуңду, Кыргызстан!

Дагы бир аскер база...
1-август күнү Чолпон-Атада өткөн ЖККУнун жыйынындагы эң орчундуу маселе - Россиянын дагы бир аскер базасын Кыргызстанга жайгаштыруу болду. Буга чейин Жамааттык Коопсуздук кеңешине кирген өлкөлөрдүн ыкчам аракеттенчү аскер күчтөрүнүн Түштүктө жайгаштыруу божомолу гана айтылып келген. Ал эми жалгыз эле Россиянын дагы бир аскер базасын Кыргызстанга жайгашып калуу ыктымалдыгы "Ганси" авиабазасы кетпей калганынан кийин күчөй баштаган. Сыягы, Россия реванш алууну көздөсө керек. Бирок Канттагы россиялык авиабаза турганда бизге экинчисинин кереги бар беле, же чындап эле пайдасы тиеби (?) деген суроонун тегерегинде белгилүү саясатчы, саясый серепчилерге собол салып көрдүк.


Азимбек Бекназаров, БЭК лидери:
"Жаман үйдү коногу бийлейт"
-Негизи мамлекеттин туруктуу тышкы саясаты жок болсо, ушинтип көрүнгөн коңшу мамлекеттер каалаган нерсесин ача беришет. Же болбосо, кыргызда айтылгандай, "жаман үйдү коногу бийлейт" деген ушул. Азыр биздин мамлекет башчылардын ички-тышкы саясаты жоктугунан чоң өлкөлөр, чоң инвесторлор Кыргызстанда каалаган нерсесин кылып жатышпайбы. Учурда Кыргызстанда катмар-катмар базалардын ачылышы ушул себептен. Кыргызстандай туристтик өлкө болууга белсенген, ажайып жаратылышы бар тоолуу өлкөгө эч бир аскер базасынын кереги жок. Кыргызстан нейтралдуу, эч бир аскердик, согуштук аракеттерге катышпаган демократиялуу өлкө гана болсо болмок. Менин пикирим ушундай.


Динара Молдошева, ЖК депутаты:
"Бул аскер база Кыргызстанга керек"
-Менин баамымда, бул аскер база Кыргызстан үчүн керек. Анткени, ал базаны түштүк тарапка ачканы жатышпайбы. Бул кошумча аскер контингентинде кыргыз-орус аскер кызматкерлерин даярдаган атайын машыгуу-окуу борбору ачылат экен. Акыркы мезгилдерде дүйнөлүк терроризм жана диний экстремисттик күчтөр күч алып баратат. Алар Борбордук Азияда халифат курууну көздөп, бизде жана Өзбекстанда ар кандай терракттарды уюштуруп келишет. Ыңгайы келсе Баткен окуясындай согуш ачуудан кайра тартышпайт. Ушундай кырдаалды эске алганда, Россиянын, ЖККУнун ыкчам аракеттенчү аскер күчтөрүнүн Кыргызстанга жайгашканы туура деп ойлойм. Мисалы, армиябызды реформалап, контрактниктердин колуна өткөрүп беребиз деп келебиз. Ага убакыт да, акча да керек. Анын ордуна даяр, профессионал базанын турганы жакшы.


Мирослав Ниязов, экс-коопсуздук кеңеш катчысы:
"Фергана өрөөнү - эң коркунучтуу аймак"
-Эгерде биз Кыргызстандын территориялык бүтүндүгүн, улуттук коопсуздугун эске алсак, бул база бизге керек. Себеби, Фергана өрөөнү дүйнө боюнча калк абдан жыш жайгашкан аймакка кирет. Бул өрөөндө суу жетишпейт, жер жетишпейт. Анысы аз келгенсип, өстүргөн негизги агрардык продукциясы - пахта. Башка альтернативдүү экономикалык проекттер жок. Мындан тышкары, ошол Фергана өрөөнүндө үч мамлекеттин чегарасы чектешет. Элдин бири-бирине каттоосу мезгил өткөн сайын кыйындап баратат. Бул өрөөнгө жер, суу деген проблемаларга чегаралардагы улуттар аралык коррупция, контрабанда, диний экстермизм, массалык жумушсуздук кошулуп, бул регион мына-мына жарылат деген бомбага окшоп турат. Ош, Баткен, Андижан, Наманган окуялары жалаң ушул жер, суу, диний экстремизм сындуу маселелерден келип чыккан кандуу окуялар. Фергана өрөөнүндөгү Кыргызстандын территориясында суу дагы, жер дагы кенен. Бул байлыгыбыз башкаларды кызыктырбай койбойт. Ошон үчүн биз эмне кылсак дагы Түштүктөгү жерлерибизди сактап калышыбыз зарыл. Бүгүн Түштүктө эң кооптуу аймак болуп турган Баткенге чейин темир жол салынышы керек. Кудай сактасын, бирок чыр-чатак, же согуш чыгып кете турган болсо тез арада балдарды, аялдарды, карыларды эвакуациялап, дароо аскердик күчтөрдү жөнөтүп, жерибизди сактап калууга дайым даяр турушубуз керек. Ошондуктан, мен бул базанын Түштүктө жайгашышын колдойм.


Марат Казакбаев, саясый серепчи:
"Улуттук коопсуздук биринчи орунда"
-Базаны туура эле ачып жатышат. Бирок, менин оюмча, акыркы 5 жыл ичинде Канттагы Россиянын аскер базасынын жыйынтыгын көрө элекпиз. Бир эсе жөн эле турат. Ушул Канттагы авиабазаны консолидация кылып, Түштүккө алып барса туура болмок. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет. Бизге үчүнчү аскер база көптүк кылат. Бирок, биздин өлкө ЖККУ менен кызматташып, иш алып барып жаткан соң, Түштүккө дагы бир базанын коюлушу негизинен туура. Себеби, ал региондо коопсуздук жактан стабилдүүлүк жок. Диний экстремисттердин очогу да жайгашкан. Ошондуктан, бул базаны Баткенге жайгаштыруу туура болмок. Ал эми Өзбекстандын бул иш-чарага каршы позициясын көңүлгө албаш керек. Алар бизге мурдатан бери обу жок асылышып, сын айтып келишкен. Ошондуктан, Өзбекстан эмне дейт дебей, коңшубуздун каш-кирпигине карабай, өзүбүздүн улуттук коопсуздугубузду биринчи орунга коюшубуз керек.


Мукар Чолпонбаев, экс-спикер:
"Жалгыз Россия маселени чече албайт"
-Россиянын жаңы аскер базасынын Кыргызстанга эч кандай кереги жок болчу. Жалпы ЖККУга кирген өлкөлөрдүн чечими менен алардын бардык өкүлдөрүнүн биргелешкен аскер контингентин жайгаштыра турган болсо мен колдойт элем. Жалгыз Россия Орто Азиядагы маселелерди чече албайт. Бул жерде Бакиев өзүнүн саясый ордун бекемдеш үчүн Россиянын алдында ушундай "уступкаларга" барып жатканы көрүнүп турат. Бул базанын Россияга жана Бакиевге эле пайдасы бар. Болгону ошол. Бакиев муну базада жайгаша турган ыкчам аракеттенчү аскерлер менен оппозицияны жана элди коркутам деген ойдо жасап атат.