Лидер маек

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Биз жеңишти шайлоого чейин эле алдырдык"
Ал эми 23-июль күнү болгон шайлоону коррупциянын накта атасы десек болот
-Өмүрбек мырза, "тойдун эртеси да болот" демекчи, президенттик шайлоонун өтүшүнө кандай баа бердиңиз?
-Кечээ жакында президенттик шайлоо болуп өттү. Эл аралык байкоочулар бул шайлоону "башынан аягына чейин мыйзам бузуулар менен өттү. Бир партия менен ("Акжолду" айтып жатышат) мамлекеттин айырмасы болбой калыптыр" деген баасын беришти. Бул үйбүлө менен мамлекеттин ортосундагы айырма болбой калганын туюнтат. 2-август күнү Бакиев Конституцияны кармап ант берип, жаңы мөөнөткө иштөөгө киришти. Ошол күнү эң биринчи берген убадасы коррупцияга каршы күрөшөм дегени болду. Коррупция деген бул жалаң акча жегендер менен эле күрөшүү эмес. Кызмат абалынан пайдаланып бийликти, артыкчылыкты, бизнести күч менен өзүнө ыйгарып алганды да коррупция дейт.
Мына, ошол залда шайлоо учурунда мыйзамды бузуп, эркин оюн ачык билдирген атуулдарыбызды туура эмес соттогон соттор отурду. Сот бир саясый партияга, же саясатчыга көз ымдап дагы "болеть" этпеши, агитация жүргүзбөшү керек. Бизде жогорку соттон тартып райондук сотко чейин чуркап жүрүп, агитация кылып, иштеп атышты. Ошол жерде күч органдардын кызматкерлери отурушту. Өздөрү мыйзамды бузуп, добуш уурдап, кол алдындагылардын баарын мыйзамды бузууга мажбурлаган.
Инаугурацияга мугалимдер, министрлер, мамлекеттик жетекчилер, кол алдындагылардын баардыгын зордоп добуш салдыргандар отурушту.
-Бирок президент ошолордун алдына чыгып, "шайлоо таза өттү" деп мактанып-актанбадыбы?
-Шайлоонун өзү фарс болуп өтүп жатса, Бакиевге өз адамдарынын алдындагы "фарсы" эмне болуп калыптыр. Бакиев деле, аземге катышкан 600дөн ашуун катышуучу деле, экинчи ажонун кандай жол менен шайлаганын, шайлоонун жыйынтыгын кантип жасашканын билет. Бакиев эми ошолордун алдына чыгып алып "мен коррупция менен күрөшөм" дейт. Анысы мурдагы бир премьер-министрдин окуясын эске салды. Ал жарыктык киши Акаев учурунда өкмөт башчы болордун алдында, Жогорку Кеңеште рейтингдик добуш берүү учурунда Эл өкүлдөр жыйынынын 45 депутатынын 11ине 5 000 доллардан 15 000 долларга чейин пара берип шайланган. Кайсы депутаттын кабинетинде кимдерге пара бергенин эл жакшы билет. Анан ошол киши пара менен премьер-министрликке бекип, ант бергенде алгачкы сөзүн "мен мыйзам үчүн иштейм, коррупция менен аеосуз күрөшөм" деп убада берген. Мага ушул эски окуя кайталангандай таасир калтырып жатат. Ал эми 23-июль күнү болгон шайлоону коррупциянын накта атасы десек болот. Минтип шайлоо жасагандар "өлкө башчысына жакшы эле иштеп бердик, ал бизге карыз, эми өзүбүзгө иштесек боло берет" деген коррупциялык идея менен иш алып барышууда.
Андан сырткары, Бакиев сөз эркиндигин, саясый эркиндикти камсыз кылам деп ант берди. Мына, сөз эркиндиги боюнча алыс барбай силердин гезитти алсак болот. Болбогон куру доомат менен 3 млн. сомду мойнуңарга илип койду.
(Уландысы 5-бетте)




 "Тойдон" кийин

Бийлик-оппозиция эриш-аркак жолдобу?..
Боркулдап кайнаган казан да сууп, деми тартылат эмеспи. Анын сыңарындай, өлкөдөгү саясый айдыңдын каармандары да убактылуу артка чегингендей кадам жасашып, азырынча дымуу абалына өтүп жатышкандай. Түз айтканда, бийлик-оппозициянын тиреши, алым-сабак айтышмайы басаңдады десек болот. Бүгүнкү кырдаалга, жайкы эс алуу маалына байланыштуу саясый активдүүлүк алсыраганы менен, бийликтин да, оппозициянын да көйгөйү, бел ашчу өрү али алдыда.
Маселен, ажо Курманбек Бакиев жүрөк заада кылган шайлоо сынагынан өтүп, Башмыйзамдын негизинде кызматын бекемдеп алды. Бир кечүүдөн өттү. Эми өчөйгон өкмөтүн таратып, жаңы өкмөт курамын түзүү машакаты турат. Мындай караса: министр, губернатор, аким-өкүмүнөн бери жан сабап шайлоодо иштеп беришти. Буттары үзүлгөнчө чуркап. Азыр аткаминер дегендердин баары түн уйкудан безип, көздөрү жашылданып, "кызматыман айрылып каламбы?" деген сарсанаага баткан кербездери. Буларың миң кошок кошуп ыйлабасын, Башмыйзамга ылайык жаңы президент шайлангандан кийин, ажо жаңы өкмөт курамын түзүүгө киришүүсү керек. Менимче, Курманбек Салиевич өкмөттү толук кандуу тазалап, жаштар курамынан түзүп деле ийбейт. Бир эсе жаштардын даярдыгы жок. Даярдыгы бар, билимдүү, тажрыйбалуу адистер четөлкөгө капкачан кетип калышкан. Анан мындай шартта баары бир кыргызчылык, көңүл деген нерсе ойноп берет. Ашып кетсе, министрлердин жарымы кетет, орун алмаштыруулар көрүлөт. Губернатор, акимдер деле тегиз кызматтарынан шыпырылбайт. Ток этери, Акаев режиминдеги аз-маз орун алмашуу саясаты кайталанмакчы.
Ал эми парламент жагдайына келсек, бүгүнкү күндө "тарайт, тарабайт" деген кептер чыга баштады. Суроо туулат: кайсы жазыгы үчүн Жогорку Кеңеш депутаттарын таратуу керек? Мындай жоош, момун, тапшырманы айта электе кабак-каштан түшүнгөн парламентти тараттуу болбойт го, ыя?
Биринчиден, Акүй үчүн бул парламенттин ишмердиги пайдалуу, каалагандай маселени каалагандай чечип алганга, кааласа "ийлеп-ийлеп итке салгандай" иштеткенге болот да "акжолчуларды". А берки эки фракция азчылыктан улам добуштары өтпөйт. Бийлик үчүн СДПК менен Коммунисттердин барынан жогу деген кеп. Миң кыйкырса да алсыздардын үнү бийик чыкпаганы жалпыга белгилүү. Мына ушундай оюнчук сымал парламент колдо ойноп турганда, жарым жылдын ичинде кайра шайлоо өткөзүп, очойгон акча коротуп, анан калса шайлоонун шарапаты менен ШОУ, концерт, БУМдардын Акүйгө зарылчылыгы барбы? Ошондуктан, маркум Медет Садыркулов түптөгөн Жогорку Кеңеш депутаттарын иштетет, каалагандай калчап. Алардын көбү "депутат" деген ат үчүн кумарданып жүрүшкөндөй, ошол кумарлары менен мөөнөттөрүнө жетишсе эрдик да!
Жалпы-жонунан алганда, бийликтин саясаты сенсациялуу өзгөрүүлөрдү жасабай эле ушундайча өнүгөт. Бирок, кааласаң да, каалабасаң да Курманбек Салиевичтин бийлиги ушу тапта катуу күчтөнүп алды. Оппозициянын оюндары, ар кандай тактика, стратегиялык күчтүү кадамдары болсо да, бийликтин дубалын солкулдата албайт. Андыктан, оппозиция лидерлери баягы эле эски ырын созуп, сындап-каарымай саясатын улантмакчы. Бир эсе демократиялуу өлкө үчүн оппозициянын айбаты дагы керек. Дээрлик оппозицияны куугунтуктап, "сүрүп-жоготом" деген саясатка К.Бакиев барбайт. Себеби, эл аралык аброюна доо кетирип, жаманатты болгусу келгенден бийик турарын ойлогондур. Оппозиция деле ушу күчүндө кете берет, эң башкысы ушунакай экен, чөнтөгү жука болсо не көтөрүлүш жасай алмак эле?
Кыскасы, ушул күндөрү саясаттан бийлик да, оппозиция да чарчады. Элдин андан бетер көңүлү калгандай. Эми эң негизгиси, Акүй саясатын оппозиция өкүлдөрү анализдеп, катачылыктарын көрүшсө, катуура-ак кыйкырышып, эриш-аркак Кыргызстан деген кемени чөктүрбөй айдашса болду. Акыры баарына карапайым калк тараза болуп, мезгил сынынан өтүшмөкчү. Эртеңки саясый тарыхтагы орду үчүн ар ким өз сызыгын чиймекчи...

Апас Ниязалиев




  Собол чак

Башмыйзамга ылайык өкмөт таркатылышы керек. Сиз кандай жаңыланууну күтөсүз?
Токтогул Какчекеев,
саясат таануучу:
- Президенттин инаугурациясында айткан сөздөрүнө кошулам. Көптөгөн мамлекеттик органдар кыскартылышы керек. Мисалы, УКМКны укук коргоочулар 30-жылдагы НКВДнын ролун аткарып калды деп күнөөлөшүүдө. Буга кошулса болот. УКМКны саясый иштерге аралаштыруунун кажети жок. Бул демократиялуу өлкө президентинин беделине көлөкө түшүргөндөн башка пайда алып келбейт. Андан башка, парламент таркатылышы зарыл. Финполиция, өрт өчүрүү кызматы кайрадан ИИМдин курамына кошулушу шарт. Андан сырткары, кол тийбестик деген түшүнүктү жоюу абзел. Кол тийбестик бир гана сот органына берилиши керек.

Айылчы Сарыбаев, экономист:
- Негизи мындай нерселерди мыйзам ченемдүү көрүнүш десек болот. Андан трагедия жасоонун кереги жок. Өкмөттүн курамы өзгөрүп, компетенттүү адамдар келсе, кардиналдуу кадамдар жасалса экономикада жылыш байкалат. Президент шайлоо маалында ушундай убада берди. Эми анын аткарылышын күтөлү. "Тирүү жандан түңүлбө" дейт эмеспи.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
- Жаңы, жаш, таза муундар мамкызматка келиши керек. Андан сырткары, бирин-бири кайталаган кызматтар жоюлушу шарт. Мамлекеттик аппаратта иштегендерди такай текшерип, көзөмөлдөп туруу зарыл. Мына азыр көчөдө жүргөн "Жиптердин" көбү KG номери менен жүрүшөт. Эгер мен президент болсом, чиновниктин бүт чет өлкөдөгүдөй кылып жөө жүргүзмөкмүн.

Бекташ Кылычбеков, публицист:
- Өкмөт таркатылган күндө деле жаңылануу болорунан күмөнүм бар. Мурунку эле курста кетебиз го. Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт эмеспи. Бул өкмөт кетсе, ордуна баягы эле эски кадрлар келет да. 2005-жылы президент өнөр-жайды калыбына келтирем деген убада берген. Анысы сөз боюнча эле калбадыбы. Эч өзгөрүү болгон жок. Болгону алып-сатарлык гана өркүндөдү. Жашоону оңдош үчүн үчүн Башмыйзам өзгөрүп, президент таза шайланышы керек. Андай нерсе байкалбаган соң жаңыланыш кыйын.

Бегиш Ааматов, коомдук ишмер:
-Ириде 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтириш керек. Мен муну такай айтам. Аны ордуна коймоюн мыйзамсыз иштер улана берет. Мына азыр да мыйзамсыз шайлоо өттү. Бийликти узурпациялоо жүрүп жатат. Ошон үчүн 93-жылкы Конституцияны ордуна коюш керек да, мамлекеттик кызматтагылардын баарын бүт отставкага кетириш абзел.
Собол узаткан
Санжи Туйтунова