Сал жорго!

Уркаш Мамбеталиев, манасчы, КРнын Эл артисти:
"Сулуу кыздардын артынан ээрчий кетем..."
Манасчылык - кыргыз элинин бактысына жаралган улуу өнөр. Муундан-муунга, атадан балага, устаттан шакиртке өтүп туруучу табылга. Бүгүнкү күндө уюткунун тузун кемитпей, улуу көчтүн башында Уркаш аксакалыбыз келатканы да айкын иш. 75 жаштын тамагын татып, ал-күчтөн тайыбай алкынып, ашуудан берчү отчетун даярдап турган чагы. Алгы иштери дале болсо алдыда экенин утурлап, ат жалына казан асып, азыноолак азил-чыны аралаш кепке тарттык.

-Уркаш ага, Манасты курулай жаттап айткандар чоң манасчы боло албайт эмеспи. "Тегин жерден өрт чыкпайт" дешет...
-Айтылуу Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосу - менин кичи мекеним.
"Үстүнөн карагайын буудай көрөм,
Кымызын татып аткан суудай көрөм.
Булутун тамчылаткан бел айланып,
Буралтып эр көтөргөн туудай көрөм" дегендей, ал жер кереметтүү жер. Отун-суусу кенен. Кошой атабыз Бокмурунга дал ушул жерди көрсөтүп, атасынын ашын өткөрткөн да. Бекеринен эместир.
Мына, ушул жайлоодо Дүйшаалы деген атабыздын уулу Сакы менен уй багып жүрүп уктап калам. Түшүмдө суусап жер кезип, чаңкап келатсам жолумда аппак кардай бозүй турат. Ичине кирсем сакалы белинен келген, бетинен нур чачкан аксакал киши отурат. Узун бойлуу, сулуу келин Айчүрөк окшойт, дасторкон жайып, кичине чыныга бал коюп, жука ак нан, кызыл чөйчөккө куюлган кымыз сунду. Ичтим. Ошо жерден кайып болуп кетишти. Ойгонуп эле орошондоп Манас айта баштадым. Токтобойм десең. Айылдагылар Уркаш жинди болуп кетти деп Дүйшаалы атага апкелишет. А киши арбактарга багыштап мал союп, ырымын кылат. Аз өтпөй айылга Саякбай атабыз келип калат. Улуу манасчынын алдына келип, күпүлдөп Манас айтып бердим. Алдындагы бешбармактан өзү ооз тийип, чыныга салып мага сунду да, "Жолборстун астына кара күчүктүн тайманбай Манас айтып бериши оңой-олтоң иш эмес. Сенден бирдеме чыгат. Манасыңды айтып жүр" деп батасын берген.
-Андан бери далай суулар акты. Жазы-кышы, жайы-күзү дегендей...
-Паспорт боюнча быйыл 75ке чыктым. Бир жаш эрте жаздырып коюшуптур. Ушуга утурлап чоң иш кылдым. Манастын 1000 жылдыгында Семетейдин алгы бөлүктөрүнөн бир китеп жарык көргөн. Быйыл ошо баштаган ишти аягына чыга жаздап калдым. Семетейдин төрөлгөнүнөн баштап, кайып болуп кеткенине чейинки окуяларды кагаз бетине түшүрдүм. Бул бир томдукта жеке вариантым боюнча 31 миң сап камтылган. Эми келерки жылга чейин демөөрчү издеп, чыгарып алсам өзүмө-өзүм берген белегим ушу болот го деп турам.
-Чыгармачыл адамдар мындай чоң эмгектин үстүндө иштеген учурда жалгыздыкта жан муюшат эмеспи?
-Аның туура. Балдар чоңоюп, өз алдынча очор-бачар тирилигин көрүп атышат. Үйдө байбичем экөөбүз. Кээде а киши да жолтоо болбоюн деп айыл-апалап кетип калат. Ал күндөрү "элдүү түлкү ач калбайт" дегендей, байбичемдин акчасын коротуп, даяр тамакка тап берем. Үйдөн жада калса чай коюп ичпейм. Ширенке тамызып газды күйгүзгөндөн өлө корком. Дүрт эткенде эле өрт чыгып кетчүдөй сезиле берет. Тээ илгери телевизор жаңы чыгып, бир берүүсүндө газ баллон жарылуусунан бир үйбүлө өлгөнүн көрсөткөн. Ошондон бери газга жолобойм.
-Сезимтал турбайсызбы?
-Анан эмне? Ушу сезимталдыгымдан көп жабыркадым. Бала кезде чоң апам көп жомок айтып берер эле. Жарганат жөнүндө айтып, "ал канаттуу кишиге жармашса оңой менен чыкпайт. Ал жерди бычак менен кесип алуу керек. Жараланып кетсе айыкпайт" деген. Ошол айткандары көкүрөккө сиңип калыптыр. Азыр жарганаттын атын укканда жанымды коерго жер таппай, жаш балача жата калам. Бул жөнүндө раматылык Тууганбай Абдиев жакшы айтып күлдүрчү. Мобу эле Токмоктун кайсы бир мейманканасынан орун алып, жатчу бөлмөсүнө кирип барсам, Кудай салбасын, жарганат учуп жүрүптүр. Ач айкырык, куу сүрөөн салып, эшикке атып чыксам болобу. Эшикте тургандардын жүрөгү түшүп, мени бир бандит кубалап келаткан экен деп ойлошуптур.
-Ошончо коркоксузбу?
-Ой атаныкы десең. Жанагы эпостогу алптар менен камыр-жумур аралашып, кытай-калмактардан коркпогон жаным жанагыдай нерселерден корком. Анан доктурдун ийне сайганынан да корком. Өзгөчө жалпы анализге деп манжадан кан алат эмеспи. Мына ошондон жаа бою качып, алдырбайм. Айла жокто көздү чылк жумуп, өңүм кубарып, эс-учумду жоготуп ийчүдөй болуп атып араң берем колумду. Ошондо да жаш, сулуу келиндерди издеп, көңүлүмдү жубата ала турганын байкаштырып...
-Кыз жандуусузбу?
-Ал жанагы менин талуу жерим. Жакшынакай сулуу кыздардын артынан чуркап кетмейим бар. Гүлдөй болуп буралып, атыр жытын буркуратып чачып атса, акыл-эске баш ийбей, жүрөгүңдүн айтканын кылып каласың. Мен 8-март күнү жарык дүйнөгө келиптирмин. Кыз жандуу болуп калышымдын бир себеби ошобу деп да кетем. Элдин баары аялдардын эл аралык күнүн белгилеп шаан-шөкөттөп жүрсө, ал күн менин да майрамым болуп атпайбы.




Өнөр көчө

Көрүүчүлөр да катыша алабы?
"Место Д…" театрынын директору Александр Багдарасов "24.kg" агенттигинде билдирүү жасады. Бишкек шаарында күз айларына чукулдап эл аралык көчө театрынын фестивалы өтөт. Буга окшогон фестивалдар биздин шаарда мурда деле өтүп келген. Бу жолу катышуучулардын саны көбөйүп, тиягы Франция, биягы Казакстандан келмек болушту. Мурункуларга салыштырмалуу кезектеги өтүүчү фестивалга көрүүчүлөрдүн оюн-зоок, спектаклдерине да жөндүү орун берилип турарын кошумчалады.

"Кандай сонун бул дүйнө"
Ушундай аталышта Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт музейинде көргөзмө ачылды. Алтымыштан ашык картиналар кыргыз сүрөтчүлөрүнүн үч муунун камтыган. Биринчи - С.Чуйков, Г.Айтиев, С.Акылбеков, А.Осташев, Н.Игнатьев ж.б.
Экинчи - К.Аманкожоев, А.Даиров, Б.Жумабаев, Д.Үмөтов.
Үчүнчү - С.Айтиев, С.Бакашев, Д.Жумабаев, С.Төрөбеков, Т.Курманов, А.Биймырзаев, Г.Мусабаев, Ю. Шыгаев. Өзүңөр байкагандай, ар бир муундун өзүнчө өзгөчөлүктөрү менен кошо багыттары бар. Көргөзмөгө катышкан сүрөтчүлөрдүн кээ бир эмгектери эл аралык деңгээлде салмагы, даражасы бийик бааланып, ар кыл конкурстардын жеңүүчүлөрү боло алышкан. Көргөзмө 31-августка чейин уланат.

Частушканы Жигитовка деп атап
Казакстандын Чим-Булак курортунда автордук ырлардын негизинде фестиваль өттү. Кыргыз өнөрпоздору конок катары чакырылган. Иш чара VII кышкы Азия оюндарына багышталганын жана бу саамалык 2011-жылга чейин уланарын айтышкан. Мындан тышкары, уюштуруучулар "обонун жана сөзүн жазган автор", "композитор", "аткаруучу", "дуэт", "ансамбль" номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташкан. Фестивалдын соңунда частушканын негизинде театралдашкан "Джигитовка" деген тамаша ырдын сынагы өттү.

Бир тасманы тартууга он беш жыл убакыт кеткен
Үч-төрт күн мурун Бишкек шаарынын кино үйүндө "Home" аттуу даректүү тасманын бет ачаары болду. Толукметраждуу, даректүү тасманын өтөсүнө режиссер Люк Бессон менен фотограф Ян Артюс-Бертран чыгышкан. Көрүүчүлөрдү кадр артындагы, "Биз, адамдар, жер шарында пайда болгонубузга 200 миң жыл болуптур. Бирок, акыркы 50 жылда аны аябагандай таанылгыс кылып өзгөртүп салдык. Жаратылыш шайкештигин тең салмактан чыгарып, токойду кыйып, жерлерди казып, сууну булгап жана башка толуп жаткан мыкаачылык иштерге бардык, акыры кайда баратабыз?" деген сөздөр камтылган. Бул тасманы тартууга 15 жыл убакыт жана 500 миң сүрөт талап кылынган.

Сынчынын сынынан өтө аласыңбы?
КРнын кинематографтарды өнүктүрүү фонду тарабынан 20 мүнөттүк даректүү жана кыскаметраждуу көркөм тасма үчүн жазылган сценарий үчүн сынак өтмөк болду. Мыкты деп табылган үч автордун эмгеги иш жүзүнө ашат. Сынак кечээ күнү башталды. Комиссия күн мурунтан кыска метраждуу көркөм тасма сынагына катышкан режиссерлордун 11 эмгегин талдап чыгышкан. Ал эми эң мыктылары жакынкы күндө аныкталат.

"Новая волна - 2009"
Жыл сайын өтүүчү эл аралык "Жаңы толкун" сынагынын жыйынтыгы чыкты. 25 жаштагы украиналык Сусана Жомаладинова (Жамала) баш-аягы 358 упай топтоп, сынактын жеңүүчүсү аталды. Ушундай эле көрсөткүчкө индонезиялык Сэнди Сондора аттуу кыз дагы жетишкен. Эки кыз негизги 100 миң евро сыйлыгын бөлүп алышмакчы. Айта кетчү жагдай, Жамаланын теги Ош шаарынан болуп чыкты. Жердешибиздин бул жетишкендиктери кыргыз элин кубантпай койгон жок.

Даярдаган Сурат Жылкычиев