Эне маанай

Алмаз иним, жамандык сага жетпесин!
Мен Токмок шаарында жашайм. 17 жылдан бери бала-бакырам, неберелерим менен базарда соода менен эмгектенебиз. Турмушум жаман эмес, Кудайга шүгүр. Элдин ичинде жүрүп көп нерселерге күбө болот экенсиң. Базарга чыгууга элдин баарынын эле мүмкүнчүлүгү боло бербейт да, базарда соода-сатык менен күн көргөндөр дээрлик баары эле жогорку пайыз менен кредит алышат, алган кредиттерин убактысында бере албай, бири-бирине карыз болуп иштешет. Айылда да балдарым жашайт. Аларга барсам деле айылдаштар кыйналып атканын көрөсүң. Мен бала чагымда мени баккан таенем айтаар эле, "балдарым, элде болсун, эл ичинде сенде болсун" деп. Кары адамдардын бул айтканы алтын сөздөр турбайбы. Муну менен эмнени айтмакмын? Биз президенттик шайлоонун босогосунда турабыз. Бизге эл-жери үчүн уу ичкен, керт башы үчүн кызыкчылыгын ойлобогон Атамбаевдей, же бийликтин арсыздыгын колдобой, Жогорку Кеңештеги төрагалык ордун таштап кеткен Текебаевдей, же министрликтин кумарлуу үстөлүн кучактап отурбай, эл үчүн жаны кейиген Жекшенкуловдой балдарыбыз турганда биз ушул ахвалдан чыгып кетерибизге көзүбүз жетет. Кудай силерге ден-соолук, күч-кубат берсин. Эми Алмаз иним, жамандык ойлогондун Кудай жазасын берсин. Ден-соолугуң оңолуп, эл үчүн кызмат кыла бер.
Балдарымдын амандыгын, элимдин тынчтыгын, Алмазбек, сенин ден-соолугуңду Кудайдан беш маал тилеп, биз, Токмок эли, сен үчүн шайлоого барабыз.
Токмок шаарынан эжең Айнур Аилчиева.




  Үчүнчү көз

Атактуулар ырым-жырымга кантип ишенет?
Орус президенти Медведев жолун кара мышык же бош чака көтөргөн аял кесип өтсө жамандыкка жоруйт экен. Путин 1996-жылы дачасы өрттөнгөндөн баштап, көзү ачыктарга ишене баштаган. Белорус ажосу А. Лукашенко астрологдордун "март кызматка киришүүгө ыңгайсыз ай" деген төлгөсүнөн улам, инаугурациясын жылдырып салган. АКШ президенти Б. Обама маанилүү иш баштарда ырым кылып, баскетбол ойноору президенттик шайлоо учурунда билинген эле. Бу саам биз да саясат айдыңында жүргөн атка минерлердин ырымга болгон мамилесин аңдап көрдүк.

Коомдук ишмер Амангелди Муралиев Сулайман Тоо, Манастын күмбөзү өңдүү мазарларга барганда куран окуйт. Анын пикиринде, ыйык жерлерге барган адамдын дили агарып, жеңилдей түшөт. Батага абдан маани берет. 13 саны, кара мышыкка байланыштуу ырымдарга ишенбейм деди.

Органда иштегендер аскердик наам алган кесиптешине жылдыз салынган ак моюн ичирип, жуушат экен. ИИМ академиясын бүткөн курсанттар асманга тыйын ыргытканын көрүп жүрөбүз. Бир топ жыл милиция кызматын аркалап, азыр бош жүргөн генерал Кеңешбек Дүйшөбаев буларды кесиптик ырымдар деп атап, жылдыз салынган сууну канча жолу ичкенин эстей албады. Азыр болсо эртең менен жолум болсун деп күзгүнү бир карап үйдөн чыгат.

Акыйкатчы Турсунбек Акун намазга жыгылган мусулман болгондуктан, ырым-жырымды колдобойт. Бирок жолунан кара мышык өтүп кетсе "бул эмнеси?" деп түпөйүл тартып калат. Айран, кымыз төгүлгөн жерди унутканча түк тепсебейт. Кокус бут кийими тескери карап калганын көрсө, оңдогончо шашат.

Токтайым Үмөталиева "оң көзүм качан тартат, сол алаканым качан кычышат" деп аңдыбайт экен. Болгону жума күндөрү арбактарга багыштап, жыт чыгарат. Кээде кыздары менен Таласка барса, Манастын күмбөзүнө сөзсүз барып куран түшүрөт.

Болот Жанузаков түнкүсүн тырмак албайт. Чачын жерге таштатпайт. Алдынан кара мышык чыкса оңду карап үч, жолду карап үч түкүрүп туруп, анан гана сапарын улайт. Анын айтымында, ата-бабадан келаткан ар бир ырымдын философиялык терең мааниси бар.

ЖК депутаты Гүлжамал Султаналиева эртең менен ит көрсө жакшылыкка жоруйт. Чоң иш баштаарда нан же эт бышырып төлгө кылат. Ойдогудай бышса, "жол болот экен" деп сүйүнөт. Кокус жакшы болбой калса санаа чегип, убайымдайт. Узак жолго чыкканда үйгө өтө керектүү нерсесин унутуп кетсе да, артка кайрылбайт. Тумары бар.
Курманбек Бакиевдин астрологго ишенери 2007-жылы "De-факто" гезитинин санына жарыяланган. Ошол кезде оппозицияда жүргөн бир саясатчы интервьюсунда Бакиевдин астрологу Москвада жашаарын, ал ажонун өзүнө эле эмес, сүрөтү аркылуу башка тың чыкмаларга да төлгө тарттырарын айткан эле. Бакиев кээ бир каршылыштарын ошол көзү ачык аялдын маалыматынан соң бооруна тарта баштаптыр. Бакиев ырым-жырымдарга кайсы бир деңгээлде ишенсе болоорун 2007-жылы 13-декабрда КТРдин түз эфири аркылуу айткан жайы бар. Көрсө, ал студент чагында 13-номурлуу билет келсе, экзаменин ийгиликтүү тапшырчу экен. Ошондон уламбы, жубайы Татьяна Бакиевага да дал ушул күнү үйлөнгөн. 13 санын орустар жамандыктын жарчысы катары эсептейт эмеспи, экөө баш кошуп жатканда ЗАГСта никелешкендер аз болуптур.
"Акжолчу" Бегалы Наргозуев өтө ырымкөй. Чайдын чамасын кир жерге таштатпайт. Күүгүм киргенден баштап тырмагын албайт. Үйгө же жумушка керектүү нерсесин унутканын жарым жолго жеткенде билсе да, кайра артка кайрылып келбейт.

Сыр белгилер жөнүндө
- Учкучтар рейске жөнөөр астында сүрөткө түшпөйт.
- Музыканттар, айрыкча опера ырчылары менен дирижерлор, концерт берер күнү оң буту менен туруп, төшөгүн такыр жыйнабайт.
- Моряктар арасында жээктен узаган кемени сөөмөй менен көргөзсө, чөгүп кетет деген ырым бар. Ошол эле сөөмөй менен асманды көргөзсө, бороон-чапкынга кабылабыз дешип да коркушат.
- Саперлор жөн жай убакта да "акыркы" деген сөздү колдонбойт. Ошондой эле чакыруу түшкөн жерге кетип баратып эч ким менен коштошпойт.
- Өрт өчүргүчтөр эс алуудан келген кесиптешине суу чачышат. Алардын ою боюнча, минтпесе өрт көбөйүп кетиши мүмкүн.
- Космонавтика атасы Сергей Королев дүйшөмбүдө ракета учурууга уруксат берчү эмес. Ошондон улам али күнчө дүйшөмбү күнү космоско бир да аппарат уча элек.
- Союз маалындагы эң күчтүү футболист, дарбазачы Лев Яшин кепкасын тумар катары санап, башынан түшүргөн эмес. Бир ирээт оюн астында кепкасын үйүнө унутуп кеткен. Ага жиберген киши кайтып келгиче Яшиндин командасы "Спартакка" 0:2 эсебинде утулуп калган.
- Кытай менен Японияда 4 санын жаман көрүшөт. Ошол себептүү үйгө, машинага, көчөгө 4 деген номер тагылбайт.
- 2003-жылы мамдумага шайлоо жүрүп жатканда Орусиянын Иркутск шаарындагы № 666 шайлоо участогунун жетектеген төрага көз жуумп, орун басары жол кырсыгына кабылган. 2007-жылы шайлоодо бул участокко эч ким иштегиси келбегендиктен, боршайком 666ны кайра 665 деп өзгөртүүгө мажбур болуптур.
Даярдаган Санжи Туйтунова




  Эр ортону

Актык үчүн күрөшө бер, Туке!
Акаев заманында желе-жорто митинг-пикетти баштаган, анысы үчүн сабалып, камалса да кайыл болуп, "чындык" деп чыркыраган Тукебизди ким билбейт? Өткөн режим тушунда кыйынчылыкты көп көрсө да, акыры өзү эңсеген бийиктикке жетип отурат. Кыргызда "саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" деген кеп бар. Анын сыңарындай, Турсунбек мырзанын доораны "кайнап" турган кези. Ушундай ырыскысына катарлаш эр ортону элүү жашка да чыгып калыптыр. Куттуктайбыз! Ар дайым калыстыктан тайбай, чындык үчүн бүгүн катураак чыркыраса дейбиз. Сиздин адамдык жүзүңүзгө ушундай жарашчу эле...
Кыскасы, элиңиз үчүн жан сабап, актык үчүн күрөшкөндөн кайтпаңыз. Бар болуңуз, Туке!
"Учур" жамааты