Күч берен

Азат Жумабаев:
"Айкидо - үлгү-насаат жагынан терең философиясы бар чыгыш спорту"
Бир жума мурун Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо жапон элине таандык болгон күрөш искусствосунун III фестивалы өттү. Айкидо, Дзюдо, Кэндо, Иайдо, Сумо, Каратэ, Джиу-джицу чеберлери өз өнөрлөрүн эл астына алып чыгышты. Жалпы жонунан аталган спорттун катышуучулары арасында жаш курак чектелбегени байкалды. Өзгөчө айкидо жаатында. 6 жаштагы наристелерден баштап алтымышка чыгып калгандар да айланта чаап, атаандаштын айласын кетирип аткандары көздүн жоосун алды. Бүгүнкү коногубуз эр ортону элүүдөн өтүп, бирок кыймыл-аракети, чеберчилиги жактан жаштардан кем калбаганы менен айкидо спортун даңазалап келет экен.

-Сиздин курактагылар спорттон бир аз алыстап, үй чарбасы менен алек болуп дегендей...
-Ышкыбоз адамга айла жок тура. Жаш кезимде оор атлетика жагынан машыгып, 60 килограмм салмак ченинде бир топ мелдештерге катышып жүрдүм. Анүстүнө Москва олимпиадасында жердешибиз Каныбек Осмоналиев чемпион болгондо, бир топ жаш балдар кумир тутуп, жапатырмак спортко, анын ичинде оор атлетикага бет алышты. Мен да кур калбадым. Республика жана СССР биринчиликтерине чейин жеттим. Андан соң, айыл-чарба институтун аяктаган маалда күрөш менен алек болуп жүрдүм. Мунун да бир топ үзүрүн көрдүм.
-Учурда иштейсизби?
-"Микрокредит" жеке ишканасында бухгалтермин. Негизги кесибим боюнча.
-"Сэйсэнкай" клубунда качантан бери машыгасыз?
-Буга чейин башка клубдарда машыгып жүрүп, кокусунан көрүп калдым. Баш багып, жактырып, машыгууларына катышып жүргөнүмө 2 жылга жакындап калды.
-Айкидо башка күрөштөрдөн эмнеси менен айырмаланат?
-Кыргызда жакшы сөз бар "улууну урматтап, кичүүнү ызатта" деген. Ошонун сыңарындай, устатыбыз Шерзод Сейдалиев бизди ушул сөздүн терең маанисин машыгуу учурунда айгинелеп, тастыктагансыйт.
-Мисалы...
-Клубга баш бакканда, ар бир атлет жүгүнүп кирет. Машыгуу башталганда тизелеп отуруп баарыбыз башыбызды күрөш килемине тийгизип таазим этебиз, амандашабыз. Устатыбыздын ар бир айткан сөздөрүн кубаттап турабыз. Өнөктөштөрүбүзгө мамелебиз кылдат, маданияттуу болушу зарыл. Коштошкондо до таазим этип, көрүшкөнчө деп кетебиз. Бул жагынан кыргыз элинин үрп-адатына үндөшүп кеткенсийт.
-Мелдештер болуп турабы?
-Жапон жергесинде кайсы бир деңгээлде өтүп турат. Бирок, фестиваль катары. Мына быйыл бизде да үчүнчү жолу өттү.
-Чеберчиликти кантип өстүрүп, наамдар кантип ыйгарылат?
-Ар бир жарым жылда экзамен болуп турат. Айкидо федерациясынын жетекчилиги жана сыйлуу адамдар келип сынак өткөрүшөт. Атлеттерге ошол жерден тиешелүү даражасын беришет.
-Спорттун негизги маңызы?
- Айкидо - үлгү-насаат жагынан терең философиясы бар япон спорту. Бул жерде күчтүү болуунун кажети жок. Кысталыш абалда сага кол салган адамдын өз күчүн өзүнө жумшап жеңүүнүн жолдорун үйрөтөт. Өзү эч качан бирөөгө катылбайт. Катылгандын катыгын берет дегендей.
-Сиздин жолду улаган уулдарыңыз бардыр?
-Үч уулум бар. Эң улуусу оор атлетика жагына ыктап жүрөт. Кенжебиз быйыл 2-классты бүттү. Кичине бели катса деп токтотуп турам. Кудай буюрса, эмдиги жылдан баштап "Сэйсэнкай" клубуна айкидодон машыкканы келем деп турат




  Кикбоксинг

Президенттин кубогун ким жеңди?
17-июль күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда КРнын президентинин кубогуна арналган кикбоксинг боюнча IV эл аралык мелдеш өттү. 75 килограмм салмак чени боюнча ордо калаабызга кикбоксинг боюнча Россия чемпиону Магомед Хамидов, Молдова республикасынын 5 жолку чемпиону Иван Гайван, эрежесиз эр уруш жана кикбоксинг боюнча Россия чемпиону Рамазан Абдулмеджидов, Европа чемпиону, дүйнөлүк биринчиликтин коло медалынын ээси белоруссиялык Генадий Ткаченко, кикбокс боюнча дүйнө чемпиону өзбекстандык Ахмед Алимбеков, кикбокс боюнча эки жолку дүйнө чемпиону казакстандык Шатлыкжан Хамраев, Украинанын муайтай, тайбокс, кикбокс боюнча чемпиону Александр Медведевдер келишти. Бул жолу Кыргызстандын намысын кикбокс боюнча дүйнө биринчилигинин ээси, профессионалдар арасында Евразия чемпиону Кумар Жалиев коргоду. Кикбокс кечесин россиялык актер, шоу-мэн, Гиннес китебине Россиянын эң күчтүү адамы катары катталган Владимир Турчинский менен Салтанат Саматова алып барды. Ушул эле кеченин коноктору Голливуд жылдызы, 1997-жылдары эрежесиз эр уруштун дүйнө чемпиону Олег Тахтаров, учурда Москва шаарынын тургуну, Кыргызстандык бокс боюнча дүйнө чемпиону (1989) Андрей Курнявка жана олимпиада чемпиону (Атланта) Юрий Мельниченколор болду. Кубок үчүн таймаш олимпиада тартибинде жүрүп, 8 атлеттин утулганы мелдештен четтетилип атты. Көрүүчүлөрдүн коштоосунда, биздин жердешибиз Кумар Жалиев чейрек финалда Магомед Хамидовду, жарым финалда Ахмед Алимбековду упай менен утуп алса, ал эми финалдык беттешүүдө украиналык Александр Медведевди оюндун биринчи бөлүгүндө кулак түпкө буту менен жыга тепти. Сашанын көзү алачакмактап барып полго кулап түштү. Оңбоду. Оюндун калысы Мамыт Акеров техникалык нокаут жарыялап, Кумарды жеңүүчү кылып, колун көтөрдү.