email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Эй, шайлоочу!

Добушуңду коргоп кал
Бүгүн Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү. Политтехнологдор жайдын аптаптуу күнүнө, болгондо дагы минтип жумуш күнү бейшембиге туштаганы тууралуу буга чейин көп эле жолу айтылды. Элдин көбү эмгек өргүүсүнө чыгып Көлдө, жайлоодо эс алууда жүрүп, саясый активдүүлүк төмөн. Эртеңки күнүң чечилип атса, "баары бир бурмаланат" деп кол шилтеп койгон дагы болбойт. Урматтуу шайлоочу, күнүмдүк турмуш-тиричилик менен канчалык алышсаң дагы ал баары бир түгөнбөйт. Тагдырың чечилип аткан бул күнгө кайдыгер карабай, кайсы талапкерди туура деп тандаган болсоң келип добушуңду бер! Жаркын келечекте жашагың келсе добушуңду уурдатпа! Коргоп кал! Добушуңду уурдатканың - келечегиңди уурдатканың!


  МЧС өлүмү

"Кандуу жол" жарык көрдү
Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу "Кандуу жол" деп аталган детектив аңгеме жарык көрдү. Чыгарманын автору Эдил Кожошизи. Буга чейин мындай ысымды укпагандыктан, белгилүү эле жазмакердин псевдоними окшойт деген ой туулат. Чыгарманын каарманы МЧС деген ат менен белгилүү адам. Ал президенттин кол астында иштеп, анын бала-чакасынын, бир туугандарынын ишине нааразы болгондо арыз жазып кетип калат. Мурдагы катасын оңдоо үчүн конструктивдүү күчтөрдү бириктирет. Бирок Алматыдан кайтып келе жатканда аны бийлик адамдары кыйнап өлтүрүп, өрттөтүп салат. Чыгармадагы көптөгөн каармандар тааныштай сезим калтырат. Алсак, ИИМ министри Конкарев, президент администрация башчысы Күсөн Кыдыков ж.б. "Кандуу жол" "proza.ru" сайтына жарыяланган.