"Чоң казат" алдында

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри:
"Бизди "кокустук өлүм" менен жайлаганы жатышат"
-Исмаил мырза, кыргыздын бир метр жери үчүн катуу позицияда туруп келатасыз. Үзөңгү-Кууш кеткенде дагы аны менен кошо канча байлыгыбыз кеткенин факты жүзүндө сиздей эч ким айтып чыга алган эмес. Андыктан, ижарага берилет деп имиш чыккан Арпа жайлоосу жөнүндө оюңуз кандай?
-Албетте бийлик тарабынан так, ачык берилбеген маалыматтардын баардыгы ишенбөөчүлүктү, уламышты жаратат. Бүгүнкү бийликтин сойку саясаты элди ошого түртүп жатпайбы. Өзүңүздөр ойлоп көрсөңүздөр, бажы постун ичкери көздөй 50 чакырымдай жылдырыш жөнөкөй эле таякты жылдырып коюу эмес да. Ал үчүн өкмөттүн атайын токтому чыгып, ошол токтомдо эмне үчүн жылдырылып жатканы негизделип көрсөтүлүшү керек. Бажы посту негизи чегара башталган жерде турушу зарыл. Контрабандалык жүктөрдүн алдын-алыш үчүн, мамлекеттин коопсуздугун сакташ үчүн бажыканалар дээрлик чегаралар чектешкен жерге коюлат. Элдин бул жерде кооптонуп атканы туура. Себеби, буга жогорку бийликтеги күчтүү таасири бар, президенттин тегерегиндеги, мүмкүн үйбүлөсүбү, мүмкүн иниси же баласыбы, айтор, Бакиевге жакын бирөөлөр Арпаны Кытайга ижарага бериши ыктымал деген божомол бизди да ойлонтуп жатат. Башка мамлекеттер бир чарчы таштак, кагыраган жери үчүн күрөшүп келишет. Ал эми Аксай, Арпа не деген керемет, не деген кеңирсиген чоң жайлоолор. Ал жерде түстүү металлдардын, баалуу таштардын, нефтинин кең запасы али да казылбай жатат. Алардын четин оюп иштете баштасак, Кыргызстан тез арада бутка туруп кетет. Аксай өрөөнүндө, азыр атын унутуп жатам, бир минералдык зат бар. Андан кадимки бронежилеттен баштап, космостук ракеталардын тетиктерине чейин жасалат. Баасы өтө кымбат.
Билишимче, бул затка германиялык компаниялар катуу кызыгып, "иштетип берели" деп Акүйдүн эшигин кагып жүрүшкөн. Аксай, Арпа үчүн бабаларыбыз кан төгүп, сактап келген. Ал жерде кыргыздын тарыхы, аталарыбыздын эл-жер үчүн аккан каны жатат.
-Торугарт бажыканасынын Коргон-Ташка жылганын Нарындын губернетору, Ат-Башынын акими билбейт экен. Кытайлар ал жерге там салып, чуу чыккандан кийин билишти. Бабанов келгенде чегара жана бажы кызматы биригип, постту мыйзамсыз жылдырышканы белгилүү болду. Мындай акмакчылыкты жасаган эки тараптын жетекчилери эмнеге жоопко тартылбайт?
-Бүгүнкү күндүн коррупционерлери бири-бирине чырмалып калышкан да. Бакиев эмне үчүн аларды жоопко тартпайт? Себеби, постту жылдырган эки тармактын жетекчилери. Ал эми Акүй эч нерседен кабарсыз, көрмөксөн, өлүмүш позицияда туруп алды. А эгерде эл чуу көтөрүп, коомчулук дүрбөй баштаса, актаныш үчүн тиги жетекчилерди Садыркуловдун тагдырына алып барып коюп, "посттун жылышына ушулар күнөлүү экен" деп четке чыга беришет. Бакиев жүргүзгөн саясат ушуга алып келип жатпайбы. Буга окшогон мисалдар толуп кетти. Садыркуловдун өрттөлүшү, депутаттардын, жарандардын уурдалышы, өлтүрүлүшү, журналисттердин токмок жеши. Мына жакында эле зөөкүр милициянын колунан токмок жеген Алмаз Ташиев аттуу журналист өтүп кетти. Ушулардын баардыгы өзүнүн кызыкчылыгын өйдө койгон, өтө пас, канга тойбогон саясаттын негизинде болуп жатат.
-Кудай буюрса, БЭКтин талапкери Алмаз Атамбаев президенттикке шайланып, сиздердин команда бийликке келсе, ушул жерди сатып, ижарага берип, мамлекеттин мүлкүн тоногондорго кандай чара көрөсүздөр?
-Алмаз Атамбаевдин президенттик программасында мамлекеттин мүлкүн уурдап, саткандарды ачык-айкын, "жазасын беребиз" деп жазылып турбайбы. Аны Атамбаев ачык эле айтып жатат. Бирок жерибизди сатып, өлкөнүн байлыгын уурдагандар бүгүн чындыкты айткандарга, өзгөчө оппозиция жетекчилерине кара план түзүштү. Алар "Исаковду, Бекназаровду жана башкаларын уруп өлтүрбөй, уу берип, машина менен сүздүрүп, кыскасы, "кокустуктан чыккан өлүм" кылып коелу" деп жатышыптыр. Мына, БЭКтин мүчөсү Эмил Капатагаевди 11-июль күнү белгисиз бирөөлөр, машинага күчтөп салып, башына мүшөк кийгизип алып, "Манас" аэропорту жактан аеосуз тепкилешип, акыркы моментте өлтүрбөй кое беришиптир. Каптагаев ушул боюнча пресс-конференция берейин десе, тигилер "эмне аман калганың жетпей калдыбы?" деп телефон чалып, коркутуп жатышыптыр. Ушундан улам криминал менен бийлик ажырашкыс сиам эгиздериндей иш алып барып жатканы белгилүү болуп турбайбы. Кечээ жакында эле бүгүнкү бийликтин жанында жүрүп, элге, бизге жан тарткандар тигилердин кан көксөгөн пландарын тымызын келип айтып, эскертип кетишти. Булар бийлик үчүн, эртеңки жооп бере турган күндөрү үчүн эч нерседен кайра кайтпай калды. Ошондуктан, 23-июлда баардык кыргызстандыктарды бүгүнкү бийликтин ыплас саясатын кулатууга үндөп кетет элем.
-Өткөндө борбордук аянтка кыргыздын эзелки душмандары калмак-кытайдын баатырларынын айкелдери коюлуп, чоң чуудан кийин кайра алынды. Ошондон бери эл ичинде бизди ошол калмак-кытайлардын тукумдары башкарып жатат деген пикир күч. Сиз ушуга кошуласызбы?
-Эми бүгүнкү ыйманы жок бийликте баары башкарып жатышат. Борбордук аянтка Бээжинге, чоң казатка аттанганда кыргыздын эң кыйын баатырларын чын согушта жеңбей, буктурмага жашынып алып атып өлтүргөн Шыпшайдардын, кыргызды тукум курут кыла сактап, бооз келиндердин курсагын жарып, ата-бабабызды Алтайга чейин тентиткен Алоокенин канкор баласы Коңурбайдын айкелинин борбордук аянтка коюлушу - бул жалпы кыргыз элинин намысын тебелегендик, маскаралагандык. Бул Бакиевдин кыргыз элинин бетине түкүргөндөгүсү. Айкелдердин ачылышына Бакиев өзү барып катышып, аларды магдырай карап жыргаганын УТРК кайра-кайра көрсөтпөдүбү. Ошолордун арасынан бирөөсү "ой, Курманбек Салиевич, бул эмне? Биз кыргызды тебелеп, шылдыңдап, маскара кылып жатабыз" дегенге жарабагандан кийин алардын деле саясаты тигилер менен бир болуп жатпайбы. Мүмкүн арасында "калмак-кытай" тукумдары болсо, болгондур.
-Кытайлар сапатсыз иш кылганы дүйнөгө белгилүү. Коррупцияга да жакын. Бирок Бакиев бийлиги ири кендерди, Кытай-Кыргызстан темир жолун кытайларга берип жатат. Аны менен Кытайдын "жылма экспансиясы" келет. АКШ, Россия өңдүү ири державалар өз жеринен кытайлыктарды кууп кетире албай жүрүшөт. Эми алардын бул мисалы бүгүнкү бийликти толгонтпойбу?
-Баардык маселе кайра эле бийлик башындагыларга келип такалып атпайбы. Кыргызстандын кызыкчылыгын ойлобой, жеке кызыкчылыгы үчүн арам акчага баарын сатууга даяр болушкандарынан улам ушундай болууда. Болбосо, Кытайдын темир жолго бере турган каражатын алып, өзүбүздүн инженерлерге салдырсак болот эле го. Эгер биздин адистердин тажрыйбасы жетпесе, европалык компаниялардын бийик тоо шартында мыкты жол салган инженерлерин чакырып, алар менен бирдикте салсак туура болмок.
Темир жолду өзүбүз куралы десек, канчалаган жумушчу орунду камсыз кылып, бир нече ири ишканаларыбызга киреше таап бермекпиз. Бул бир. Экинчиси, дүйнөдө кытай кирген жеринен кайра чыкканын көрдүңөр беле? Темиржолго шылтоолоп 2 млн. кытай кирип келет, анан чыгарып жат ошондо.
Азыркы режим мамлекеттин кызыкчылыгын бетине беткап кылып жамынып алышып, өздөрүнүн жеке мүдөөлөрүн жашырып атышпайбы.
Кытайлар темир жол менен эле токтоп калышпайт. Андан кийин кендерибизди, акыры элибизди кул сыяктуу иштетип, кор кылышат.
-Эгерде Бакиев 23-июлда фальсификациялык жол менен шайланса, кандай чара көрөсүздөр? Анткени, көз каранадысыз социалдык иликтөө-сурамжылоолор Атамбаевдин рейтинги республика боюнча биринчи орунга чыгып атканын көрсөтүп жатышат.
-Өткөндө Курманбек Бакиевге Кочкордон кичүү баласы жөнүндө суроо берилсе, "менин балам жакшы бала. Менин балам Кыргызстанга инвесторлорду алып келип жатат" деп жооп бербедиби. Президент ал сөзү менен Кыргызстанда үйбүлөлүк башкарууну орногонун далилдеп берди.
-Кантип?
-Кыргызстанга нормалдуу инвестор келбейт. Эмне үчүн? Коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдө 4-орунду ээлесек, стабилдүүлүк жок болсо, бийликтин баардык бутактары паракор болуп бүтсө, анан кайдагы таза инвесторлор келет? Бизге арам акчаларын легалдаштырууну көксөгөн ууру инвесторлор келет. Демек, "үйбүлө" мүчөлөрү менен бөлүшүп, анан иш кылат. Мисалы, тапкан пайданын 30%ы "үйбүлөгө", калганы тигилерге дегендей.
Бакиевдин рекламасын караңыз, эч биринде Курманбек Бакиев деген жазуу жок. Жалаң Бакиев деп турат. Эл кимисине добуш берет. Анткени, Бакиевдер көп да. Бул акция "биз, Бакиевдер - баардыгыбыз Кыргызстанды бийлейбиз" дегенди билдиреби? Бакиев деп коюшкан. Бирок ал Жанышыбы, Максимиби, Адылыбы же Акматыбы, билгисиз. Мен муну Кыргызстанда үйбүлөлүк башкаруу орноду деп билем. Анысын Бакиев Кочкордо далилдеп берди. Эми эл баарын көрүп-билип турат. Жадакалса, Бакиев менен жолугушууга күч менен айдалып барышкан мамкызматкерлер жолугушуудан ачык сөгүнүп жатышат. Ошондуктан, БЭК эл менен бирге добуштарыбызды уурдатпаганга аракет кылабыз. Анткени, кыргыз эли эгер ар бир жаран шайлоого катышып, добуш санаганга чейин өз добушун коргобосо, бийлик баары бир фальсификация жасарын билип калды.
Маектешкен Семетей ТАЛАС уулу




  Бириксек - күчпүз!

23-июль - Акыйкатты жана Намысты коргоонун күнү
(Бириккен Элдик Кыймылдын Кыргызстан элине кайрылуусу)
Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу шайлоочулар!
Шайлоо өнөктүгү аяктап, тагдырыбызды чече турган 23-июль жакындап келе жатат. Бул күнү биз Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлайбыз.
Бириккен Элдик Кыймылдын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев менен жолугушууларда шайлоочулар "биз сага добушубузду беребиз, бирок канткенде добуштарыбызды ууру бийликке уурдатпай сактап калабыз" деген жумурай журтту тынчсыздандырган мыйзам ченемдүү суроо коюшууда. Чындыгында эле Бакиев өз бийлигин колдонуп, шайлоо жыйынтыктарын бурмалоо, биздин добушту уурдоо жолу менен гана бийликти сактап калары жалпыга маалым. Ошондуктан бүгүн биздин алтындан да кымбат ар бир добушубуз, биздин тандообуз чечкиндүү, жеңиштүү тарыхый бурулушка алып келиш керек.
Ушуга байланыштуу Бириккен Элдик Кыймыл 23-июль - добушту сактап калуунун, Акыйкатты жана Намысты коргоонун жалпы улуттук күнү деп жарыялоону чечти. Ошол эле учурда бул күн алдамчылык менен уурулукка каршы турчу күн болмокчу.
Кымбаттуу шайлоочулар, ушул күнү эртеден кечке же добуш берүү башталгандан тартып, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылып, протоколдорго кол коюлуп, аларды колго алганга чейин өз шайлоо участкаларыңызда болуп, көзөмөл жүргүзүүгө баарыңыздарды чакырабыз. Уурулук кылганга эч кимге кенедей да мүмкүнчүлүк бербегенге, күбө болууга, шайлоонун биринчи жолу ачык жана адилет өтүшүнө байкоочу болууга чакырабыз. Эгерде Сиз добуш берип, үйгө кетип калсаңыз, бийлик, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жарандык милдетин аткарбай - добуш бербей калган жарандын добушун Бакиевдин пайдасына ыйгарып коюу коркунучу бар. Ага жол бербеш үчүн ар бир шайлоо участкасында Кыргызстандын шайлоонун акыйкат өткөрүлүшүн каалаган патриоттору, так айтканда, 50дөн кем эмес жараны добуш берүү, анын жыйынтыгын чыгаруу учурунда өз добуштарын кайтарып туруш керек. Добуш уурдай турган адамдардын саны ар бир шайлоо участкасында 15-20дан ашпайт, ал эми сиздер - ак ниет шайлоочулар миңден кем эмессиздер. Биздин бирдиктүү талапкерге берген мыйзамдуу добушубузду ошол бир ууч 15-20 ууруга уурдатып коёбузбу?!
Ошондуктан баарыбыз, бир күнүбүздү аябай тикебизден туруп, 2009-жылдын 23-июлунда өз шайлоо участкаларыбызга келип, добуштарыбызды уурдатпай сактап калуу үчүн бир күн бирге да, бекем да туралы. Уурулукка, фальсификацияга чечкиндүү түрдө сокку уралы. Өз добушубузду уурдатканыбыз - келечегибизди уурдатканыбыз, намысыбызды тебелеткенибиз!
Кымбаттуу шайлоочулар! Бириксек - добуш уурдатпоо, тандаган адамыбызды өткөрүү колдон келет!
Бириксек - колубуздан баары келет!
Бириксек - биз элбиз!
Бириксек - күчпүз!