Оомат оодарылабы?

Марс Сариев, көз карандысыз саясый серепчи:
"Россияга Бакиев сыяктуу лидер жакпайт"
Кыргызстандагы көз карандысыз саясый серепчилерден Марс Сариев өзүнүн калыстыгы менен коомчулуктун назарын буруп келет. Учурда 48 жаштагы Марс мырза кыргыздын төбөсү көрүнгөн уул-кыздарды уясынан учурган Нарындагы атактуу В.Чкалов атындагы мектепти бүтүргөн. КМУУнун тарых факультетин бүтүрүп эмгек жолун баштаган. 1993-жылдан 1997-жылга чейин ТИМде иштеген. Анын акыркы эки жылында Түркмөнстанда иштеп, Тажикстандагы "тажик коогалаңы" боюнча сүйлөшүүлөргө катышып, ал эмгеги үчүн БУУдан атайын алкыш алган. Ошондон бери саясый анализ, ММК тармагында активдүү иштеп келет.

- Сиз буга чейин президенттик шайлоодо негизги таймаш Атамбаев менен Бакиевдин ортосунда жүрөт дегенсиз. Бакиевди күчтүү талапкерге айланткан анын колундагы административдик ресурсу, Атамбаевде андай күч жок. Сиз эмненин негизинде ушул ойду айттыңыз?
-Президенттикке аттанган башка талапкерлерге салыштырмалуу Атамбаевдин программасын эл кызуу колдоодо. Себеби, жалгыз Атамбаев гана Акаевдин убагынан бери келаткан үйбүлөлүк башкаруу системасын кулаталы деп жатат. Азыр президентикке ким келбесин, эгерде ал талапкер системаны өзгөртпөсө, өлкөдөгү коррупциялык-криминалдык абал ушул бойдон кала берет. Калган талапкерлердин деле платформалары кызыктуу, бирок азыр эл чечкиндүү кадамдарды күтүүдө. Кыргызстанда саясый маданият, саясый тандоо деген нерселер жаңыдан гана телчигип келе жатат. Ошондуктан, көбүнчө айыл жергесиндеги мекендештерибиз инсандык саясый категорияларга көп басым жасабастан, талапкерлердин жеке инсандык сапаттарына карап добушун беришет. Ушул өңүттөн алганда Атамбаевдин алган позициясы туура. Себеби, Алмаз Атамбаев Курманбек Бакиевге "кел, түз эфирге чыгып политтехнологдору жок эле программаларыбызды ачык айтышалы" деген сунуш кылды. Бирок теледебат чукулдаганда Бакиев тарап түз эфирден баш тартуу менен жеңилгенин таназар алган жок. Ал эми Атамбаев тарабы бакиевчилердин баш тартарын күн мурунтадан кабар алып, ал теледебатка Мотуев эмне максат менен келерин билип туруп катышпай койду. Бул оюнду Акүй политтехнологдору Атамбаевге каршы уюштурушту эле, бирок натыйжада оор сокку Бакиевге тийип калды.
- Айтмакчы, УТРКда президенттикке талапкерлердин ортосунда өткөн теледебатка Атамбаев, Бакиевден башкалары келишти. Кызуу саясый эрөөл болду. Сиздин оюңузча ал эрөөлдөн кайсы талапкер упай топтоп, саясый салмагын көтөрүп алды?
- Катышкан төрт кишинин ичинен Жеңишбек Назаралиев эч кандай эмоцияга берилбей, провокацияга алдырбай өз оюн так, түшүнүктүү билдирип жатты. Назаралиевдин шайлоо кампаниясы да жыйынтыктуу иштөөдө. Жеңишбектин максаты бул шайлоодо саясый капитал топтоо. Шаар анын программасын жакшы билип калды, эми айылдарга күчтүү агитбригадасын жөнөтөт. Назаралиев шайлоо өткөндөн кийин экономикалык кризис күчөп, Бакиев бийлигине болгон ишенбөөчүлүк көбөйөрүн сезип атат. Эмне себептен дегенде, Россия коомчулугу, анын ичинде аскер, өндүрүш тармагынын өкүлдөрү, мамдуманын, Путин өкмөтүнүн көпчүлүк өкүлдөрү Бакиевге карата терс көз карашта. Алар Медведевге кысым жасашууда. Ушулардын баарын эске алганда "Камбарата-1" ГЭСинин курулушуна убада кылынган каражаттын бөлүнүшү чоң күмөндү жаратат. Анткени, расмий Москва Кыргызстан жүргүзгөн "кош стандарт" саясатына ичи чыкпай калды. Аларга Бакиев сыяктуу лидер жакпайт. Ошондуктан, Россия "ставканы" биздин оппозицияга жасашы мүмкүн.
- Бакиев "Ганси" маселесинде Москваны алдап кетпедиби, туурабы?
-"Ганси" маселеси боюнча жалгыз гана расмий Москва эмес, расмий Вашингтондун көз карашы да бүгүнкү бийликке начар. Дүйнөгө белгилүү "New York Times" гезити "2,15 миллиард доллар убада кылынган Кыргызстандын "Манас" авиабазасы боюнча кабыл алган чечимин өзгөртүүсү Россия үчүн эң оор сокку болду" десе, дагы бир америкалык саясый серепчи Александр Кули "Бакиев мырза биринчи орустарды пайдаланды, анан бизди" деп айтып чыкты.
Ал эми Россиянын саясатчыларынын билдирүүсү өтө негативдүү болгонун белгилеп жана айрым россиялык эксперттердин "Ганси" боюнча айткандарынан үзүндү келтирейин. Мисалы, белгилүү россиялык эксперт Аджар Куртовдун "бул кооз дипломатиялык чүпүрөктөргө жамынган абдан куу жана кылтайма комбинация" деген оюн "Новости" маалымат булагына берсе, ал эми РИАнын эксперти Санобар Шерматова "Курманбек Бакиевдин расмий билдирүүсүнөн, парламенттин чечиминен кийин баардык укуктук процедуралар кабыл алынган соң кыргыз бийлиги америкалык аскерлерди калтыруу максатын кайсы негиздер менен түшүндүрө алат? Берилген сөздү артка алып, абийирди жоготпош үчүн олуттуу шылтоолор керек да!" деп улады. Жазында Россия берген каржы траншы да түгөнөт. Ошол маалда Бакиев бийлиги эң оор саясый-экономикалык кризис менен бет келишет. Бул кырдаалда Назаралиев өзүнүн программасы менен ортого чыгат.
- Бирок теледебатта Назаралиевдин программасын дагы бир талапкер Нурлан Мотуев мазактоо менен сынга албадыбы. Деги эле Мотуевдин ушул шайлоо кампаниясындагы ролуна эмне баа бермекчисиз?
- Шайлоо баштала электе эле саясый серепчи Нур Омаров "президенттик шайлоо алдында Акүй сценарийи боюнча бир нече клоун-саясатчылар чыгат" деп айткан. Мотуевдин ролу - Жириновскийдин саясый имиджинин кыргызча варианты. Жириновский акыркы Мамдумага болгон шайлоодо күпүлдөп атып, Путиндин оппонеттеринен добушту тартып алып, аларды дискредитация кылып, чечүүчү мезгилде өз добушун Путинге берип салган. Мотуев деген "оюнчук фигура", Жириновскийдин кыргызча модели, Мотуев Акүй фигурасы экени билинип эле турбайбы.
- Топчукенин 4 талапкерди "аларды Чымкоргонго алып барыш керек" деген пикири түз эфирде да айтылды. Сиз Топчукенин оюна кошуласызбы же ал киши жаңылыш айттыбы?
- Чымкоргон десек, анда Жириновскийди деле психдиспансерге жөнөтүү маселеси келип чыгат. Бирок, турмушта Жириновский күчтүү саясатчы, күчтүү чыгыш таануучу. Ал жөн гана ушундай жасалма клоундук имиджди тандап алган. А Мотуев ошондой эле Чымкоргонго жөнөтүүчү жинди болсо, Америкада 5 жыл жашап, мамлекеттик департаментте америкалык дипломаттарга кыргыз тилинен сабак берип жүрмөк беле? Ал дагы өзүнчө кыйын жигит.
- Ал эми жер-жерлерде участкалык шайлоо комиссияларына кирген БЭК мүчөлөрүнө кысым көбөйүүдө. Бийлик Атамбаев менен жолугушууга келген элди коркутуп, алдап, айтор колунан келген бут тосууларын жасашууда. Бирок мындай тоталитардык кысымдын арты эмне менен бүтөт?
- Шайлоодон кийин бийлик жергиликтүү администрациялардын жана күч органдарынын кандай иштегени боюнча чоң анализ кылат. Ошондуктан губернаторлордон айыл өкмөткө чейин "баш ал десе бөрк алган" формада иш алып барып жатышат.
- Акүйдөн деле буйрук болуп жатат да?
- Албетте, Акаев режиминен бери андай буйрук көмүскө берилип келет. Карапайым элди кайсы өңүттөн коркутууга, алдоого (ага айлык акы, эртелеп берилген пенсия, Түндүк-Түштүк маселеси, урунттуу экономикалык көрсөткүчтөр кирет) болоорун баарын эсептеп чыгып, добуштарды алуунун түркүн жолу каралат. Баары даяр болуп, шайлоого жакындаганда бийлик политехнологдору эл аралык коомчулуктун атайын байкоочуларынын алдында баарын таза өткөргөндөй түр көрсөтүшүп уюштурушат.
- Шайлоодон кийин элдин көтөрүлүшү болушу мүмкүнбү?
- Күзгө нааразычылыктын алгачкы эпкини башталат. Жазында оор экономикалык кризистин күйүүчү май, азык-түлүктүн көзөмөлсүз көтөрүлүшүнөн улам элдик көтөрүлүш чыгып, абал өтө оорлошу мүмкүн. Ал учурда Россия каржы траншын токтотуп, Америка "Ганси" боюнча ижара акысын төлөбөй, келишимди жаңыртып түзбөй коюу коркунучу да бар. Себеби эки тарапка кубулган хамелеондук кубулма саясатты ири державалар эч качан кечирбейт.




  Атбашылыктар аттанышабы?

Бозоргон Бабанов, алактаган Аскар
Кан Кошой жергесин жердеген атбашылыктар бүгүн дүрбөлөң түшүп, ызырынып турган чактары. Кандары кызып. Атбашылыктардын түп көтөрүлүшүнө кыргыз-кытай чегиндеги бажыканасы 50 чакырым ичкери кирип, Коргон-Таш аскер постунун жанына жылдырылышы жана ал жерде кытайлык жумушчулардын мыйзамсыз там салышы себепчи болгон.

Бакиев бийликке келгенден тартып Ат-Башы жергесинде "бу бийлик Аксай, Арпа жайлоолорун Кытайга арендага берип салыптыр", "жок, түбөлүккө кармата бериптир" деген каңшаар кептин желаргысы тарап келет. Өткөндө Бакиев Теңиртоого барганда атбашылыктар бул каңшаардын чын-төгүнүн билмекке президенттен ачык эле сурашкан. Бирок, Бакиев "ой, тобаа калдым. Мен муну уккан эмесмин. Бул жөн эле ушак" деп жооп берген. Анысын УТРК кайра-кайра кайталап көрсөткөн. Бирок, мындан 2 жума мурда, "Торугарт" бажы көзөмөл посту көчүрүлөт деген Коргон-Таш аймагына кытайлык жумушчулар 10 күн ичинде 4 там куруп салышкан. Ошол аймакты 15 жылга ижарага алган Кызыл-Туу айылындагы бир фермер өз жерине кирген малын кайрыганы барса, чек арачылар "кирүүгө акың жок" деп сабап салышкан. Чыр ушундан башталып, 6-июль күнү атбашылыктар Бишкек-Торугарт жолун тосуп башташкан. Бул кабар акүйгө жетип, ошол эле күнү 1-вице-премьер-министр Ө. Бабанов, Жогорку Кеңеш депутаты Аскар Салымбековду, губернатор, аким жана облустук күч органдарынын жетекчилерин ээрчитип Коргон-Ташка барган. Ал жерде аткаминерлерди Атбашы суусунун аркы өйүз, берки өйүзүнөн чогулган 400гө чукул адам күтүп турушуптур. Бабанов атбашылыктарга жолугуп, анан Торугартты көздөй "чыз" коюп, 3 сааттан кийин кайра келип, чогулгандарга Коргон-Ташта бажы-көзөмөл посту курулбай турганын убада берген. Жаалданган эл Бабановго "эгер 10-июлга чейин кытайлыктарды чыгарбасаңар, 4 тамын өрттөп өзүбүз кууйбуз. 10-июлдан 20-июлга чейин Бишкек-Торугарт жолун тособуз. Эгер маселе чечилбесе, 20-июлдан тарта Бишкекке жөө жүрүш баштайбыз. Каркыраны берсеңер эле Арпаны да беребиз, эл баягыдай кала берет дейсиңерби?! Аксай, Арпа үчүн кан-жаныбызды беребиз. Атбашылыктар кандай эл экенин көрөсүңөр ошондо!" деген сыяктуу ачуу кептерди айтышкан. Эл сүрүнөн бозоргон Бабанов кытайлык жумушчулар боюнча маселе өкмөттө көтөрүлүп, Кытай элчилигине кабар билдирерин айтып тим болгон. Ортодо жердештеринин ачуусун басайын деген Аскар Салымбековду "сен губернатор кезде ушул жерлер 49 жылга ижарага берилген деген чынбы?" деп жарга такашып, анын дарегине гезит бетине жазылбай турган орой сөздөрдү жаадырышкан. Алактаган Аскар мырзанын кебине эл көңүл бөлбөй, акырында анын "бата берели" деген кайрылуусун аксакалдар "э-ээ батаңды кое турчу!" деп кагышыптыр. Айтор кылымдардан бери кылкылдаган кытай-калмакты АТА-ЖУРТка киргизбей сактап келген жаангер мүнөз эл бүгүн катуу дүргүп турат. "Аксай, Арпа үчүн кан-жаныбызды беребиз!" деген сөздү укканда Кан Кошой, Ажыбек баатырдын арбактары козголо түштү бейм. Кыргыз атка мингенде, айрыкча теңиртоолуктар аттанганда калмак-кытайың сайда санын таппай, сандырактап калчу эле.