Айзада Жаналиева, эркин күрөш чебери:
"Ийгиликтин арты менен Лондонго..."
Футбол
Кыргызстандын кубогу үчүн...
Эгемендик кубогу үчүн ат салыша турган төрт команда белгилүү болду. Эми жарым финалдык оюндун биринчи бөлүгү 11-июлда Кант шаарында "Абдыш-Ата" клубу менен "Жаштык-Ак-Алтындын" ортосунда болмокчу. Ушул эки команда 18-июль күнү Кара-Суу шаарында кайра беттешет. Эки жолку таймаштын жеңүүчүсү 6-сентябрда финалда ойнойт. Жарым финалдык оюндун экинчи бөлүгү 19 жана 26-августтагы Оштун "Алайы" менен Жалал-Абаддын "Камбар-Ата" клубдарынын арасында болот.


Жеңил атлетика
Өспүрүмдөр Азия алкагында
Биринчи жолу Азия оюндарында кыргызстандыктардын ийгилиги эстафета (4х200) жагынан байкалды. Курамга кирген Виталий Карнаухов, Адилет Куштанбеков, Муса Адилет уулу жана Семен Поповдор бул көнүгүүнү 1 мин. 36 секундда басып өтүп, коло медалга бир аз жетпей калышты.


Кыздардын кылы кыйшайдыбы?
Вьетнам өлкөсүндө 2010-жылы өтө турган Азия кубогунунун финалдык оюндарына иргеп алуу таймаштары өттү. Бу жолку мелдеш биздин кыздарыбыздын кылын кыйшайтып, Гонконг кыздарына 0:2 эсебинде биринчи, жергиликтүү Вьетнам курамына 1:10 эсебинде экинчи оюндарын уттуруп, эми Азия кубогунан куржалак калышты.





Блиц-анкета
Жерлиги - Ат-Башы, Талды -Суу айылы
Жашы - 22де
Бою - 160 см.
Салмагы - 48 кг.
Жакшы көргөн тамагы - Чучук, күрүчтөн жасалган тамактар
Ышкысы - Сайма саюу, даамдуу тамак жасоо
Спорт даражасы - Спорттун чебери
Устаты - Эдуард Ли
Кумири - Данияр Көбөнов
Суусундугу - Кымыз
Билими - И.Арабаев атынданы окуу жайдын 2-курсунда окуйт

-Кыргыздарда бир жакшы кеп бар - "Тегин жерден өрт чыкпайт" деген. Таржымалыңа токтоло кетсең?
- №1 мектеп-интернатында окуп жүргөн кезимде Арстанбек Медебаев агай көз кырын салып жүрүптүр. Күрөшкө шыгымды байкаптыр. Ал агай республикадагы кыздарды машыктырып жүргөн бирден-бир күчтүү устаттардын бири Эдуард Владимирович Ли агайга жетелеп келген. Бул киши шыгымды такшалтып, мени Шералы Сыдыков атындагы спорт-интернатына окутту.
-Эдуард Владимировичте канча убакыттан бери машыгасың?
-Бир жылдын жүзү болду. Атамдан эрте ажырап калганымды билип, мага атадай мамиле кылат. Мээримин төгүп.
-Жылыштар барбы?
-Болбой койгон жок. Маселен бир жыл мурун Казакстандагы эл аралык мелдештен куржалак келген элем. Быйыл үчүнчү орунду ээледим. Азия биринчилигинде 20 мамлекеттин арасынан бешинчи орунду камсыз кылдым. Бул ыргак менен жүрүп отурсак, келечек биздики деп ойлойм.
-Анда машыгуулар жандуу өтүп аткан турбайбы. Бош убакыт болуп калабы?
-Жокко эсе. Таң эрте туруп, окуп аткан И.Арабаев атындагы университетке келем. Англис тили боюнча курска барам, анан машыгуулар башталат. Аягында бассейнге сүзөм. Ошентип кеч кирет.
-Тамакты рационго тууралап ичесиңби?
-Эртең менен ачкарын бир чоң кашык бал, анан перловка боткосу. Түшкүсүн жылкынын чучугу, эти. Кечкисин үйдөгүлөр эмне жасап койсо, ошону эле жейм.
-Күндө жылкы этин жеп туруш үчүн каражат керек да...
- Ал жагы устатыбыз Эдуард Владимировичтин мойнунда.
-Мелдештерге көп барып турасыңбы?
-Буга чейин Азия биринчилигине, Белорусияга, Казакстанга бардык. Ийгиликтер жаман эмес.
-Досторуң көп болсо керек?
- Жок эмес. Кыздарга караганда эркек досторум көп. Көбүнчөсү балбандар.
-Кумир туткан бирөө жан бардыр?
-Данияр Көбөновду идеал катары көрөм. Интернатта чогуу окуп жүргөндө баалуу кеңештерин көп айтчу. Жолугуп калганда "сестренка, кандайсың, проблема жокпу?" деп көп кайрылар эле. Америкага кетип калды. Ал жакка кеткени баарлашпай калдык.
-Федерациядан жертөлөдөгү машыккан жериңерге келип турушабы?
-Федерация башчысы Нурлан Айтмурзаев агай бат-бат келип, Эдуард Владимировичтеги машыккан кыздарды баардык жагынан колдоого алып, баардык муктаждыктарды чечип берип турат. Сборлорго, мелдештерге каражат таап жиберип, ал жагынан мүчүлүштүктөр жок.
-Жекшемби күнү эмне кыласың?
-О-оо, бул биз үчүн жакшы күн. Кыздар чогулуп алып "Динамодогу" саунага тердеп, денедеги шорлорду чыгарабыз. Эмен жана кайың шыпыргылары менен парга кирип, бирибизди- бирибиз чаап жеңилденген күн.
-"Үмүтсүз шайтан" дейт... Бир топ ийгиликтерди жаратууну максаттап жаткан турбайсыңбы анда?
-Жакынкы арада Азия жана дүйнөлүк биринчиликтерде күчүмдү сынап, ийгилик жаратканга аракет кылам. Эң негизгиси 2012-жылы Лондондогу олимпиада. Убакыт бар.

Ат спорту
Эки тизгин бир чылбырды бириктире карма
2010-жылы дүйнө кубогуна баруу үчүн Андрей Шолохин аттуу спортчубуз Астанада өткөн мелдеште Борбордук Азия биринчилигин жеңип алып, жолдомо алды. Мындай ийгиликке боордош өлкөлөрдөн эч кимиси татыган жок. Бул жагынан алганда бизде ат спорту "өчүп калбай" бар экени кубандырат. Эми эки тизгин бир чылбырды бириктире кармаган атлетибиз дүйнө алкагында ат ойнотот.


Кайык спорту
"Ала-Арчада" аламан байге
Борбор шаардын ылдый четинде жайгашкан "Ала-Арча" суу сактагычында жалпы кайыктардын жарышы болду. Тетири урган шамалдын кесепетинен кээ бир атактуу кайыкчылар марага жетпей, аласалгандары болду. Байдарка жагында Игорь Дорофеев биринчи келди. Кыздардан Елена Буханцовага эч ким жетпеди. Бул экөө 500 м. аралыктагы чемпион аталышты. Ал эми 100 метр аралыкта Александр Пароль, Александра Пустовалар алтын медалдуу болушту. Жалпы жонунан КРнын биринчилиги үч күн катары жүрүп, аламан байгеге жүздөн ашуун кайыктар ат салышты.


Теннис
Жаңы чыкты Жамила
Бу күнгө чейин спорттун бул түрүнөн шугулданган кыргыз кыздарынын атын укпаган чыгармын. Жамила Дүйшеева өзү 14 жашта болгону менен ойногон оюну, чеберчилиги менен чоңдордон кем калышпай, теңата салгылашып атпайбы. Азыркы күндө Армения өлкөсүндө өзү теңдүүлөрдүн арасында бир сөөм өйдө экенин билдирип жиберишти. Эмне дейли, Жамилага ийгилик, келечегинин кеңдигин каалап туралы.

Даярдаган Сурат Жылкычиев