Учур маек

Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын лидери:
"Атамбаев экономикада алдыны көрө билген көрөгөч"
(Уландысы. Башы 7-бетте)
-БЭКтин талапкери Алмаз Атамбаев Түштүктү кыдырып жүрсө, сиздин Алмаз мырза менен барбай койгонуңуз эл ичинде ар кандай пикирлерди жаратууда?
-Ал учурда башта айтканымдай Москвада болуп калдык. Бул маселе боюнча Алмаз Шаршенович менен кеңешкенден кийин жөнөп кеткем. "Ата Мекен" партиясы менен СДПК булар бир платформада турган партиялар. Биздин Москвага барганыбыз эки партиянын идеологиясы бир экенин далилдейт. Россияда Миронов жетектеген "Адилет Россия" партиясы "Жаңы социализм" деген программаны жарыялады. Мына ушунун өзү Атамбаев жетектеген партиянын багыты туура экенин көрсөтүүдө. Бул эл аралык, дүйнөлүк баа. Биз барып ошол жаңылыкты Кыргызстанга алып келип жатканыбызды Атамбаевди талапкер катары колдоо деп билем. Рыноктук фундаментализм, жапайы рынок концепциялары дүйнөнүн элдерине жакшылык алып келбесин азыркы дүйнөлүк кризис далилдеп койду. Муну АКШнын жана Европа өлкөлөрүнүн президенттери "ачкөз, кызыл кулак, жеке кызыкчылыкты көздөгөн рыноктук фундаментализм элге жакшылык алып келбейт экен. Коом, адам бул жерде көмүскөдө калып, унутулат экен. Бизнести жалпы элдин кызыкчылыгына баш ийдирүү зарыл" дешип, чындыкты моюнга алып жатышат. Алмазбек Атамбаев бул маселени бүгүн эле айткан жок. Бу киши 1994-жылы партия түзгөндө эле социал-демократиялык деп ушул жолду тандап алган. Атамбаев дүйнөлүк өнүгүүнү прогноздоп, кайсы тоскоолдуктарга тушугарын мындан 15 жыл мурда баамдаган. Ошондуктан, Алмаздын экономикадагы алдыны көрө билген көрөгөчтүгүн өзгөчө белгилеп кетсек болот.
-Бирок, Бакиев "баардык мамлекеттик ишканалар жеке менчикке" деген ураандын алкагында иш алып барып жатпайбы?..
-Ооба. Бүгүн Бакиев, тескерисинче, ашынган нео-либералдык фундаментализм рыночтиктер түзгөн жол менен кетип, "Бишкек суу канал", "Бишкек газ", "Бишкек ТЭЦи", "Түндүк электро" сыяктуу мекемелерди, суу байлыктарын баарын сатыш керек, мамлекет-шалтурук кожоюн, шалтурук башкаруучу, мунун баарын жеке менчикке берсек, ошолор гана оңдойт деп кыйрап калган жапайы капитализмди туу тутуп, азыркыга чейин кыйкырып жатпайбы.
Бул идеологиянын Родинасы болгон Американын президенттери "тобаа" деп жиберишпедиби. Биздики Телибай тентекке окшоп, океандын ары жагы баш тартса дагы, "чызылдасаң чызылда, бирок кое бербейм" деп ал тууну көтөрүп турат.
-Акманда Атамбаевдин элге кайрылуусун бакиевчил басылмалар айтып, көрсөтүп бүталбай жатышат. Ушул боюнча эмне дейсиз?
-Биринчиден, мамлекеттин көзөмөлүндөгү теле-радио компаниялар Бакиевдин пайдасына обу жок иштеп атышат. Көз көрүнөө мыйзам бузуп. Бул бир тарабы. Экинчиден, реалдуу оппоненттерди каралоо, алардын позицияларын жасалма төмөндөтүү жүрүп жатат. Эми бул мыйзамсыз көрүнүш. Аны добуштарды фальсификациялоонун составдык бир бөлүгү катары карашыбыз керек. Мына, жок жерден чыга калган күнүмдүк социологиялык изилдөө компаниялары. элди алдап, өздөрүнө жагымдуу жыйынтыктарды кайра-кайра бийлик көзөмөлдөгөн телеканалдардан көрсөтүп жатышат. Бирок анын баары жалган. Биз жүргүзгөн иликтөөлөр боюнча Атамбаевдин рейтинги биринчи орунда. Түндүктө 60%дан 80%га чейин рейтинги бар. Түштүктө Бакиевге теңтайлашып чыгып атат. Атамбаев балким биринчи турда утуп чыкпашы мүмкүн. Бирок 2-турда жеңип чыгары шексиз. Ошондуктан, бийлик баарын бурмалаганга аракет кылып жатат. Ал эми "Акманда Атамбаев мас болуп алып эл менен жолукту" деген сөз кадимки кара пиар. Анткени, аны өкмөттүк ММКлар байма-бай атайылап көрсөтүүдө. Ага көңүл буруштун кереги деле жок. Ал тасманы биз деле көрдүк. Ал жерде жеке Атамбаев эмес, жанында тургандар өмүрү суу көрбөгөндөй суу сурап ичип атышат. Булардан баары бир казандан тамак жеген адамдардай көрүнүп турат. Балким, булар ашпозчу тамакка кошуп жиберген "Кокон деликатестеринен" ооз тийишкен го деп калдык. Анткени, бүгүнкү бийликтен баардык ыплас нерсени күтүүгө болот.
Семетей Талас уулу




  Кичи жолдон чоң көйгөй

Жол менчиктемей кайра башталдыбы?
Береги сүрөт түшүнүктүү болуш үчүн, мындан 3 жыл мурда чыккан "Эми жолду да менчиктей башташтыбы?" деген макаладан үзүндү келтирели: "Шаарыбыздын 6-12-кичирайондорун бириктирген канал жээктеги (набережная) транспорт каттамы бар. Мына ушул жол жээкте өзгөчө курулуштагы чоң-чоң үйлөр түшө баштаган. Алардын ээлери 3-4 айдан бери туруктуу шаардын жашоочуларынын айласын кетирип, ушул транспорт каттамына МАИ кызматкерлерин койду да, элди бура бастырбай калды. Деги бу жерде кимдер жашайт, периштелерби? Элдин айтымына караганда, президент Бакиевдин үкалары, анан Акүй чиновниктери ээлик кылат имиш. Негизги каарман катары Макстын аты аталат. Мындай шумдукту көрбөгөн 6-11-12-кичирайондорунун миңдеген жашоочулары таңгалып, ушу тапта кыжырлары кайнап турган чагы. Бийликтин жол баскынчылык кылыгы эч кандай логикага туура келбейт. Президенттин резиденцясынын жанынан деле транспорт каттап, адам өтүп атпайбы. Же бу жер өзгөчө алтын байлыктын, наркозаттардын уюгубу?. Же өзгөчө куралдуу күчтөрдүн базасы болсо, мейли дейт элек". ("Агым", 16-июнь, 2006-жыл)
Кыскасы, мисал келтирүү түшүнүктүү болду окшойт. Ушул маалымат гезитке чыккандан соң жол ачылган. Кызыгы, 3 жыл өткөндөн кийин, мына бүгүн да бул бай-бачалардын көчөсү кайрадан буулуп (бир жактуу жол каттамына айланып), шаардыктардын кыжырына тийүүдө. Эмне, чоңдор жашаган жерден карапайым калк өтүүгө тыюу салынат деген мыйзамда барбы? Дегеле, мунун өзү өзүмбилемдикке, баскынчылыкка бараткандай элес жараткандай... Качанка чейин элдин ичинде кысылуу, корунуу, жалтактоо күч алат? Айтор, суроолор көп.
Мындай майда көрүнгөн көйгөйлөрдү кимдир-бирөөлөр (бийликтегилерби?) атайын президенттик шайлоо астында жасаган жокпу? Ким билет? Балким, Акүйдүн ичинде да тескери кеткендер барбы? Мындай жол тосмойду көргөндөр наалышып, ажого нааразы болгондорду угуп атабыз. Бул эми бир эле мисал, а мындай көйгөйлөр канча дейсиз? Өзгөчө шайлоо астында оркойот экен да...
Семетей Талас уулу




  Күл азык

Ардагерлер Атамбаевге пенсияларын которууда
Чөпбай Нургазиев:
"Өзүмдүн бир айлык пенсиямды котордум"
- Мен Алмаз Атамбаевди көптөн бери билем. Учурунда мамлекеттик иштерде эмгектенди. Айтып отурса сөз түгөнбөс... Бүгүнкү күндөгү президенттик шайлоодо Алмаздын өз кандитатурасын койгонуна кубанып отурам. Президент болууга татыктуу жигит экени көрүнүп турбайбы. Башка кандидаттардан айырмаланып, кыргыз элинин бүтүндүгүн сактап, үйбүлөлүк башкарууга бөгөт коюп, өлкөдөгү жаңылануулар үчүн талыкпас эмгегин аябай иштеп кете алаарына көзүм жетет.
Жашым сексенди таяса да тыңмын. Эми Алмаз уулумдун шайлоо фондуна бир айлык пенсиямды котордум. Бул демилгени жоон топ аксакалдар колдооруна ишенем.


Өмүрбек Үмөталиев:
"Атамбаев пенсионерлерди унутпайт"
-Кыргызстандагы пенсионерлер саясый партиясынын төрагасынын орун басарымын. Биздин партия мурунтадан эле Алмаз Атамбаевди колдоп келгенбиз. Себеби Алмаздын баскан жолу, ишмердүүлүгү адамдарга жасаган мамилеси менен эл оозуна илингендиги биздин эсте. Премьер-министр кезинде пенсионерлерди колдоп, алгылыктуу сөзүн айтканын унута элекпиз. Көп узабай ишинен алып салышты, өкүнүп калдык. Эми ошол пенсионерлер кайрадан жанданып, Алмаздын талапкерлигин колдоп отурабыз. Алмаз Атамбаев Кыргызстанды алдыга алып кете турган татыктуу жигит. Мен өз атымдан бир айлык пенсиямдан 200 сом шайлоо фондуна котордум.

ОАО "Азия УниверсалБанк"-"АУБ-Бишкек"
спецсчет 1230370012131386
БИК123037