Аламан алдында

Боршайкомдун былыгы чыгууда
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевге Боршайкомдун эскертүү берүү фактысы боюнча

2009-жылдын 25-июнунда Боршайком шайлоо алдындагы үгүт иштеринин эрежелерин бузууга жол берилбестиги тууралуу маселе боюнча КР Президенттигине талапкер Атамбаевге эскертүү берди.
Боршайком өзүнө мүнөздүү болгон ыкмада өз ыйгарым укуктарын бузганына биз кыжырдануубузду билдиребиз.
Биринчиден, баракчанын мазмуну талапкерлердин биринин да ар-намысына, абийирине шек келтирбестен, биздин өлкөдө орун алып жаткан көйгөйлөрдү көтөрүп жатат. Бизде энергетикалык каатчылык жокпу, биздин өлкө криминогендүү эмеспи, бизде коррупция гүлдөп-өсүп жаткан жокпу?
Экинчиден, Борборшайком сот бийлигинин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алды. Талапкердин ар-намысын, абийирин коргоо тууралуу маселе качантан бери БШКнын компетенциясына кирип калган?
Үчүнчүдөн, Башкы прокуратура менен БШК КР Президенттигине талапкер К.С. Бакиевге тиешелүү болгондо болор-болбос негизсиз шылтоо менен дароо чара көрүшөт. Ошол эле учурда биздин талапкер Алмазбек Атамбаевге карата тынымсыз мыйзам бузуулар орун алган учурларда көз жумуп коюуда.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында А. Атамбаевге карата талапкердин ар-намысын, абийирин ачыктан ачык кемсинткен кадрлар монтаждалып көрсөтүлүүдө. Анын шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда жарандардын катышуусуна ар кандай тоскоолдуктар жасалууда. Шайлоо кодекси одоно түрдө бузулууда. Бирок ага БШК көңүл бурган жок.
Боршайком КР Президенттигине талапкер К.С. Бакиевге гана иштеп жатканы ачык көрүнүүдө.
КР президенттигине талапкер
А.Атамбаевдин борбордук штабы




  Жоолук булгалообу?

Токтайым Үмөталиева, президенттике талапкер:
"Жигиттерден артта калбайм"
- Сиздин ишенимдүү кишилериңиз "Акжол" партиясы менен биргеликте үгүт иштерин чогуу жүргүзүп жүрөт деп уктук?
- Бул карандай ушак. "Үмөталиеванын ишенимдүү кишилери "Акжолго" кошулуп, үгүт иштерин жүргүзүп жүрөт" деп маалымат таркаткан адамдын аты-жөнүн айткыла, мен териштирейин. Менин өкүлдөрүм болгону Боршайкомдун жер-жерде өткөргөн чогулуштарына катышкан, азыр да катышып жатышат. Ал чогулушка мамлекет тарабынан акча бөлүнүп жаткан соң жеке эле "Акжолдун" эмес, башкалардын да өкүлдөрү катышууга толук укуктуу. Тилекке каршы, айрым талапкерлердин өкүлдөрү ага да барган жок. Бул эми үгүт эмес да.
- Бирок айрым маалымат каражаттары сизди эч жакка барбаптыр деп жазып чыгышты го?
- "24 кg" маалымат агенттиги "Үмөталиева эч жакка барган жок, бул айым эч качан шайлоонун аягына чыккан эмес, эми деле добуштарын президентке берип коюшу мүмкүн" деп жазып чыгышты. Бул деген кара пиар. Анын артында кандай саясатчылар турганын мен жакшы билем.
- Ушул шайлоодо канча добуш алам деп ойлойсуз?
- Мен жакшы добуш алам. Эгер ачык айкын саясат жүрүп, көз боемочулук болбосо, биздин жигиттерден артта калбайм. Айрым талапкерлер шайлоого жете электе эле баш тартып кетишти, мен болсо аягына чейин турам.




  Кубулма жүз

Эмил Алиев, "Арнамыс" партиясынын лидери:
"Президенттин программасын жактырдык"
- "Арнамыс" президенттик шайлоодо багытын 180 градуска өзгөртүп, Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдойт деген чынбы?
- 19-июнда "Достук" мейманканасында курултай өткөргөнбүз. Ошол курултайда "азыркы президенттин талапкерлигин колдойбуз" деген чечим кабыл алганбыз. Менимче бул 180 градуска бурулууга жатпайт. Азыркы президенттин программасында биздин көз карашка туура келген жактары бар экен. Ошол жагын эске алдык.
- Демек, "Арнамыс"оппозициядан кетти деп түшүнсөк болот экен да?
- Эмне үчүн? Радикалдуу жана конструктивдүү оппозиция деген бар да. Биз ошол конструктивдүү оппозиция катарында ишибизди уланта беребиз.




  Чээн саясаты

Тайырбек Сарпашов,
"Туран" партиясынын лидери:
"Парламенттик шайлоону күтүп атабыз"
- Парламенттик шайлоо учурунда жылт эткен "Туран" партиясынын азыр эмнеге ың-жыңы билинбей калды?
- Кийинки парламенттик шайлоого даярданып, аракет көрүп жатабыз. Кээ бир мүчөлөрдү тактап дегендей. Азыркы президенттик шайлоого да ошон үчүн катышпадык. Бир нерсеге реалдуу караш керек да. Катышкан күндө да мүмкүнчүлүк болбосун көрүп туруп, баш тартканбыз.
- Каражат маселеси себеп болгон жокпу?
- Каражатты акыркы планга койгондо да болбойт. Аны дайыны жок жумшагандан көрө парламенттик шайлоону күтөлү деп чечтик.
- Парламенттик шайлоо маалында "Туран" партиясына бийлик парламенттен орун берүүгө убада берип, бирок акыр аягында сатып кеткен деген кептин канчалык чындыгы бар?
- Биз парламенттик шайлоого активдүү катышып, бирок жыйынтыгын чыгарган кезде добушубуз жетпей калган. Муну ачык эле моюнга алып, өткөн партияларды куттуктаганбыз. Жогорудагыдай кептерди убагында атаандаштарыбыз пиар үчүн тараткан.




  Аттамак...

Бейшенбек Абдырасаков, ЖК депутаты:
Бул борбордун бизге пайдалуу жагы көп
- Президент "Ганси" авиабазасы чыгат дегенде, "Акжол" партиясы катуу колдодуңар эле. Кайра транзиттик жүк ташуучу борбор боюнча калсын дегенде ага да макул болдуңар. Бул кубулма саясат эмеспи?
- Түшүнбөгөндөргө айтып койойун. Азыркы кала турган борбор Афганистанга гуманитардык гана жардамдарды ташыйт. Ал эми "Ганси" авиабазасы турган кезде ал жакка аскердик самолеттор каттап турчу. Экөөнүн айырмасы асман менен жердей да.
- "Гансидеги" самолеттер Чүйдүн экологиясына олуттуу зыян келтириптир. Азыркы транзиттик борбордо деле самолеттер учуп, конот да. Булар экологияга зыян келтирбейби?
- Аскердик самолеттор жеңил болот. Алар жерге конордо ашыкча майын чачып жиберет. Ал эми транзиттик борбордун самолеттору кадимки самолеттордон айырмаланбайт. Ашыкча май чачпайт. Бул борбордун бизге пайдалуу жагы көп. Жылына 60 миллион долларга чейин төлөйт. Андан тышкары, биздин аэропортту оңдогонго да акча бергени жатышат.




  Төш какмай

Турусбек Мамашов,
Мамлекеттик туризм
агенттигинин жетекчиси:
"Туалетти айта берип, тил тешилди"
- Туризм агенттиги Санта-Клаусту кое туруп, даараткана жагын жөнгө салышса жакшы болот эле деген кептерге кандай пикирдесиз?
- Бул жүрөк өйүткөн маселелердин бири. Мен ушул кызматка келгенден бери ажаткана тууралуу айта берип, тилим тешилди. Кыргызстандын кай жагына барба, ушул көйгөй биринчи орунда турат. Бирок, буга биздин агентствонун тиешеси жок болуп атпайбы. Эгер тиешеси болуп, бизге атайын каражат бөлүнүп берсе, биринчи ишти шымаланып, ажаткана куруудан баштамакпыз. Тилекке каршы, бул жергиликтүү бийликтин милдети болгондуктан, биз эч нерсе чече албай жатабыз. Кудай урбадыбы эми, аким, губернаторлор жол боюна эки ажаткана кура албай эмне болуптур. Санта-Клаус жөнүндө айтсам, аны мен ойлоп тапкан эмесмин. Аны батыш илимпоздору эсептеп чыгып, Кыргызстан Санта-Клаустардын мекени деген маалымат таркаткан. Бул деген түшүнгөн кишиге туристерди тарта турган бекер бренд. Дүйнөдө канча мамлекеттер акчасын чачып, атын чыгара албай жүрүшөт. А биз Кудай берген кутту чанып, ар кандай сөздү таркатып жатабыз.
- Туристтер Кыргызстанды ызы-чуулуу өлкө деп санагандыктан көп келбейт, андыктан кандай аракет болбосун туризмди өнүктүрүү куру сөз деп жатышпайбы?
- Лондондо "Жалгыз планета" аттуу туризм жөнүндө чыккан гезит бар. Нускасы 100 миллиондон да ашса керек. Ошол гезитте жаңы жыл аягында барып эс алууга ыңгайлуу 122 өлкөнүн тизмеси жарыяланган. Анын катарына КМШдан биз эле киргенбиз. Алар Кыргызстанды эң кооз, каада-салтты сактаган өлкө деп жазышкан. Стабилдүүлүк жок, ызы-чуулуу дегенди өзүбүз эле ойлоп тапканбыз. Башка жактан келгендер да ушуну айтып "жаманыңарды жаап, жашырбаган кандай эмесиңер, жакшынакай эле жашайт турбайсыңарбы" деп таң калышат. Өзүбүздү өзүбүз жамандай берсек, бизге ким келмек эле?

Суроо салган Санжи Туйтунова