email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Азгырыктын аңы

Жасалма оппозицияга лидер табылбай дейби...
Бийликти ыктаган политтехнологдор жасалма оппозиция түзүү боюнча баш катырууда дешет. Алардын ой-кыялынын баамына Темир Сариев илинбей аткан шекилдүүдөй. Неге? Бийлик тарап Т.Сариевге эмитен далысын сала баштаса, эртең көчөдө калбайбы? Эч бир саясый күчкө кошула албай айласы курубайбы? Минтип политтехнологдор жасалма оппозиция лидерлигине да ыраа көрбөй атканы чын болсо... Дагы бир кызыгы, Темике тараптагылар мындай кептерди айтышууда дейт. "Президенттик шайлоодо Сариев кыйналуусуз 10%ды алуу, кийинки парламенттик шайлоодо өзү төрага, жандоочу "белгисиздердин" 30у депутат (!) болот" дешип. Эгер А.Атамбаев президент болсо, анда Т.Сариевдин "өлкөдөн чыгып кетем" дегени да чынбы? Айтор, башты катырды.


  Алдыда ажо

Талапкерлердин кимиси көп акча сарптады?
Кечээ БШК Кыргыз Республикасынын талапкерлеринин кимиси шайлоо кампаниясына көп акча сарптаганын эсептеп чыкты. Ал маалыматка караганда, президенттик жарышка түшкөн алты талапкердин ичинен эң көп каражатты -14 миллион 705 миң сомду азыркы президент Курманбек Бакиев чачкан. Андан кийинки орунда 4 миллион 488 миң сом жумшаган Алмазбек Атамбаев турат. "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев 295 миңден ашык сом коротсо, нарколог Жеңишбек Назаралиев 422 миң сомду жумшаган. Шайлоо өнөктүгүнө эң аз каражатты Токтайым Үмөталиева менен Нурлан Мотуев коротушкан. Алардын чыгымы 300 миң сомго жеткен жок. БШКнын маалыматы боюнча К.Бакиевдин шайлоо корундагы акчасынын көбү оюла элек. Анткени анын фонду 35 миллион 538 миң 500 сомду түзгөн.

(Уландысы 2-бетте)