Жумасереп

Сөзүнөн кайткан ажо, кубулма "акжолчулар"
22-июнда Кыргызстан менен АКШ өкмөтү Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча транзиттик борбор түзүү жөнүндө келишимдерге кол койду. Аталган келишимдер парламенттин тиешелүү комитеттеринде жактырылып, Жогорку Кеңештин чоң жыйынынын талкуусуна сунушталды.

Быйыл эле кышында президент Курманбек Бакиев Россиядан "Камбарата-1" ГЭСинин курулушуна грант алууга барганда, "Манас" авиабазасын чыгаруу жөнүндө билдирүү жасап, көп өтпөй парламент дагы бул чечимди бекиткен. "Акжолчу" депутаттар президенттин базаны чыгаруу боюнча чечим кабыл алгандыгын айкөлдүк деп баалап, ал тургай депутат Аскар Шадиев "Президент Курманбек Бакиевдин бул чечими чоң жетишкендик. Келгиле, кесиптештер, кол чаап коштоп коелу" деп толкунданып, аз жерден ыйлап жибере жаздаганы эсиңиздерде болсо керек. Ал тургай, "акжолчулар" уйкудан чоочугансып, бир нече жыл мурда болуп өткөн Америка авиабазасынын кызматкерлери тарабынан кыргыз жаранынын атылышы, эки жаранды машине коюп кеткендиги тууралуу фактыларын, канчадан бери көз жаздымда келаткан экология маселесин көтөрүп чыгышкан. Фракция жыйынында вице-спикер Чолпон Баекова "Сары Өзөн Чүйдүн касиеттүү жери ууланып, экологиясына залал келип атканына ыза болуп атам, эмнеге бизге ушундай мамиле жасашат. АКШ тарабынан бул үчүн компенсация төлөндү беле?" деп тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевди бурчка такаганда айран таң калганбыз. "Эмне Чолпон Баекова ошол фактыларды бүгүн уктубу?" деп. "Акжолчулардын" мындай толкундоосун депутат Зайнидин Курманов "Урматтуу депутаттар, тышкы саясат боюнча маселелерге келгенде абайлап сүйлөсөңүздөр" деп тизгиндегени да бар.
Анан эми кайра Кыргызстан АКШ өкмөтү менен "Манас" авиабазасынын мындан аркы тагдыры жөнүндө эки келишим түзүп, анын статусу менен аталышын гана өзгөртүп, Кыргыз тарапка төлөнчү акчанын өлчөмүн көбөйтүп койду. Буга чейин Кыргыз абамайданын пайдалануу үчүн АКШ 17,4 миллион доллар төлөп келген болсо, эми 60 млн.доллар төлөө милдетин алды. Жаңы келишимдердин түзүлүшүн тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Афганистан менен Пакистандагы абалдын курчуп келатканына байланыштуу экенин түшүндүрдү. Кышында аталган базаны чыгаруу маселеси талкууланып аткан учурда айрым депутаттар "Афганистандагы абал тынчып калбадыбы, анан канчага чейин бул базаны алып отура беришибиз керек" деп чыгышпады беле? Ошол кезде базаны чыгарууну колдоп аткан "акжолчу" депутаттар кайрадан 180 градуска бурулуу менен жаңы келишимди жактырышып, ЖК жыйынына алып чыгууну колдоп атышканы кызык. Же ажосунун "сатып" кетип, "облом" болуп калышканын жымсалдап жатышабы?
Жогорку Кеңештин эл аралык байланыштар комитетинен жалгыз СДПК фракциясынынын жетекчиси, депутат Бакыт Бешимов гана жаңы келишимдерге каршы чыкты. Анын айтымында, жазында Афганистандагы абал турукташып калган. Кыргыз өкмөтүнүн буга чейин АКШ базасын чыгарууга шашып, кайра жайында жаңы келишимдерди шашылыш көтөрүп чыгышы Кыргызстандын өзгөрүлмөлүү тышкы саясатына байланыштуу.
Кыргызстандын Тышкы иштер министри К.Сарбаев жаңы келишимдердин негизинде Афганистанга кандай жүктөр ташыларын негедир тактаган жок. Комитет жыйынынан кийин журналисттердин суроолорун жоопсуз калтырып, министр мырза шашып чыгып кетти. Суроолорго парламенттин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, депутат Рашид Тагаев жооп берип, Афганистанга аскердик жүктөр ташылбасын айтты. Деген менен бул транзиттик борбор граждандык гана объект болуп каларына ким кепилдик берет?.. Андан сырткары, Рашид Тагаевдин сөзүнө караганда, келишимдер бир жылга гана түзүлгөн. Бир жыл өткөндөн кийин АКШнын 2014-жылга чейин бул келишимдердин шарттарын, ижара акысын өзгөртпөй туруп мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз бийлиги Америка базасын "быйыл август айында чыгып кетсин" деген чечим кабыл алып, кайрадан ал чечимин жокко чыгарып отурганы элдин бийликке болгон ишенимин жоготору турган иш. Кыргызда "хан бир сүйлөйт" дечү эле. Биздин ажо канча түрдүү сүйлөйт?..
Дилбар АЛИМОВА




Болжурова айым элчи болду
Ишенгүл Болжурова Кыргызстандын Белоруссиядагы, Жээнбек Кулубаев Кытай Элдик Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка кечээ президент кол койду. Элчилик кызмат менен катар Болжурова КМШ органдарындагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын да аркалайт. Ишенгүл Болжурова буга чейин Билим берүү жана илим министрлигин, ал эми Кулубаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын аркалап келген эле.

Баткендик студенттер шайлоо бүтмөйүн каникулга кетпейт
Баткендик студенттер шайлоо бүтмөйүнчө каникулга тарабайт. Алар азыр аянттарга "Ак Жол" менен Курманбек Бакиевдин плакаттарын илип иштеп жатышат. Жай аптабында эс алууну каалашканы менен алар бул жумуштарды аткарууга аргасыз. Анткени зачет, экзамен албай калуудан чочулашат.

АКШда кыргыз бала асырап алчулар арбын
АКШда кыргыз балдарын багып алгысы келгендер өтө эле арбын экенин эл аралык көз карандысыз юрист Ирэн Стеффас ЖКда билдирди. Албетте, балдарды багып алып, аларга мээрим төгүү жакшы нерсе. Бирок, медалдын эки тарабы бар эмеспи. Мындан 6-7 жыл мурда Батышта Орусиядан барган балдардын сексуалдык зордук-зомбулуктун курмандыгына айланып, өлүмгө кириптер болгонун көп эле жолу уккан жайыбыз бар. Деги түбөлүгү түз болсо экен.

Исаков менен Каптагаев консотто жеңишке жетти
БЭК мүчөлөрү И. Исаков менен Э. Каптагаев Кылмыш жана жаза процессуалдык кодексинин 73-беренесинин 4-бөлүгүндөгү жекече даттануу жыйынтыгы боюнча чыгарылган чечим "даттанууга жатпайт" деген сүйлөм Башмыйзамга карама-каршы келет деп сотко кайрылышкан. Жогорку Кеңештин юридикалык бөлүмүнүн өкүлү сотто доогерлердин жүйөлөрү менен макул болуп, кылмыш жана жаза процессуалдык кодексинин 73-бөлүмүнүн акыркы бөлүгү Конституцияга каршы келерин моюнга алды.

Кыргыз жарандарын өлтүргөн адам колго түштү
Кыргызстандын беш жаранын өлтүргөн белоруссиялык Николай аттуу адам өмүр бою абакка жабылышы мүмкүн. Ал бул кылмышка 1998-жылы Тюмень облусунда жүргөн маалда барган. Мекендештерибиз бул адамдын колунан каза тапканы, 2000-жылы Николай дагы бир кызды мерт кылган соң ачыкка чыккан. Бирок ал ошончо жылдан бери изин суутуп жүрүп, 2008-жылы Смоленскиден колго түшкөн. Учурда Тюмендин облустук соту бул ишти карап жатат.

27 күрт көчүп кеткен
Кыргыз-күрт чатагынан кийин Москва районунун Петровка айылынан өз каалоосу менен 27 күрт көчүп кеткен. Бул тууралуу парламенттин СДПК фракция жыйынында Москва районунун акиминин орун басары Елена Бирюзова билдирди. Анын айтымында, бул чатактан кийин 15 үй сатылып, башка жакка көчүү сунушу менен паспорттук столго 35 күрт документ тапшырган. Бул айылда күрт улутундагы 586 адам жашайт. Анын ичинде 95и окуучулар. "Ал эми зордукталган 4 жашар орус кыз реабилитациялык курстан өтүп, азыркы учурда апасы менен чогуу жашап атат. Кыз сифилис жуктуруп алганы белгилүү болду (буга чейин гонорея деп айтылып келген)", -- дейт Бирюзова. "Москва" ЖЧКсы 4 жашар кызды 18 жашка чейин толук көзөмөлдөп, каржылап туруу жагын мойнуна алган. Азыркы учурда социалдык-реабилитациялык борборго алуу боюнча документтери даярдалууда. Кыз 24 жашка чыккычакты аталган борбордун дарыгерлери менен психологдорунун көзөмөлүндө болот.

Куралдуу күчтөр жок кылынды
Сузак районудагы Таш-Булак айлындагы атышуудан соң "Өзбекстандын ислам кыймылы" аттуу диний экстремисттик топтун беш өкүлү жок кылынды. Биз тараптан да жоготуу болуп, УКМКнын бир кызматкери каза таап, бирөөсү оор жаракат алган. Атайын операция аяктаган соң тинтүү жүргөн учурда бир нече курал табылганы дайын болду.