email • архив • редакция • меймансап 
Башбарак



  Кабылан сүр

Алай бийлиги Атамбаевден коркуп
БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын, Алай районунун эли менен жолукту. Ош шаарында Атамбаев менен жолугушууга канчалык тоскоолдуктар болгонуна карабай, 3 миңден ашуун шайлоочу келип катышты. Ар кандай өңүттөгү суроолорду беришип, талапкерден канааттандырарлык жооп алганына ыраазы болгон эл "Атамбаев, Атамбаев, Атамбаев" деген ураандарды чакырып колдоп турушту. Түштүк борборунун эли, айрыкча, Атамбаевдин өндүрүштү өнүктүрүү, үйбүлөлүк башкарууну уратуу боюнча көз карашын жактырышты. Кызыктын баары Алайда болду. Бул райондун акими Алмаз Осмонов таңкы саат алтыда бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин чогултуп алып, Атамбаевдин келиши боюнча "кандайдыр бир чара көрүү керектигин" тапшырды. Андан соң бюджеттик кызматкерлер жашаган айылдарына барып табият кырсыгы болуп аткандай "тревога" жасап, жергиликтүү элди үйүнөн чыкпоого чакырып, коркутууга жетишти. Жергиликтүү бийлик Атамбаевдин келишин, табигый кырсыктан корккондой коркуп кабыл алганын байкоочулар түшүнбөй баштары маң.




  Жалындын башы

Дагы бир оппозиционер камалабы?
Айрым билермандардын сөзүнө таянсак, бүгүнкү күндөгү э-эң чечен, өзүн өлө "акылдуу" сезген оппозиционерге кылмыш иши даярдалып, президенттик шайлоо бүткөндөн кийин камалат имиш. Булганган кыязында компроматтар жетиштүү топтолду дейт. "Кокус ал Индияга, же Ошко, балким жердин түбүнө сиңип кетпесе, курт сымал..." дешип шакаба кылгандар айтышууда. Эмнеси болсо да, репрессиядан Кудай сактаса дейбиз.

(Уландысы 2-бетте)