Бокс

Кыл арканда кансыраган Руслан
Ишемби күнү кечинде Германиянын Гельзенкирхен стадионунда 60 миң көрүүчү, тикесинен-тик тура эки профессионал мушкердин таймашын таңсыктана көрүшүп, көздөрүнүн кычуусун кандыра, көкүрөктөгү көк бууларын чыгарды бейм. Бул күнү рингге IBF, WBO жана IBO жааттарынын дүйнө чемпиону Владимир Кличко (33 жашта) менен WBА жаатынын утурумдук чемпиону Руслан Чагаев (30 жашта) экөө чыкты. Алтымыш миң билет үч күндүн ичинде сатылып кеткен. Акыркы сааттарда бир билеттин баасы бир жарым миң еврого чыккан.
Канткен күндө да эки мушкер бул таймашка катуу эле даярданышыптыр. Алгачкы мүнөттө бири-бирин чалгындоо иретинде аяр мамиледе болгону менен Володянын үстөмдүгү көзгө урунттуу болуп атты. Экинчи раунд бүтө жаздап калганда украин мушкери Русланды так чекеге уруп жыкты. Көзү алачакмактап барып оңолду. Андан соң өзбекстандык мушкердин мизи кайтып, жөндөп мушташа албай койду. Натыйжасында сегизинчи раундда катуу таяк жеди. Бир көзүнүн үстү жарылып, кан токтобой, жалгыз көзү жардам бербеди окшойт. Тогузунчу раунддун башында Русландын чабармандары жеңилүү ызаларын билдирип, рингге ак жоолугун таштап жибергенге үлгүрдү. Бул күн Чагаев үчүн профессионалдык спортто биринчи жеңилүүсү эле.
Сурат Жылкычиев




  Жарыя

Кимде-ким Муканбетов Чыңгыз Сабырбековичтин наамына жазылган жалпы орто билими тууралуу СА №07007203 номерлүү аттестатты таап алган болсо, 0700 615266, 0772 010092, 0777 73 1579 телефондоруна чалып, билдирип койгула. Сүйүнчүсү чоң болот.




  Жай-2009

Айымдар үчүн быйылкы жайдын модасы
Адистен кеңеш: кийим сатып алардан мурда, аны өзүңүздө бар кайсы кийим менен киериңизди ойлонуңуз. Жаңы кийимге шайкеш келген гардеробуңузда жок дегенде эки кийим болуусу керек.

Жайдын келиши айымдарга өзгөчө жыргал тартуулайт. Анткени, дал ушул мезгилде айым кызыл-тазыл кийинип, чач жасалгасын түрлөнтүп, жаратылыш берген сулуулугун дагы бир жолу көрсөтүүгө далалаттанат. Быйыл да дизайнерлер аялзаты үчүн өзгөчө кооз, өзгөчө назик кийимдерди иштеп чыгышты. Алардын айтымында, быйылкы жайда жалаң денеге бош (кемчиликтерди байкалтпаган) кийимдер модада. Башка жылдардай болуп тигил же бул деп 1-2 өң менен чектелбейсиз. Бул жайда баардык ачык өңдөр актуалдуу. Дагы бир эске тутуп калчу нерсе, аксессуарларга өзгөчө көңүл бурулат. Өз фантазияңызга жараша кийимиңизге каалагандай толуктоо киргизсеңиз болот. Өтө модалуу болуп жалтырак кийимдер да саналууда. Бул кийимден сумкага чейин дал ушундайын тандасаңыз, жаңылбайсыз.


"Жалкоо" айымдар үчүн быйылкы жай эң сонун мезгил. Анткени, иретсиз, уйкудан тургандан кийин таралбаган сыяктуу чач жасалгалары ушул жылдын эң орчундуусу болуп саналат.

Офисте иштеген айымдар кара юбка менен кийген кадимки ак кофталардан качышы керек. Анткени, бул жайда ачык (сары, кызыл, ачык көк ж.б.) түстөгү кофталар модада. Гүлдүү кофталар да алардан калышпайт.

Ал эми жаан-чачын күндөрү узундугу тизеден өйдө, белинде ичке куру бар плащ кийип алсаңыз болот. Мындай плащтар менен 80-жылдарды элестеткен бут кийимдер куп жарашып калат.

Эң популярдуу болуп, согончокко жеткен узун жана тизеден өйдө кыскалыктагы көйнөктөр эсептелинет. Алар көбүнесе гүлдүү кездемеден тигилген. Бир түстөгү көйнөктөр анча модалуу эмес.

Ал эми колуңузга сумканын өңүнө окшош билерик, же саат тагынып алсаңыз болот.
Сумкалардан быйыл ар кандай формадагы, анын ичинен ачык түстөгүлөрү өтө модалуу.

Эгер саркеч көрүнөм десеңиз, сумкаңызды ийинге аспай, колго кармап алганыңыз дурус.
Кийимиңиз өтө жөнөкөй болсо, сумканын өңү сөзсүз ачык, алыстан көзгө урунгудай болушу керек. Сумкаңызды ар кандай таштар менен, же сабына жоолук байлап, өз стилиңизге жараша кооздоп алсаңыз болот.

Дайыма маникюр, педикюр жасата жүргөн айымдарга да өзгөчө жаңылык. Бул жайда баардык тырмактарды окшош кылып боеп, бир гана манжанын тырмагын башка түстөгү лак менен кооздоп, же сүрөт тарттырып коюу модада.

Ушул жайда "тигиндей, же мындай бут кийим модада" деген түшүнүк жок. Көңүлүңүзгө жакканын кие бересиз. Азыр сизде бар бут киймдердин баары актуалдуу, өңү да, формасы да быйыл жат көрүнбөйт.
Бир гана шарт: колдон келишинче туфлинин өңү үстүңүздөгү кийимге, же чачка түспөлдөш болгону жакшы. Эгер көз айнек тагынсаңыз, көз айнектин кырынын өңүнө окшош туфли да көркүңүздү ачат.

Ал эми макияж коюуда сөзсүз ачык (күлгүн, ачык кызыл, ачык көк) өңдөгү помада, көз боечу каражаттарды тандаңыз. Быйылкы жылы мода сересинде косметиканын да жалаң ачык өңдөгү каражаттары көңүл борборунда болот.

Бут кийим менен сумка тандоодо кылдат болуңуз. Анткени дал ошол экөөнө быйыл өзгөчө көңүл бурулат. Өткөн жылдардан айырмаланып, туфли менен сумканын өңү сөзсүз окшош болушу керек деген ойдон качыңыз.

Даярдаган
Бегимай Бакашева