Балбандан кеп

Руслан Түмөнбаев, Бээжин олимпиадасынын коло медалынын ээси:
"Машинем талкаланып, жөө жүрөм"

Спорттогу
жетишкендиктери
o Эл аралык спорттун чебери
o Азия чемпионаты 2004-жыл - 4-орун
o КМШ спартакиядасы 2005-жыл - 3-орун
o Кыргыз Республикасынын биринчилиги 2006-жыл - 1-орун
o Азия оюндары 2006-жыл - 3-орун
o Азия биринчилиги 2007-жыл - 3-орун
o Азия биринчилиги 2008-жыл - 1-орун
o Бээжин олимпиадасы 2008-жыл 3-орун (коло медаль)
o Даңк медалынын ээси

Өткөн 2008-жылы Кыргыз спорту Кытай жергесинде эки баатыры менен дүйнөгө таанылды. Анын бирөө - грек-рим күрөшү боюнча 60 кг. салмак ченинде коло медалды жеңген Руслан Түмөнбаев аттуу жигитибиз. Бүгүнкү күндө "урушта туруш жок" деп кара жанын карч уруп, жан үрөп машыгууда экен. Анысы да түшүнүктүү дейли. Себеби, астыда 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиада оюндары келатат. Өткөн-кеткенди жана алдыдагы асыл ойлору тууралуу чакан сөз курап берди.


Блиц анкета
o Жашы - 23тө
o Кичи мекени - Сары өзөн Чүй, Жаңы-Алыш айылы
o Салмагы - 60кг.
o Бою - 170 см.
o Кайсы тамакты жакшы көрөт - Казы-карта, чучук, шорпо
o Эң жакын адамы - ата-энеси
o Кумири - "Кумир туткан эмесмин, а мени кумир туткандарга каршылыгым жок"
o Билими - КУУ, 4-курс, Экономика факультети
o Ышкысы - Эс алуу
o Бош убактысында - Сууда сүзөт
o Кыздардан жактырган сапаты - Кичи пейилдик
o Суусундугу - нагыз шире
o Спирт ичимдиги - ичпейт
o Кемчилиги - такай кечигип жүрөт
o Адамда жактырбаган сапаты - эки жүздүүлүк

"Локомотив"
1998-жылы Азат деген досум "Руслан, "Локомотив" спорт клубу бар экен. Анда грек-рим күрөшү секциясы иштеп, бизге окшогон жаш балдарды кабыл алып атыптыр. Экөөбүз жазылып албайлыбы?" деди. Алгач эки-үч ай машыгып, жактыра берген жокмун. Анткени, эртеден кечке спорт залдан чыкпай, ар кандай түйшүктүү машыгууларды баштан кечирдик. Ошо күндөрү биринчи машыктыруучум Амиркул Молдобаев агайыма жолуктум.

Амиркул Молдобаев олимпиадага жол чапкан
Агай "орус" мүнөз адам. "Кыргызбайский" кээ бир терс өңүттөргө жол бербейт.Принципиалдуу. Убагында машыктырып, убагында эс алдырып, уктатып дегендей. Эң негизгиси көрөгөч. Эгерде сенден бир деме чыгып, "результат" бере ала турган болсоң, анда жан үрөп, күн-түн дебей иштеп, максатына жетет. Бул жагынан кынтыксыз таалим-тарбия бере алды. Ал эми адамгерчилик жагынан алып караганда, экинчи атамдын даражасына теңеп келем. Кыял-жоруктарым менен тил табышып, жуурулушуп, бир үйбүлөдө эриш-аркак мамиледе болуш ар кимдин колунан келе бербес дейт элем. Кичи пейил.

Бээжин олимпиадасы
Таразага түшүү, чүчүкулак өз иретинде болду. Биринчи атаандашым Финляндия өлкөсүнөн келген балбан экен. Аны уттум. Экинчи айлампага келгенде кошуна өзбекстандык балбанга кездештим, ал дүйнө чемпиону экен, уттум. Финалга чыгуучу таймашта орус балбаны туш келип, утулуп калдым. Ал менден бир аз күчтүүрөк экен. Жакшы да эс алыптыр. Сезип турдум. Эгерде орусту утуп алганымда, толук кандуу олимпиада чемпиону болмок экемин. Эми ушул таймаштарды кыргыз эли теледен көрбөптүр. Канай Аламанов агай тарткан эле, эмне себептен, кандай саясат менен элге, жарыкка чыкпай келет? Түшүнүксүз. Мен буга нааразы болуп жүрөм.

Кыргыз желеги ободо желбиреп
Коло медалды жеңгенде, өзүмдү баатыр сезбесем да, залда отурган кыргыз сүрөөнчүлөр башындагы ак калпактары, желектери менен мени аябай толкундантты. Өзгөчө, жердештерим отурган трибунадан өтүп баратканда, куттуктап кол бергендегилери. Кайсы бир учурда бирөөсү билегимден кармап, бир жарым метрдей өйдө тартып алды. Колдон колго өткөрүп, 20 кадамдай абада басып калган абалым түбөлүк эсимде калат болуш керек.

Манас жергесинде
Эл аралык "Манас" аэропортуна коноорго 200-300 метрдей калганда, уюлдук телефонума тынымсыз куттуктоолор келе баштады. Келип конгондо, тосуп алуучулардын саны түмөн экенин байкадым. Ошондогу көрүнүштү сүрөттөй албайсың. Кубанычым жон териме батпайт. Канат Бегалиев экөөбүздү тосуп алгандардын учу кыйыры түгөнбөйт. Көч башы Чүй проспектисинде болсо, аягы аэропортто жүрөт. Бул жагдай күн сайын боло бербесе керек дейм.
Ажонун алкоосу
Аз өтпөй Кыргыз Республикасынын президенти Курманбек Бакиев алкышын айтып, атайылап, "Мицубиси-Поджеро" темир тулпарын жана 75 миң долларын тапшырды. Жалпы күрөш федерация башчысы Максим Бакиев да белек-бечкегин берди. Мына ушул алкоолор мага өзгөчө дем берди. Азыркы учурда Максим Бакиевдин жалпы күрөш федерациясына кошкон салымы белдүү болуп, ар тараптан жардамын колдоо иретинде билгизип турат. Биз бул жардамга муктажбыз.

Темир жоргом ак жолтой экен
Ажобуз белекке берген тулпарым жөнүндө ушак-айың кеп кетти. Тактык иретинде кеп таштайын. Чын эле машина кырсыкка чалдыккан. Ошо күнү рулда мен болчумун. Жанымда Канат Бегалиев, артта устаттар Мейрамбек Ахметов жана Эмил Алыкулов агайлар бар эле. Алгач теңир тоолуу Нарын губернатору Өмүрбек Субаналиевден сый көрүп, андан соң Караколго эки машина бет алдык. Алдыңкы машинеде спорт комитетинин төрагасы Александр Воинов бараткан. Анча деле ылдамдыкта эмес. Караколго жетпей Конькина деген айылда жолдун туурасы тарыраак болуп, эки машине катарлашса, бирөөсү кичине чет-жакага кезек кумга чыгат. Бет маңдай "Ауди" маркасындагы жеңил машине келатыптыр. Мен бир аз четтедим. Бир дөңгөлөгү жанагы кезек кумга илинип, машинени тартып кетти. Баратып айыл жазуусу тагылган жапыз столбага урундум окшойт. Канча ала салып кеткенимди билбейм. Мен ыргып кетипмин. Калгандары машинеде калыптыр. Үчөө кичинеден оруксунуп, мен баштан жаракат алдым. Ажобуз Курманбек Салиев берген машине акжолтой экен. Баарыбыз аман калдык.

Колукту албай калдым
Ал темир жорго учурда минүүгө жараксыз болуп турат. Алексанр Воинов жасатып берем деп убада кылган. Андан бери тогуз ай өтүп, жөө жүрөм. Колукту да албай калдым. Бирок Бээжинден кийин үйлөнөйүн деп барып, араң токтодум. Биринчиден, окууну бүтө элекмин. Экинчиден, менден улуу агаларым үйлөнө элек. Үчүнчүдөн, спортко баш-отум менен кирип кеттим окшойт. 2012-жылы Лондондо өтүүчү олимпиада оюндарында дагы бир силкинип алып чоң майданга чыгам. Бардык күч-аракетти жумшап. Мына ошондон кийин кең турмушка аттанып, отун алып, катын алып дегендей.

"Скачуха" деген болбой койбойт
Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин экономика факультетинин 4-курсун бүтүп атам. Бээжинден баатыр болуп келгенден кийин, аз-маз студенттер жана мугалимдер арасында кадыр-баркым өсүп калганын байкадым. "Скачуха" кылып коймой адатым бар. Бирок турмуш спорт менен бүтпөсүн билип, өзүм тандаган банк адистигин толук кандуу өздөштүрүш үчүн өз күчүм менен жакшы окуганга аракет кылуудамын.

Банкир болуп калсам
Чоң спорттон таптакыр кетпейт болушум керек. Келечекте баары өз-өз ордуна келээр. Канткен күндө да, кыргыз спортуна сөзсүз түрдө салым кошом. Өсүп келаткан жаш-муундарга көргөн-билген насааттарымды айтып, көрсөтүп турам. Банкир болуп калсам, акчалай жагынан колдоо көрсөтүүнү максат кылам.
Даярдаган
Сурат Жылкычиев