Мүдүрүлгөн туяк...

Нариман Түлеев, Бишкек шаарынын мэри
"Элимен кечирим сурайм"
-Нариман мырза, борбордук аянтка кыргыздын эзелки душмандары Нескара, Жолой, Шыпшайдар, Мадыкандын айкелдерин койдурганыңар коомчулуктун катуу нааразычылыгын жаратты. Эгер алдырып салбаганыңарда биртоп чуу болмок. Башка эстелик калбай калгансып эмнеге калмак, кытайлардын баатырларынын айкелдерин тандап алдыңар?
- Биринчиден, бул иш-чара, арканын ортосундагы фасаддар тээ алыстан оркоюп, жагымсыз көрүнүп калгандыктан, алардын ордун жабалы деген ойдон башталды. Ошол боштуктун ордуна кыргыз элинин тарыхына, улуттук маданиятына тиешеси бар айкелдерди жасоо жоопкерчилиги белгилүү скульптор Тургунбай Садыковго тапшырылган. Ал киши өзү иштеген Бишкектеги көркөм сүрөт академиясынын студенттерине жасатыптыр. Эми бул жерде элибиздин намысына тиели деген кенедей да ой жок болчу. Бирок бизден да алашемдик кетип калды. Ал үчүн кыргыз элимен кечирим сурайм. Биз айкелдер менен шаарыбыздын эстетикалык көрүнүшүнө көрк берели деп эле ойлогонбуз. Элдин нааразычылыгы чыкканда Садыковдон сурасам, а киши "ушундай болуп калды, мен да билбей калыптырмын" дейт. Анан дароо айкелдерди алдырып салдык.
-Айкелдер сапатсыз бетондон жасалган турбайбы?
-Бул маселе боюнча, негизи эле айкелдердин ишин көзөмөлдөгөн вице-мэрлер Филатов менен Иманалиевага сөгүш жарыяланды, шаардык бюджеттен айкелдерге корогон 520 миң сомду, үч айдын ичинде кайтарып берүү милдети менен. Эмки айкелдер таштан чегилип жасалат жана коомчулуктун сын-пикирин сөзсүз эске алуу менен. Ал эми сиз айткан сапат маселесине келсек, айрымдар эстеликтерге минип алып сүрөткө түшүп сындырып, жакшынакай иштеп жаткан фонтандарга айна чачып, мусорлорду ыргытып, сааттын жебесине балдарын отургуза коюшуп тегеретишип канча жолу сындырышты. Ушундай маданиятсыз адамдардын кесепетинен бетон айкелдер сынып, чоң күч менен атырылып чыккан фонтандар токтоп калууда.
-Айтмакчы, "Ала-Тоо" аянтынын реконструкция иштерине канча каражат жумшалды?
- Жалпысынан 15 млн. сом сарпталды. Анын 5 миллион сому шаардык бюджеттен, калганы спонсорлордун эсебинен жумшалды. Мындан 2-3 жыл мурда борбордук аянтка эл башка мүдөө менен чогулса, бүгүнкү күндө, айрыкча кечинде барсаңыз 2000-3000дей киши чогулуп жатат. Баары күлүп-жайнап көңүлдүү, бири-бирине кылган мамилелери да башка. Бул эми жаман нерсеби?
Ар бир өлкөнүн борбор шаарындагы борбордук аянттар коноктор, туристтер келгенде "визиттик карточка" болуп өзүнө тартып турушу керек. Панфилов паркына да спонсорлордун демилгеси менен жаңы атракциондор курулду, ичи-тышы ирээтке келтирилди. Ал үчүн ата-энелерден ыраазычылык угуп жатабыз. Кезекте Ататүрк паркы турат. Аны дагы шаардыктардын ыңгайлуу эс алуусуна шарттап берели деп реконструкция кылуудабыз.
-А тамтыгы чыккан жолдорго каралбай калган жаңы конуштарга не дейсиз? Негизи эле Бишкек шаарынын азыркы абалы купулуңузга толобу?
-Чынын айтканда купулума толбойт. Бишкек шаарынын баягы союз учурундагы "жашыл шаар" деген атактуу статусун алып берели деп көрктөндүрүү иштерине көңүл бөлүүдөбүз. Басым көбүнчө парктарга, скверлерге жасалууда. Кудай буюрса, жайында 500 млн. сомго Бишкектеги жолдорду оңдойлу деп турабыз. Мындан сырткары, мектептер, үйлөр салынууда. Айталы, былтыр 1 чоң, 2 кичи мектеп салынса, быйыл 910 жана 1100 окуучуга ылайыкталган 9 мектеп курулганы турат. "Жал", "Тунгуч" кичирайондорунда онго чукул көп кабаттуу үйлөр курулмакчы. 2008-жылы 2 бала бакча куруп берсек, бул жылы дагы 2 бала бакчаны ишке берели деп турабыз. Курулган көп кабаттуу үйлөрдү негизинен мамлекеттик мекемелерде иштеген жөнөкөй кызматкерлерге берүүдөбүз. Ал эми, жаңы конуштар унутта калган жок. Суу, электр жарыгы, жол сыяктуу инфраструктуралык маселелерди четинен чечип берип жатабыз. Булардан башка жаңы конуштарда четинен амбулаторияларды сала баштадык. Тилекке каршы, айрым дарыгерлер шаардык жетекчиликтен алыс турабыз дегенсип иш ордунда болбой жатышканы тургундар менен болгон жолугушууларда айтылууда.
Маектешкен Семетей ТАЛАС уулу




  Мужиктөр

Өзбек ажы Чотонов,
"Дил мүрөк" коомунун жетекчиси:
"Аялга кол көтөрүү "нормальный" эле иш"
Сөз менен айтышып, аял менен урушуу кыйын, анткени аял эч качан утулбайт. Ошон үчүн кез-кезде таяк колдонуп турган жакшы. Биз аны "пенницилин" деп коебуз.

- Сиз жубайларыңыздын дагы пикирлерин эске аласызбы?
- Албетте, алардын пикирлери дагы эске алынат. Үйдөгү маселелердин көпчүлүгүн бизге караганда аялдар жакшы билет. Биздин үйдө диктатура эмес... Кээ бир маселелер боюнча аялдарым мага карабай деле чечим чыгарып коюшу мүмкүн. Бирок үйдө мен кожоюнмун, негизги маселелер боюнча акыркы сөздү мен айтам. Мисалы, материалдык маселелерди мен, калганын аялдарым чечет.
- Кыз ала качууга көз карашыңыз кандай?
- Кыз ала качууга таптакыр каршы болгон дагы туура эмес. Анткени, кээ бир кыздарды ала качып кете тургандай эле болот. Кылган иши деле жок, күйөөгө дагы чыкпай эле жүрө беришет. Ошолорду күч менен эле күйөөгө берип салуу керек, же ала качып кетиш керек. Антпесе, ошо бойдон жүрүп бузулуп кетиши мүмкүн.
- Шарыят ала качууга жол береби?
- Жок, шарыят жол бербейт. Бирок шарыят деп отурсак, биздин элде өзү шарыят жок болуп атса... Шарыятта ата-эненин тилин алуу деген бар. Азыркы кыздар ата-энесинин тилин албайт да. "Мен өзүм сүйүшүм керек" деп убактысы өтүп кеткенче жүрө беришет. Анан бузулуп кеткендер чыгат, бирөөдөн төрөп алгандар чыгат... Ошон үчүн мен ала качып, күч менен эле отургузуп коюу керек дегенге кошулам.
- Сүйүү деген нерсени кантебиз анан?
- Сүйүү - бул сөзсүз түрдө керек эмес. Адам сүйүү үчүн жашабайт, "үйбүлөлүү болоюн, бала-чакалуу болоюн" деп жашайт. Эки жаш үйлөнгөндөн кийин деле сүйүшүп кетет. Китептердеги, кинолордогу сүйүүлөр көркөмдөлгөн, кооздолгон, реалдуу эмес нерселер. Аларды "пьяный, хулиган" жазуучулар менен акындар жазган. Ошолор адамдардын ой-пикирин бузуп атат.
- Өзүңүз сүйбөй эле үйлөндүңүз беле?
- Биринчи жолу мен сүйөм деп туура эмес үйлөнүп алгам. Анда мен 22де болчумун. Сүйүү деген жалтырак нерсе болот экен да. Сүйүү болгон менен ортобузда келишпестик көп болду. Анан ажырашып кеткенбиз. Сүйүүдөн көңүлүм калып, кийинки аялдарымды жөн эле жактырып үйлөндүм. Азыр эки аялым бар. Бири тажикстандык кыргыз, бири оштук кыргыз. Бирөө менден он эки жаш, бирөө он сегиз жаш кичүү.
- Алар менен кандайча табышып калдыңыз?
- Бирин айылдын имамы аркылуу тапкам. Айылда кимдин кызы кандай экенин баары билишет да. Анан имам "баланчанын кызы жакшы тарбияланган" деп экөөбүздү табыштырып койду. Экинчисин, мечит куруп атканда көрдүм. Кыймыл-аракетин, адамгерчилигин, мүнөзүн жактырып калып үйлөнгөм.
- Экинчи жолу үйлөнгөнүңүзгө биринчи аялыңыз каршы болгон жокпу?
- "Мен дагы үйлөнөм" деп эле айттым. Мен айтпадымбы, "үйдө кожоюн менмин" деп. Кайра үйлөнүүгө ар кандай себептер болушу мүмкүн. Коомдун пайдасы үчүн, адамдын жеке пайдасы үчүн үйлөнүшүбүз мүмкүн. Бир гана төшөк маселеси гана себеп болушу мүмкүн эмес. Балким интеллектуалдык жагына карайсың, психологиясына карайсың. Мисалы, мусулманчылыкта ойнош күтүүгө уруксат жок. Бизде көп эркектердин ойноштору бар, биз ойнош күтпөй, үйлөнгөнүбүздүн неси жаман? Шарыятта "бир аял аздык кылса, 3-4 аял алууга уруксат бар" деп айтылат. Анан ошол "шансыбызды" пайдалансак болот да.
- Кайра үйлөнүп атканыңызда биринчи аялыңыз баары бир эле таарынса керек?
- Балким, таарынгандыр. Бирок, куда түшкөнү барганда өзү дагы кошулуп барган. Азыр экөө тең бир короодо жашашат. Бир короодо эки үй, экөө эки башка үйдө. Бирок, тамакты баарыбыз чогуу ичебиз. Балдар бир нерсени талашып кетиши мүмкүн, бирок аялдарым ынтымакта эле жашайт. Балдарым деле бирин-бири ойнотуп, сооротуп жүрө берет.
- Сиз кимисинин үйүндө көбүрөөк болосуз?
- Кезек-кезеги менен экөөндө тең болом. Биз балдарга кандай мамиле кылабыз? Мисалы, кээ бир балдар таттуу, кылыктуу болот чынбы? Бирок, биз ошол балага эле бардык нерсени алып берип, калганын карабай койбойбуз да. Аял деле ошондой. Бирөөсүн көбүрөөк жакшы көрсөң дагы, экинчисин дагы карап турасың
- Тамактарды кимиси жасайт?
- Экөө тең жасай берет. Кээде "кимиңер жасадыңар" деп калам...
- Аялдарыңызга кол көтөрөсүзбү?
- Кээде кол көтөрөм. Ал "нормальный" эле иш да. Тил албаса, "шайтанын" карап туруш керек. Ар бир кишинин мүнөзү ар башка болот да. Кээ бирде "кой" десең болбой, өзүнүн айтканын бербей туруп алышы мүмкүн. Бир-эки жолу сөз менен айтам, аткарбаса, менден "наказание" болот. Сөзгө караганда, таяк жакшы да. "Кылычтын жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт" деп коет го... Камчы илип койгом, бирок аны чанда эле колдонбосом, көп колдонбойм. Сөз менен айтышып, аял менен урушуу кыйын, анткени аял эч качан утулбайт. Ошон үчүн кез-кезде таяк колдонуп турган жакшы. Биз аны "пенницилин" деп коебуз. Анан силер ойлобогула, молдолор аялдарын сабай берет экен деп. Бизди эле мисал кыла беришет, "аялдардын укугун тебелеп атат" деп. Ошол эле учурда молдо эместерди карасаңар, өлтүрүп койгондор бар, сөөктөрүн сындыргандар бар... Көп аял алган молдокелер менен, бир аялдуу, бирок ойнош күткөн эркектерди салыштырып көргүлө. Ким аялга канча укук берет? Мисал үчүн, биз аялга тиешелүү болгон укуктарды, бүт аялдарыбызга беребиз. Никеге туруп үйлөнөбүз, калың төлөйбүз, тууган-уругу менен катышабыз, багабыз, балалуу болобуз. Алар болсо аялына эч кандай укук бербейт. Анан калса, уурданып барышат. Балалуу болушпайт, бакканы багат, бакпаганы бакпайт. Элден бекинет...
- Аялдарыңыз таарынып калса, өзүңүз биринчи болуп кечирим сурайсызбы?
- Кечирим сураганым эсимде жок. Сурабайт окшойм да.
- Дагы төшөк жаңыртайын деген оюңуз жокпу?
- Азырынча жок.
- Азыр канча балаңыз бар?
- Кудайга шүгүр, 11 балам бар. Иншалла, дагы жолдо бар.
- Шарыяттын жолуна түшкүчө арак ичип, тамеки тартып жүргөнсүзбү?
- Ооба, мен дагы 32 жашыма чейин ошол эле коомдо жүргөм. Арак иччүмүн. Тамеки тартчумун.
- Ала жипти аттаган учурлар болгонбу?
- Жок, мен "гулящий" эмесмин.
Дилбар АЛИМОВА