Чарт чындыкпы?

Дөөлөтбек Шадыбеков, коомдук ишмер, академик,
"Ала-Тоо ынтымагы" коомунун мүчөсү:
"Жумагуловдун элдин алдында күнөөсү чоң"
Апас Жумагулов өткөндө инилерин ээрчитип алып, Бакиевге кирип, Сариевди тымызын колдоп, Чүйдүн добушун экиге бөлүп, анан кайра эле азыркы ажо бийликте калса, биз дагы бийликте калабыз деген "кыйтыр ходдорду" жасап атат.


"Акжол" фракциясында бир дагы таластык депутат жок" десем, президент "жанагычы?" деп барып атын таппай токтоп калды.


-Дөөлөтбек ага, өткөндө 22-май күнү "Ала-Тоо ынтымагы" коому президентке кирип чыктыңар. Бирок коомчулук сиздердин бул кадамыңыздарды кезектеги "дүжүр акция" катары кабылдады. Деги Бакиевге эмне максат менен кирдиңер эле?
-Андай "дүжүр акция" сыяктуу кабылдангандай биз Курманбек Бакиевге кызмат сурап, "сизди колдойбуз" деп киргенибиз жок. Болгону акыркы учурда бийлик менен коомдун ажырымы күн санап чоңоюп, саясый күчтөр бири-бирин укпай, тирешүү күчөп турган убакта компромисстүү пикир, айтылбай жаткан ачуу сындарды айталы деп "Ала-Тоо ынтымагы" коомунан алтообуз президент Бакиевге киргенбиз. 40 мүнөткө белгиленген кабыл алуу 2 сааттан ашуун убакытка созулуп, учурдагы коомдук-саясый кырдаал, экономикадагы аткарылып-аткарылбай жаткан реформалар, кадрлар маселеси ж.б. маселелерди ачууну эле айттык. Биз мындай билдирүү менен жалпы элге да кайрылганбыз.
-Негизинен кайсы маселелер көп айтылды?
-Бул суроону менден башкаларынан сурасаң болмок. Жалпылап айтканда, Эсенгул Өмүралиев экономика, бюджет боюнча, Кемел Ашыралиев, Карпек Алымкуловдор ички миграциялык кырдаалдын айынан чегарадагы, ага жакын элдин Россияга жумуш издеп жана көчүп кетүүсүнөн улам ал жерлер билинбей коңшу мамлекеттерге өтүп кетип жатканын жана бул маселени чечүү үчүн чек арада элдин жашап калышына атайын мыйзам кабыл алып, аларга мамлекеттик деңгээлде ыңгайлуу шарттарды түзүү жөнүндө пикирин айтты. Мындан сырткары, саясый багытта президенттик шайлоодон кийин, күзүндө өтчү парламенттик шайлоону 50% партиялык тизме менен, 50%ын бир мандаттуу округдардан өткөрүп, жаңы өкмөт башчысына өкмөттүн курамын өзү түзүүсүн, губернатор, акимдерди бекитүү укугун берип, тең салмактуу бийлик системасын түзүүнү сунуштадык.
-А эмнеге болочок парламенттин жарымы бир мандаттуу округдан шайлансын деп жатасыздар?
-Жогорку Кеңеште бир партиянын үстөмдүгүнүн кесепетинен, мыйзамдар бир беткей кабыл алынып, региондордун жана башка ой-пикирлердин кызыкчылыгы эске алынбай жатат. Ал тууралуу президентке "Курманбек Салиевич, өткөн парламенттик шайлоодо "Акжол" партиясын Таластын аттуу-баштуу инсандары, мамкатчы Мадумаров жана баардык бийлик бутактары менен колдосок да, "Акжол" фракциясында бир дагы таластык депутат жок" десем, президент "жанагычы?" деп барып атын таппай токтоп калды. "Ал - Сабыр Жумабеков. Таластан 30%га чукул добуш алып калып, анысы үчүн кысым күчөгөндө, рахматын айтып, парламенттен кетип калган" деп жооп бердим.
-Ал эми сиз өзүңүз конкреттүү түрдө кайсы маселелерге токтолдуңуз?
-Мен конкреттүү түрдө президенттин иш башкармалыгын реформалоо жөнүндө ой-пикиримди айттым. Анткени, азыркы мезгилде иш башкармалык өзүнүн тике милдетинен башка, тиешеси жок тармактарды, 20дан ашуун чарбаларды бириктирип, карамагына алып, 1400дөн ашык адамды иштетип, жылына 850 миллион (!) сом сарпташат. Бекеринен буга чейин "2 миллион 700 миң сом сарпталат" деп айтылган жок да. Бюджеттин акчаларын туура пайдаланыш үчүн кээ бир чарба, мекемелерди башка министрликтерге, агенттиктерге өткөрүп берүү максаттуу экенин тизмектеп бердим.
-Тизмектеп бергениңиздин орчундууларына токтолсоңуз?
-Акчалуу ээси табылып, шылуундардын колуна жарыбаган акчага сатылып кетелекте "Ысык-Көл" мейманканасын, "Аврора" ден-соолук комплексин мамлекеттик туризм агенттигине, "Норус" лыжа базасын, 7-кичирайондогу бассейни менен спорт комплексин дене тарбия жана спорт мамагенттигине, атактуу №54 жылкы заводун, мөмө-жемиш жогорку сортун өндүргөн мамлекеттик чарбаны, асыл тукум "Элита" мамчарбасын айыл-чарба министрлигине берүү кечиктирилгис чара экенин билдирдим. Буларга кошумча дагы бир нече мамлекеттик объектилер тиешелүү мекемелерге кайтарылышы зарыл.
-Иш башкармалыктын жетекчиси Курманбек Темирбаевге таандык делген Таш-Дөбө айылындагы дем алуу үйүнүн айланасында чуу чыкты эле. Ал маселе козголдубу?
-Албетте. Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Заречная айылындагы ал дем алуу үйү боюнча "Кыргыз Руху" гезитине "Темирбаевдин саунасы" делип, чуулгандуу материалдар чыккан. Темирбаевдики делген ошол "төшөгү" мурда чынында бала бакча болгон. Иш башкармалыктын жетекчиси Темирбаев жөнүндө "Гималай", "Жибек-Жолу" балдар тамак-ашы программасынын аркасында 33 млн. долларды мойсогон коррупционер таризинде макалалар гезит бетине далай чыккан. Бирок, эч кандай чара көрүлбөй эле иштеп жүрөт.
Чындыгында президенттин иш башкармалыгы же парламентке, же өкмөткө баш ийбеген өзүнчө күчтүү тармакка айланып алып, көптөгөн чарбалар, мекемелер жайгашкан имараттарды ижарага беришет. Булардын ичинде 8 мамлекеттик дирекция (арасында бараандуу министрликтер да бар) дагы иш башкармалыкка ижара төлөп жүрүшкөнүн айтсам, президент "Дөөлөт, аларды өкмөткө бердим" деди.
-Анда бул мекеме өзүнчө эле кичи өкмөткө айланган го?
-Андай десек да болот. Мурда өкмөт үйүндө Жогорку Кеңеш, эсеп палатасы, БШК, тил комиссиясы баткан. Эмичи... Эгерде иш башкармалыкты илгеркидей Фрунзе-Сүйүмбаев көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратына которушса, өкмөт үйүнүн 3төн бири бошомок.
-Айтмакчы, бир сапар БЭКтин бюросунда Темир Сариев "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун аксакалдары мени колдойт" деп айтты эле. Чын эле сиздерде Сариевди колдоо чечими болгонбу?
-Темир Сариевдин ал билдирүүсү чындыкка жатпайт. Президенттикке талапкерлердин ичинен "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун бирдиктүү колдогон талапкери бул жолку шайлоодо жок. Болгону ар кимибиз саясый платформасы жаккан талапкерди өз алдыбызча колдойбуз деген пикирге келгенбиз. Ал эми биздин коомдун жетекчиси жана катчысы болушкан Муралиев менен Каптагаев БЭКтин курамында калууну чечишкен. Бирок экөөнүн жөнөкөй мүчө катары калуусуна уруксат бердик. 25-май күнү БЭК Арашан айылында Элдик Курултай өткөргөнү жалпыга жакшы маалым. Ошондо биздин коомдон академик Омор Нарбеков, коомдук ишмер Тимур Кулумбаев, Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев жана мен болуп, ошол келген эл менен бирдикте Алмаз Атамбаев, Исмаил Исаковдун талапкерлигин колдоп кол көтөргөнбүз. Жоомарт чыгып сөз сүйлөгөн. Андагы Алмазды колдоо чечимибизден азыркыга чейин баш тарта элекпиз.
-Өткөндө Чүйдүн өмүр бою май-көл, сүт-көлдүн үстүндө жүрүшкөн Жумагулов, Кулов, Керимкулов өңдүү аксакал, көксакалдары Бакиевге киришип, "Чүй сиз менен!" таризинде президентти колдой турганын билдиришти. А жердештери болсо жерге түкүрүп жатышкандай. Деги мындай "иш чаранын" кимге кереги бар эле?
-Менимче, ал иш-чараны Жумагулов баштаса керек. Негизи эле Жумагуловдун кыргыз элинин астында күнөөсү чоң. Маркум Апсамат Масалиев президент болуп шайланарда ушул киши оюн уюштуруп жиберип шайланбай калган. Апсамат аке президенттикке шайланса, өлкөдөгү завод-фабрикалар тонолмок эмес. Бул бир. Экинчиси, ал өткөндө инилерин ээрчитип алып, Бакиевге кирип, Сариевди тымызын колдоп, Чүйдүн добушун экиге бөлүп, анан кайра эле азыркы ажо бийликте калса, биз дагы бийликте калабыз деген "кыйтыр ходдорду" жасап атат. Үчүнчүсү, бу киши менчиктештирүүнү алгачкылардан болуп баштаганы, өлкөнү тоноттуруп жибергени, о.э. Кыргызстандын чириген байларынын бирөөсү экени айтылып келет. Макул, Акаев физик экен, экономиканы түшүнбөптүр, баарын билген, эки жолку премьер-министр болгон Жумагулов эмнеге талаттырып жиберген?
Анан ушундай адамдар эки бийликтин учурунда тең майлуу жерлерде отурушуп, "жомоктогудай байышып", эми ага ыраазы болуп, жыргалын көрүп отура бербей, кайра жанталашып президентке чуркап кирип атышканы жердештеринин эле эмес, көпчүлүктүн көөнүн калтырып жатканы чындык.
Маектешкен
Семетей ТАЛАС уулу