Бириксек - колдон келет!
Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер
Алмаз Атамбаевдин шайлоо алдындагы программасынын тезистери
(кыскартылган вариант)
(программанын толук тексти башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

Жаңы үмүттөр
Элге жаңы идея сунуштап, үмүттү кайрадан жандырып, өлкө келечегинин жоопкерчилигин өз мойнуна ала турган күч Кыргызстанда бүгүн кайра жаралды.
Коомдун түпкүлүктүү күчтөрү биригип, президенттик шайлоолордун тарыхында биринчи жолу бирдиктүү бир талапкерди алып чыкты. Бириккен оппозиция өз кемчиликтерин талдады. Жалпы мүчүлүштөр менен катар ар бир лидердин жеке кемчилиги да каралды. Ооба, жаңылыштыктар болду. Бирок, биз эркиндик менен адилеттүүлүктүн идеалдарын саткан жокпуз! Биздин аракеттер, анын ичинде өкмөттөгү иштерибиз дагы, элдин жашоо-шартын оңдоого, коррупцияны жеңүүгө, демократияны жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган болучу.

Мээнетти бүт өлкө тартууда, байып жаткан бир гана үйбүлө
Оппозиция өткөн мезгилде өз биримдигин сактап кала алган жок, ал үчүн мекендештерден чын дилден кечирим сурайт. Натыйжада, экинчи президенттин жакындары өкмөт менен бийликтин башка расмий органдарын четке сүрүп таштап, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү маанилүү маселелерди чечүүнү өздөрүнө ыйгарып алышып, үйбүлөлүк башкаруунун "акаевдик" режимин толугу менен кайра жаратууга, мамлекет башчысынын ой-пикирине толук ээлик кылууга жетишишти. Бүгүнкү күндө өлкө башчысынын балдары менен бир туугандарынын кызыкчылыктары, алардын айткан кеңештери мыйзамдан да күчтүү, элдин эрки менен коомдун пикиринен да жогору турат.
Президент башкаруунун акаевдик ыкмаларын жоготом деп 2005-жылдагы шайлоо алдындагы берген убадасын аткарган жок, ал эми аны тегеректеп жүргөндөр ар кандай жол менен элди алдоонун үстүндө.
Бийлик экономиканын өсүшү жана социалдык долбоорлорду каржылоонун көбөйүшүн айтып мактанганы менен, ошол эле учурда шериктеш өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө бул көрсөткүчтөр андан да жогору экендигин айткысы келбейт.

Маселе кооз түзүлгөн программаларда эмес, кеп системада
Бул режим элге мындан ары өнүгүү болот деп убада берип, "президенттик жаңы багыт" деген нерсесин сунуштап жатат. Бирок, азыркы президенттин тушунда коррупция, мыйзамсыздык, зомбулук жана криминал сыяктуу көрүнүштөр андан ары гүлдөп өсөрү айдан ачык. Азыркы мамлекет башчысы да мурдагы президенттин үлгүсүнө салып реформанын ар кандай кооз программаларын түзө баштаганы менен, реалдуу турмушта эч нерсени өзгөрткөн жок.
Бириккен оппозициянын талапкери катары мен өзүмдүн моралдык милдетимди түшүнөм жана кырдаалды өзгөртүүгө күчүм жетерине ишенем. Бүгүн мен жалгыз эмесмин, биз көпчүлүкпүз! Биздин катарда экономика жана башкаруу чөйрөсүнүн көптөгөн дасыккан адистери бар, эң башкысы - арабызда жаштар көп.
1. Кыргызстанда таза, жөнөкөй жана жогорку даражадагы жоопкерчиликке ээ бийлик орнотуу, бийликтин коом алдындагы жооп-чоттуулугун күчөтүү.
2. Кыргызстандын кең келечеги үчүн багытталган жана баарыбыздын башыбызды бириктире турган: "Бириксек - колдон келет!" деген жалпы элдик кыймылдын идеясын коомго сунуштоо.
Биз сунуштап жаткан система чыгаан жана акактай таза гана адамдарга эсептелген эмес. Биз эң начар, эрксиз же кара ниет башкаруучу келсе дагы буза албай турган бийликтин конструкциясын түзөбүз.

ҮЙБҮЛӨЛҮК БАШКАРУУНУН ОРДУНА ТӨМӨНКҮЛӨР СУНУШТАЛАТ:

I. "БИРИКСЕК - КОЛДОН КЕЛЕТ!" ЖАЛПЫ ЭЛДИК КЫЙМЫЛЫ
Кыргызстан - эркин жана жоопкерчиликтүү жарандардын өлкөсү!
Биз Кыргызстанды эркин жана жоопкерчиликтүү жарандардын өлкөсү катары көргүбүз келет. Ар бир адам чын дили менен ак иштеп, өзүнүн жана үйбүлөсүнүн татыктуу жашоосуна жете тургандай эмгек акы алып, заманбап цивилизациянын жыргалчылыктарына жетүүгө ар кимдин мүмкүнчүлүгү болуп, жолдор түз, көчөлөр таза, чиновниктер элпек, бийлик коррупциядан оолак болушу керек.

Биригели - баарына жетебиз!
Жаркын келечек үчүн бир бололу!
Биригели - биз мекендешпиз!
Карыялар, жаштар, аялдар менен эркектер, кала берсе жаш өспүрүмдөр да бир тилекте бололу!
Бириксек - кубаттуу жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз!
БИРИКСЕК - колдон БААРЫ келет!
(толук текст башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)


II. БИЙЛИКТИ ТАЗАЛОО
Бийлик таза жана жөнөкөй болушу керек!
o Үйбүлөлүк системадан толугу менен баш тартуу, башкаруунун профессионалдык-командалык системасына тез аранын ичинде өтүү. Мындай системанын башкы тирөөчү катары президенттин алдында Координациялык Кеңеш түзүлөт. Бул Кеңеш бардык стратегиялык маселелер боюнча президенттин чечимдерин, мыйзам долбоорлорун, жетекчи кадрларды кызматтан алуу жана дайындоо боюнча жарлыктардын долбоорлорун алдын ала талкуулайт.
o Гендердик теңдикти эске алуу, Өкмөттүн курамына, облустук, шаардык, райондук администрациялардын башчылыгына 30 пайыздан кем эмес жаштарды тартуу. Мамлекеттик кызмат орундарында ак ниет адистерди сактап калуу, башкарууга бизнес жана жарандык секторлордон жаңы күчтөрдү алып келүү.
o Президенттик кызматка баргандан кийин 6 айдын ичинде Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн долбоорун жалпы элдик талкууга алып чыгуу. Үйбүлөлүк башкаруу режими кайра калыбына келбей турган кылуу; мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын чектөө, президенттин бир гана мөөнөткө шайлануу укугун бекитүү; экс-президенттердин кол тийбестигин жана сот жообуна тартылбастык кепилдигин алып салуу; мамлекеттик бийликтин ар бир бутагынын көз карандысыздыгын, ишинин эффективдүүлүгүн жана жоопкерчилигин камсыз кылуу.
o Жогорку Кеңештин азыркы курамын таркатуу, жаңы парламенттик шайлоону таза жана ачык өткөрүү. Жогорку Кеңешке жалпы элдик деңгээлдеги көз карандысыз саясатчылардын келишин камсыз кылуу максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, депутаттардын бир бөлүгүн ирилешкен бир мандаттуу округдардан шайлоо. Ошону менен бирге, депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси партиялык тизме менен шайланат, ал эми жеңип чыккан партия 55 пайыздан ашык мандат ала албай турган шарт коюлат. Калган депутаттык орундар добуштардын зарыл болгон санына ээ болушкан калган партияларга бөлүштүрүлөт.
o Коррупция менен күрөшүүдөгү негизги ролду жана жетиштүү ыйгарым укуктарды жарандык коомго өткөрүп берүү. Үч айдын ичинде төмөнкү чараларды камтыган коррупция менен күрөшүү программасын жарыялоо:
- 1994-2009-жылдар аралыгында калыптанган үйбүлөлүк башкаруу режимин жалпы элдик айыптоо акциялары;
- биринчи жана экинчи президенттин айланасындагы адамдарга коом алдында тобо кылып, жасаган күнөөлөрүн моюнга алуу менен мамлекет башчысы менен ымалаштыгынан пайдаланып топтоп алган акча каражаттары менен мүлктөрүн өз каалоолору менен элге кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүк берүү;
- коррупционерлердин үстүнөн ачык сот процесстерин уюштуруу;
- ак ниет жана жөнөкөй мамлекеттик кызматкерлерди көтөрмөлөө;
- коомдук аң-сезимде паракорлорго карата жек көрүү жана жийиркенүү сезимин калыптандуруу, паракорлук менен коррупция үчүн жазадан кутулуп кетүүгө болбойт деген пикирди бышыктоо;
- бардык мамлекеттик кызматчылардын антына өз ишмерлигинде коррупцияга, жердешчилдикке жана тууганчылдыкка жол бербей тургандыгы тууралуу сөздөрдү кошуу.
o Мамлекеттик аппараттын чыгымдарын кыскартууну көздөө менен административдик жана аймактык реформаларды жүргүзүү, бийликтин ыйгарым укуктарын борбордон ажыратуу. Бул максатта: облустук структураларды жоюу жана жергиликтүү элдик кызыкчылыгын эске алуу менен райондорду ирилештирүү; бийликтин борборго ыгы жок топтолушун кыскартуу; чиновниктердин кээ бир категорияларын эл тарабынан түз шайлоо каралат.
o Саясый азчылыктын (оппозициянын) иш алып баруусуна кепилдик берүү жана партиялык түзүлүштү колдоо;
o Президенттин жарлыгы менен ысырапкерчиликке мораторий жарыялоо: мамлекеттик кызматкерлер көп адам чакырып майрамдарды, салтанаттарды, аш-тойлорду өткөрүүнү токтотот, аларга жупунулук жагынан башкаларга үлгү болуу, байлыкка манчыркоодон, өтө кымбат буюмдарды жана автомашинелерди пайдалануудан баш тартуу талабы коюлат.
(толук текст башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

III.БИЙЛИКТИН ҮСТҮНӨН ЖАРАНДЫК КАТУУ КӨЗӨМӨЛ
Адам мамлекет үчүн эмес, мамлекет адам үчүн жаралган
o Мыйзамсыздыкты, коррупцияны, элге карата текебер мамилени жоюу максатында Жарандык көзөмөл комитетин (ЖКК) түзүү. Бул комитеттин бөлүмдөрү ар бир айыл округунда, райондордо, шаарларда жана облустарда түзүлөт. Комитет жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт, курамы белгилүү тартип боюнча жаңыланып турат.
o Өлкөнүн башкы дөөлөтү жана жогорку адамы болуп Кыргыз Республикасынын ЖАРАНЫ эсептелет, анын кызыкчылыктарын коргоо бардык бийлик органдарынын милдети деген жобо Конституцияда бекитилет.
o Ыңгайлуу шарттар чиновниктер үчүн эмес, бардык жарандар үчүн түзүлүшү керек экендигин ырастай турган жоболор бардык мыйзамдарда, укук ченемдик актыларда жана инструкцияларда тастыкталат.
(толук текст башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

IV.УКУК КОРГОО ЖАНА КҮЧ СТРУКТУРАЛАРЫН ТҮП ТАМЫРЫНАН РЕФОРМАЛОО
Күч органдары элди коркутпай, ага кызмат кылышы керек!
o Укук коргоо системасын түп тамырынан реформалоо:
- натыйжалуу иштеген милиция түзүү, ага өлкөнүн жарандары кайрадан ишене башташы керек;
- катардагы жарандардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кыла турган жогорку профессионалдуу жана адилеттүү прокуратура түзүү;
- бийликтен көз каранды эмес, бирок ошол эле учурда эл менен мыйзамдын алдында жоопкерчиликтүү болгон сотторду калыптандыруу.
o Ички иштер министрлигин кайрадан түзүү, милиция кызматкерлерин элге жакындатуу максатында милиция жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алуу, күч органдарынын ишин көзөмөлдөө ишинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун ролун бекемдөө, таза, ак ниети менен иштеген кызматкерлерди урматтоо. Участкалык кызматтар, Мамлекеттик авто инспекция, патрулдук-күзөт кызматтары экинчи жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да жооп-чоттуу болушу керек.
o Өлкө ичинде саясий аңдууга мыйзам чегинде тыюу салынат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жоюу, анын ордуна Мамлекеттик чалгын кызматын түзүү;
o Профессионалдуу куралдуу күчтөрдү түзүү үчүн ага материалдык жана техникалык база калыптандыруу. Аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн бара-бара кыскартуу;
o Чек ара кызматын бекемдөө, ал жерди коррупциянын жана чектен чыккан бюрократиянын элементтеринен арылтуу; Бул кызматтын чек арага тегерете көзөмөл кылуу, чектеш аймактарда жашаган калктын кызыкчылыгын коргоо, аларга колдоо көрсөтүү, Кыргызстандын аймагына куралдуу топтордун, баңгизат ташуучулардын, контрабанданын өтүшүнө жол бербөө мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
(толук тексти башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

V. АДИЛЕТТҮҮ САЛЫК ЖАНА БАЖЫ САЯСАТЫ
Салыкты так төлөө кадырлуу да, пайдалуу да болушу керек
o Салык жана бажы кызматтарындагы коррупциялык схемаларды талкалоо, кызматкерлерди тандоо жана дайындоо боюнча ачык система киргизүү.
Мыйзамга төмөнкү жагдайларды эске алган өзгөртүүлөрдү киргизүү:
- кошумча нарк салыгынын (НДС) өлчөмүн 10 пайызга чейин кыскартуу;
- социалдык төлөмдөрдүн өлчөмүн 15 пайызга чейин төмөндөтүү;
- чекене сатууга болгон салыкты 1 пайызга чейин төмөндөтүү;
- соодага болгон салыкты акырындык менен азайтуу, кийинчерек толугу менен кыскартуу;
- салык түйшүгүнүн оордугун бай жана оокаттуу жарандарга жүктөө;
- укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдү катуу көзөмөлгө алуу жана аларды айоосуз кылмыш жообуна тартуу;
- салык төлөө көлөмүн өстүрүп жаткан салык төлөөчүгө салык боюнча жеңилдиктерди берүү;
- чакан жана орто бизнес тармактарынын бир катарын патенттик системага өткөрүү;
(толук тексти башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

VI. ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯНЫ КОЛДОО
Биз сунуштап жаткан экономикалык саясаттын негизги максаттары жана милдеттери:
- элдин реалдуу кирешелеринин көбөйүшү жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү;
- жаңы жумуш орундарын түзүү;
- баалардын өсүшүнө жана дүйнөлүк каатчылыктын залакаларына каршы иш-аракет;

Өнөр жай - мамлекеттин тиреги!
o Кыргызстан экономикасынын атаандаштык артыкчылыктарын пайдалануу менен жаңы индустриялык саясатты иштеп чыгуу. Жаңы ири ишканалардын курулушуна алгачкы мезгилде салыктык жана башка жеңилдиктерди берүү менен колдоо көрсөтүү.
o 2006-2007-жылдардагы кийим тигүү өнөр жайын "көмүскөдөн" ийгиликтүү ачыкка чыгарылган үлгүсүнө таянуу менен көмүскөдө иштеп жатышкан курулуш материалдарын чыгаруучу, кайра иштетүүчү чакан жана орто бизнес ишканаларын легалдаштыруу.

Табигый ресурстар - биздин жалпы байлыгыбыз жана камкордугубуз!
o Табигый ресурстардын бардык түрлөрү жалпы элдин энчиси экендигин тактай турган өзгөртүүлөрдү Конституцияга киргизүү. Табигый байлыктар чарба жүргүзүүчү субъектилерге ижарага гана берилүүгө тийиш, алар акысын төлөшү керек.
o Табигый ресурстарды өндүрүп жана пайдаланып жаткандар үчүн мыйзам негизинде табигый рента киргизүү;
o Кыргызстан элине чоң пайда алып келип жаткан эффективдүү инвесторлорду колдоо, ошону менен бирге кызыл кулактык кылып жаткандардан, өндүрүшкө инвестициялардын келишине тоскоолдук кылып жаткан тараптардын лицензиясын алып коюу;
o Көмүр өнөр жайын калыбына келтирүү, Кара-Кече көмүр кенин иреттүү өздөштүрүү, нефть-газ кендери боюнча геологиялык чалгындоо иштерин активдештирүү; алтын кендерин иштетүүгө өбөлгө болуучу маселелерди чечүү;
o Тоо-кен өнөр жай ишканаларынын иштөөсүндө жергиликтүү калктын жана экологиялык коопсуздуктун кызыкчылыктарын сөзсүз түрдө эске алуу;

Суу менен энергетика - улуттук байлык!
o "Кыргыз Республикасынын суу ресурстары жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу.
o Энергетика тармагын менчиктештирүүдөн тез арада баш тартуу. Аны менен бирге бул тармактагы коррупцияны жок кылууга багытталган иш чараларды уюштуруу, коммерциялык жана техникалык жоготууларды, уурулукту кыскартуунун эсебинен калк пайдаланган элекр энергиясы үчүн тарифтерди көтөрүүгө мораторий киргизүү;
o Кыргызстан Борбордук Азиядагы гидроэнергетикалык ресурстардын 30 пайызына ээ экендигин эске алуу менен ГЭСтердин курулушун, күн жана башка энергия булактарын колдонууну өзүнө камтыган Жаңы энергетикалык программа иштеп чыгуу.

Жолдор - өлкөнүн артериясы!
Бирдиктүү жана бардык аймактарды байланыштырып турган ички транспорттук система түзүү:
- өлкөнүн кайсы бурчуна болсо дагы тоскоолдуксуз жетүүгө мүмкүн болгондой автомобилдик жолдорду куруу;
- Электрлештирилген темир жолдор тармагын түзүү (Торугарт аркылуу Кытай-Кыргызстан транзиттик темир жолунун, Ошко чейин улантылган Балыкчы-Жалал-Абад ички магистралынын курулушу).

Айыл-чарба - азык-түлүк коопсуздугунун булагы!
o Экспортту жана ошол эле учурда ички рынокту камсыз кыла ала турган айыл-чарба продукцияларынын ири товардык өндүрүшүн кайрадан жаратуу боюнча программаны ишке ашыруу;
o Бул максатта мамлекет төмөнкүлөр менен камсыз кылат:
- Ар жыл сайын кийинки жылга карата айыл-чарба продукциясынын негизги түрлөрү боюнча керектөөнүн прогноздорун жарыялап туруу;
- дыйкандык жана фермердик чарбаларды чоңойтуу процессин стимулдаштыруу;
- Ар бир айыл өкмөтүндө техникалык сервистерди (машиналык-трактордук станциялар) уюштурууга шарт түзүү;
- ар бир айылга өзүнчө агрономдорду, юристтерди, ветеринардык доктурларды бекитүү;
- 2007-жылы Атамбаев өкмөтү иштеп чыккан "Ирригация" программасын ишке ашыруу;
- айыл-чарба продукцияларынын негизги түрлөрүн дыйкандардан дүң түрүндө сатып алуу;
- дыйкандарга арзан насыяларды алууга, аны менен бирге эле техника, урук, жер семирткич, күйүүчү майларды жеңилдетилген баа менен алууга мүмкүнчүлүк берүү;

Туризм - Кыргызстандын келечеги!
o Туристтик индустрияны өнүктүрүү боюнча төмөнкү максаттарда атайын программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу:
- курорттук-ден-соолукту чыңдоо инфраструктурасын өнүктүрүү;
- Ысык-Көлдөгү курорттук сезонду 6 айга чейин узартуу;
- Ысык-Көл курорттук аймагында "Борбордук жээкти" куруу, көл жээгинин тутумдаш ачык болушун камсыз кылуу;
- түштүк аймактарда туристтик кызматтарды өнүктүрүүгө басым жасап, алардын географиясын кеңейтүү;
- Кыргызстанды Борбордук Азиядагы курорттук-ден-соолукту чыңдоочу борборго айлантуу;
(толук тексти башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

VII. РЕГИОНДОРДУ КОЛДОО ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ
Күчтүү региондор - күчтүү өлкө!
o Тез аранын ичинде ар бир региондун өнүгүүсүнүн келечегин баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү жана төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу:
- региондордун социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин теңдөө, эмгек мигранттарынын кайтып келишине шарт түзүү максатында Кыргызстандын түштүк облустарын өнүктүрүү боюнча Улуттук программа кабыл алуу;
- мамлекеттик салымдын максаттуу жумшалышына жетишүү жана инвестициялардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында ар бир регион үчүн өзүнчө "брэнддерди" (визиткалык карталар) түзүү программасын иштеп чыгуу;
o 2007-жылы Атамбаев өкмөтү баштаган аймактык-территориалдык реформаны аягына чыгаруу.
(толук тексти башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

VIII.БИРДЕЙ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ ТҮЗҮҮ. ТАТЫКТУУ ЖАШОО - УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР!
Пенсия менен пособиелер татыктуу жашоону камсыз кылышы керек!
o Тез аранын ичинде төмөнкү чараларды эске алган программа кабыл алуу:
- пенсияны 6 айдын ичинде минималдык керектөө бюджетинин деңгээлине жеткирүү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана аларга теңделген категориядагы граждандарды социалдык коргоо боюнча кошумча чараларды белгилөө;
- мамлекеттик жардам алууда бардык пенсионерлерге бирдей мүмкүнчүлүк берүүнү камсыз кылуу;
o элдин аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген катмарына пенсия, стипендия, пособиелердин өлчөмүн инфляция деңгээлин эске алуу менен көбөйтүп туруу;

Элдин саламаттыгы - башкы байлык!
o Врачтардын жана кенже медкызматкерлердин айлыгын көбөйтүү жагын караган эмгек акынын жаңы системасын киргизүү;
o Мыйзамдын негизинде:
- Кыргызстан калкына акысыз көрсөтүлө турган мадициналык кызматтардын тизмесин бекитүү;
- элдин аз камсыз болгон катмарына медициналык жардамдардын негизги түрлөрүн акысыз көрсөтүү;
- майыптар менен аз камсыз болгон жарандарды акысыз дары-дармек менен камсыздоого өтүү;
Билимдүү эл - өлкөнүн реалдуу капиталы!
o Билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча төмөнкү чараларды эске алган программа иштеп чыгуу:
- мугалимдердин айлык-акысын көтөрүү;
- айылдык мектептерде иштеген жаш педагог-адистерди колдоо;
- жакыр үйбүлөдөн чыккан жөндөмдүү балдардын профессионалдык жана жогорку билим алуусу үчүн бюджеттик гранттарды берүү;
- мектепке чейинки билим берүүнү кайра жаратуу жана кеңейтүү;
- билим берүү тармагында көрсөтүлүп жаткан кызматтар үчүн төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу.

Турак-жай - кол жеткен баалар менен!
o Ипотека боюнча программаны мыйзамдын негизинде бекитүү. Ал программага ипотека боюнча проценттик үстөктөрдүн мамлекеттин эсебинен төлөө, калк үчүн төлөмдөрдүн мөөнөтүн узартуу, аз камсыз болгон үйбүлөлөргө 30 жылдык мөөнөткө чейин насыяларды бере турган мамлекеттик ипотекалык корпорацияларды түзүү сыяктуу чаралар кирет.
(толук текст башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

IX.ЭЛ ЫНТЫМАГЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕКТИН ИДЕОЛОГИЯСЫ (жаңы доор)
o Курамына кадыр-барктуу саясатчылар, окумуштуулар, жарандык коомдун, жергиликтүү бирикмелердин лидерлери кирген Улуттук Кеңешти түзүү. Максат:
- Улуттук салт жана менталитетти эске алуу менен элдин ынтымагына жана Кыргызстанды гүлдөп өнүккөн өлкөгө айлантуу идеясына негизделген жаңы идеология түзүү;
- Көп жылдар бою калыптанып калган улуттук үрп-адаттарга терең мониторинг жана изилдөө жүргүзүп, аларды иретке салуу жана жакшыртуу маселесин мыйзамдык деңгээлде чечүү;
o Активдүү жаштар саясаты. Жаштарга, айрыкча аз камсыз болгон үйбүлөдөн чыккандарга, саясат, бизнес, маданият тармактарынын негизги позицияларына келүүгө жардам берүү;
o Акыркы жыйырма жылдагы маданият, адабият жана искусствонун өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калган кесепеттин ордун толтуруу; Маданият, адабият жана искусствону каржылоонун көлөмүн көбөйтүү, жаш таланттарга атайын стипендияларды ыйгаруу, чет өлкөдөн окууга жана таалим алууга шарт түзүү.
o Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү. Аны менен катар расмий (орус) жана башка тилдердин эркин колдонулушуна өбөлгө түзүү;
o Диний уюмдарга карата терең ойлонулган астейдил саясат жүргүзүү.
(толук текст башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

X.УЛУТТУК КЫЗЫКЧЫЛЫКТАР ЖАНА ТЫШКЫ САЯСАТ
o Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон, дүйнөнүн жана аймактын башка өлкөлөрү пайдалуу өнөктөштүк мамиледе болууга умтулган активдүү тышкы саясат;
o Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын көтөрүү, иштеп жаткан эл аралык жана мамлекет аралык келишимдерди аткаруу.
(толук текст башка басылмалар аркылуу таркатылган жана www.atambaev.info дарегинде жарыяланган)

ЖЫЙЫНТЫК
Сунушталып жаткан идеялардын ишке ашуусу Кыргызстан элинин басымдуу бөлүгүнө -жарды менен байга, жаш менен карыга, күчтүү менен алсызга бирдей пайдалуу.
Биз бийликке келгенден кийин дүйнөдөгү эркин, кубаттуу, бай жана кадырлуу өлкөнүн жараны болуу сыймыгын ар бир адам сезе алат.

БИРИКСЕК - КОЛДОН
БААРЫ КЕЛЕТ!